Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Некемия китебиндеги урунттуу ойлор

Некемия китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Некемия китебиндеги урунттуу ойлор

ЭЗРА китебинин аягында баяндалган окуялар болуп өткөндөн бери 12 жыл өттү. Эми «Иерусалимди кайра калыбына келтирүү жөнүндөгү» буйруктун чыгарына, башкача айтканда, Машайак келгенде аяктай турган 70 жылдык жуманын башталарына аз калды (Даниел 9:24—27). Некемия китебинде Кудайдын элинин Иерусалим дубалын кандай шарттарда калыбына келтиргени сүрөттөлөт. Анда 12 жылдан көбүрөөк убакыт — б.з.ч. 456-жылы башталып, б.з.ч. 443-жылдан көп өтпөй аяктаган маанилүү мезгил — камтылат.

Башкаруучу Некемия жазган бул китепте чечкиндүү иш-аракеттер менен Жахабага толук таянуу чыныгы сыйынуунун өркүндөшүнө өбөлгө түзөрү жана өзүнүн эрки аткарылышы үчүн Кудай окуялардын жүрүшүн кантип багыттай алары айкын көрсөтүлөт. Ошондой эле анда күчтүү, тайманбас жетекчинин образы чагылдырылат. Некемия китебинен Кудайдын бардык кызматчылары баа жеткис сабактарды ала алышат, «себеби Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12).

«ДУБАЛ... КУРУЛУП БҮТТҮ»

(Некемия 1:1—6:19)

Некемия борбор шаар Шушанда падыша Артакшашта I Узунколдун аксарайында жоопкерчиликтүү кызматты аткарат. Ал Иерусалимдеги элдин «башына өтө оор күн түшүп, кордук көрүп жатканын», шаардын «дубалдары уратылганын, дарбазалары өрттөлгөнүн» угуп, катуу тынчсызданат. Ошондуктан Кудайга жалындуу тиленип, жетекчилик сурайт (Некемия 1:3, 4). Кийинчерээк Артакшашта падыша Некемиянын капалуу жүргөнүн байкайт жана ага Иерусалимге барып келүүгө уруксат берет.

Иерусалимге келгенден кийин Некемия түн жамынып шаардын дубалын карап чыгат да, аны кайрадан тургузуу жөнүндөгү ой-максатын жүйүттөргө ачат. Курулуштун башталышы менен тоскоолдуктар күчөйт. Бирок эржүрөк Некемиянын башчылыгы астында «дубал... курулуп бүтөт» (Некемия 6:15).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Некемия 1:1; 2:1 — Ушул эки аятта айтылып өткөн «жыйырманчы жыл» бир мезгилден тартып эсептеле баштаганбы? Ооба, эки аятта тең Артакшашта падышанын башкаруусунун жыйырманчы жылы тууралуу айтылууда. Бирок бул аяттарда колдонулган санак ыкмасы бири-биринен айырмаланат. Тарых тастыктап тургандай, Артакшашта б.з.ч. 475-жылы такка отурган. Бабылдык эсепчилер, адатта, Персия падышаларынын башкаруу жылдарын нисан (март—апрель) айынан тартып санагандыктан, Артакшаштанын биринчи падышалык жылы б.з.ч. 474-жылы башталган. Ошондуктан Некемия 2:1де айтылып өткөн жыйырманчы жыл б.з.ч. 455-жылдын нисан айынан баштап эсептелген. Демек, Некемия 1:1де айтылып өткөн кислеп айы (ноябрь—декабрь) мурунку жылдын, б.з.ч. 456-жылдын, кислеп айы болгон. Некемия бул жерде Артакшаштанын падышалыгынын жыйырманчы жылындагы кислеп айын сөз кылган. Сыягы, бул жолу Артакшашта падышанын башкаруу жылдары анын такка отурган убагынан тартып эсептелген. Ошондой эле Некемия жыл эсебин бүгүнкү күндө жүйүттөр календардык деп атаган жыл боюнча жүргүзүшү мүмкүн эле. Календардык жыл тишри (сентябрь—октябрь) айынан башталчу. Кандай болбосун, Иерусалимди калыбына келтирүү жөнүндөгү буйрук б.з.ч. 455-жылы чыккан.

