Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китептин жаратманы ким?

Ыйык Китептин жаратманы ким?

Ыйык Китептин көзкарашы

Ыйык Китептин жаратманы ким?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ аны ким жазганы тууралуу ачык эле айтылат. Анын айрым китептери «Некемиянын сөзү», «Ышайанын... көргөн көрүнүшү» жана «Жоелге болгон Теңирдин сөзү» деген сөз айкаштары менен башталат (Некемия 1:1; Ышайа 1:1; Жоел 1:1). Анда тарыхый айрым окуяларды Гат, Натан жана Шемуел жазганы да айтылат (1 Жылнаама 29:29). Забурлардын кириш сөздөрүндө аларды ким жазганы көрсөтүлгөн (Забур 78, 87, 88, 89, 102 жана 126).

Ыйык Китепти адамдар жазгандыктан, сынчылар аны, башка китептердей эле, адамдын акылмандыгынан жаралган деп эсептешет. Бирок ошентип ойлоого негиз барбы?

Кырк жазуучу, бир Жаратман

Ыйык Китепти жазган кишилердин көпчүлүгү аларды Жахаба, жалгыз чыныгы Кудай, же периштелер жетектегенин айтышкан (Захария 1:7, 9). Эврей Жазмаларын жазууга катышкан пайгамбарлар 300дөн ашуун жолу: «Теңир мындай дейт»,— деп жазышкан (Амос 1:3; Михей 2:3; Накум 1:12). Алардын билдирүүлөрү көпчүлүк учурда «Ошуяга айтылган Теңирдин сөзү» деген сыяктуу сөздөр менен башталган (Ошуя 1:1; Жунус 1:1). Элчи Петир пайгамбарлар тууралуу: «Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан»,— деген (2 Петир 1:21).

Ыйык Жазма, негизи, китептердин жыйнагы болсо да, анда бир бүтүн ой камтылат. Анын жазуучулары өздөрүнүн эмес, Кудайдын оюн жазганын айтышкан. Башкача айтканда, Кудай адамдарды катчы катары колдонгон. Кандайча?

«Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган»

Элчи Пабыл: «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган»,— деп айткан (2 Тиметейге 3:16). «Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган» деп которулган грек сөзү сөзмө-сөз «Кудай дем киргизген» дегенди билдирет. Башкача айтканда, Кудай өзүнүн айтайын дегенин Ыйык Китепти жазган кишилердин акылына салуу үчүн көрүнбөгөн күчүн колдонгон. Ал эми Он осуятты таш лоокторго Жахаба өзү жазган (Чыгуу 31:18). Кээде болсо эмнени жазуу керектигин түзмө-түз эле айткан. Мисалы, Чыгуу 34:27де: «Теңир Мусага... мындай деди: „Бул сөздөрдү жазып ал“»,— деп айтылат.

Ал эми айрым учурларда адамдарга аян берген. Маселен, Жезекиел: «Кудайдын көрүнүштөрүн көрдүм»,— деген (Жезекиел 1:1). Ошондой эле Даниел китебинде: «Даниел төшөгүндө жатып, түш жана пайгамбарчылык көрүнүштөрдү көрдү. Ошондо ал түшүн баяндап жазды»,— делет (Даниел 7:1). Ошо сыяктуу эле, Кудай элчи Жаканга Ыйык Жазманын акыркы китебин, Аянды, жазууга түрткү берген. Жакан: «Теңирдин күнүндө мен Рухка толдум. Ошондо мен арка жагымдан сурнайдын үнүндөй болгон катуу үндү уктум, ал үн мындай деп айтты: „Эмнени көрүп турсаң, ошону китепке жаз“»,— деп айткан (Аян 1:10, 11).

Адамдардын салымы

Ыйык Китептин Жаратманы Кудай болсо да, анда аны жазган инсандардын да салымы бар. Алар Кудайдын айткандарын жазуу үчүн күч-аракет жумшоого тийиш эле. Маселен, Насаатчы «көркөм накыл сөздөрдү тапканга аракет кылган, чындык сөздөрдү туура жазган» (Насаатчы 12:10). Эзра санжыра түзүү үчүн, бери дегенде эле, 14 булакты, алардын ичинде «Дөөт падышанын тарыхын» жана «Жүйүт менен Ысрайыл падышаларынын китебин» колдонгон (1 Жылнаама 27:24; 2 Жылнаама 16:11). Инжилдердин бирин жазган Лука «бардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыккан» (Лука 1:3).

Ыйык Жазманын айрым китептеринде аны жазган кишилердин өзгөчөлүктөрү да чагылдырылган. Маселен, Матай Леби Ыйсанын шакирти болгонго чейин салык жыйнап иштегендиктен сандарга өзгөчө көңүл бурган. Ыйсанын «отуз күмүш тыйынга» сатылганын жалгыз Матай гана жазган (Матай 27:3; Марк 2:14). Лука дарыгер болгондуктан Ыйсанын оорулууларды айыктырганын баяндоодо медицина жагына көбүрөөк көңүл бурган. Ал бирөөнүн «эти катуу ысыганын», башкасынын «бүт денеси пес болгонун» да жазган (Лука 4:38, «ЖД»; Лука 5:12; Колосалыктарга 4:14). Мындан Жахаба Ыйык Китепти жазгандарга Өзүнүн ойлорун аларга өз сөзү менен жана стилине жараша жазууга жол бергенин көрүүгө болот. Ошол эле учурда Кудай Өзүнүн ойлорун алар так бериши үчүн алардын ойлорун жетектеп турган (Накыл сөздөр 16:9).

Натыйжасы

Ар кайсы учурда жана ар башка жерде жашаган 40 кишинин бардык жагынан шайкеш келген бир эле тема тууралуу жазганы таң калыштуу эмеспи? (19-беттеги «Ыйык Китепте эмнелер тууралуу айтылган?» деген макаланы карагыла.) Муну бир эле Жаратман жетектебесе, мындай болушу мүмкүн эмес эле.

Жахабага Ыйык Китепти жаздыруу үчүн адамдарды колдонуунун зарылдыгы бар беле? Жок. Бирок ошентсе да Ыйык Китепти адамдарга жаздырып, ал зор акылмандык көрсөткөн. Ыйык Китепти жазгандар адамдын сезимдеринин көп кырдуулугун бере алгандыктан, Ыйык Китеп көптөгөн адамдардын жүрөгүнөн түнөк табууда. Буга күнөөсү үчүн өкүнүп, Кудайдын ырайым кылышын сурап, жандүйнөсү кыйналган Дөөт падыша эң сонун мисал болот (Забур 50:4—6, 15, 19, кириш сөзү).

Ыйык Китепти жаздыруу үчүн Жахаба адамдарды колдонсо да, аны «адамдын сөзү катары эмес, Кудай Сөзү катары кабыл алган» Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочуларындай болуп, Ыйык Китепке биз да ишенсек болот (1 Тесалоникалыктарга 2:13).

КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУҢ?

▪ «Ыйык Жазуунун» Жаратманы ким? (2 Тиметейге 3:16).

▪ Жахаба Кудай адамдарга маалыматтарды кандай жолдор менен берген? (Чыгуу 31:18; 34:27; Жезекиел 1:1; Даниел 7:1).

▪ Ыйык Китепти жазгандардын стили анда кандайча чагылдырылган? (Матай 27:3; Лука 4:38).