Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Экинчи Шемуел китебиндеги урунттуу ойлор

Экинчи Шемуел китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Экинчи Шемуел китебиндеги урунттуу ойлор

ЖАХАБАНЫН Эгедер экенин таануу үчүн, ага жеткилең түрдө баш ийишибиз керекпи? Актыгын сактап жашаган адам Кудайдын көз алдында дайыма туура иш кылабы? Чыныгы Кудай кандай адамды «Өз жүрөгүнө жаккан киши» деп эсептейт? (1 Шемуел 13:14). Бул суроолорго Ыйык Жазманын Экинчи Шемуел китебинде ынандырарлык жооптор берилет.

Экинчи Шемуел китебин Гат жана Натан, байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөт менен жакын мамиледе болгон эки пайгамбар, жазган *. Болжол менен б.з.ч. 1040-жылы, Дөөттүн 40 жылдык падышалыгынын аяк ченинде, жазылып бүткөн бул китепте, негизинен, Дөөт жана анын Жахаба менен болгон мамилеси жөнүндө баяндалат. Бул кызыктуу билдирүүдө чыр-чатактын айынан бүлүнгөн элдин кантип кайраткер падышанын башчылыгы астында кайрадан биримдүү, гүлдөгөн падышалык болгону баяндалат. Делебени козгогон бул драмада каармандардын сезимдери тууралуу арбын айтылып, күчтүү берилет.

ДӨӨТТҮН «ЗОБОЛОСУ КӨТӨРҮЛӨ БЕРГЕН»

(2 Шемуел 1:1—10:19)

Шабул менен Жонатандын өлгөнүн укканда Дөөттүн аларга жана Жахабага болгон сезимдери айкын көрүнөт. Хеброндо Дөөт Жүйүт уруусуна падыша болуп дайындалат. Шабулдун уулу Ишпошет Ысрайылдын калган бөлүгүнө падыша болот. «Зоболосу көтөрүлө берген» Дөөт болжол менен жети жарым жылдан кийин бүткүл Ысрайылга падыша болуп дайындалат (2 Шемуел 5:10).

Ал жебустуктар ээлеп турган Иерусалимди басып алып, аны өзүнүн падышалыгынын борбору кылат. Анын келишим сандыгын Иерусалимге көчүрүп келүүгө жасаган биринчи аракети каргашага алып келет. Бирок экинчи жолку аракети ийгиликтүү болуп, Дөөт кубанганынан бийлейт. Жахаба аны менен падышалык жөнүндө келишим түзөт. Кудай Дөөт менен болгон учурда ал душмандарын багындырат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2 Шемуел 2:18 — Жойап жана анын эки биртууганы жөнүндө айтылганда эмне үчүн апасынын, Серуянын, аты айтылат? Эврей Жазмаларында адамдын санжырасында, адатта, атасынын аты жазылган. Болжолу, Серуянын күйөөсү мезгилсиз көз жумган же ыйык жазууларда аталууга татыксыз деп эсептелген. Серуянын атынын аталып өткөнү анын Дөөттүн өз эжеси же энелеш эжеси болгонуна да байланыштуу болушу мүмкүн (1 Жылнаама 2:15, 16). Бул үч биртуугандын атасы жөнүндө анын Бейт-Лехемдеги мүрзөсүнө байланыштуу гана айтылып өтүлөт (2 Шемуел 2:32).

2 Шемуел 3:29 — «Таяк таянгандар [«ийик кармагандар», «ЖД»]» дегенди кандай түшүнүүгө болот? Аялдар, адатта, үй-бүлөсү үчүн өздөрү кийим токучу. Анда «ийик кармагандар» деген согуш сыяктуу иштерге жараксыз болгондуктан, адатта, аял киши кылган ишти кылууга аргасыз болгон эркектерди билдирет.

2 Шемуел 5:1, 2 — Ишпошет өлтүрүлгөндөн канча убакыт өткөндөн кийин Дөөт бүт Ысрайылга падыша болгон? Ишпошет эки жылдык башкаруусун, сыягы, Шабул өлгөндөн көп узабай, Хеброндо Дөөт жаңы эле такка отурганда баштаган. Дөөт Хеброндо Жүйүткө жети жарым жыл падышалык кылган. Ал бүт Ысрайылга падыша болгонунан көп өтпөй Иерусалимди борбор шаар кылган. Демек, бүткүл Ысрайылга Дөөт Ишпошеттин өлүмүнөн беш жылдай өткөндөн кийин падыша болгон (2 Шемуел 2:3, 4, 8—11; 5:4, 5).