Некемия 4:17, 18 — Дубалды кайрадан тургузууда жүйүттөр кантип бир колдоп иштей алышкан? Жүк ташыгандар үчүн бул кыйынга турган эмес. Алар жүктү ийинине же башына коюп, аны бир колу менен кармап жүрө алышкан, ал эми экинчи колуна найза көтөрүп жүрүшкөн. Эки колу менен тең иштеши керек болгон куруучулар болсо «белине кылычын байлап иштешкен». Ошентип, алар душмандын мизин кайтарууга даяр турушкан.

Некемия 5:7 — Некемия атактуулар менен башчыларды эмне үчүн катуу айыптаган? Анткени алар Мусанын мыйзамын бузуп, биртуугандарынан үстөк алышкан (Лебилер 25:36; Мыйзам 23:19). Андан тышкары, үстөктүн өлчөмү жогору болгон. Ай сайын «жүздүк» (жүздөн бир бөлүгүн) алып турушкандыктан, алардын жылдык кирешеси 12 пайызды түзгөн (Некемия 5:11, «ЖД»). Элден үстөк алуу ташбоордукка жаткан, анткени алар ансыз деле салыктардан, тамак-аштын жетишсиздигинен кыйналып бүткөн болчу. Ошондуктан Некемия байларды Кудайдын Мыйзамы боюнча катуу айыптаган.

Некемия 6:5 — Жашыруун каттар, адатта, мөөр менен бекитилип жиберилсе, анда эмне үчүн Санбалат Некемияга «ачык кат» жөнөткөн? Санбалат, сыягы, бул каттагы жалган айыптоолорунун элге ачык жарыяланышын ниет кылган. Балким, ошентип Некемиянын ачуусуна тийсе, ал курулуш ишин таштайт да, өзүн коргоого киришет деп үмүттөнгөн. Же каттагы маалымат жүйүттөрдүн жүрөгүнүн үшүн алат жана алар ишин токтотуп коюшат деп ойлосо керек. Некемия коркуу сезимине алдырган эмес жана Кудайдан алган тапшырмасын аткарууну уланта берген.

Биз алчу сабактар:

Некемия 1:4; 2:4; 4:4, 5. Оор абалга дуушар болгондо же маанилүү чечим чыгарууда Кудайга «туруктуулук менен» тиленип, теократиялык көрсөтмөлөргө ылайык иш кылышыбыз керек (Римдиктерге 12:12).

Некемия 1:11—2:8; 4:4, 5, 15, 16; 6:16. Жахаба чын жүрөктөн кайрылган кызматчыларынын тиленүүлөрүнө жооп берет (Забур 85:6, 7).

Некемия 1:4; 4:19, 20; 6:3, 15. Боорукер Некемия адилдикке бек турганы, чечкиндүү иш-аракеттери менен бизге сонун үлгү калтырган.

Некемия 1:11—2:3. Некемияны шарап сунуучу катары ээлеген жогорку абалы эмес, чыныгы сыйынуунун өркүндөшү кубанткан. Жахабага кызмат кылуу жана ага байланыштуу иштердин баары биз үчүн да эң маанилүү нерсе, кубанычтын булагы болушу керек.

Некемия 2:4—8. Жахабанын жетекчилиги менен Артакшашта Некемияга Иерусалимге барууга жана шаардын дубалын кайра курууга уруксат берген. «Падышанын жүрөгү Теңирдин колунда,— деп айтылат Накыл сөздөр 21:1де.— Ал аны агын суудай, каалаган жагына бурат».

Некемия 3:5, 27. Текоялыктардын «атактуу адамдарынан» айырмаланып, биз чыныгы сыйынууга байланыштуу кара жумушту кадыр-баркыбызды түшүрө турган иш катары көрбөйбүз. Тескерисинче, даярдуулук менен эмгектенген жөнөкөй текоялыктардан үлгү алабыз.

Некемия 3:10, 23, 28—30. Кээ бирөөлөр Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк жерлерге көчүп барса, айрымдарыбыз чыныгы сыйынууга өзүбүз жашаган жерден салым кошобуз. Мисалы, биз Падышалык залын куруу иштерине катышабыз же табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам беребиз, бирок баарынан мурда Падышалык тууралуу кабар айтуу ишин аткарабыз.

