Башталыш 12:1—20
12 Жахаба Ыбрамга мындай деди: «Жериңди, туугандарыңды, атаңдын үйүн калтырып, мен көрсөтө турган жерге бар+.
2 Сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, ысмыңды улуу кылам; башкалар үчүн бата болосуң+.
3 Сага бата бергендерге батамды берем, сени каргагандарды каргайм+, сен аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алышат*»+.
4 Ыбрам Жахабанын айтканы боюнча жолго чыкты. Аны менен кошо Лот да чыкты. Харандан чыкканда+ Ыбрам жетимиш беш жашта эле.
5 Ал аялы Сараны+, бир тууганынын уулу Лотту+, өздөрү чогулткан мүлктүн баарын+ жана Харанда ээ болгон кулдарын* алып, Канаан жерин көздөй жөнөдү+. Ошентип, алар Канаанга жетишти.
6 Ыбрам ал жерди аралап, Моренин чоң дарактарынын жанындагы+ Шекемге+ чейин барды. Ошол убакта ал жерде канаандыктар жашачу.
7 Ошондо Жахаба Ыбрамга көрүнүп: «Бул жерди сенин тукумуңа+ берем»+,— деди. Ыбрам өзүнө көрүнгөн Жахабага арнап ошол жерге курмандык жайын курду.
8 Кийинчерээк ал Бейтелдин+ чыгыш жагындагы тоолуу жерге барып, чатырын тикти. Бейтел батыш тарабында, Ай+ чыгыш тарабында эле. Ал ошол жерге курмандык жайын куруп+, Жахабанын ысмын даңктады+.
9 Анан Ыбрам чатырын жыйнап, улам бир жерге көчүп-конуп, Негепти көздөй жылып отурду+.
10 Ошол жерде ачарчылык болду. Ачарчылык катуу болгондуктан+, Ыбрам убактылуу жашап туруш үчүн Мисирге* жөнөдү+.
11 Мисирге жакындаганда ал аялы Сарадан: «Сөзүмө кулак салчы, сен сулуу аялсың+,
12 андыктан мисирликтер сени көргөндө: „Бул — анын аялы“ — деп, мени өлтүрүп, сени тирүү калтырышат.
13 Ошондуктан, мага жакшы болушу үчүн, жаным аман калышы үчүн+, карындашымын деп койчу»+,— деп суранды.
14 Ыбрам Мисирге келгенде, мисирликтер Саранын абдан сулуу экенин көрүштү.
15 Аны фараондун* төрөлөрү да көрүп, ага мактап барышты. Ошондуктан фараон аны үйүнө алдырды.
16 Сара үчүн ал Ыбрамга жакшы мамиле кылып, ага койлорду, бодо малдарды, эшектерди, төөлөрдү, кулдар менен күңдөрдү берди+.
17 Бирок Жахаба Ыбрамдын аялы Сара+ үчүн фараон менен анын үйүндөгүлөрүн катуу ооруларга* чалдыктырды+.
18 Ошондо фараон Ыбрамды чакырып: «Бул эмне кылганың? Эмне үчүн анын аялың экенин айткан жоксуң?+
19 Эмнеге карындашым дедиң?+ Мен аны аялдыкка алып коё жаздабадымбы. Мына аялың, ал да кет!» — деди.
20 Анан өзүнүн кишилерине Ыбрам менен анын аялын бүт мал-мүлкү, кулдары менен кошо узатып коюуну буйрук кылды, алар узатып коюшту+.
Шилтемелер
^ Бул жерде колдонулган еврей этиши бата алуу үчүн иш-аракет кылуунун зарылдыгын көрсөтүп турат.
^ Сөзмө-сөз: «жандарды».
^ Египетке.
^ Мисир падышасынын наамы.
^ Же: «каргашаларга».