Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат»

«Бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат»

«Бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат»

«Бүт дүйнө жүзүндө Менин күбөлөрүм болосуңар» (Элчилер 1:8).

1. Ыйсанын шакирттери Матай 24:14тө жазылган пайгамбарлыкты биринчи жолу качан жана каерден угушкан?

ЫЙСАНЫН Матай 24:14төгү сөздөрү абдан белгилүү болгондуктан, көптөр аларды жатка билишет. Чынында эле, ал жерде кандай гана укмуштай пайгамбарлык жазылган! Аны биринчи жолу укканда шакирттери эмне деген ойлорго батышканын элестетсеңер. Ыйсаны үч жылдай коштоп жүргөн соң алар б.з. 33-жылы аны менен Иерусалимге барышат. Алар Устаты жасаган көптөгөн кереметтерди көрүп, окууларын угуп келишкен. Ал окуткан баалуу чындыктарды өздөрү абдан жактырышканы менен шакирттер аларды баары эле жактыра беришпесин жакшы билишет. Себеби Ыйсанын күчтүү жана таасирдүү душмандары бар.

2. Шакирттер кандай коркунучтуу жагдайларга жана кыйынчылыктарга дуушар болушмак?

2 Зайтун тоосунан Ыйсанын төрт шакирти анын жанына отуруп, айткандарын кунт коюп угушат. Ал алардын кандай коркунучтуу жагдайларга жана кыйынчылыктарга дуушар болушарын айтат. Бир аз мурунураак Ыйса аларга өзүнүн өлтүрүлөрүн айткан эле (Матай 16:21). Эми болсо, алардын да катуу каршылыкка кабылышарын билдирүүдө. «Силерди кыйнашат, өлтүрүшөт,— дейт ал.— Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар». Бирок алардын кыйынчылыктары муну менен гана чектелмек эмес. Жалган пайгамбарлар көптөрдү адаштырмак. Кээ бирөөлөр азгырылып, бири-бирине чыккынчылык кылмак. Дагы бир далайы Кудайга жана анын Сөзүнө болгон сүйүүсүнүн муздашына жол берип коймок (Матай 24:9—12).

3. Эмне үчүн Ыйсанын Матай 24:14тө жазылган сөздөрү чынында эле таң каларлык?

3 Адамды сарсанаа кылган мындай көрүнүштөрдү сүрөттөп бүткөндөн кийин Ыйса жолдоочуларын таң калтырган бир нерсе айтат. Ал: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет»,— дейт (Матай 24:14). Ооба, Ыйса Ысрайылда баштаган иш — «чындык жөнүндө күбөлөндүрүү» иши — улантылып, дүйнөлүк масштабда жүргүзүлмөк (Жакан 18:37). Чынында эле, кандай зор пайгамбарлык! Жакшы кабарды «бардык элдерге» жеткирүү оңой болмок эмес. Андан сырткары, ал ишти анын жолдоочулары «бардык элдерге жек көрүндү» болушканына карабай аткарышмак. Бул өзүнчө эле керемет болмок. Ал иштин жемиштери Жахабанын Эгедер жана кудурети күчтүү Кудай экенин эле эмес, сүйүү, ырайымдуулук, ошондой эле чыдамдуулук сапаттарына ээ Кудай экенин да тастыктамак. Ошондой эле анын кызматчыларына өзүлөрүнүн ишеними менен берилгендигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бермек.

4. Күбөлөндүрүү иши кимге тапшырылган жана ага байланыштуу Ыйса кандай жубатуу берген?

4 Ыйса шакирттерине алар абдан маанилүү ишти аткарышы керектигин айкын кылган. Асманга кетердин алдында аларга көрүнүп мындай деген: «Үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндөн кийин, күч аласыңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө Менин күбөлөрүм болосуңар» (Элчилер 1:8). Албетте, убакыттын өтүшү менен аларга дагы башкалар кошулмак. Анткен менен алардын саны көп болмок эмес. Ошондуктан бул тапшырманы аткарууга Кудай өзүнүн күчтүү ыйык руху менен жардам берерин билүү аларды кандай гана жубатса керек!

5. Шакирттер күбөлөндүрүү иши жөнүндө эмнени билишкен эмес?

