Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыдамдуулук көрсөтүүдө Жахабаны туурагыла

Чыдамдуулук көрсөтүүдө Жахабаны туурагыла

Чыдамдуулук көрсөтүүдө Жахабаны туурагыла

«Теңир Өзүнүн убадасын кечиктирбей аткарат. Бирок... бизге көпкө чыдайт» (2 Петир 3:9).

1. Жахаба адамдарга баа жеткис кандай белекти сунуштоодо?

ЖАХАБА бизге эч ким бере албай турган бир нерсени сунуш кылууда. Ал нерсе абдан жагымдуу жана баалуу, бирок аны сатып алуу же ага эмгек сиңирип жетүү мүмкүн эмес. Кудай бизге түбөлүк өмүр белегин сунуштоодо. Көпчүлүгүбүз үчүн бул жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүнү билдирет (Жакан 3:16). Ал убакта жашоо кандай гана ырахаттуу болот! Кайгыга салган жаңжалдар, зордук-зомбулук, жакырчылык, кылмышкерлик, оору, ал турсун, өлүм сыяктуу көйгөйлөрдүн баары өткөндүн ишине айланат. Адамдар Кудайдын Падышалыгынын сүйүү менен жүргүзгөн башкаруусу астында бейкуттукта жана биримдикте жашашат. Ал бейиш заманды биз кандай гана самап келебиз! (Ышайа 9:6, 7; Аян 21:4, 5).

2. Эмне үчүн Жахаба Шайтандын дүйнөсүн алиге чейин жок кыла элек?

2 Жер бетине бейишти Жахаба орнотот жана ал убакытты өзү да чыдамсыздык менен күтүп келет. Себеби ал акыйкаттык менен адилеттикти сүйөт (Забур 32:5). Азыркы дүйнөдө өзүнүн адил принциптеринин бааланбай, четке кагылып жатканын, бийлигинин кабыл алынбаганын жана кызматчыларынын куугунтукталып жатканын көрүү аны, албетте, капалантат. Анткен менен Шайтандын дүйнөсүн жок кылбай келатканына олуттуу себептер бар. Алар эгедерликке тийиштүү маселе менен — эмне туура, эмне туура эмес деген суроо менен — тыгыз байланышта. Аны чечүүдө Жахаба өзгөчө жагымдуу, бирок бүгүн көптөргө жетишпеген сапатты — чыдамдуулукту — чагылдырып келет.

3. а) Ыйык Китепте «чыдамдуулук» деп которулган сөз грек жана эврей тилдеринде кандай маанини туюнтат? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Чыдамкайлык сапатына карата колдонулган грек сөзү «Жаңы дүйнө котормосунда» үч жолу «чыдамдуулук» деп берилген. Сөзмө сөз «рухтун узундугу» дегенди билдиргендиктен ал көп жерлерде «эбегейсиз чыдамдуулук» деп, ал эми бир жеринде «чыдоо» деп которулган. Бул сапатка карата колдонулган грек жана эврей сөздөрү көтөрө билүү жана ачууга алдырбоо деген маанини туюнтат. Келгиле анда: «Жахабанын чыдамдуулугу бизге кандай пайда алып келет? Жахабанын жана анын ишенимдүү кызматчыларынын чыдамдуулук менен туруктуулукту көрсөтүшкөнүнөн эмнеге үйрөнсөк болот? Жахабанын чыдамдуулугунун чеги бар экенин кайдан билебиз?» — деген суроолорду карап чыгалы.

Жахаба кандайча чыдамдуулук көрсөтөт?

4. Жахабанын чыдамдуулугу жөнүндө элчи Петир эмне деп жазган?

4 Жахабанын чыдамдуулугу жөнүндө элчи Петир: «Сүйүктүү бир туугандар, Теңир алдында бир күн миң жылдай, миң жыл бир күндөй экени силерге белгилүү болсун. „Кечигип жатат“,— деп, кээ бирөөлөр ойлошсо да, Теңир Өзүнүн убадасын кечиктирбей аткарат. Бирок Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы тобо кылышы үчүн, бизге көпкө чыдайт»,— деп жазган (2 Петир 3:8, 9). Көңүл бурсаңар, бул аяттарда Жахабанын эмне үчүн чыдамдуулук көрсөтөрүн түшүнүүгө жардам бере турган эки ой камтылган.