Некемия 4:14. Каршылыкка дуушар болгондо, «улуу, коркунучтуу Теңирди» эстеп, биз да коркуу сезимин жеңе алабыз.

Некемия 5:14—19. Башкаруучу Некемия Ыйсаны жолдогон көзөмөлчүлөргө момундугу, кыраакылыгы жана өзүмчүл эместиги менен эң сонун үлгү көрсөткөн. Ал Кудайдын Мыйзамынын сакталышына кам көрүүдө ынталуу болгон жана керт башынын кызыкчылыгы үчүн башкаларга үстөмдүк кылган эмес. Тескерисинче, эзилип кыйналгандарга, жакырларга камкордук менен мамиле кылган. Марттыгы менен Некемия Кудайдын кызматчыларынын баарына мыкты үлгү көрсөткөн.

«ОО КУДАЙЫМ... МЕНИ УНУТПА»

(Некемия 7:1—13:31)

Иерусалимдин дубалы тургузулуп бүткөн соң, Некемия дарбазаларды орнотуп, шаардын коопсуздугуна кам көрөт. Элди каттоодон өткөрөт. Бүт эл «Суу дарбазасынын алдындагы аянтка» чогулганда, ыйык кызмат кылуучу Эзра Мусанын мыйзам китебин окуп берет, ал эми Некемия менен лебилер окулгандарды элге түшүндүрүп беришет (Некемия 8:1). Алачыктар майрамы жөнүндө билгенден кийин ысрайылдыктар аны кубаныч менен белгилешет.

Дагы бир жолугушууда «Ысрайыл тукуму» элдин күнөөлөрүн мойнуна алат, лебилер Кудайдын ысрайыл элине жасаган жакшылыктарын эскеришет, анан эл Кудайдын «мыйзамы боюнча жүрүүгө» ант берет (Некемия 9:1, 2; 10:29). Иерусалимде элдин саны дагы деле аз болгондуктан, ысрайылдыктардын ондон бир бөлүгү шаарга көчүп келиши үчүн, өкчөмө таш ыргытылат. Кийин шаардын дубалын арноо аземи өткөрүлүп, «Иерусалимдеги кубаныч алыска угулат» (Некемия 12:43). Иерусалимге келгенине он эки жыл болгон соң, Некемия кызматын өтөө үчүн кайрадан Артакшашта падышага кайтып барат. Көп өтпөй жүйүттөр жаман иштерге аралаша башташат. Некемия кайрадан Иерусалимге келип, жагдайды оңдоо үчүн чечкиндүү иш-аракеттерди жасайт. Акырында Жахабага: «Оо Кудайым, мага жакшы болушу үчүн, мени унутпа!» — деген өтүнүч менен кайрылат (Некемия 13:31).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Некемия 7:6—67 — Иерусалимге Зоробабыл менен кайтып келгендердин Некемия түзгөн тизмеси менен Эзра түзгөн тизмеде эмне үчүн ар кайсы тукумдун эсеби ар башкача берилген? (Эзра 2:1—65). Бул айырмачылыктардын себеби Эзра менен Некемиянын эки башка булакты колдонгонунда болушу мүмкүн. Мисалы, Иерусалимге кайтып барууга ниеттенип, каттоодон өткөндөрдүн саны чын эле кайтып баргандардын санынан бөлөк болушу ыктымал эле. Ошондой эле, кыязы, кээ бир жүйүттөр башында өздөрүнүн санжырасын тактай албай, кийинчерээк тактагандыктан да эсептөөлөр эки түрдүү болгон. Бирок эки тизмеде тең алгач кайтып баргандардын саны, кулдар менен ырчыларды эсептебегенде, 42360 адамды түзгөн.

Некемия 10:34 — Эмне үчүн элден ийбадатканага отун алып келүү талап кылынган? Мусанын Мыйзамында отун алып келүүгө буйрук берилген эмес. Андай талап муктаждыктан улам келип чыккан. Курмандыктарды өрттөөдө көп отун керектелген. Сыягы, ийбадатканада кул болуп кызмат кылган нетиндер, ысрайылдык эместер, жетишсиз болгон. Ошондуктан, ийбадатканада отун дайыма болуп турушу үчүн, өкчөмө таш ыргытылган.

