Матай 9:1—38
9 Иса кайыкка түшүп, аркы өйүзгө өттү да, өз шаарына барды+.
2 Ошондо ага замбилде жаткан шал оорулуу бир кишини алып келишти+. Алардын ишенимин көрүп, Иса оорулууга: «Кайраттуу бол, балам. Күнөөлөрүң кечирилди»,— деди+.
3 Китепчилердин айрымдары өз ара: «Бул Кудайга акарат кылып жатат»,— деп жатышты+.
4 Иса алардын оюн билип+: «Эмне үчүн жүрөгүңөрдө жамандык ойлоп жатасыңар?+
5 Кайсынысы оңой: „Күнөөлөрүң кечирилди“,— деп айтканбы же „Ордуңан тур да, бас“,— дегенби?+
6 Бирок адам Уулунун жерде күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экенин билишиңер үчүн...» — деп айтты да+, шал оорулууга: «Ордуңан туруп, замбилиңди ал да, үйүңө бар»,— деди+.
7 Ал туруп, үйүнө кетти.
8 Муну көргөндөрдү коркунуч басты. Алар адам баласына ушундай бийлик берген+ Кудайды даңкташты+.
9 Андан ары баратып Иса салык чогултуучу жайда отурган Матай деген кишини көрүп, ага: «Менин жолдоочум бол»,— деди+. Ошондо ал ордунан туруп, Исанын артынан жөнөдү+.
10 Кийин Иса үйдө дасторкон үстүндө отурганда*+, көптөгөн салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөр келип, Иса менен анын шакирттеринин жанына отурушту.
11 Муну көргөндө фарисейлер анын шакирттерине: «Эмне үчүн устатыңар салык жыйноочулар, күнөөкөрлөр менен бирге тамактанып жатат?» — дей башташты+.
12 Бул сөздөрдү угуп, Иса: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес+, оорулуулар муктаж.
13 Ошондуктан баргыла да: „Мен курмандыкты эмес, кайрымдуулукту каалайм“+,— деген сөздөр эмнени билдирерин аңдап билгиле. Анткени мен адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деди.
14 Андан соң Жакандын шакирттери келип, Исадан: «Эмне үчүн фарисейлер менен биз орозо кармайбыз да, сенин шакирттериң кармабайт?» — деп сурашты+.
15 Иса аларга мындай деп жооп берди: «Үйлөнө турган жигит досторунун жанында жүргөндө, алар эмнеге кайгырышмак эле?+ Жигит досторунан бөлүнө турган күндөр келет+, ошондо алар орозо кармашат+.
16 Эч ким эски сырт кийимге жаңы кездемеден жамаачы салбайт, анткени жууганда ал кирип кетет да, кийим айрылып, жыртык мурункудан да чоң болуп калат+.
17 Ошондой эле жаңы шарапты эски чаначка куюшпайт. Болбосо чанач айрылып, шарап төгүлөт да, чанач керектен чыгып калат+. Жаңы шарапты жаңы чаначка куюшат, ошондо экөө тең сакталат»+.
18 Иса ушуларды айтып жатканда, синагога башчысы келип+, ага таазим кылып+: «Кызым алигече өлүп калды болуш керек+. Бирок барып, үстүнө колуңду койсоң, тирилет»,— деди+.
19 Ошондо Иса ордунан туруп, анын артынан жөнөдү. Шакирттери да ага кошулуп жөнөштү.
20 Жолдо баратышканда, он эки жылдан бери кан агуудан азап чегип жүргөн бир аял+ арт жактан келип, Исанын сырт кийиминин этегиндеги чачыларга колун тийгизди+.
21 Анткени ал ичинен: «Сырт кийимине колумду тийгизсем эле айыгып калам»+,— деп ойлоп келаткан.
22 Иса артына бурулуп, аны көрүп: «Кайраттуу бол, кызым. Сени ишенимиң айыктырды»,— деди+. Аял ошол замат сакайып калды+.
23 Синагога башчысынын үйүнө келип+, кайгылуу күүлөрдү ойноп жаткан чоорчуларды жана чуру-чуу түшкөн элди көргөндө+
24 Иса: «Бул жерден чыккыла. Кыз өлгөн жок, уктап жатат»,— деди+. Муну укканда алар аны шылдыңдап күлө башташты+.
25 Эл сыртка чыгарылгандан кийин, Иса кыз жаткан бөлмөгө кирип, аны колунан кармаганда+, кыз ордунан турду+.
26 Бул тууралуу кабар ошол аймактагылардын баарына тарады.
27 Иса ал жерден кетип баратканда, эки сокур+: «Дөөтүнүн Уулу, бизге кайрымдуулук кыла көр»+,— деп кыйкырып ээрчип алышты.
28 Иса үйгө киргенде, сокур кишилер анын жанына келишти. «Көзүңөрдү ача аларыма ишенесиңерби?»+ — деп сурады Иса. Ал экөө: «Ооба, Мырзам»,— деп жооп беришти.
29 Иса алардын көзүнө колун тийгизип+: «Ишенимиңерге жараша болсун»,— деди.
30 Ошондо алардын көзү көрө баштады. Иса болсо: «Бул жөнүндө эч ким билбесин»+,— деп катуу эскертти.
31 Бирок алар сыртка чыгары менен ал жөнүндө ошол аймактагылардын баарына айтып киришти+.
32 Алар ал жерден кетип баратканда, Исага жин оорулуу дудук кишини алып келишти+.
33 Ал жинди кууп чыгаргандан кийин, дудук киши сүйлөй баштады+. Ошондо эл: «Ысрайыл жеринде мындай нерсе эч качан болгон эмес»,— деп абдан таң калып жатты+.
34 Бирок фарисейлер: «Бул деген жиндерди жиндердин башчысынын жардамы менен кууп чыгарып жатат»,— дешти+.
35 Иса бардык шаарларды, айыл-кыштактарды кыдырып, синагогаларда элди окутуп, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратып, ар кандай оору-дарттарды айыктырып жүрдү+.
36 Элди көрүп, Исанын боору ачыды+. Анткени алар койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калышкан эле+.
37 Анан ал шакирттерине: «Ооба, түшүм көп, ал эми жумушчулар аз+.
38 Ошондуктан, оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн+, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла»,— деди.
Шилтемелер
^ Байыркы убакта жүйүттөр жамбаштап жатып тамак ичишчү.