5 Ыйсанын жолдоочулары жакшы кабарды айтып, «бардык элдерди... шакирт кылышы» керектигин билишкен (Матай 28:19, 20). Бирок күбөлөндүрүүнүн канчалык деңгээлде берилерин жана дүйнөнүн акыры качан келерин билишкен эмес. Биз да билбейбиз. Бул нерселерди Жахаба гана чечет (Матай 24:36). Күбөлөндүрүү Жахаба туура көргөн масштабда берилип бүткөн соң, ал азыркы каардуу түзүлүштү жок кылат. Ошондо гана Ыйсанын жолдоочулары кабар айтуу иши Жахаба ойлогондой деңгээлде аткарылганын түшүнүшөт. Биринчи кылымдагы шакирттер азыркы акыркы күндөрдө күбөлөндүрүү иши канчалык масштабда жүргүзүлөрүн элестете да алышкан эмес.

Биринчи кылымда берилген күбөлөндүрүү

6. Биздин замандын 33-жылы Элүүнчү күн майрамында жана андан көп өтпөй кандай окуялар болгон?

6 Падышалык тууралуу кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши биринчи кылымда зор жемиштерди алып келген. Биздин замандын 33-жылы Элүүнчү күн майрамында 120дай шакирт Иерусалимде үстүнкү бөлмөдө отурганда, аларга Кудайдын ыйык руху түшкөн. Элчи Петир ал кереметти түшүндүрүп, жүрөк козгоорлук баяндама айткан. Натыйжада 3000дей адам Ыйсага ишенип, чөмүлтүлгөн. Бул башталышы эле болгон. Диний жетекчилер жакшы кабардын таралышын токтотууга аябай аракеттенишсе да, «Теңир... Жыйынга куткарылгандарды күн сайын кошо» берген. Көп өтпөй «алардын саны беш миңге» жеткен. Андан кийин да «эркектер да, аялдар да Теңирге ишенип, ишенгендердин саны уламдан-улам көбөйө» берген (Элчилер 2:1—4, 8, 14, 41, 47; 4:4; 5:14).

7. Эмне себептен Корнелийдин туура эмес жолунан кайрылуусу өзгөчө окуя болгон?

7 Биздин замандын 36-жылы дагы бир өзгөчө окуя болот. Бутпарас болсо да, Кудайдан корккон Корнелий туура эмес жолунан кайрылып, чөмүлтүлөт. Элчи Петирди бул адамга жөнөтүп жатып Жахаба Ыйсанын «бардык элдерди шакирт кылгыла» деген буйругу ар кайсы жерде жашаган жүйүттөргө байланыштуу гана айтылбаганын айкын кылган (Элчилер 10:44, 45). Ал кезде жыйналышта жетекчиликти колго алгандар буга кандай жооп кайтарышкан? Жүйүт аймагындагы элчилер менен аксакалдар жакшы кабарды башка элдер да — жүйүт болбогон элдер да — кабыл алышарын түшүнүшкөндө Кудайды даңкташкан (Элчилер 11:1, 18). Ал ортодо кабар айтуу иши жүйүттөрдүн арасында да жемиштүү улантыла берген. Бир нече жылдан кийин, болжолу, б.з. 58-жылы чындык жолуна түшкөн бутпарастардан сырткары, «миңдеген жүйүттөр Ыйсага ишенип калышкан» (Элчилер 21:20).

8. Жакшы кабар адамдарга кандай таасир этет?

8 Биринчи кылымдагы Ыйсанын жолдоочуларынын сан жагынан өсүшү таасир калтырарлык болсо да, ал сандардын артында адамдар турганын эч качан унутпашыбыз керек. Ыйык Китептеги кабар аларга таасир эткен (Эврейлерге 4:12). Жашоолору түп-тамыры менен өзгөргөн. Ал адамдар адеп-ахлаксыз жашоо мүнөзүнөн баш тартып, жаңы адамга кийинип, Кудай менен жакшы мамиле өрчүтүшкөн (Эфестиктерге 4:22, 23). Бүгүн да ошондой болуп жатат. Арийне, жакшы кабарды кабыл алгандардын баарын алдыда эң сонун келечек — түбөлүк өмүр — күтүп турат (Жакан 3:16).

