Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба сени колдойт

Жахаба сени колдойт

«Ал ооруп, төшөктө жатканда, Жахаба колдойт» (ЗАБ. 41:3).

ЫРЛАР: 23, 138

1, 2. Кээде эмнени ойлоп тынчсызданышыбыз мүмкүн жана буга байланыштуу Ыйык Китептеги кайсы окуялар эсибизге түшөт?

«УШУЛ оорудан жакшы болуп кетет болдум бекен?» — деп ойлонгон учурларың болду беле? Же, балким, жакын адамың же досуң ооругандыктан, аларды ойлоп, кабатыр болуп жаткандырсың. Катуу илдетке чалдыкканда тынчсызданып, бушайман болуу — табигый эле нерсе. Ыйык Китепте Илияс жана Элиша пайгамбарлардын күндөрүндө эки падышанын да ушундай жагдайга кабылганы жазылган. Алардын бири Ахап менен Изабелдин уулу Ахазия падыша болгон. Ал үйүнүн үстүнкү бөлмөсүнөн кулап кетип, оор жаракат алганда айыгар-айыкпасын билгиси келген. Кийинчерээк Сириянын падышасы Бенадат катуу ооруп, оорусунан баш көтөрүп кетер-кетпесин билиш үчүн Элиша пайгамбарга киши жөнөткөн (2 Пад. 1:2; 8:7, 8).

2 Албетте, өзүбүз же жакыныбыз ооруга чалдыкканда жакшылыктан үмүт үзбөйбүз. Ошентсе да көптөр: «Кудай кантип жардам берет болду экен?» — деп ойлонушат. Жогоруда айтылган падышалардын убагында Кудай айрымдарды кереметтүү түрдө сакайткан. Атүгүл пайгамбарлары аркылуу өлгөндөрдү тирилткен учурлары да болгон (1 Пад. 17:17—24; 2 Пад. 4:17—20, 32—35). Бирок ушундан улам Кудай бизге да ошондой жол менен жардам берет деп күтсөк болобу?

3—5. Кудай менен Иса Машаяк кандай күчкө ээ жана буга байланышы бар кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Кудайдын адамдардын ден соолугуна таасир эте аларына эч кандай шек жок. Муну Ыйык Китеп тастыктап турат. Алсак, ал Ыбрайым пайгамбардын убагында фараонду жана кийинчерээк Муса пайгамбардын эжеси Мириямды жазалап, ооруга чалдыктырган (Башт. 12:17; Сан. 12:9, 10; 2 Шем. 24:15). Ошондой эле ысрайылдыктарга, эгер ишенимсиздик кылышса, ар кандай «оорулар менен жараларды» жиберерин эскерткен (Мыйз. 28:58—61). Анткен менен анын өз элин оору-дарттан коргогон учурлары да болгон (Чыг. 23:25; Мыйз. 7:15). Кээде ал кызматчыларын сакайтчу. Маселен, Аюп пайгамбар жан чыдагыс оорусунан улам өлүмдү самап калганда, Кудай аны айыктырган (Аюп 2:7; 3:11—13; 42:10, 16).

4 Ырас, Кудай адамды оорусунан сакайтууга кудуреттүү. Анын Уулу тууралуу да ушуну айтууга болот. Ыйык Китепте Иса Машаяктын керемет жасап, пес оорулууларды, талмасы барларды, сокурларды, шал оорулууларды айыктырганы айтылат. (Оку: Матай 4:23, 24; Жкн. 9:1—7.) Ошонун баары анын жаңы заманда алда канча чоң масштабда аткара турган иштеринин чети эле болгону бизди абдан бекемдейт. Ал убак келгенде, эч ким: «Ооруп жатам»,— деп айтпай калат (Ыш. 33:24).

5 Бирок ооруга чалдыкканда Кудай же Иса бизди керемет жолу менен айыктырат деп күткөнүбүз туура болобу? Андайда кандай көз карашта болушубуз керек жана дарылануу ыкмаларын тандоодо эмнелерди эске алышыбыз зарыл?

ООРУГА ЧАЛДЫККАНДА ЖАХАБАГА ТАЯН

6. Ыйык Китепте Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын айрымдарына берилген «айыктыруу жөндөмү» тууралуу эмне делет?

6 Ыйык Китептен билгенибиздей, 1-кылымда Машаяктын майланган жолдоочуларынын айрымдары керемет жасай алышкан (Элч. 3:2—7; 9:36—42). Кудай аларга ыйык руху аркылуу берген «ар түрдүү жөндөмдүүлүктөрдүн» ичинде «айыктыруу жөндөмү» да болгон (1 Кор. 12:4—11). Бирок айыктыруу, пайгамбарлык кылуу, ар кандай тилдерде сүйлөө сыяктуу жөндөмдүүлүктөрдүн баары убакыттын өтүшү менен жок болгон (1 Кор. 13:8). Бүгүнкү күндө андай кереметтер жасалбайт. Ошо себептен Кудай бизди же жакындарыбызды кереметтүү түрдө айыктырып коёт деп күткөнүбүз негизсиз.

