Аюп 15:1—35

15  Ошондо темандык Элипаз мындай деди:  «Акылман куру билим менен жооп береби?+ Кардын чыгыш шамалына толтурабы?+  Сөз менен ашкерелегенден пайда болбойт, Куру сөздөн майнап чыкпайт.  Сен Кудайдан коркуу дегенди жокко чыгардың, Анын алдында ой жүгүртүү дегендин баркын кетирдиң.  Анткени оозуңду кылмышың үйрөтүптүр, Сен амалкөйлөрдүн тилин тандап алыптырсың.  Сени мен эмес, өз оозуң айыптап жатат, Өз тилиң өзүңө каршы чыгып жатат+.  Эмне, биринчи болуп төрөлгөн адам сенсиңби?+ Же адырлардан мурун туулдуң беле?+  Сен Кудайдын купуя сырларын угуп жүрөсүңбү?+ Өзүңдөн башка акылман жок деп ойлойсуңбу?  Биз билбеген эмнени билесиң?+ Биз түшүнбөгөн эмнени түшүнөсүң? 10  Арабызда ак чач да, кары да бар+. Ал сенин атаңан да улуу. 11  Сага Кудайдын сооротуусу Же жумшак айтылган сөз аздык кылабы? 12  Эмне үчүн жүрөгүң сени ээликтирип жатат? Эмне үчүн көзүңөн чаарың чыгып жатат? 13  Сен Кудайга каршы чыгып, Ушундай сөздөрдү оозуңа алып жатасың. 14  Таза болгудай ажалдуу адам ким экен?+ Адил болгудай аялдан төрөлгөн киши ким экен? 15  Кудай периштелерине* да ишене бербейт+, Анын көз алдында асман да таза эмес+. 16  Анда жийиркеничтүү, бузулган адамга+, Ыймансыздыкты суудай ичкен адамга ишенмек беле?! 17  Мен сүйлөйүн. Ук мени!+ Көргөнүмдү сага айтып берейин. 18  Муну акылмандар+ айтат, Аталарынан уккандарын жашырышпайт. 19  Жер ошолорго гана берилген, Алардын арасынан бир да чоочун өткөн эмес. 20  Ыймансыз өмүр бою кыйналат, Зулум өзүнө берилген бардык жылдарында азап тартат. 21  Кулагына коркунучтуу нерселердин дабышы угулат, Бейпил маалда ага талап-тоноочу кол салат+. 22  Ал караңгылыктан чыгарына шектенет+, Аны кылыч күтүп турат. 23  „Нанды кайдан табам?“ — деп, кыдырбаган жери калбайт+. Ал караңгы күндүн+ жакындап калганын жакшы билет. 24  Кырсык менен азап-кайгы үрөйүн учурат+, Аны кол салууга даяр турган падышадай басат. 25  Колун Кудайга каршы сунуп, Өзүн Кудурети Күчтүүдөн жогору койгусу келгендиктен+, 26  Калканынын ортосун калыңдатып, Тоң моюндук кылып, Кудайга каршы бет алгандыктан, 27  Бети чытырап, Белин май баскандыктан+, 28  Ал жер менен жексен боло турган шаарларда, Эч ким жашабай, ээн кала турган, Үймөк ташка айлана турган үйлөрдө жашайт. 29  Ыймансыз жарыбайт, мүлкү көбөйбөйт, Тапканы жер жүзүнө тарабайт+. 30  Ал караңгылыктан качып кутула албайт, Бутагын жалын каптайт, Кудайдын оозунан чыккан демден кыйрайт+. 31  Ал адашып, куру нерсеге ишенбесин, Анткени ордуна куру нерсени гана алат. 32  Бул анын күнү келе электе аткарылат. Жаш бутактары болсо көгөрбөйт+. 33  Ал, жүзүм сабагына окшоп, быша элек мөмөлөрүн силкип салат, Зайтун дарагына окшоп, гүлүн күүп таштайт. 34  Кудайдан четтегендердин жыйыны тукумсуз калат+, Паракорлуктун чатырларын от жалмайт+. 35  Алардын боюна жамандык бүтүп, кыянаттык төрөшөт+, Курсагында алдамчылыкты көтөрүп жүрүшөт».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ыйыктарына».