Аюп 40:1—24

40  Жахаба сөзүн улап, Аюпка мындай деди:  «Адамдын Кудурети Күчтүүдөн кынтык издеп, аны менен талашып-тартышууга акысы барбы?+ Буга Кудайды айыптагандын өзү жооп берсин»+.  Ошондо Аюп Жахабага мындай деп жооп берди:  «Мына, мен эч нерсеге арзыбаган пендемин+. Сага эмне деп жооп берем? Колум менен оозумду жабам+.  Бир жолу сүйлөдүм — эми жооп бербейм, Экинчи жолу сүйлөдүм — андан башка сөзүм жок».  Жахаба катуу шамалдын ичинен Аюпка мындай деди+:  «Кана, эркектей болуп, белиңди буучу+, Сага суроо берейин, жооп берчи+.  Сен менин адилеттигимди жокко чыгарасыңбы? Өзүңдү акташ үчүн мени айыпка жыгасыңбы?+  Же сенин колуң чыныгы Кудайдыкындайбы+, Үнүңдү анын үнүндөй күркүрөтө аласыңбы?+ 10  Өзүңдү улуулук+, бийик даража+ менен жасалгалачы, Кадыр-баркты+, көрктү+ кийим кылып кийчи, 11  Кайнаган каарың төгүлсүн+, Бой көтөргөндөрдүн баарын байкап, басынт. 12  Бой көтөргөндөрдүн баарын көрүп, баш ийдир+. Ыймансыздарды турган жеринен тебеле. 13  Алардын баарын топуракка жашырып+, Жашыруун жайга камап кой. 14  Ошондо оң колуң өзүңдү куткара алса, Сени мактайм. 15  Мына, сени жаратканымдай эле, мен бегемотту да жараткам. Ал, букага окшоп, көк чөп жейт+. 16  Анын күчү белинде, Кубаты+ курсагындагы булчуңдарында. 17  Ал куйругун бал карагайдай иет. Белиндеги тарамыштар чырмалышкан. 18  Сөөктөрү жез түтүктөрдөй, Бекем сөөктөрү темир таяктардай. 19  Ал — Кудайдын жолдорунун алгачкысы, Ага каршы Жаратканы+ гана кылычын суна алат. 20  Тоолор ага азыгын камдайт+. Ошол жакта бардык талаа жаныбарлары оюн салат. 21  Ал тикенектүү бадалдын түбүнө жатат, Камыш арасына+, саздак жерге+ жашынат. 22  Үстүнө тикенектүү бадалдар көлөкөсүн түшүрөт, Аны өзөндүн теректери курчайт. 23  Дарыя албууттанып жатса да, ал дүрбөлөңгө түшүп качпайт. Иордан ташкындап+, аны жаба каптаса да, кебелип койбойт. 24  Аны каратып туруп ким кармай алат? Мурдун ким теше алат?

Шилтемелер