Некемия 13:6 — Некемия Иерусалимде канча убакыт жок болгон? Ыйык Китепте Некемиянын Иерусалимге кайтып барууга падышадан «бир нече күн өткөндөн кийин», тагыраак айтканда, «кийинчерээк» («БМК») суранганы гана айтылат. Андыктан анын Иерусалимде канча убакыт болбогонун айтуу кыйын. Некемия Иерусалимге кайтып келгенде, ыйык кызмат кылуучулардын кызматы тийиштүү түрдө аткарылбай, ишемби жөнүндөгү мыйзам сакталбай калган эле. Көптөр башка элдерден аял алып, алардын балдары жүйүт тилинде сүйлөбөй калышкан болчу. Абал ушунчалык начарлап кеткенин эске алганда, Некемия Иерусалимде, сыягы, бир топ убакыт жок болгон.

Некемия 13:25, 28 — Некемия ишенимсиз жүйүттөргө «сөгүш бергенден» сырткары, аларды оңдоо максатында дагы кандай чараларды көргөн? Некемия аларга «каргыш айткан», башкача айтканда, Кудайдын Мыйзамындагы өкүмдөрдү эскерткен. «Кээ бир эркектерин урган» — сыягы, аларга ошол кездеги жаза чарасын колдонгон. Некемия нааразычылыгын билдирип, айрымдарынын «чачын жулган». Ошондой эле ал башкы ыйык кызмат кылуучу Элийашиптин небересин «хорондук Санбаллаттын» кызын аялдыкка алганы үчүн «кууп жиберген».

Биз алчу сабактар:

Некемия 8:8. Кудай Сөзүнүн окутуучулары катары биз түшүнүктүү, уккулуктуу сөздөрдү колдонуп, Ыйык Жазманы туура түшүндүрөбүз жана андагы кеңештерди иш жүзүндө кантип колдонсок болорун айкын көрсөтөбүз.

Некемия 8:10. Рухий муктаждыгыбызды сезе билип, канааттандырсак жана теократиялык көрсөтмөлөргө баш ийсек, «Теңирдин алдында кубанабыз». Бул үчүн Ыйык Китепти дилгирлик менен изилдегенибиз, жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз катышканыбыз, кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин ынталуулук менен аткарганыбыз маанилүү.

Некемия 11:2. Мураска калчу мүлктөн баш тартып, Иерусалимге көчүп баргандар чыгым болууга, ыңгайсыздыктарга чыдоого даяр болушкан. Алар жанаябастык рухун көрсөтүшкөн. Жыйындарда жана башка учурларда биртуугандарыбызга кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, биз да ошондой рух көрсөтө алабыз.

Некемия 12:31, 38, 40—42. Ыр ырдоо — Жахабаны даңктоонун жана ага ыраазычылык билдирүүнүн эң сонун жолу. Жыйналыш жолугушууларында чын жүрөктөн ырдашыбыз керек.

Некемия 13:4—31. Биз дүнүйөкорлуктун, бузукулуктун жана чындыктан чегинүүчүлүктүн азгырыгынан сак болушубуз керек.

Некемия 13:22. Некемия кылган иштери үчүн Кудайдын алдында жооп берерин жакшы билген. Биз да Жахабанын алдындагы жоопкерчилигибизди сезе билишибиз керек.

Жахабанын батасына муктажбыз!

«Эгерде үйдү Теңир курбаса,— деп ырдаган забурчу,— анда аны куруп жаткандардын иштегени бекер» (Забур 126:1). Бул сөздөрдө камтылган чындыкты Некемия китеби кандай сонун чагылдырып турат!

Анда биз үчүн жакшы сабак бар: кылган иштерибизде ийгиликке жетүүнү кааласак, Жахабанын баталарына умтулушубуз керек. Чыныгы сыйынуу жашообузда биринчи орунда турбаса, Жахаба бизге батасын береби? Ошондуктан, келгиле, Некемияга окшоп, Жахабага кылган кызматыбызды жогору баалайлы.

[16-беттеги сүрөт]

«Падышанын жүрөгү Теңирдин колунда, Ал аны агын суудай, каалаган жагына бурат».

[17-беттеги сүрөт]

Боорукер, ошол эле учурда чечкиндүү Некемия Иерусалимге келген.

[18-беттеги сүрөт]

Кудай Сөзүн туура түшүндүрө аласыңарбы?