1 Корунттуктар 12:1—31

12  Бир туугандар, мен силердин рух аркылуу берилүүчү жөндөмдүүлүктөр+ жөнүндө да билишиңерди каалайм.  Өзүңөр билгендей, Исанын жолдоочусу боло элек кезиңерде*+ силерди адаштырып, тилсиз+ буркандарга+ сыйындырышчу; силер алардын жетелеген жагына баса берчүсүңөр.  Ошондуктан силерге маалым болсун: Кудайдын рухунун жетеги менен сүйлөп жатып эч ким: «Иса каргышка калсын!» — дебейт+, ошондой эле ыйык рух жетектебесе, эч ким: «Иса — биздин Мырзабыз!» — деп айта албайт+.  Ар түрдүү жөндөмдүүлүктөр бар+, бирок рух бирөө эле+.  Кызматтын ар кандай түрлөрү бар+, бирок Мырзабыз бирөө эле+.  Иш-аракеттер да ар түрдүү болот+, бирок баарына иш-аракет кылууга ар кандай жолдор менен түрткү берген+ Кудай бирөө эле+.  Рухтун иш-аракети алар аркылуу башкалардын пайдасы үчүн көрсөтүлөт+.  Мисалы, рух аркылуу кимдир бирөөгө акылмандык менен сүйлөө жөндөмү берилсе+, башкасына ошол эле рух аркылуу билим+ менен сүйлөө жөндөмү берилет;  ошол эле рух аркылуу бирине ишеним+, бирине айыктыруу жөндөмү+, 10  бирине керемет жасоо жөндөмү+, бирине пайгамбарлык кылуу жөндөмү+, бирине рухтун жетеги менен айтылгандарды+ түшүнүү жөндөмү+, бирине ар кандай тилдерде сүйлөө жөндөмү+, дагы бирине ал тилдерде айтылгандарды түшүндүрүү жөндөмү+ берилет. 11  Мунун баарын бир эле рух аткарат+, ал ар кимге өзү каалагандай+ жөндөм берет+. 12  Дене бирөө болгону менен, мүчөлөрү көп. Мүчөлөрү көп болгону менен, баары бир эле денени түзөт+. Машаяктын денеси да ошондой+. 13  Анткени жүйүттөр да, гректер да, кулдар да, эркин адамдар да — баарыбыз бир денени түзүш үчүн бир рухка чөмүлтүлүп+, баарыбыз бир рухтан ичкенбиз+. 14  Чынында эле, дене бир мүчөдөн эмес, көп мүчөдөн турат+. 15  Эгер бут: «Мен кол эмесмин, ошон үчүн денеге таандык эмесмин»,— десе эле денеге таандык болбой калбайт+. 16  Эгер кулак: «Мен көз эмесмин, ошон үчүн денеге таандык эмесмин»,— десе эле денеге таандык болбой калбайт+. 17  Дененин баары көз болсо, анда кантип укмак эле? Дененин баары кулак болсо, анда кантип жыт сезмек эле? 18  Бирок Кудай дененин ар бир мүчөсүн өзү каалагандай кылып жайгаштырган+. 19  Эгер мүчөлөрдүн баары окшош болсо+, анда дене кантип пайда болмок эле? 20  Ооба, мүчөлөр көп болгону менен+, дене бирөө эле. 21  Көз колго: «Сенин мага керегиң жок»,— деп айта албайт же баш бутка: «Сенин мага керегиң жок»,— дей албайт. 22  Тескерисинче, дененин алсызыраак+ көрүнгөн мүчөлөрү көбүрөөк керек болот. 23  Ошондой эле анча маанилүү эместей көрүнгөн бөлүктөрүнө көбүрөөк кам көрөбүз+. Ошентип, денебиздин көрксүз бөлүктөрү баалуураак болуп калат, 24  ал эми көрктүү бөлүктөрү анчалык кам көрүүгө муктаж болбойт. Кудай денени жаратканда анын кам көрүүгө муктаж бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурган. 25  Кудай дене ич ара бөлүнбөй, анын бардык мүчөлөрү бири-бирине кам көрүшү үчүн ошенткен+. 26  Эгер дененин бир мүчөсү кыйналса, аны менен кошо калган мүчөлөрдүн баары кыйналат+. Ал эми бир мүчөсү даңкталса+, аны менен кошо калган мүчөлөрдүн баары кубанат+. 27  Силер Машаяктын денесисиңер, ар бириңер анын денесинин мүчөсүсүңөр+. 28  Кудай жыйналышта ар бир мүчөнү өз ордуна жайгаштырган+: биринчиден, элчилер+; экинчиден, пайгамбарлар+; үчүнчүдөн, окутуучулар+; анан керемет жасагандар+; андан кийин айыктырууга жөндөмдүүлөр+, жардам көрсөткөндөр+, башкарууга жөндөмдүүлөр+, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөр+. 29  Баары эле элчиби? Баары эле пайгамбарбы? Баары эле окутуучубу? Баары эле керемет жасайбы? 30  Баары эле айыктырууга жөндөмдүүбү? Баары эле ар кандай тилдерде сүйлөйбү?+ Баары эле которобу?+ 31  Бирок силер андан да маанилүү жөндөмдүүлүктөргө ээ болууга умтулгула+. Мен силерге эң мыкты жолду көрсөтүп жатам+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «башка элдерден болгон кезиңерде».