5. Жахабанын убакытка болгон көзкарашы иш-аракеттерине кандай таасир этет?

5 Биринчи ой — Жахаба убакытка биз карагандай карабайт. Түбөлүк жашаган Кудай үчүн миң жыл бир күндөй эле болуп калат. Ал убакыттан көзкаранды эмес жана көйгөйдү чечүүнү эч качан создуктурбайт. Чексиз акылман Жахаба кыйналгандарга жардам берүү үчүн качан чара көрүү керектигин жакшы билгендиктен убакытты чыдамдуулук менен күтөт. Ошол себептүү кызматчылары кайсы бир мезгил аралыгында кыйынчылыктарга дуушар болуп жатса, Кудай алардын азап чегүүсүнө кайдыгер деп жыйынтык чыгаруудан алыс болушубуз керек. Кудай «улуу боорукердик» көрсөтөт, ал — сүйүүнүн өзү (Лука 1:78; 1 Жакан 4:8). Ал азыркы учурдагы азап-кайгынын баарын толугу менен жана түбөлүккө жок кыла алат (Забур 36:10).

6. Кудай тууралуу кандай ойдон алыс болушубуз керек жана эмне үчүн?

6 Албетте, адам үчүн каалаган нерсесине ээ боло турган учурду күтүү оңойго турбайт (Накыл сөздөр 13:12). Ошондуктан кимдир бирөө убадаларын дароо аткарбаса, башкалар аны айыптап, аларды аткарууну каалабайт деп ойлой башташы мүмкүн. Бирок Кудай тууралуу ошентип ойлоо акылсыздык болуп калар эле! Эгерде Кудайдын чыдамдуулук сапатын кенебестик менен чаташтырып алсак, убакыттын өтүшү менен шектене жана көңүл чөгөттүккө алдыра башташыбыз мүмкүн. Натыйжада рухий жактан үргүлөп калышыбыз ыктымал. Андан да жаманы, биз Петир эскерткен шылдыңдоочулардын, ишеними жоктордун таасирине алдырып, алданып калышыбыз мүмкүн. Андай адамдар: «Анын келем деген убадасы кана? Ата-бабаларыбыздын деле көзү өтүп кетти, башында кандай болсо, азыр деле баары ошол бойдон»,— дегендей сөздөрдү айтып шылдыңдашат (2 Петир 3:4).

7. Жахабанын чыдамдуулугу менен анын адамдардын өкүнүүсүн каалаганынын ортосунда кандай байланыш бар?

7 Петирдин сөздөрүнөн дагы бир ойду байкасак болот: Жахаба адамдардын өкүнүшүн каалагандыктан чыдамдуулук көрсөтөт. Кежирленип, өздөрүнүн туура эмес жолдорунан кайрылууну каалабагандар анын каарына калышат. Бирок Кудай жаман адамдардын өлүмүн көрүүдөн ыракат албайт. Тескерисинче, адамдардын өкүнүп, туура эмес жолдорунан бурулуп, өмүр алышын каалайт (Жезекиел 33:11). Ошондуктан ал чыдамдуулук көрсөтүп, адамдар түбөлүк өмүр алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн, өзүнүн кызматчыларын дүйнө жүзү боюнча жакшы кабарды айтууга жиберип келет.

8. Кудайдын чыдамдуу экени ысрайыл элине жасаган мамилесинен кандайча көрүнүп турат?

8 Кудайдын чыдамдуу экени анын байыркы ысрайыл элине жасаган мамилесинен да көрүнүп турат. Кылымдар бою Кудай алардын тил албастыгына чыдап келген. Пайгамбарларын кайра-кайра жиберип Жахаба: «Жаман жолуңардан кайткыла, силердин ата-бабаларыңарга осуят кылган, Өзүмдүн кулдарым — пайгамбарларым аркылуу берген Менин осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаргыла»,— деп чакырган. Натыйжасы кандай болгон? Тилекке каршы, эл «кулак салган» эмес (2 Падышалар 17:13, 14).

9. Чыдамдуулук көрсөтүүдө Ыйса Атасын кандайча туураган?

