Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3. Өз ара шайкештиги

3. Өз ара шайкештиги

Ыйык Китепке эмне себептен ишенүүгө болот?

3. Өз ара шайкештиги

Ата-теги ар кандай болгон 40 кишиге бир китепти жазуу тапшырылып, ар бири өзүнө берилген бөлүгүн жазганын элестетсеңер. Алар ар кайсы өлкөдө жашагандыктан, көбү бири-бирин тааныбайт. Айрымдары башкалары эмнени жазып жатканын билбейт. Алар жазган китеп өз ара шайкеш болушу мүмкүнбү?

ЫЙЫК КИТЕП — дал ушундай китеп *. Жогоруда сүрөттөлгөндөн да татаал шартта жазылган бул китеп, чынында эле, толугу менен өз ара шайкеш.

Жазылыш өзгөчөлүгү. Ыйык Китеп болжол менен 1 600 жыл ичинде — б.з.ч. 1513-жылдан баштап б.з. 98-жылына чейин — жазылган. 40тай жазуучунун көбү ар кайсы доордо жашап, ар кандай кесиптин ээси болушкан. Алардын бири — доктур, калгандары балыкчылар, койчулар, падышалар эле.

Негизги темасы. Ыйык Китептин жазуучулары негизги бир теманы өрчүтүшкөн: Кудай адамзаттын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө укуктуу жана ой-ниетин асмандагы Падышалык — дүйнөлүк өкмөт — аркылуу ишке ашырат. Бул жөнүндө алгач Башталыш китебинде айтылып, кийинки китептерде майда-чүйдөсүнө чейин ачылып берилет да, Аян китебинде Кудайдын ой-ниети толугу менен кандайча ишке ашары баяндалат. («Ыйык Китепте эмнелер тууралуу айтылган?» деген 19-беттеги макаланы карагыла.)

Майда-чүйдө билдирүүлөрдөгү төп келишкендик. Ыйык Китепте жазылгандар ийне-жибине чейин төп келет. Бирок жазуучулар муну атайылап жасаган эмес. Бир мисал карап көрөлү. Жакандын Инжилинде Ыйса аны угууга келген көп элди тойгузуу үчүн нанды кайдан сатып алуу керектигин Филиптен сураганы айтылат (Жакан 6:1—5). Лука ушул эле окуянын Бетсайида шаарынын жанында болгонун билдирет. Андан мурунураак Жакан өзүнүн китебинде Филиптин Бетсайида шаарынан экенин айтып өткөн (Лука 9:10; Жакан 1:44). Ошондуктан Ыйсанын нанды кайдан сатып алса болорун ошол жерге жакын жашаган кишиден сураганы түшүнүктүү. Демек, Ыйык Китепти жазгандар бул билдирүүлөрдү атайы төп келтирбесе да, андагы маалыматтар майда-чүйдөсүнө чейин так *.

Акылга сыярлык айырмачылыктар. Ыйык Китептеги кандайдыр бир билдирүүлөрдүн ортосунда бир аз айырмачылыктардын болгону табигый нерсе. Мисалы, кылмышка күбө болгон бир нече адамдын сотто көрсөтүү берип жатканын элестетсеңер. Эгер бардыгы бир эле нерсени, бирдей сөздөр менен айта берсе, ич ара сүйлөшүп алган го деген шектенүүлөр туулбайбы? Ар бирөөнүн көрсөтүү берүүсү өзүнүн байкагандарына жараша башкалардыкынан айырмаланмак. Ыйык Китепти жазгандар тууралуу да так ушуну айтууга болот.

Төмөнкү мисалга көңүл бурсаңар. Марк менен Жакан жазгандай, Ыйса өлөр күнү кызгылт көк кийимчен беле? (Марк 15:17, «ЖД»; Жакан 19:2, «ЖД»). Же, Матай жазгандай, кийими кочкул кызыл беле? (Матай 27:28). Чынында, үчөөнүкү тең туура болушу мүмкүн. Кызыл түстүн курамына кызгылт көк түс да кирет. Карап турган кишинин байкагандарына, жарыктын чагылышына жана фонго жараша кийимдин түсү башкачараак көрүнүшү ыктымал *.

Ыйык Китептин жазуучулары, ич ара макулдашып албаса да, өз ара шайкеш келген китепти жазышканы анын ишенүүгө татыктуулугун дагы бир ирет тастыктап турат.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Ыйык Китеп 66 китептен же бөлүктөн турат жана Башталыш китебинен башталып, Аян китеби менен аяктайт.

^ 7-абз. Буга байланыштуу далилдерди Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Бардык адамдарга арналган китеп» деген китепченин 16, 17-бетинен табууга болот.

^ 9-абз. Буга байланыштуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп Кудайдын Сөзүбү же адамдыкыбы?» (ор.) аттуу китептин «Ыйык Китеп өзүнө өзү карама-каршы келеби?» деген 7-бөлүмүн карагыла.

[7-беттеги сүрөт]

Ыйсанын кийими кызгылт көк беле же кочкул кызыл беле?