Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Көптөгөн кыйынчылыктарга» карабай Кудайга ишенимдүү кызмат кыла бер

«Көптөгөн кыйынчылыктарга» карабай Кудайга ишенимдүү кызмат кыла бер

«Кудайдын Падышалыгына биз көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек» (ЭЛЧ. 14:22).

1. Кыйынчылыктарга кабыларыбызга эмне үчүн таң калбайбыз?

ТҮБӨЛҮК өмүргө ээ болгонго чейин «көптөгөн кыйынчылыктарга» кабыларыбызды билүү сени таң калтырабы? Таң калтырбайт деле болуш керек. Жахабага жаңыдан кызмат кыла баштадыкпы же көптөн бериби, баарыбыз эле башыбыздан ар кандай кыйынчылыктарды кечиребиз. Эмне үчүн? Мунун бир себеби, биз Шайтандын дүйнөсүндө жашап жатабыз (Аян 12:12).

2. а) Бардык жеткилеңсиз адамдар кабылып жүргөн кыйынчылыктардан сырткары, Кудайдын кызматчылары кандай көйгөйлөргө туш болушат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Каршылыктардын артында ким турат жана муну кайдан билебиз?

2 Бардык жеткилеңсиз «адамдар кабылып эле жүргөн» кыйынчылыктардан сырткары, Кудайдын кызматчылары кошумча көйгөйлөргө туш болушат (1 Кор. 10:13). Кандай көйгөйлөргө? Мисалы, Кудайдын мыйзам-принциптерине бекем карманышкандыктан, аларга катуу каршылыктар көрсөтүлөт. Иса Машаяк жолдоочуларына: «Кул кожоюнунан жогору эмес. Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат»,— деп эскерткен (Жкн. 15:20). Андай каршылыктардын артында ким турат? Шайтан Ибилис. Ыйык Китепте анын Кудайдын элин «жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүргөнү» айтылат (1 Пет. 5:8).  Кынтыксыздыгыбыздан тайдырыш үчүн ал колунан келгендин баарын кылат. Келгиле, азыр элчи Пабылдын кандай кыйынчылыктарга туш болгонун карап көрөлү.

ЛИСТРАДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫК

3—5. а) Пабыл Листрада кандай кыйынчылыкка кабылган? б) Анын кыйынчылыктарга байланыштуу айткан сөздөрү шакирттерди эмне үчүн бекемдеген?

3 Элчи Пабыл ишеними үчүн далай жолу куугунтук жеген (2 Кор. 11:23—27). Бир жолу ал Листра шаарында шериги Барнаба экөө төрөлгөнүнөн буту баспаган кишини айыктырышат. Андай кереметке күбө болгон эл аларды кудай көрүп, сыйынмакчы болот. Пабыл менен Барнаба ээлигип калган элди араң токтотот. Аңгыча каршылаш жүйүттөр келип, ал экөөнө жалаа жаап, листралыктарды аларга каршы тукурушат. Ошондо жагдай чукул өзгөрүп, эл Пабылды таш бараңга алат да, «аны өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салат» (Элч. 14:8—19).

4 Дербеге барып келгенден кийин Пабыл менен Барнаба «кайрадан Листрага, Иконияга жана Антиохияга» барышкан. Алар «ал шаарлардагы шакирттерге: „Кудайдын Падышалыгына биз көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек“ — деп, аларды ишенимин бекем сактоого үндөп, кайраттандырышкан» (Элч. 14:21, 22). Бир караганда, алардын айткандары кызыктай сезилиши мүмкүн. Себеби «көптөгөн кыйынчылыктарды» башыбыздан кечиришибиз керек деген ой кайраттандырбай эле, адатта, ындынды суутат. Анда кантип ал экөөнүн сөздөрү шакирттерге кайрат берген?

5 Бул суроого жооп алыш үчүн Пабылдын сөздөрүнө жакшылап көңүл бурушубуз керек. Ал: «Биз көптөгөн кыйынчылыктарга кабылабыз»,— деген эмес, «Кудайдын Падышалыгына биз көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек»,— деп айткан. Башкача айтканда, ал Кудайга ишенимдүү бойдон калгандар кандай сыйлык аларын баса белгилеген. Ал сыйлык тек гана куру кыял эмес. Иса Машаяк: «Ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат»,— деп айткан (Мт. 10:22).

6. Кыйынчылыктарга чыдагандар кандай сыйлык алат?