9 Акыры Жахаба өзүнүн Уулун жиберген. Ыйса нечен ирет жүйүттөрдү Кудайга кайрылууга чакырган. Ал чыдамдуулук көрсөтүүдө Атасын жеткилең түрдө туураган. Өлөрүнө аз калганын билген Ыйса: «Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүргөн, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Канаттуу өз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуң»,— деп кайгырган (Матай 23:37). Сезим менен айтылган мындай сөздөрдү кимдир бирөөнү жазалоону каалаган ырайымсыз сот эмес, адамдарга чыдамдуулук менен мамиле кылган мээримдүү дос гана айта алмак. Асмандагы Атасына окшоп, Ыйса адамдардын өкүнүп, сот күнүндө аман калышын каалаган. Айрымдар анын эскертүүсүнө көңүл буруп, б.з. 70-жылы Иерусалим аёосуз талкаланганда, өмүрлөрүн сактап калган (Лука 21:20—22).

10. Кудайдын чыдамдуулугу бизге кандайча пайда алып келүүдө?

10 Кудайдын чыдамдуулугу бизди таң калтырбайбы? Тил албастык кеңири таралганына карабастан, Жахаба ар бирибизге жана миллиондогон башка адамдарга аны таанып-билүүгө, куткарылуу үмүтүнө ээ болууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Петир ишенимдештерине: «Теңирибиздин чыдамдуулугун куткарылууңар катары эсептегиле»,— деп жазган (2 Петир 3:15). Жахаба чыдамдуулук көрсөткөндүктөн биз үчүн куткарылууга жол ачылганына ыраазы эмеспизби? Күн сайын мындан ары да бизге чыдамдуулук менен мамиле кылышын тиленбейбизби? (Матай 6:12).

11. Жахабанын эмне үчүн чыдамдуулук көрсөтөрүн түшүнүү бизге эмне кылууга жардам берет?

11 Жахабанын эмне үчүн чыдамдуулук көрсөтөрүн түшүнүү анын куткаруусун күтүүгө жана ал убадаларын аткарууга шашылбайт деген ойлорго алдырбоого жардам берет (Жеремиянын ыйы 3:26). Ошондой эле Кудайдын Падышалыгынын келиши жөнүндө тиленүү менен бирге биз ал тиленүүбүзгө качан жооп берсе туура болорун Кудай жакшы билерине эч шектенбейбиз. Андан сырткары, биртуугандарыбызга жана кызматта жолуктурган адамдарга мамиле жасоодо, Жахабаны туурап, чыдамдуу болууга аракет кылабыз. Биз дагы эч кимдин өлүшүн каалабайбыз, тескерисинче, алардын өкүнүп, бизге окшоп түбөлүк өмүргө болгон үмүткө ээ болушуна тилектешпиз (1 Тиметейге 2:3, 4).

Пайгамбарлар кандайча чыдамдуулук көрсөтүшкөн?

12, 13. Жакып 5:10до айтылганга ылайык, Ышайа пайгамбар кандайча зор чыдамдуулук көрсөткөн?

12 Жахабанын кандайча чыдамдуулук көрсөтөрүн талкуулап чыгуу менен ал сапатты жогору баалоого жана өрчүтүүгө түрткү алдык. Жеткилең эмес адамдар үчүн аны өрчүтүү оңой эмес, бирок мүмкүн. Кудайдын байыркы убактагы кызматчылары бул жагынан бизге үлгү калтырышкан. Шакирт Жакып: «Бир туугандар, Теңирдин атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан үлгү алгыла, алар кыйынчылыктарга чыдамдуу болушкан»,— деп жазган (Жакып 5:10). Башкалардын биздикиндей кыйынчылыктарды ийгиликтүү көтөргөнүн билүүдөн жубатуу алабыз, ары бекемделебиз.

13 Мисалы, тапшырмасын аткаруу үчүн Ышайа пайгамбар чыдамдуу болушу керек эле. Жахаба муну төмөнкү сөздөрдү айтуу менен баса белгилеген: «Бар, бул элге мындай деп айт: Кулагыңар менен угуп турасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр, көзүңөр менен карап турасыңар, бирок көрбөйсүңөр. Анткени бул элдин жүрөгүн май басып калган, кулагын жаап, көзүн жумуп алган, ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, жүрөктөрү менен түшүнүшпөйт жана айыгыш үчүн Мага кайрылышпайт» (Ышайа 6:9, 10). Элдин кулак какпаганына карабай Ышайа Жахабанын эскертүүлөрүн чыдамдуулук менен 46 жылдай жарыялаган! Ушу сыяктуу эле, чыдамдуулук бизге көптөрдүн кабыл албаганына карабай жакшы кабарды тарата берүүгө жардам берет.

