Забур 2:1—12

2  Эмне үчүн элдер дүрбөлөңгө түшүп+,Улуттар ишке ашпас нерсе тууралуу шыбырашып жатышат?+  Жахабага+ жана анын майланганына+Жер жүзүнүн падышалары каршы чыгып+,Башкаруучулар бир кишидей чогулуп жатышат+.  «Алардын чынжырларын үзүп+,Кишендерин алып ыргытабыз!» — дешет+.  Бирок асманда Отурган+ күлөт,Жахаба аларды шылдың кылат+.  Ошол кезде аларга ачуулана сүйлөйт+,Аларды кайнаган каары менен дүрбөлөңгө салат+.  «Мен өз падышамдыЫйык тоом+ Сионго+ койдум»,— дейт ал+.  Мен Жахабанын чечимин жарыялайм,Ал мага мындай деди: «Сен менин уулумсуң+,Бүгүн сага ата болдум+.  Менден сура+, ошондо сага элдерди мураска+,Бүт жер жүзүн энчиңе берем+.  Сен аларды темир таяк менен талкалайсың+,Карапачынын идишиндей быркыратасың»+. 10  Ошондуктан, падышалар, ойлонуп иш кылгыла,Жер жүзүнүн бийлери, оңолгула+. 11  Жахабага коркуу менен кызмат кылгыла+,Сестенүү менен кубангыла+. 12  Ал каарданбашы үчүн, жолуңарда кыйратылбаш үчүн+,Уулун тосуп алгыла*+,Анткени Кудайдын каары тез кайнайт+.Аны баш маана кылгандардын баары бактылуу!+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «өпкүлө».