6 Эгер сыноолорго сынбай, туруктуу болсок, сөзсүз сыйлык алабыз. Исанын майланган жолдоочулары асманда өлбөстүккө ээ болуп, аны менен бирге бийлик жүргүзүшөт. Ал эми «башка койлор» «адилдик өкүм сүрө турган» жер бетинде түбөлүк жашашат (Жкн. 10:16; 2 Пет. 3:13). Бирок ал убак келгенге чейин, элчи Пабыл эскерткендей, көптөгөн кыйынчылыктарга кабылабыз. Анда эмесе, алардын эки түрүн карап көрөлү.

ТҮЗДӨН-ТҮЗ КОЛ САЛУУ

7. Түздөн-түз кол салууга эмне кирет?

7 Иса Машаяк: «Силерди сотко беришет, синагогаларда уруп-сабашат, башкаруучулар менен падышалардын алдына алып барышат»,— деген (Мр. 13:9). Мындан көрүнүп тургандай, айрым ишенимдештерибиз катуу куугунтукка алынып, кордук көрүшөт. Буга кээде диний же саясий жетекчилер себепкер болушат (Элч. 5:27, 28). Кайрадан Пабыл жөнүндө ойлонуп көрсөң. Куугунтукталарын билгенде ал коркту беле? Жок. (Оку: Элчилер 20:22, 23.)

8, 9. Пабыл кандайча туруктуу болууга бел байлаган жана бүгүнкү күндө айрым ишенимдештерибиз кантип аныкындай маанай чагылдырууда?

8 Элчи Пабыл Шайтандын түздөн-түз кол салууларына каршы туруп: «Мен жанымды эч аябайм. Кудайдын ырайымы тууралуу жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрүш үчүн жарышымдын аягына чыгып,  Мырзабыз Иса тапшырган кызматымды аягына чейин аткарсам эле болду»,— деп айткан (Элч. 20:24). Ооба, Пабыл алдыда кандай сыноолор болбосун, аларга тике карап, туруктуу болууга бел байлаган. Ал эч бир кыйынчылыкка карабай «кылдат күбөлөндүрүүнү» максат кылган.

9 Бүгүнкү күндө көптөгөн бир туугандарыбыз так ошондой кылууда. Алсак, бир өлкөдө айрым ишенимдештерибиз бейтараптуулукту сактаганы үчүн дээрлик 20 жылдан бери түрмөдө отурушат. Ал өлкөдө абийири жол бербегени үчүн аскер кызматын өтөй албагандарга байланыштуу атайын мыйзам жок болгондуктан, бир туугандардын иши атүгүл сотто да каралган эмес. Аларга тааныштарынын, жадагалса үйүндөгүлөрүнүн барып турушуна тыюу салынган. Ошондой эле айрымдарын уруп-сабап, ар кандай жолдор менен кордук көрсөтүшкөн.

10. Капысынан келген кыйынчылыктардан эмне үчүн коркпошубуз керек?

10 Башка бир туугандарыбыз капысынан келген кыйынчылыктарга кабылууда. Эгер сен да ошондой кыйынчылыкка кабылсаң, коркунучка алдырба. Жусупту эстесең. Ал кулчулукка сатылган, бирок Жахаба «аны бардык кыйынчылыктарынан куткарган» (Элч. 7:9, 10). Жахаба сага да жардам бере алат. Ал «өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарууну» билерин эч качан унутпа (2 Пет. 2:9). Жахабанын сени, азыркы бузулган дүйнө талкаланганда, аман алып калып, жаңы дүйнөдө түбөлүк өмүр берерине шектенбей, ага мындан ары да таяна бер. Ага таянууга жана куугунтуктардан коркпоого сенде толук негиз бар (1 Пет. 5:8, 9).

ТЫМЫЗЫН КОЛ САЛУУ

11. Шайтандын тымызын кол салуусу түздөн-түз кол салуусунан эмнеси менен айырмаланат?

11 Биз тымызын кол салууга да кабылышыбыз мүмкүн. Анын түздөн-түз кол салуудан кандай айырмасы бар? Түздөн-түз кол салуу шаарды каптап келип, үйүңдү бир заматта кыйраткан чоң куюнга окшош. Ал эми тымызын кол салууну термиттердин чабуулуна салыштырса болот. Курт-кумурскалар түркүмүнө кирген ал жандыктар үйүңө билинбей уя салып алат да, анын жыгачтарын акырын кемире беришет. Күндөрдүн биринде үйүң чамындыга айланып кулап түшмөйүнчө, аларды такыр байкабайсың.

