Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнө каякка баратат?

Дүйнө каякка баратат?

Дүйнө каякка баратат?

ЭЛАРАЛЫК БИРИМДИК. Бул сөздөр кулакка кандай жагымдуу угулат! Ар бир адамдын эңсегени ушу эмеспи? Ооба, биримдик жөнүндө далай сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Дүйнө лидерлеринин бул темага арналган жолугушуулары канча ирет өткөрүлдү. 2000-жылдын август айында 1000ден ашык диний жетекчилер Бириккен Улуттар Уюмунун башчылыгы астында Нью-Йоркто өткөн Миң жылдык дүйнөлүк тынчтык саммитине чогулуп, дүйнөдөгү чыр-чатактарды чечүүнүн жолдорун талкуулашкан. Бирок конференциянын өзү эле дүйнөдөгү курчуп жаткан талаш-тартыштардан кабар берген. Мисалы, ал жолугушууга жүйүт раввини катышып жаткандыктан, Иерусалимдеги муфтий саммитке келүүдөн баш тарткан. Конференцияда таарынгандар да болду, анткени Кытайды кыжырдантып албаш үчүн, жолугушуунун алгачкы эки күнүнө далай-лама чакырылган эмес болчу.

Ал эми 2003-жылдын октябрында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭК) Таиландда өткөн саммитинде Тынч океан чөлкөмүндөгү мамлекеттер бүткүл дүйнөлүк коопсуздук маселесин талкуулашкан. Катышкан 21 өлкөнүн баары террордук топторду жок кылууга милдеттенме алып, дүйнө жүзү боюнча коопсуздукту чыңдоого макулдашышкан. Бирок конференция учурунда бир канча өкүлдөр бир премьер-министрге нааразылык билдиришкен, алардын айтыманда, анын сөздөрү жүйүттөрдү жек көрөрүн айгинелеген.

Эмне үчүн биримдик жок?

Дүйнөнү бириктирүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөр арбын жүргүзүлүп жатканы менен, көңүлгө толорлук натыйжалардын аз экенине күбө болуудабыз. Көптөрдүн чын дилден жасаган аракеттерине карабастан, эмне үчүн бүткүл дүйнөлүк биримдик XXI кылымда да кыял бойдон калууда?

Жарым-жартылай жооп АТЭК саммитине катышкан премьер-министрлердин биринин сөзүндө камтылат. «Бизди артка тарткан нерсе — бул улуттук кур намыс»,— деп айткан ал. Ооба, адамзат коому улутчулдуктун сазына белчесинен баткан. Ар бир улут, ар бир этникалык топ өз алдынчалыкка умтулат. Мамлекеттердин эгемендиги атаандаштык жана ачкөздүк менен коштолуп, дүйнөдөгү абалды коркунучтуу деңгээлге алып келди. Улуттук кызыкчылыктар бүткүл дүйнөнүн кызыкчылыктарына карама-каршы келгенде, көп учурда артыкчылык улуттук кызыкчылыктарга берилет.

Улутчулдук забурчунун «айыкпас дарт» деген сөздөрү менен жакшы сыпатталган (Забур 90:3). Катуу жугуштуу оору сыяктуу кеңири тарап, улутчулдук адамзатты далай азап чектирди. Ал бир элдин башка элдерди жек көрүүсүнө алып келип, кылымдар бою өкүм сүрүп келет. Бүгүнкү күндө улутчулдук бөлүнүүчүлүктүн отун ого бетер тутандырып жатат, ал эми бийликтегилердин аны токтотууга алы жетпей келет.