Кудайдын кызматташтары

9. Биринчи кылымдагы шакирттер өздөрүнүн кандай сыймыкка жана жоопкерчиликке ээ экенин билишкен?

9 Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары кабар айтуу ишиндеги ийгиликтерди өзүлөрүнүн эле эмгегинин жемиши деп эсептешкен эмес. Алар кызматчылар гана экенин жана ал ишти «Ыйык Рухтун күчү менен» аткарышканын түшүнүшкөн (Римдиктерге 15:13, 19). Рухий өсүш Жахабанын батасы менен болгон. Бирок шакирттер өзүлөрүнүн «Кудайдын кызматташтары» болуу сыймыгына жана жоопкерчилигине ээ экенин билишкен (1 Корунттуктарга 3:6—9). Ошондуктан, Ыйсанын буйругуна ылайык, алар берилген тапшырманы болгон күчү менен аткарууга умтулушкан (Лука 13:24).

10. Бардык элдерге күбөлөндүрүү берүү үчүн Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочулары кандай аракеттерди жасашкан?

10 «Бутпарастардын элчиси» катары Пабыл кургактык менен да, деңиз менен да миңдеген чакырымдарды басып өтүп, Азиядагы Рим провинциясында жана Грецияда көптөгөн жыйналыштарды негиздеген (Римдиктерге 11:13). Ал Римге, атүгүл Испанияга чейин барган көрүнөт. Ал эми «сүннөткө отургузулгандарга Жакшы Кабар таратууга» дайындалган Петир башка тарапка, ал кезде иудаизм дининин борбору болгон Бабыл шаарына, барган (Галатиялыктарга 2:7—9; 1 Петир 5:13). Теңирдин ишин аткарган көптөгөн кызматчылардын арасында Трифайна жана Трипоса деген аялдар болгон. Персида деген дагы бир аял жөнүндө «Теңир үчүн көп кызмат кылган» деп айтылат (Римдиктерге 16:12).

11. Жахаба Ыйсанын жолдоочуларынын иш-аракетине кандайча бата берген?

11 Жахаба ошол жана башка ынталуу кызматчыларына мол баталарды берген. Ыйсанын бардык элдерге күбөлөндүрүү берилери тууралуу айтканынан 30 жыл өтпөй эле, Пабыл «Жакшы Кабар... асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланганын» айткан (Колосалыктарга 1:23). Дүйнөнүн акыры ошондо келгенби? Ооба, кандайдыр бир мааниде келген десе болот. Б.з. 70-жылы римдик аскерлер Иерусалимди жана андагы ийбадаткананы талкалаганда, Жүйүт түзүлүшүнүн акыры келген. Анткен менен, Жахабанын ой-ниетине ылайык, Шайтан башкарган дүйнө жок кылынганга чейин, күбөлөндүрүү иши мурункудан да чоң масштабда жүргүзүлүшү керек болчу.

Бүгүнкү күндө берилип жаткан күбөлөндүрүү

12. Кабар айтуу буйругу тууралуу Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр кандай ойдо болушкан?

12 Узак убакыт бою Кудайдан четтөөчүлүк басымдуулук кылып келгенден кийин, он тогузунчу кылымдын акыркы жылдарында чыныгы сыйынуу кайра калыбына келе баштаган. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр (ал кезде Жахабанын Күбөлөрү ошентип аталчу) шакирт даярдоо буйругун дүйнө жүзү боюнча аткаруу керектигин айкын түшүнүшкөн (Матай 28:19, 20). 1914-жылы болжол менен 68 өлкөдө 5 100дөй жарчы жакшы кабарды жигердүүлүк менен жарыялаган. Анткен менен Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Матай 24:14тө жазылган сөздөрдүн маанисин толук аңдашкан эмес. Он тогузунчу кылымдын аяк ченинде «Жакшы Кабар» камтылган Ыйык Китеп көптөгөн тилдерге которулуп, дүйнө жүзү боюнча таратылган. Ошондуктан ондогон жылдар бою Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр бардык элдерге күбөлөндүрүү берилип бүттү деген ойдо болушкан.

13, 14. 1928-жылы чыккан «Күзөт мунарасында» Кудайдын эрки жана ой-ниети тууралуу айкыныраак кандай түшүнүк берилген?