2 Шемуел 8:2 — Ысрайылдыктар менен болгон салгылаштан кийин мааптыктардан канча адам жазага тартылган? Алардын саны эсептөө менен эмес, ченөө менен аныкталган шекилдүү. Дөөт мааптыктарды жерге катарынан жанаша жаткырган көрүнөт. Анан катардын узундугун аркан менен ченеген. Сыягы, аркандын эки ченеми, атап айтканда, мааптыктардын үчтөн эки бөлүгү өлтүрүлгөн, ал эми аркандын бир ченеми, атап айтканда, үчтөн бир бөлүгү тирүү калтырылган.

Биз алчу сабактар:

2 Шемуел 2:1; 5:19, 23. Дөөт Хебронду ээлеп алардан мурда жана душмандарына каршы чыгарда Жахабадан кеңеш сураган. Биз да рухийлигибизге таасир этерлик чечимдерди чыгарууда Жахабанын жетекчилигин издешибиз керек.

2 Шемуел 3:26—30. Өч алуунун арты каргашалуу (Римдиктерге 12:17—19).

2 Шемуел 3:31—34; 4:9—12. Дөөттүн өч алууга, касташууга умтулбаганы биз үчүн жакшы үлгү.

2 Шемуел 5:12. Бизге өз жолдорун үйрөтүп, өзү менен жакшы мамиледе болууга мүмкүнчүлүк берген Жахаба экенин эч качан унутпашыбыз керек.

2 Шемуел 6:1—7. Ниети жакшы болгону менен, Дөөттүн келишим сандыгын арабага салып көчүрүп келүүгө аракеттенгени Кудайдын көрсөтмөсүнө карама-каршы келген, ошондуктан арты жамандык менен бүткөн (Чыгуу 25:13, 14; Сандар 4:15, 19; 7:7—9). Узанын сандыкты кармаганы да жакшы ниет менен иш кылуу да Кудайдын талаптарын өзгөртүп жибербесин көрсөтүп турат.

2 Шемуел 6:8, 9 («ЖД»). Оор абалда Дөөт адегенде ачууланган, анан коркуп кеткен; балким, болгон окуя үчүн атүгүл Жахабаны айыптаган. Жахабанын көрсөтмөлөрүнө терең көңүл бурбай койгондуктан пайда болгон кыйынчылыктар үчүн Аны күнөөлөөдөн сак болушубуз керек.

2 Шемуел 7:18, 22, 23, 26. Дөөт момун болгон, Жахабага толук берилгендикте кызмат кылган жана Кудайдын ысмын даңазалоого кызыкдар болгон. Биз ушундай сапаттарга ээ болууну каалайбыз.

2 Шемуел 8:2. Болжол менен 400 жыл мурун айтылган пайгамбарлык аткарылган (Сандар 24:17). Жахабанын сөзү дайыма орундалат.

2 Шемуел 9:1, 6, 7. Дөөт убадасын аткарган. Биз да сөзүбүзгө турууга аракеттенишибиз керек.

ЖАХАБА МАЙЛАНГАНЫНЫН ЖАМАНДЫККА КАБЫЛЫШЫНА ЖОЛ БЕРЕТ

(2 Шемуел 11:1—20:26)

«Мен сага өз тукумуң жамандык кылгыдай кылам,— дейт Жахаба Дөөткө,— өзүңдүн көз алдыңда аялдарыңды алып, жакыныңа берем, ал сенин аялдарың менен ачык эле жатат» (2 Шемуел 12:11). Дөөткө эмне үчүн мындай жаза берилет? Бул Дөөттүн Бат-Шеба менен кылган күнөөсүнө байланыштуу. Өкүнгөндүктөн күнөөсү кечирилсе да, Дөөт күнөөсүнүн кесепеттерин тартпай койбойт.