7. Забур 41:3төгү сөздөр бизди кандайча жубатат?

7 Ошентсе да эгер ооруп калсак, Кудайдын байыркы учурдагы ишенимдүү кызматчыларындай болуп, андан бизди жубатышын, колдошун жана акылмандык беришин сурансак болот. Дөөтү падыша: «Бей-бечарага жардам берген адам бактылуу, алаамат күнү Жахаба аны куткарат. Жахаба аны коргойт, тирүү калтырат»,— деп жазган (Заб. 41:1, 2). Дөөтүнүн күндөрүндө башкаларга жакшылык кылган кишилердин баары эбак эле көз жумган. Демек, ал андай кишилердин эч качан өлбөй турганын айткысы келген эмес. Анын сөздөрү Кудайдын кайрымдуу кишилерге жардам берерин көрсөтүп турат. Дөөтү муну: «Ал ооруп, төшөктө жатканда, Жахаба колдойт; ооруп жатканында, сен ага кам көрөсүң»,— деп түшүндүргөн (Заб. 41:3). Ооба, бей-бечарага көмөк кылгандар Кудайдын көз жаздымында калышпайт. Андан сырткары, Кудай жараткан кереметтүү организмибиз өзүн өзү калыбына келтире алат.

8. Забур 41:4кө ылайык, Дөөтү пайгамбар Жахабадан эмне кылышын суранган?

8 Дөөтү пайгамбар: «Оо, Жахаба, мага ырайым кыл. Жанымды айыктыр, анткени сага каршы күнөө кылдым»,— деп да айткан (Заб. 41:4). Бул сөздөрдү ал уулу Абышалом падышалык тактыны мыйзамсыз түрдө тартып алууну көздөп жатканда жазса керек. Ошол кезде ал катуу ооруп жаткандыктан уулуна каршылык көрсөтүүгө дарманы жеткен эмес. Кудай кечирсе да, Дөөтү башына түшкөн кыйынчылыктар Батшеба менен кылган күнөөсүнүн кесепети экенин жакшы билген (2 Шем. 12:7—14). Анткен менен ал ооруп жатканда Кудайдын колдооруна бекем ишенген. Бирок ал Кудайдан кереметтүү түрдө айыктырып, аман алып калышын суранды беле?

9. а) Дөөтүнүн жагдайы Хиския падышаныкынан эмнеси менен айырмаланган? б) Дөөтү Жахабадан кандай жардам күткөн?

9 Ошондон көп жылдар өткөндөн кийин, Хиския деген падыша катуу ооруп калган. Ал «өлүм алдында жатканда», Кудай аны керемет жолу менен айыктырып, өмүрүн дагы 15 жылга узарткан (2 Пад. 20:1—6). Бирок Дөөтү Кудайдан аны керемет жолу менен айыктырышын тиленген эмес. Ал Жахабадан, бей-бечараларга жакшылык кылган адамга кандай жол менен жардам берсе, ага да ошондой жол менен жардам беришин, «төшөктө жатканда» колдоо көрсөтүшүн өтүнгөн. Күнөөсү кечирилгендиктен, Дөөтү Кудайдан аны жубатып, колдошун жана денесине кубат кирип, оорусунан баш көтөрүүгө жардам беришин суранган (Заб. 103:3). Биз да ушинтсек болот.

10. Трофим жана Эпафродит жөнүндөгү билдирүүлөрдөн кандай жыйынтык чыгарсак болот?

10 Дөөтү пайгамбар сыяктуу эле, Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын баары эле оорусунан керемет жолу менен айыга берген эмес. Ыйык Китепте Пабылдын бир жолу керемет жасап, буту шал кишини сакайтканы жазылат. (Оку: Элчилер 14:8—10.) Публий деген кишинин «атасынын эти ысып, ичи өтүп жатканда» да, Пабыл тиленип, анын «үстүнө колдорун коюп, айыктырган» (Элч. 28:8). Бирок миссионердик сапарында чогуу жүргөн шериги Трофим ооруп, андан ары жол жүрө албай калганда, ал аны керемет жолу менен айыктырган эмес. Трофим жакшы болуп кеткиче, аны Милетке калтырган (Элч. 20:3—5, 22; 21:29; 2 Тим. 4:20). Ошондой эле сүйүктүү досу Эпафродит «катуу ооруп, өлүм алдында жатканда», Пабылдын аны керемет жолу менен айыктырган-айыктырбаганы жөнүндө Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт (Флп. 2:25—27, 30).