13 Убакыттын өтүшү менен Жахаба элине өзүнүн эркин жана ой-ниеттерин айкыныраак түшүнүүгө жардам берген (Накыл сөздөр 4:18). 1928-жылдын 1-декабрында чыккан «Күзөт мунарасында» мындай делген: «Ыйык Китептин таратылышы менен падышалык тууралуу кабар айтуу иши аткарылды деп айта алабызбы? Жок, айта албайбыз. Ыйык Китептин өзү таратылганына карабастан, Кудайдын жердеги күбөлөрүнүн чакан тобу Анын [ой-ниетин] түшүндүргөн адабияттарды басып чыгарышы жана Ыйык Китеп калтырылган үйлөргө кайра барышы керек. Болбосо, элдер Мессиялык падышалыктын биздин күндөрдө башкара баштаганын билбей жүрө беришет».

14 Андан ары ошол эле «Күзөт мунарасында» мындай делген: «1920-жылы... Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Эгенин Матай 24:14тө жазылган пайгамбарлыгын айкын түшүнүшкөн. Алар бутпарастарга же бардык элдерге айтылышы керек болгон „Жакшы Кабардын“ келечектеги падышалык тууралуу эмес, Мессиялык Падышанын жер үстүнөн башкара баштаганы жөнүндөгү жакшы кабар экенин аңдашкан».

15. 1920-жылдан бери күбөлөндүрүү иши канчалык күч алды?

15 1920-жылы күбөлөрдүн тобу чакан болсо да, убакыттын өтүшү менен алардын саны өскөн. Кийинки жылдары «башка койлорду» түзгөн «эбегейсиз көп адамдардан» турган өзүнчө топ бар экени аныкталып, чогултула баштаган (Аян 7:9; Жакан 10:16). Бүгүн жакшы кабарды дүйнө жүзү боюнча 235 өлкөдө 6 613 829 жарчы жарыялоодо. Ыйса айткан пайгамбарлык кандай гана зор масштабда аткарылууда! Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар мурун болуп көрбөгөндөй таратылып жатат. Жахабанын жер бетиндеги ишенимдүү кызматчыларынын саны эч качан мынчалык көп болгон эмес.

16. Былтыркы кызмат жылында кандай иштер жасалды? (27—30-беттердеги таблицаны карагыла.)

16 Бардыгы биригип эбегейсиз чоң топту түзгөн бул Күбөлөр 2005-кызмат жылында жигердүү кызмат кылышты. 235 өлкөдө жакшы кабарды таратуу үчүн миллиарддан ашык саат сарпталды. Миллиондогон кайра жолугуулар жасалып, миллиондогон ыйык китептик изилдөөлөр өткөрүлдү. Бул ишти башкаларды Кудай Сөзүндө жазылгандар менен тааныштыруу үчүн өз убактысын жана каражатын аябаган Жахабанын Күбөлөрү аткарышты (Матай 10:8). Жахаба эркин аткарып жаткан кызматчыларын өзүнүн күчтүү ыйык руху менен дагы эле колдоп келет (Захария 4:6).

Тырышчаактык менен күбөлөндүрүү

17. Ыйсанын жакшы кабардын таратылары жөнүндөгү сөздөрүнө ылайык, Жахабанын эли эмне кылууда?

17 Ыйсанын жакшы кабардын таратылары тууралуу айтканынан 2000 жылдай өтсө да, Кудайдын элинин бул иште көрсөткөн ынтасы басаңдаган жок. Жакшылык кылууда туруктуулук көрсөтүү менен биз Жахабанын сүйүүсүн, ырайымдуулугун жана чыдамдуулугун чагылдырарыбызды билебиз. Жахабага окшоп, биз дагы эч кимдин өлүшүн каалабайбыз, тескерисинче, адамдардын өкүнүп, Жахаба менен жакын мамиле өрчүтүшүнө тилектешпиз (2 Корунттуктарга 5:18—20; 2 Петир 3:9). Кудайдын ыйык рухунун колдоосу менен жалындаган Күбөлөр жакшы кабарды дүйнө жүзү боюнча ынталуу таратышууда (Римдиктерге 12:11). Натыйжада ар кайсы жерлерде адамдар чындыкты кабыл алып, Жахабанын мээримдүүлүк менен берген жетегине баш ийип келүүдө. Төмөнкү мисалдарга токтолуп өтөлү.