Бийлик башындагылардын көбү дүйнөдөгү көйгөйлөрдүн тамыры улутчулдук менен өзүмчүлдүктө экенин түшүнүшөт. Маселен, Бириккен Улуттар Уюмунун мурунку Генералдык Катчысы У Тан мындай деген: «Бүгүн башыбызга түшкөн кыйынчылыктардын көбү жаңылыш көзкараштардын себебинен же кесепетинен келип чыгууда... Андай көзкараштардын бири — „менин өлкөм ар дайым ак“ деген тар түшүнүктүү улутчулдук». Айткан менен болобу, бүгүн мамлекеттер баш-оту менен өзүмчүлдүккө берилип, өздөрүнүн эгемендигин барган сайын көбүрөөк баса белгилөөгө умтулушат. Эгемендикке ээ болгондору андан бир азга да кол үзүүнү каалашпайт. Мисалы, «Интернэшнл геральд трибюн» гезитинде Европа биримдиги жөнүндө мындай деп айтылган: «Европа саясатынын негизин атаандаштык жана ишенбөөчүлүк түзүп турат. Европа биримдигине мүчө болгон өлкөлөрдүн көбү өздөрүнүн арасынан биринин көбүрөөк таасирге ээ болушун же жетекчиликти колго алышын каалабайт».

Кудайдын Сөзүндө, Ыйык Китепте, адамдардын башкаруусу кандай натыйжага алып келери: «Адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирет»,— деп таасын көрсөтүлөт (Насаатчы 8:9). Саясый топтор жана адамдар дүйнөнү бытыранды кылып, Ыйык Китептеги: «Өз дегенин бербеген [«бөлүнгөн», МАК] адам өз каалаганын кылгысы келет, бардык туура нерсеге каршы чыгат»,— деген принциптин төгүндөлгүс экенин өз тажрыйбаларынан көрүшүүдө (Накыл сөздөр 18:1).

Биз үчүн эмне жакшы экенин билген Жаратканыбыз адамдардын өз өкмөттөрүн түзүп, бири-биринин үстүнөн бийлик жүргүзүшүн эч качан ниет кылган эмес. Өз алдынча болууга умтулуу менен адамдар Кудайдын ой-ниетин жана баары Ага таандык экенин четке кагып келишүүдө. Забур 94:3—5-аяттарда мындай делет: «Теңир — улуу Кудай жана бардык кудайлардын үстүнөн улуу Падыша. Жер тереңдиктери Анын колунда, тоо чокулары да Аныкы. Деңиз да Аныкы, деңизди Ал жараткан, кургактыкты да Анын колдору жараткан». Кудай — мыйзамдуу Эгедер. Баары анын бийлигине баш ийиши керек. Мамлекеттер өздөрүнүн эгемендигин орнотуу менен Кудайдын эркине каршы иш кылышууда (Забур 2:2).

Эмне кылуу зарыл?

Дүйнөнү бириктирүүнүн жалгыз жолу — бардык адамдардын кызыкчылыктарын ойлой турган бүткүл дүйнөлүк бир бийликке баш ийүү. Бул зарылдыкты дүйнөдөгү жагдайга олуттуу караган көп адамдар сезишүүдө. Бирок алар көп учурда көйгөйдүн чечилишин туура эмес булактан издешет. Мисалы, көптөгөн ойчул адамдар, алардын ичинде диний жетекчилер адамдарды Бириккен Улуттар Уюмуна таянууга үндөшөт. Бирок адамдар түзгөн уюмдар, көздөгөн максаттары канчалык бийик болбосун, эларалык масштабдагы кыйынчылыктарды эч качан чече алган эмес. Тескерисинче, ал уюмдардын көбү мамлекеттер ортосунда өкүм сүргөн келишпестиктин күзгүсү болуп келген.

Ыйык Китепте адамдар түзгөн уюмдарга үмүттөнбөшүбүз керектиги: «Төрөлөргө, адам баласына таянбагыла, алар жардам бере алышпайт»,— деп эскертилет (Забур 145:3). Бул дүйнө жүзүнүн биримдүү болоруна үмүт жок экенин билдиреби? Жок. Үмүт бар.

