2 Шемуел 1:1—27
1 Шабул өлгөндөн кийин, Дөөтү Амалыктын тукумдарын талкалап+, кайра Сыклакка+ кайтып келди да, ал жерде эки күн болду.
2 Үчүнчү күнү Шабулдун кошуунунан бир киши+ келди. Анын кийими айрылган+, башы топурак эле+. Ал Дөөтүнүн алдына жыгылып, ага таазим кылды+.
3 Дөөтү андан: «Сен кайдан келдиң?» — деп сурады. Ал: «Ысрайылдыктардын кошуунунан качып келдим»,— деди.
4 Дөөтү ага: «Эмне болду? Айтып берчи»,— деди. Ал: «Жоокерлер душмандардан качып, көптөрү өлдү+, Шабул+ менен анын уулу Жонатан+ да өлдү»,— деди.
5 Дөөтү ал жигиттен: «Шабул менен анын уулу Жонатандын өлгөнүн кайдан билесиң?» — деп сурады+.
6 Ал мындай деди: «Мен кокусунан Гилбоя тоосуна+ барып калып, ал жактан найзасына таянып турган Шабулду көрдүм+. Арабалар менен атчандар ага жакындап келатышыптыр+.
7 Ал артын карап, мени көрдү да, жанына чакырды. Мен андан: „Эмне болду, эмне кылайын?“ — деп сурадым.
8 Ал: „Сен кимсиң?“ — деп сурады. Мен: „Амалыктын тукумдарынан болом“,— деп жооп бердим+.
9 Ал: „Жаным+ аябай кыйналып жатат. Жакын келип, мени өлтүрүп салчы“,— деди.
10 Мен анын катуу жарадар экенин, баары бир өлөрүн билип, жанына бардым да, өлтүрүп салдым+. Анан мырзама алып келиш үчүн анын башындагы таажысы+ менен колундагы билеригин чечип алдым».
11 Ошондо Дөөтү үстүндөгү кийимин айрып жиберди+, жанындагы кишилери да ошентишти.
12 Алар кылычтан өлгөн Шабул менен анын уулу Жонатанды, Жахабанын элин, Ысрайыл үйүн+ жоктоп ыйлап+, кечке чейин орозо кармашты+.
13 Дөөтү ал жигиттен: «Сен каяктан болосуң?» — деп сурады. Ал: «Мен Амалыктын тукумдарынан болгон келгиндин уулумун»,— деди+.
14 Дөөтү ага: «Жахабанын майланганына+ кол көтөргөндөн, аны өлтүргөндөн кантип корккон жоксуң?» — деди да+,
15 жигиттеринин бирин чакырып: «Муну өлтүрүп сал»,— деди. Ал аны өлтүрдү+.
16 Дөөтү: «Өз каның өз мойнуңда болсун+, анткени сен: „Жахабанын майланганын өлтүрдүм“,— дедиң+, өз оозуң өзүңө каршы күбө болду»,— деп айтты+.
17 Дөөтү Шабул менен анын уулу Жонатанды жоктоп+, кошок кошту+.
18 Анан «Жаа»+ деп аталган ал ырды Жүйүт уулдарына+ жаттоону буйруду. Иашар китебинде+ жазылган ал ырдын сөздөрү мындай:
19 «Оо, Ысрайыл, даңктуу адамдарың бийик жерлерде курман болду+.
Күчтүүлөрүң кулады!
20 Пелиштиликтердин аялдары шаттанып,
Сүннөткө отургузулбагандардын аялдары кубанбашы үчүн+,
Бул тууралуу Гатта айтпагыла+,
Ашкелондун+ көчөлөрүндө жар салбагыла.
21 Гилбоя тоолору+, силерге шүүдүрүм түшпөсүн, жамгыр жаабасын, талааларың ыйык тартуу+ үчүн түшүм бербесин.
Анткени ошол жерде күчтүүлөрдүн калканы, Шабулдун калканы арамдалды,
Май менен майланган калкан+ калбай калды.
22 Жонатандын жаасы
Өлгөндөрдүн канысыз, күчтүүлөрдүн майысыз кайтчу эмес+,
Шабулдун кылычы жеңишсиз кайтчу эмес+.
23 Шабул менен Жонатан+ тирүү кезинде сүйкүмдүү, жагымдуу эле,
Өлгөндө да бири-биринен ажырашкан жок+.
Алар бүркүттөрдөн учкул+,
Арстандардан күчтүү эле+.
24 Ысрайыл кыздары, Шабулду жоктоп ыйлагыла,
Ал силерге ачык кызыл, кооз кийим кийгизип,
Кийимиңерге алтын жасалгаларды такчу эмес беле+.
25 Күчтүүлөр майданда каза тапты+,
Жонатан бийик жериңде курман болду!+
26 Бир боорум Жонатан, сени жоктоп кайгырып жатам,
Сен мен үчүн абдан кымбат элең+,
Сенин мага болгон сүйүүң аялдыкынан артык эле+.
27 Күчтүүлөр кулады+,
Согуш куралдары талкаланды!»