ЭСТҮҮЛҮК МЕНЕН ИШ КЫЛ

11, 12. Лука Пабылга эмне үчүн жакшы жардам көрсөтө алган жана анын билими тууралуу эмне айтууга болот?

11 Элчилер китебин жазган «сүйүктүү дарыгер Лука» да Пабылды миссионердик кызматында коштоп жүргөн (Кол. 4:14; Элч. 16:10—12; 20:5, 6). Ар кайсы жерлерди кыдырып жүргөндө Пабылдын ооруп калган учурлары болгон (Гал. 4:13). Ошондуктан Луканын ага жана анын башка шериктерине кам көрүп, медициналык жактан жардам бергени күмөнсүз. Иса Машаяк: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж»,— деп айткандай, Луканын шериктери анын жардамына муктаж болушкан (Лк. 5:31).

12 Ыйык Китепте Луканын качан жана кайсы жерден медициналык билим алганы айтылбайт. Бирок Пабылдын Колосадагы ишенимдештерине дарыгер Лукадан салам жолдогонунан алар Луканы тааныган деп жыйынтык чыгарууга болот. Ал медициналык билимди Колосанын жанындагы Лаодикия шаарынан алышы толук мүмкүн болчу. Кандай болбосун, Лука билим албай туруп эле башкаларга кеңеш бере берген эмес, ал билимдүү доктур болгон. Бул анын өзүнүн ысымы менен аталган Инжилде жана Элчилер китебинде айрым медициналык терминдерди колдонгонунан, ошондой эле Исанын башкаларды айыктырганы жөнүндө көбүрөөк баяндаганынан айкын көрүнүп турат.

13. Ден соолукка байланыштуу кеңеш берерде же аны колдонордо эмнени эске алышыбыз керек?

13 Учурда Кудайдын кызматчыларына айыктыруу жөндөмү берилбегендиктен, бири-бирибизди керемет жолу менен сакайта албайбыз. Бирок айрым ишенимдештерибиз жакшы эле ой менен, биз сурабасак деле, дарыланууга байланыштуу кеңештерин бериши мүмкүн. Ырас, айрымдар эч кандай деле зыяны тийбей турган кеңештерди беришет. Алсак, элчи Пабыл Тиметейге ошондой кеңеш берген. Кыязы, Тиметей жашаган жердеги суу кир болгондуктан, Пабыл ага ашказаны ооруганына байланыштуу кээде шарап ичип турууну сунуш кылган *. (Оку: 1 Тиметей 5:23.) Бирок ишенимдешибизди ага жардам бербеши, атүгүл зыяны тийип калышы мүмкүн болгон кайсы бир чөп-чарды, дары-дармекти же мүнөз тамакты колдонууга үндөө туура эмес болуп калмак. Кээде айрымдар: «Сеникиндей оору менен ооруган тууганым ушуну колдонгондо жакшы болуп кетти» — деп, башкаларды өздөрү сунуштаган жол менен дарыланууга көндүргөнгө аракет кылышат. Ниетибиз канчалык таза болбосун, кеңири колдонулуп жаткан дары-дармектер менен дарылануу ыкмаларынын да кооптуу жактары болушу мүмкүн экенин унутпашыбыз керек. (Оку: Накыл сөздөр 27:12.)

САКТЫКТА КОРДУК ЖОК

14, 15. а) Кимдир бирөө ооруганда, айрымдар эмне кылууну көздөшөт? б) Накыл сөздөр 14:15те айтылгандардан эмнеге үйрөнө алабыз?

14 Баарыбыз эле жашоодон кубаныч алып, Кудайга толук кандуу кызмат кылгыбыз келет, ошондуктан ден соолугубуздун чың болушун каалаганыбыз — табигый эле нерсе. Бирок жеткилеңсиздик тукум кууп өткөндүктөн, азыр оорубаган жан жок. Ооруларды дарылоонун ар кандай ыкмалары, жолдору болгондуктан, алардын кайсынысын тандаарын ар бир адам өзү чечет. Өкүнүчтүүсү, ач көздүк кеңири кулач жайган бул дүйнөдө бирөөнүн ооруганынан пайдаланып, акча табууга умтулгандар көп. Кээ бирөөлөр кайсы бир дары-дармектерди мактап-жактап, сатууга аракет кылышат. Айрым адамдар же компаниялар чоң пайда көрүш үчүн кымбат дарыларды колдонууга үндөшөт. Жакшы болуп кетүүнү эңсеп жүргөн киши алардын айткандарына ишенип, үмүттөнүп алышы мүмкүн. Бирок андайда Кудайдын Сөзүндөгү: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деген кеңешти унутпайлы (Накыл 14:15).