Кудайдын дүйнөнү бириктирүүгө жөндөмдүү өкмөттү эчак орнотуп койгонун көптөр билбейт. Ыйык Китепте Жахаба Кудай жөнүндө: «Мен Өзүмдүн Падышамды ыйык тоом Сиондун үстүнөн койгом. Менден сура, ошондо Мен Сага элдерди мураска берем, бүт жерди энчиңе берем»,— деп айтылат (Забур 2:6, 8). Байкасаңар, Жахаба Кудай 7-аятта «Уулум» деп атаган «Өзүнүн Падышасын» такка отургузган. Ал Падыша — Кудайдын рухий тун Уулу Ыйса Машайак. Ага бардык элдердин үстүнөн бийлик берилген.

Дүйнө кандайча биригет?

Адамдардын көбү Кудай орноткон ошол асмандагы бийликти капарына албайт. Мамлекеттер өздөрүнүн түшүнүгүндөгү эгемендик укугуна чып жармашып, өз алдынчалыкка умтулушууда. Бирок Кудай анын эгедерлигин жана ал орноткон өкмөттү четке каккандарга түбөлүк чыдай бербейт. Анын бийлигине баш ийбегендерди эмне күтүп турганы Забур 2:9да көрсөтүлөт: «Сен [Кудайдын Уулу Ыйса Машайак] аларды темир таяк менен талкалайсың, аларды карапачынын идишиндей сындырасың». Мамлекеттер азыр, өздөрү түшүнсө да, түшүнбөсө да, Кудай менен кагылышууга алып бара турган жолдо баратышат. Ыйык Жазманын акыркы китебинде «Бардыгын кармап туруучу Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушка» «бүт дүйнөнүн падышалары» чогултулганы айтылат (Аян 16:14). Мамлекеттер жана алардын бөлүп-жаруучу башкаруу жолдору жок кылынат. Бул Кудайдын өкмөтүнүн тоскоолдуксуз иш-аракет жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берет.

Ааламдын Эгедери катары Жахаба Кудай өзүнүн Уулу аркылуу акылмандык менен күчүн көрсөтүп, дүйнөнүн биримдүү болушуна зарыл өзгөрүүлөрдү жасайт. Кудайдын өкмөтү чыныгы биримдикти орнотуп, адилдикти сүйгөндөргө бата алып келет. Ыйык Китептен 71-забурду окуп чыгууга бир нече мүнөт бөлсөңөр. Ал жерде пайгамбарлык сүрөттөмө берилип, Кудайдын Уулунун башкаруусу адамзат үчүн эмнелерди кылары көрсөтүлөт. Адамдар бүткүл дүйнөлүк чыныгы биримдикке ээ болуп, алардын көйгөйлөрү: эзүүчүлүк, зордук-зомбулук, жакырчылык жана башкалар жок болот.

Азыркы ыркы кеткен дүйнөдө көптөргө мындай үмүт ишке ашпачудай көрүнөт. Бирок антип ойлоо жаңылыштык болмок. Кудайдын убадалары буга чейин дайыма аткарылып келген, келечекте да сөзсүз аткарылат (Ышайа 55:10, 11). Силер ошол заманды көргүңөр келеби? Көрө аласыңар. Ага азыртан эле көп сандаган адамдар даярданып жатышат. Алардын арасында бардык улуттардын өкүлдөрү бар. Ошентсе да алар жаңжалдашпай, Кудайдын эгедерлигине биримдикте баш ийип жатышат (Ышайа 2:2—4). Ал адамдар кимдер? Алар Жахабанын Күбөлөрү катары белгилүү. Алардын жолугушууларына катышып көрүүгө эмне үчүн болбосун? Ал жерден силер Кудайдын эгедерлигине баш ийүүгө жана эч качан бузулгус биримдиктин мүмкүн экенин түшүнүүгө жардам бере ала турган эл менен жагымдуу пикирлеше аласыңар.

[7-беттеги сүрөт]

Saeed Khan/AFP/Getty Images

Woman grieving: Igor Dutina/AFP/Getty Images; protesters: Said Khatib/AFP/Getty Images; armored cars: Joseph Barrak/AFP/Getty Images

[7-беттеги сүрөт]

Ар кайсы улуттагы адамдар биримдүү дүйнөдө жашоого даярданып жатышат.