Галатиялыктар 4:1—31
4 Силерге айтарым, мурасчы бардык нерсенин кожоюну болсо да, бала кезинде кулдан эч айырмаланбайт+.
2 Атасы белгилеген күнгө чейин ал кам көрүүчүлөр менен үй башкаруучулардын көзөмөлү астында болот+.
3 Анын сыңарындай, биз да бала кезибизде дүйнөнүн жол-жоболоруна+ кул болчубуз.
4 Бирок белгиленген убакыт аяктаганда+, Кудай өзүнүн Уулун жиберген+. Ал аялдан төрөлүп+, мыйзамдын бийлиги астында болгон+.
5 Мыйзамдын бийлиги астындагыларды+ кун төлөп куткарып алыш үчүн+ жана анын аркасында Кудай бизди уулдары катары асырап алышы үчүн+, ошондой болгон.
6 Силер Кудайдын уулдары болгондуктан, ал жүрөгүбүзгө Уулунун рухун жиберди+; ал рух: «Абба*, Ата!» — деп чакырат+.
7 Демек, эми сен кул эмессиң, анын уулусуң. Эгер уулу болсоң, анда Кудай сени мурасчы да кылды+.
8 Кудайды таанып-биле элегиңерде+ силер жалган кудайларга кул болуп келгенсиңер+.
9 Эми Кудайды таанып-билгенден кийин, тагыраак айтканда, Кудай силерди таанып-билгенден кийин+, кайрадан мурунку куру бекер+, пайдасыз жол-жоболорго кайрылып+, аларга кул болгуңар келеби?+
10 Белгилүү бир күндөрдү+, айларды+, мезгилдерди жана жылдарды өзгөчө көрүп, аларды кылдат сактайсыңар.
11 Силер үчүн кылган эмгегим текке кетпесе экен деп корком+.
12 Бир туугандар, силерден жалбарып суранарым, мендей болгула+, анткени мен да бир кезде силердей болчумун+. Силер мага эч кандай жамандык кылган эмессиңер+.
13 Биринчи жолу силерге жакшы кабар айтышыма+ оорум себеп болгонун билесиңер.
14 Ошондо ахыбалым силер үчүн сыноо болсо да, силер мени жек көрүп, жийиркене түкүргөн эмессиңер, тескерисинче, мени Кудайдын периштесиндей+, Машаяк Исадай кабыл алгансыңар+.
15 Ошондогу кубанычыңар кайда?+ Ишенимдүүлүк менен айта алам, ошондо силер колуңардан келсе, көзүңөрдү оюп алып, мага берүүгө даяр болчусуңар+.
16 Эми чындыкты айтканым үчүн+ силерге душман болуп калдымбы?+
17 Алар силерди өздөрү тарапка жакшы ниет менен тартып жатышкан жок+, тескерисинче, алардын артынан ээрчишиңер үчүн+, силерди менден бөлүп кетүүнү каалашат.
18 Силерди өздөрү тарапка, мен араңарда жүргөндө эле эмес+, дайыма жакшы ниет менен+ тартууга умтулушса, силер үчүн жакшы болмок.
19 Балдарым+, силерде Машаяктын бейнеси калыптанганга чейин+, силер үчүн кайрадан толготуп жатам.
20 Жаныңарга азыр барып+, силер менен башкача сүйлөшүүнү каалаар элем, анткени эмне болуп жатканыңарды түшүнбөй турам+.
21 Мыйзамдын бийлиги астында болууну каалагандар+, айткылачы, Мыйзамда айтылгандарды укпай жатасыңарбы?+
22 Мисалы, Ыбрайымдын эки уулу болгону, бири күң аялдан+, экинчиси эркин аялдан төрөлгөнү+ жазылган.
23 Бирок күң аялдын уулу кадимки балдардай+, ал эми эркин аялдын уулу убада боюнча төрөлгөн+.
24 Мунун баары каймана мааниге ээ+, анткени ал аялдар эки келишимди билдирет+. Бири — Синай тоосунда+ бекитилген келишим; ал — балдарын кулчулукка төрөгөн Ажар.
25 Ажар Арабиядагы Синай тоосун+ жана бүгүнкү Иерусалимди билдирет, анткени ал балдары менен кулчулукта жүрөт+.
26 Ал эми жогорку Иерусалим+ эркин; ал — биздин энебиз+.
27 Ыйык Жазмада: «Кубан, төрөбөс, бала көрбөгөн аял. Шаттанып, кубанып кыйкыр, толгоо тартып кыйналбаган аял, анткени күйөөсү бар аялга караганда күйөөсү таштап кеткендин балдары көп»,— деп жазылган+.
28 Биз, бир туугандар, Ыскак сыяктуу эле, убаданын балдарыбыз+.
29 Бирок ошондо кадимки балдардай эле төрөлгөн бала рух боюнча төрөлгөн баланы куугунтуктай баштагандай эле+, азыр да ошондой болуп жатат+.
30 Бирок Ыйык Жазмада эмне деп айтылган? «Күң аялды уулу менен кошо кууп чык, анткени күң аялдын уулу эркин аялдын уулу менен бирге мурасчы болбойт»+.
31 Ошондуктан, бир туугандар, биз күң аялдын эмес+, эркин аялдын балдарыбыз+.
Шилтемелер
^ «Ата» дегенди билдирген арамей сөзү.