18, 19. Жакшы кабарды кабыл алган адамдар тууралуу кандай окуяларды айтып бере аласыңар?

18 Батыш Кенияда жашаган Чарлз тамеки өстүрчү. 1998-жылы ал 8000 килограммга жеткен түшүм сатып, тамеки өстүргөн эң мыкты дыйкан деген наамга ээ болот. Ал кезде Чарлз Ыйык Китепти изилдей баштайт. Көп өтпөй ал тамеки өстүргөн адамдын Ыйсанын жакындарды сүйүү жөнүндөгү буйругуна каршы иш кыларын түшүнөт (Матай 22:39). «Тамеки өстүргөн эң мыкты дыйкан» «эң мыкты киши өлтүргүч» экенин баамдаган соң Чарлз тамеки өскөн талааларына уу чачып салат. Ийгиликтерди жасап, убакыттын өтүшү менен ал Кудайга арналып чөмүлтүлгөн. Азыр болсо жыйналышында жалпы пионер жана кызмат жардамчысы болуп кызмат кылат.

19 Жахабанын дүйнө жүзү боюнча күбөлөндүрүү берилишине кам көрүү менен «элдерди солкулдатып» жатканына жана асыл нерселердин — адамдардын — анын уюмуна чогулуп жатканына шек жок (Акай 2:7). Португалиялык Педро диний жетекчи болуу үчүн 13 жашында семинарияга окууга кирген. Ал миссионер болуп, башкаларга Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берүүнү каалачу. Бирок көп өтпөй ал семинарияны таштайт, себеби ал жакта берилген сабактарда Ыйык Китепке дээрлик көңүл бурулчу эмес. Алты жылдан кийин Лисобондогу университеттин психология факультетинде окуп, Жахабанын Күбөсү болгон таежесиникинде жашайт. Ал Педрону Ыйык Китепти изилдөөгө үндөчү. Бирок ал учурда Педро Кудайдын чынында эле бар экенине шектенгендиктен, Ыйык Китепти изилдөөнү же изилдебөөнү чече албай кыйналат. Ал психологиядан берген агайынан чечкинсиздик тууралуу кандай ойдо экенин сурайт. Агайы психология илими чечим чыгара албаган адам өзүн өзү курутат дегенге окутарын айтат. Ошондо Педро Ыйык Китепти изилдөөнү чечет. Ал жакында чөмүлтүлүп, азыр башкалар менен ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүүдө.

20. Күбөлөндүрүү иши канчалык масштабда жүргүзүлүп жатканын көрүп эмне себептен кубансак болот?

20 Биз бүгүн күбөлөндүрүү канчалык деңгээлде берилерин, ошондой эле дүйнөнүн акыры кайсы күнү жана саатта келерин дагы эле билбейбиз. Бир билгенибиз, ал күндүн келерине аз калды. Жакшы кабардын ушундай чоң масштабда таратылышы Кудайдын Падышалыгы жакында азыркы өкмөттөрдү жок кылып, өзү бийлик жүргүзөрүн көрсөткөн белгилердин бири экенин билүү бизди кубантат (Даниел 2:44). Жыл сайын миллиондогон адамдарга жакшы кабарды кабыл алууга жана Жахаба Кудайды даңктоого мүмкүнчүлүк берилүүдө. Анда эмесе, ишенимдүүлүгүбүздөн жазбай, дүйнө жүзүндөгү биртуугандарыбыз менен бирге бардык элдерге күбөлөндүрүү берүүгө чечкиндүү бололу. Ошондо өзүбүздү да, бизди уккан адамдарды да сактап калабыз (1 Тиметейге 4:16).

Эсиңердеби?

• Эмне себептен Матай 24:14тө жазылган пайгамбарлык өзгөчө десек болот?

• Кабар таратууда Ыйсанын алгачкы жолдоочулары кандай иш-аракеттерди жасашкан жана кандай натыйжа менен?

• Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр бардык элдерге күбөлөндүрүү берилиши керектигин кантип түшүнүшкөн?

• Жахабанын элинин былтыр аткарган кызматы силерди эмнеси менен таасирлентти?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Жакшы кабарды таратуу үчүн Пабыл жер-суу менен миңдеген чакырымды басып өткөн.