14, 15. Кыйынчылыктар жана көңүл чөгөттүк менен күрөшүүгө Жеремияга эмне жардам берген?

14 Пайгамбарлар кызматын аткарууда аларды уккусу келбеген адамдарга жолуккандан сырткары, куугунтуктарга да дуушар болушкан. Алсак, Жеремияны көзөнөк жыгачка отургузушкан, «зынданга камашкан» жана орго салышкан (Жеремия 20:2; 37:15; 38:6). Ал мындай жаман мамилеге өзү жардам бергиси келген адамдар тарабынан дуушар болгон. Анткен менен Жеремия ачууланып, өч алууга умтулган эмес. Ал ондогон жылдар бою кызматын чыдамдуулук менен аткара берген.

15 Куугунтук менен шылдыңдоолор Жеремиянын кабар айтуусун токтото алган эмес, бизди да токтото албайт. Албетте, кээде көңүлүбүз чөкпөй койбойт. Жеремиянын да андай сезимдердин чеңгелинде калган учурлары болгон. Ал: «Теңирдин сөзү үчүн мени шылдың кылышты, күнүгө күлкү кылышты. Ошондо мен: „Мындан ары Теңир жөнүндө адамдардын эсине салбайм, мындан ары Анын атынан сүйлөбөйм“,— деп ойлодум»,— деп жазган. Анан эмне болгон? Жеремия кабар айтуусун токтотконбу? Ал сөзүн мындай деп улаган: «Теңирдин сөзү жүрөгүмдө, сөөктөрүмдө камалган алоолонгон оттой болду. Аны мен ката албай калдым, анткени катып жүрүп кыйналып бүттүм» (Жеремия 20:8, 9). Байкасаңар, пайгамбар көңүлүн элдин шылдыңдоолоруна бурганда кубанычын жоготкон. Ал эми кабардын канчалык сонун жана маанилүү экенин ойлогондо кайрадан кубанычка ээ болгон. Андан сырткары, «күчтүү аскердей болгон» Жахаба Жеремия менен болуп, аны Өзүнүн сөзүн андан ары ынталуулук жана эржүрөктүүлүк менен айта берүүгө бекемдеген (Жеремия 20:11).

16. Кабар айтуу тапшырмасын кубаныч менен аткара берүүгө эмне жардам берет?

16 Жеремия пайгамбар аткарган тапшырмасынан кубаныч тапканбы? Албетте! Ал Жахабага мындай деп айткан: «Мен Сенин сөздөрүңө кулак салып, аларды жутуп алдым. Сенин сөзүң мен үчүн кубаныч, менин жүрөгүмө шаттык болуп калды, анткени Себайот Кудай-Теңир, мен Сенин ысымың менен аталам» (Жеремия 15:16). Жеремия чыныгы Кудайдын өкүлү болуу жана анын сөзүн кабарлоо сыймыгына ээ болгонуна кубанган. Биз да буга кубансак болот. Андан сырткары, асмандагы периштелер менен бирге биз дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдардын Падышалык тууралуу кабарды кабыл алып, өкүнүп жана түбөлүк өмүргө алпаруучу жолго түшүп жатышканына кубануудабыз (Лука 15:10).

«Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу»

17, 18. Аюб кандайча туруктуулук көрсөткөн жана аягында баары кандай болуп бүткөн?

17 Байыркы убактагы пайгамбарларды сөз кылып, Жакып: «Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер»,— деп жазган (Жакып 5:11). Түпнускада бул жерде «чыдамдуулук» деп которулган сөз мурунку аяттагы «чыдамдуу» деген сөздөн айырмаланат. Аны туруктуу деп да которсо болот. Ал сөздөрдүн айырмасын белгилеп, бир окумуштуу мындай деп жазган: «Чыдамдуулукка карата колдонулган биринчи сөз адамдын башкалардын жаман мамилесин көтөрө билүүсүн, ал эми экинчиси оор жагдайларда бекем болуусун билдирет».

