Лука 21:1—38
21 Иса казына идиштери* турган жакты карап, байлардын тартуу салып жатканын көрдү+.
2 Анан наркы өтө төмөн эки тыйын* салган бир жарды жесир аялды көрүп+:
3 «Силерге айтып коёюн, бул жесир аял жарды болгонуна карабай баарынан көп салды+.
4 Анткени тигилердин баары өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял, өзү муктаж болуп турса да, колунда болгондун баарын салды»,— деди+.
5 Кийинчерээк айрымдар ибадаткананын Кудайга багышталган тартуулар, кооз таштар менен кооздолгонун сөз кылганда+,
6 Иса: «Силер көрүп тургандын бардыгы кыйратылып, таш үстүндө таш калбай турган күндөр келет»,— деп айтты+.
7 Ошондо алар: «Устат, бул качан болот? Мунун баары боло турган убакты кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашты+.
8 Иса аларга: «Сак болгула, силерди бирөө адаштырып кетпесин+. Анткени көптөр менин ысмым менен келип: „Мен Машаякмын“, „Убакыт аз калды“,— дешет+. Алардын артынан барбагыла.
9 Ошондой эле согуштар, баш аламандыктар жөнүндө укканыңарда үрөйүңөр учпасын+. Себеби адегенде ушулардын баары болушу керек. Анткен менен бул дүйнө түзүлүшүнүн акыры ошол замат келбейт»,— деди.
10 Андан ары сөзүн минтип улады: «Бир эл бир элге+, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт+.
11 Катуу жер титирөө, жер-жерлерде жугуштуу оорулар, ачарчылык болот+. Коркунучтуу көрүнүштөр, асмандан улуу жышаандар көрүнөт+.
12 Бирок ушул нерселер болгонго чейин, адамдар силерди камакка алышат, куугунтукташат+, синагогадагылар менен түрмө кызматкерлеринин колуна салып беришет, менин ысмым үчүн падышалар менен башкаруучулардын алдына алып барышат+.
13 Бул силерге күбөлөндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет+.
14 Ошондо кантип коргонуш керектигин алдын ала ойлонбогула+.
15 Анткени мен силерге акылмандык берем, айтканга сөз табууга жардам берем. Андыктан каршылаштарыңардын баары биригип да силерге каршы тура албайт, айткандарыңарды жокко чыгара албайт+.
16 Силерди атүгүл ата-энеңер+, бир туугандарыңар, туугандарыңар, досторуңар кармап беришет, айрымдарыңарды өлтүрүшөт+.
17 Менин ысмым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар+.
18 Ошентсе да чачыңардын бир да талы жоголбойт+.
19 Туруктуу болуу менен жаныңарды сактап каласыңар+.
20 Иерусалимди аскер кошуундары курчап алганын+ көргөнүңөрдө анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле+.
21 Ошондо Жүйүт жериндегилер тоого качсын. Иерусалимдин ичиндегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми сыртындагылар кайра кирбесин+.
22 Анткени, жазылгандардын бардыгы аткарылышы үчүн, ал күндөр өч алуу күндөрү болот+.
23 Ошол күндөрү кош бойлуу аялдар менен эмчекте баласы барларга кыйын болот!+ Себеби бул аймакта азап-кайгы көп болот, бул эл жазасын алат.
24 Айрымдары кылычтын мизине алынат, калгандары бардык элдердин арасына туткундалып кетет+. Башка элдерге белгиленген убакыт аяктаганга чейин+, Иерусалим алардын таман астында калат.
25 Күндө, айда, жылдыздарда ар кандай жышаандар болот+. Деңиз күркүрөп, алай-дүлөй түшкөндүктөн+, жер бетинде элдер эмне кыларын билбей катуу кыйналышат+.
26 Асман күчтөрү солкулдагандыктан+, адамдар жер бетинде боло турган окуяларды күтүп+, коркконунан эсинен танышат+.
27 Ошондо алар адам Уулунун+ асмандагы булуттардын ичинде күч-кубат жана улуу даңк менен келатканын көрүшөт+.
28 Ушулар аткарыла баштаганда, боюңарды түзөп, башыңарды көтөргүлө, анткени куткарылууңарга аз калган болот».
29 Андан кийин аларга мындай мисал келтирди: «Анжир дарагын жана башка бардык бак-дарактарды карагыла+:
30 алардын бүчүр байлаганын көргөнүңөрдө жайдын жакындап калганын билесиңер+.
31 Анын сыңарындай, булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө Кудайдын Падышалыгынын жакындап калганын билгиле+.
32 Ишенип койгула, ушулардын баары аткарылмайынча, бул муун жок болбойт+.
33 Асман менен жер жок болуп кетсе да+, менин сөздөрүм жок болбойт+.
34 Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу+ жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын+. Ал күн капысынан келип+, силерди тор сыяктуу басып калбасын+.
35 Анткени ал күн жер бетинде жашагандардын бардыгына келет+.
36 Андыктан алдыда боло тургандарга кабылбаш үчүн жана адам Уулунун алдында туруш үчүн+, дайыма жалындуу тиленип+, сергек болгула»+.
37 Иса күндүзү ибадатканада элди окутчу+, ал эми кечинде ал жерден чыгып, Зайтун тоосуна барчу+.
38 Таң атары менен, элдин баары аны угуш үчүн+ ибадатканага келчү.