Адегенде Бат-Шеба төрөгөн бала чарчап калат. Кийин Дөөттүн турмушка чыга элек кызы Тамарды аталаш биртууганы Амнон зордуктап салат. Тамардын өз агасы Абышалом Амнонду өлтүрүп, өч алат. Анан Абышалом атасына каршы чыгып, Хеброндо өзүн падыша кылып жарыялайт. Дөөт Иерусалимден качып кетүүгө мажбур болот. Абышалом атасынын үйдү кайтарганга калтырган он күң аялы менен жыныстык мамилеге барат. Дөөт өзүнүн падышалыгына Абышалом өлгөндөн кийин гана кайтып келет. Бенжеминдик Шебанын көтөрүлүшү анын өлүмүнө алып келет.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2 Шемуел 14:7 — Бул жерде «от» эмнени символдоштурат? Акырын күйүп турган от тирүү жүргөн тукумду билдирет.

2 Шемуел 19:29 — Мепибешет иштин жайын түшүндүргөндө, Дөөт эмне үчүн ушундай жооп кайтарган? Мепибешетти уккандан кийин, Дөөт Сибага ишенип ката кетиргенин түшүнгөн эле болуш керек (2 Шемуел 16:1—4; 19:24—28). Сыягы, Дөөт буга кыжырлангандыктан, ал иш жөнүндө башка эч нерсе уккусу келген эмес.

Биз алчу сабактар:

2 Шемуел 11:2—15. Дөөттүн күнөөлөрү тууралуу ачык айтылганы Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенин тастыктап турат.

2 Шемуел 11:16—27. Олуттуу күнөө кылганыбызда, Дөөткө окшоп, күнөөбүздү жашырууга аракеттенбешибиз керек. Тескерисинче, Жахабанын алдында күнөөбүздү мойнубузга алып, жыйналыштагы аксакалдардан жардам издөөгө тийишпиз (Накыл сөздөр 28:13; Жакып 5:13—16).

2 Шемуел 12:1—14. Натан жыйналыштагы аксакалдарга эң сонун үлгү көрсөткөн. Алар күнөө кылгандарга оңолууга жардам беришет. Бул милдетти аксакалдар чебердик менен аткарышы керек.

2 Шемуел 12:15—23. Башына түшкөн нерсеге туура көзкарашта болуу Дөөткө кайгыны жеңүүгө жардам берген.

2 Шемуел 15:12; 16:15, 21, 23. Абышалом такты ээлей тургандай көрүнгөндө, мыкты кеңешчи Акитопел текебердигинен жана атак сүйүүчүлүгүнөн улам чыккынчылыкка барган. Акылдуулук момундук жана берилгендик сыяктуу сапаттар менен теңсалмакташтырылбаса, мунун кесепети жаман.

2 Шемуел 19:24, 30. Мепибешет Дөөттүн боорукердигине чындап ыраазы болгон. Ал падышанын Сибага байланыштуу чечимине даярдуулук менен баш ийген. Жахабага жана анын уюмуна болгон ыраазычылык бизге баш ийүү менен тил алчаактык көрсөтүүгө түрткү бериши керек.

2 Шемуел 20:21, 22. Бир адамдын акылдуулугу көп адамдардын өмүрүн сактап кала алат (Насаатчы 9:14, 15).

ЖАХАБАНЫН «КОЛУНА ТҮШКӨНҮБҮЗ ЖАКШЫ»

(2 Шемуел 21:1—24:25)

Шабулдун гибондуктарды өлтүрүп, ысрайылдыктарды канга забын кылганы үчүн үч жыл ачарчылык болот (Жашыя 9:15). Гибондуктар өч алуу үчүн Шабулдун тукумунан жети кишини жазалоого берүүнү талап кылышат. Дөөт аларды гибондуктардын колуна салып берет, ошондо кургакчылык токтоп, жаан нөшөрлөп жаайт. Пелиштилик төрт алп «Дөөт менен анын кызматчыларынын колунан каза табышат» (2 Шемуел 21:22).

Дөөт мыйзамсыз санак жүргүзүүгө буйрук берүү менен оор күнөө кетирет. Бирок өкүнүп, Жахабанын «колуна түшүүнү» туура көрөт (2 Шемуел 24:14). Натыйжада 70 000 адам жугуштуу оорудан өлөт. Дөөт Жахабанын буйругуна ылайык иш кылат, ошондо илдет токтойт.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2 Шемуел 21:9, 10 — Шабулдун гибондуктар өлтүргөн эки уулу менен беш небересин Риспа канча убакыт кайтарган? Бул жети адам «түшүм жыйноонун алгачкы күндөрүндө» — мартта же апрелде — дарга асылган. Алардын өлүк денеси тоодо ачык асман астында калган. Риспа бул жети адамдын денесин күнү-түнү, Жахаба кургакчылыкты токтотуу менен өзүнүн каарын кайт кылганын көрсөткөнгө чейин кайтарган. Түшүм жыйноо мезгили аяктай турган октябрь айына чейин нөшөрлөп жаан жааган учур өтө сейрек болчу. Демек, Риспа ал жерде беш же алты ай болгон. Ошондон кийин Дөөт алардын сөөгүн жерге көмдүргөн.