12. а) Шайтандын тымызын кол салганда колдонгон ыкмаларынын бири кайсы жана ал эмне үчүн натыйжалуу? б) Көңүл чөгөттүк Пабылга кандай таасир эткен?

12 Демек, Жахаба менен болгон мамилебизди бузуш үчүн Шайтан бизге ачыктан-ачык кол салышы же ишенимибизди тымызын «кемириши» мүмкүн. Анын тымызын кол салганда колдонгон күчтүү ыкмаларынын бири — көңүл чөгөттүк. Элчи Пабылдын да көңүлү чөккөн учурлары болгон. Бир жолу ал атүгүл: «Мен бир байкуш адаммын!» — деп зээни кейиген. (Оку: Римдиктер 7:21—24.) Рухий жактан жетилген, кыязы, 1-кылымдагы жетектөөчү кеңештин мүчөсү болгон элчинин эмне үчүн көңүлү чөккөн? Буга, өзү айткандай, жеткилеңсиздиги себеп болгон. Ал туура нерсени кылгысы келсе да, аны кылуу дайыма эле оңойго тура берчү эмес. Сенде да ошондой күрөш болуп жатса, Пабыл жөнүндө ой жүгүрт. Бул сени жубатары шексиз.

13, 14. а) Жахабанын айрым кызматчыларынын көңүлү эмне себептен чөгөт? б) Ишенимибиздин кыйрашын ким каалайт жана эмне үчүн?

13 Көптөгөн бир туугандарыбыздын көңүлү чөккөн, тынчсызданган, өздөрүн эч кимге кереги жоктой сезген учурлары болот. Бир ынталуу пионер, анын атын Дебора деп коёлу, мындай дейт: «Кетирген катамды кайра-кайра ойлоп, жаман боло берем. Туура эмес иштеримдин баарын эстегенде, мени эми эч ким, атүгүл Жахаба да жакшы көрбөй тургандай сезилет».

 14 Жахабанын айрым ынталуу кызматчыларынын Деборага окшоп кыйналышына эмнелер себеп болот? Мунун бир нече себеби бар. Кээ бирөөлөр өздөрүнө же жагдай-шартына карата терс көз карашта болууга жакын келишет (Накыл 15:15). Башкалар болсо ой-сезимдерине таасир эткен оорунун айынан жан дүйнөсү кыйналат. Кандай болбосун, андай сезимдерди ким өз пайдасына колдонгусу келерин унутпайлы. Көңүлүбүз ушунчалык чөгүп, багынып беришибизди ким көксөйт? Албетте, Шайтан. Өзүнө өлүм өкүмү чыгарылгандыктан, ал сенин да, ага окшоп, баарынан үмүт үзүшүңдү каалайт (Аян 20:10). Ачыктан-ачык кол салабы же тымызынбы, анын максаты — жан дүйнөбүзгө бүлүк салып, ындыныбызды суутуп, Жахабага кылган кызматыбызды токтотуу. Андыктан Кудайдын эли рухий согушка катышып жатканын унутпай, Шайтанга каршы тур!

15. Көңүл чөгөттүккө алдырбоого чечкиндүү экенибизди кантип көрсөтөбүз?

15 Күрөштө багынбаганга чечкиндүү бол. Сыйлыктан көзүңдү алба. Пабыл Корунт шаарындагы ишенимдештерине: «Биз багынбайбыз. Сырткы көрүнүшүбүз көөнөрүп баратса да, ички дүйнөбүз күндөн күнгө жаңыланууда. Анткени кыйынчылыктарыбыз кыска мөөнөттүү, анча оор эмес, ошентсе да бизге алда канча чоң, түбөлүктүү даңк алып келет»,— деп жазган (2 Кор. 4:16, 17).

АЛДЫДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА ДАЯРДАН

Жаштар да, карылар да ишенимин коргош үчүн дайыма машыгышат (16-абзацты кара)

16. Кыйынчылыктарга азыртадан даярданганыбыз эмне үчүн маанилүү?

16 Ооба, Шайтандын көптөгөн «айла-амалдары» бар (Эф. 6:11). Ошондуктан ар бирибиз 1 Петир 5:9дагы: «Ишенимиңерди бекем сактап, ага каршы тургула»,— деген кеңешке ылайык иш кылганыбыз маанилүү. Ан үчүн туура иш кылууга азыртадан үйрөнүп,  акылыбыз менен жүрөгүбүздү даярдашыбыз керек. Мисалы, жоокерлер согуш болгонго чейин эле жан үрөп машыгышат. Биз да ошентишибиз зарыл. Келечекте кандай сыноолор болорун билбейбиз. Андыктан азыр, салыштырмалуу тынч кезде, «талыкпай машыкканыбыз» акылдуулукка жатат. Пабыл корунттуктарга: «Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүңөрдү текшерип, өзүңөрдү сынап тургула»,— деп бекеринен жазган эмес (2 Кор. 13:5).

