Забур 127:1—5

Шаарга чыгуу ыры. Сулаймандын забуру. 127  Үйдү Жахаба курбаса+,Аны куруп жаткандардын иштегени бекер+.Шаарды Жахаба кайтарбаса+,Сакчынын сак турганы бекер+.  Силердин эрте турганыңар+,Кеч жатканыңар+,Азап менен нан таап жегениңер бекер+.Анткени уйкуну Кудай жакшы көргөн адамына берет+.  Мына, балдар* — Жахаба берген мурас+,Перзенттер* — ал берген сыйлык+.  Адамдын жаш кезинде төрөлгөн уулдары+Күчтүүнүн колундагы жебелердей+.  Саадагын аларга толтурган адам бактылуу+.Алар душман менен дарбаза алдында сүйлөшөт,Уятка калышпайт+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «уулдар».
Сөзмө-сөз: «жатындын жемиши».