2 Шемуел 24:1 — Эмне үчүн Дөөттүн элди санатканы олуттуу күнөө болгон? Негизи, эл каттоого Мыйзамда тыюу салынган эмес эле (Сандар 1:1—3; 26:1—4). Ыйык Китепте Дөөттүн элди эмне максат менен санатканы айтылбайт. Бирок 1 Жылнаама 21:1де ал ишке Дөөттү Шайтан козгогону көрсөтүлөт. Эмнеси болбосун, аскер башчы Жойап Дөөттүн элди саноо жөнүндөгү чечими туура эмес экенин билип, аны бул ишти кылбоого ынандырууга аракеттенген.

Биз алчу сабактар:

2 Шемуел 22:2—51. Жахабанын чыныгы Кудай катары ишеним артышыбызга толук татыктуу экенин Дөөт ырында кандай гана көркөм сөздөр менен туюнткан.

2 Шемуел 23:15—17. Дөөт Кудайдын өмүр менен кан жөнүндөгү мыйзамын ушунчалык урматтагандыктан, бул жолу атүгүл ошол мыйзамдын бузулушун эске салчу нерсени кылуудан баш тарткан. Биз Кудайдын бардык буйруктарына карата ошондой маанай өрчүтүшүбүз керек.

2 Шемуел 24:10. Дөөттүн абийири ага өкүнүүгө түрткү берген. Биздин да абийирибиз ошончолук сезимталбы?

2 Шемуел 24:14. Дөөт Жахабанын адамдарга караганда алда канча ырайымдуу экенин жакшы билген. Бизде ошондой бекем ишеним барбы?

2 Шемуел 24:17. Дөөт күнөөсүнүн айынан бүт эл азап чеккенине өкүнгөн. Өкүнгөн күнөөкөр кылган иши менен жыйналышты уятка калтырышы мүмкүн экенин эске алып, абийиринин жемесин сезиши керек.

Жахабанын «жүрөгүнө жаккандардан» боло алабыз

Ысрайылдын экинчи падышасы Жахабанын «жүрөгүнө жаккан киши» болгон (1 Шемуел 13:14). Дөөт Жахабанын адил нормаларына эч качан шек келтирген эмес жана Кудайдан көзкарандысыз болууга умтулган эмес. Күнөө кетирген сайын Дөөт күнөөсүн мойнуна алган, жазага моюн сунган жана оңолгон. Ал актыгын сактап жашаган. Айрыкча, ката кетиргенибизде, Дөөттү туураганыбыз акылдуулукка жатпайбы?

Дөөттүн өмүр таржымалы айкын көрсөтүп тургандай, Жахабанын Эгедер экенин таануу үчүн, Анын жакшылык менен жамандыкка байланышкан нормаларына баш ийип, аларга ишенимдүүлүк менен кармануу маанилүү. Бул баарыбыздын колубуздан келет. Экинчи Шемуел китебинен үйрөнгөн нерселерибиз үчүн кандай гана ыраазы болсок болот! Кудайдын жетеги менен жазылган бул билдирүү, чынында эле, тирүү жана таасирдүү (Эврейлерге 4:12).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Китепти жазууга Шемуел катышпаса да, китеп анын атынан аталып калганынын себеби I Шемуел жана II Шемуел китептери башында эврей канонунда бир түрмөктү түзгөнүндө. Шемуел пайгамбар I Шемуел китебинин басымдуу бөлүгүн жазган.

[30-беттеги сүрөт]

«Мен сага өз тукумуң жамандык кылгыдай кылам».

Бат-Шеба

Тамар

Амнон

[32-беттеги сүрөт]

Падышалыкка ким дайындаганын эсинде тутуу Дөөткө момун бойдон калууга жардам берген.