17—19. а) Өзүбүздү кантип текшерип турсак болот? б) Мектепте окугандар ишенимин коргоого кантип даярдана алышат?

17 Пабылдын кеңешине ылайык иш кылуунун бир жолу — өзүбүздү кылдат текшерүү. Ан үчүн төмөнкү суроолорду колдонсок болот: «Мен дайыма тиленемби? Башкалар кысым көрсөткөндө, адамдарга эмес, Кудайга баш иемби? Жыйналыш жолугушууларына калтырбай барамбы? Ишенген нерселерим жөнүндө башкаларга тайманбай айтамбы? Ишенимдештерим ката-кемчиликтеримди кечиргендей эле, мен да аларды кечирүүгө даярмынбы? Жыйналышта жана уюмда жетекчиликти колго алгандарга баш иемби?»

18 Бул суроолордун экөө ишенимибизди коргоого жана кысымга туруштук берүүгө байланыштуу экенине көңүл бурсаң. Мектепте окуган көптөгөн бир туугандарыбыз ишенген нерселери жөнүндө тартынбай, кайраттуулук менен айтууга үйрөнүүдө. Биздин журналдарга аларга жардам боло турган кеңештер чыгып турат. Алсак, «Ойгонгула!» журналынын 2009-жылы июль—сентябрда чыккан санында жаш ишенимдешибиз классташынын: «Сен эмне үчүн гимн ырдабайсың?» — деген суроосуна: «Мен мекенимди жакшы көрөм, бирок ага сыйынбайм»,— деп жооп берсе болору айтылган. Ата-энелер, балдарыңар мектептегилердин кысымына туруштук бере алышы үчүн, аларды ишенимин коргоого үйрөткүлө.

19 Албетте, ишенимибиз тууралуу башкаларга айтуу же Жахаба талап кылган нерселерди аткаруу дайыма эле оңой боло бербейт. Айталы, керээли кечке иштегендиктен кээде жыйналышка өзүбүздү кыйнап барышыбыз мүмкүн. Же эртең менен кабарга чыгыш үчүн жылуу төшөктөн тургубуз келбей, кыйналышыбыз ыктымал. Бирок бир нерсени унутпа: эгер рухий иштерге дайыма катышууну азыртадан адат кылып алсаң, келечекте оор сыноолорду да көтөрүп кетүүгө даяр болосуң.

20, 21. а) Кун тууралуу ой жүгүртүү көңүл чөгөттүктү жеңүүгө кандайча жардам берет? б) Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

20 Тымызын кол салуу жөнүндө эмне айтууга болот? Мисалы, көңүл чөгөттүктү кантип жеңе алабыз? Мунун эң натыйжалуу жолу — кун тууралуу ой жүгүртүү. Элчи Пабыл да ушундай кылган. Кээде өзү жөнүндө төмөн ойдо болуп, кыйналса да, ал Иса Машаяктын жеткилең адамдар үчүн эмес, күнөөкөрлөр үчүн өлгөнүн жакшы билген. Ошондуктан: «Өмүрүмдү мени сүйүп, мен үчүн өмүрүн берген Кудай Уулуна ишенүү менен өткөрүп жатам»,— деп жазган (Гал. 2:20). Ооба, Пабыл кунга ишенип, анын өзү үчүн да төлөнгөнүн түшүнгөн.

21 Сен да кунду Жахабанын сага берген белеги катары эсепте. Бул терс ойлорго алдырбоого жардам берет. Албетте, көңүл чөгөттүктөн дароо эле арылып калбайсың. Балким, айрымдарыбыз аны менен жаңы дүйнө келгенге чейин күрөшүшүбүз мүмкүн. Бирок сыйлыкты багынбагандар аларын эсиңден чыгарба. Кудайдын Падышалыгынын тынчтыкты орнотуп, адамзатты жеткилеңсиздиктен арылтарына абдан аз калды. Андыктан башыңан көп кыйынчылыктарды кечирүүгө туура келсе да, Кудайдын Падышалыгына кирүүгө чечкиндүү бол!