18 Алсак, Аюб өзгөчө кыйын жагдайга дуушар болгон. Ал байлыгынан кол жууп, балдарынан айрылып, акыры катуу ооруга чалдыккан. Ошондой эле башкалар ал жөнүндө Жахабанын каарына калды дегендей жаңылыш жыйынтык чыгарып, ал ойлорун өзүнө да айтышкан. Азап чегип жатканда Аюб, жаны кыйналгандыктан, абалына наалыган, атүгүл өзүн Кудайдан адилеттүүрөөктөй кылып көрсөткөн сөздөрдү айткан (Аюб 35:2). Анткен менен ишениминен жана актыгынан жазган эмес. Ал, Шайтан ырастагандай, Кудайга наалат келтирген эмес (Аюб 1:11, 21). Акыры эмне болгон? Жахаба «Аюбдун мурунку күндөрүнө караганда, акыркы күндөрүнө аябай батасын берген» (Аюб 42:12). Ошондуктан Аюб оорусунан айыгып, байлыгы эки эсе көбөйүп, сүйүктүү жакындары менен бак-таалайга бөлөнүп жашап калган. Андан сырткары, оор жагдайларда туруктуу бойдон калуунун аркасында Аюб Жахабанын кандай касиет-сапаттарга ээ экенин тереңирээк түшүнгөн.

19. Аюбдун оор жагдайларда туруктуулук көрсөткөнүнөн эмнеге үйрөнсөк болот?

19 Аюбдун оор жагдайларда туруктуулук көрсөткөнүнөн эмнеге үйрөнсөк болот? Ага окшоп, биз да ооруга же башка кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн. Ошондо Жахабанын эмне себептен сыноого жол берип жатканын толук түшүнбөшүбүз ыктымал. Бирок андайда бир нерседен шектенбесек болот: ишенимдүү бойдон калсак, ал сөзсүз батасын берет. Жахаба аны чын жүрөктөн издегендерди эч качан сыйлыксыз калтырбайт (Эврейлерге 11:6). Ыйса: «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деп айткан (Матай 10:22; 24:13).

«Жахабанын күнү... келет»

20. Эмне себептен Жахабанын күнү келерине эч шектенбесек болот?

20 Жахаба чыдамдуу жана адилеттүү, ал жамандыкка түбөлүк чыдай бербейт. Анын чыдамдуулугунун чеги бар. Петир Кудайдын «байыркы дүйнөнү аябаганын» жазган. Кудай бузулган ал дүйнөнү топон суу менен жок кылып, Нухту жана анын үй-бүлөсүн аман сактап калган. Ошондой эле Содом жана Амор шаарларына чыгарган өкүмүн ишке ашырып, аларды күлгө айланткан. Бул окуялар «келечектеги кудайсыздарга сабак» болушу керек. Ал эми бизге «Жахабанын күнү... келерине» эч шектенбөөгө негиз берет (2 Петир 2:5, 6; 3:10, «ЖД»).

21. Чыдамдуулук менен туруктуулукту кантип көрсөтө алабыз жана кийинки макалада эмнеге көңүл бурулат?

21 Келгиле анда, чыдамдуулук көрсөтүүдө Жахабаны туурап, башкаларга өкүнүүгө жана аман калууга жардам берүүнү уланта берели. Ошондой эле, пайгамбарлардан үлгү алып, кызматта жолуккан адамдардын көңүлкоштугуна карабай жакшы кабарды чыдамдуулук менен айта берели. Андан сырткары, Аюбга окшоп, оор жагдайларды туруктуулук менен көтөрүп, актыгыбыздан жазбасак, Жахабадан мол баталарды аларыбызга шектенбейли. Биз Анын өз элине жакшы кабарды дүйнө жүзү боюнча таратууда жасаган аракеттери үчүн батасын берип жатканына күбө болуудабыз. Бул кызматыбызды кубаныч менен улантууга негиз берет. Кийинки макаладан Кудайдын кандай баталарды берип жатканын билебиз.

Эсиңердеби?

• Эмне себептен Жахаба чыдамдуулук көрсөтөт?

• Пайгамбарлардын чыдамдуулук көрсөткөнүнөн эмнеге үйрөнсөк болот?

• Аюб кантип туруктуулук көрсөткөн жана аягы кандай болуп бүткөн?

• Жахабанын чыдамдуулугунун чеги бар экенин кайдан билебиз?

[Изилдөө суроолору]

[22-беттеги сүрөт]

Жахаба Жеремияга чыдамдуулук көрсөткөнү үчүн кандай сыйлык берген?