15 Баамчыл киши дайыма, айрыкча, ошол тармак боюнча тийиштүү билими, тажрыйбасы жок бирөө кеңеш бергенде, ишенип калуудан сак болот. Ал мындай деп ой жүгүртөт: «Анын айтымында, бул витамин, дары чөп же мүнөз тамак кимдир бирөөгө жардам бериптир, бирок муну ырастай турган күбөлөр барбы? Адамдар ар кандай болгондуктан, мунун мага да жардам берерине ишенүүгө болобу? Бул тууралуу көбүрөөк изилдеп же билимдүүрөөк, тажрыйбалуураак адистер менен сүйлөшүп көрүшүм керек эмеспи?» (Мыйз. 17:6).

16. Дарыланууда акыл-эстүүлүк менен иш кылганга кайсы суроолор жардам берет?

16 Кудайдын Сөзү бизди «азыркы дүйнөдө акыл-эстүүлүк» көрсөтүп жашоого чакырат (Тит 2:12). Андыктан ооруну аныктоо ыкмасы же дарылоо жолу кызыктай же табышмактуу сезилсе, акыл-эстүүлүк менен иш кылганыбыз маанилүү. Аны жактаган же колдонуп жаткан тарап ал жөнүндө жакшылап түшүндүрүп бере алабы? Ал фактыларга негизделип, тажрыйбалуу адистер тарабынан туура деп табылганбы? (Накыл 22:29). Же жөн эле сезимдерди козгогонго багытталганбы? Балким, дарылоо ыкмасын сунуштагандар анын алыс жакта табылганын же ошол жакта колдонулуп жатканын жана азырынча жалпыга маалым боло элек экенин айтышы мүмкүн. Бирок алардын ушинтип айтканы чындыкка коошобу жана ага далилдер барбы? Ооруну аныктоо же дарылоо ыкмаларынын кээ бир түрлөрүн сунуштагандар анда «кереметтүү күч» же «касиеттүү зат» колдонуларын айтышат. Андайда ого бетер сак болушубуз керек, анткени Кудай «сыйкырдуу күчтү колдонуудан» жана спиритизмге аралашуудан оолак болушубуз керектигин эскерткен (Ыш. 1:13; Мыйз. 18:10—12).

«САК-САЛАМАТТА БОЛГУЛА!»

17. Баарыбыз эле эмнени каалайбыз?

17 1-кылымдагы жетектөөчү кеңеш жыйналыштарга маанилүү кат жөнөткөн. Ал катта Кудайдын кызматчылары оолак болушу керек болгон нерселер саналып өткөндөн кийин: «Эгер ушул айтылгандарга бекем кармансаңар, силерди ийгилик коштоп жүрөт. Сак-саламатта болгула!» — деген сөздөр жазылган (Элч. 15:29). Каттагы ал соңку сөздөр «ден соолугуңар чың болсун» деген маанини да туюнтат. Ооба, биз чың ден соолукта болуп, Жахаба Кудайга кубаныч менен кызмат кылгыбыз келет.

Биз чың ден соолукта болуп, Жахабага кубанычтуу кызмат кылгыбыз келет (17-абзацты кара)

18, 19. Биз эмнени чыдамсыздык менен күтүп жатабыз?

18 Бул дүйнөдө жашап жаткандыктан жана жеткилең эмес болгондуктан, эртели-кеч ар бирибиз эле ооруга туш болобуз. Андайда Жахабанын бизди кереметтүү түрдө айыктырарын күтпөйбүз. Анткен менен Аян 22:1, 2-аяттарда ар кандай илдеттен толугу менен арыла турган убак келери жөнүндө айтылат. Элчи Жакан аян аркылуу «өмүр суусу аккан дарыяны» жана «жалбырактары элдерди айыктырган» «өмүр дарактарын» көргөн. Бирок бул азыр же келечекте кайсы бир өсүмдүктүн жардамы менен айыгабыз дегенди билдирбейт. Ал аяттарда айтылгандар Жахабанын Иса Машаяк аркылуу тил алчаак адамдарга түбөлүк өмүр берүү үчүн көргөн чарасын билдирет (Ыш. 35:5, 6). Биз ал убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

19 Ал заман келгиче, Жахабанын ар бирибизге жекече кам көрөрүн, атүгүл ооруп жатканыбызда да таштабай турганын унутпайлы. Ооруп калсак, Жахаба Дөөтү падышаны колдогондой эле, бизди да колдой турганына шектенбесек болот. Ошондо Дөөтүдөй болуп: «Кынтыксыз болгонум үчүн сен мени колдоп келдиң, жүз алдыңа мени түбөлүк коёсуң»,— деп айта алабыз (Заб. 41:12).

^ 13-абз. Шарап жөнүндөгү бир китепте жазылгандай, окумуштуулар ич келте оорусун чакырган микробдор жана башка коркунучтуу бактериялар шарап менен аралашканда дароо өлөрүн аныкташкан.