Аян 20:1—15

20  Анан мен асмандан түшүп келаткан периштени көрдүм. Анын колунда түпсүз туңгуюктун ачкычы+ менен чоң чынжыр бар экен.  Ал ажыдаарды+ — Ибилис+ жана Шайтан+ делген байыркы жыланды+ — кармап, 1 000 жылга байлап койду.  Миң жыл аяктаганга чейин элдерди адаштырбашы үчүн, аны түпсүз туңгуюкка+ ыргытты да, туңгуюкту бекитип, мөөр басып койду. Кийин ал кыска убакытка бошотулат+.  Мен тактыларды+ жана аларда отургандарды көрдүм. Аларга сот жүргүзгөнгө бийлик берилди+. Ооба, мен Иса тууралуу күбөлөндүрүшкөнү, Кудай жөнүндө айтышканы үчүн баштары балта менен кыйылгандарды* көрдүм. Алар жырткычка+ же анын сөлөкөтүнө сыйынышкан эмес+, чекесине жана колуна белги койдурушкан эмес+. Алар тирилип, Машаяк менен 1 000 жыл падышалык кылышты+.  (Өлгөндөрдүн калгандары+ 1 000 жыл аяктаганга чейин тирилишкен жок.)+ Бул — биринчи тирилүү+.  Биринчи тирилүүгө катышкандар бактылуу+ жана ыйык+. Экинчи өлүм+ алардын үстүнөн бийлик кыла албайт+. Алар Кудай менен Машаяктын дин кызматчылары болуп+, Машаяк менен 1 000 жыл падышалык кылышат+.  Миң жыл аяктаганда, Шайтан камактан бошотулат.  Ал жердин төрт бурчундагы элдерди — Гок менен Магокту — адаштырып, согушка чогултуш үчүн чыгат. Алардын саны деңиздин жээгиндеги кумдай+.  Алар бүт жер жүзүнө жайылып, ыйыктардын конушу+ менен сүйүктүү шаарды+ курчап алышты. Бирок асмандан от түшүп, аларды жалмап кетти+. 10  Аларды адаштырган Ибилис+ болсо оттуу жана күкүрттүү көлгө ыргытылды. Ал жакка мурун жырткыч+ менен жалган пайгамбар да ыргытылган болчу+. Алар түбөлүктөн түбөлүккө күнү-түнү кыйналышат*. 11  Анан мен чоң ак тактыны жана анда отурганды көрдүм+. Анын жүзүнөн жер менен асман качып баратты+, бирок аларга орун табылган жок. 12  Ошондой эле тактынын алдында турган өлгөндөрдү: жогорку даражалууларды да, карапайымдарды да көрдүм+. Түрмөктөр ачылды. Анан дагы бир түрмөк ачылды, ал өмүр түрмөгү эле+. Өлгөндөр өз иштерине жараша, түрмөктөрдө жазылгандарга ылайык соттолушту+. 13  Деңиз өзүндөгү өлүктөрдү кайрып берди, өлүм менен көр* да өздөрүндөгү өлүктөрдү кайрып берди+. Ошондо ар бири өз иштерине жараша соттолду+. 14  Өлүм+ менен көр болсо оттуу көлгө ыргытылды. Оттуу көл+ экинчи өлүмдү+ билдирет. 15  Өмүр китебине жазылбагандардын+ баары оттуу көлгө ыргытылды+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «кыйылгандардын жанын». Кара: 6-тирк.
Же: «чектелишет; камакта болушат». Бул жердеги грек тилиндеги сөз түрмөдө отургандарга карата колдонулган зат атоочтон жасалган. Кара: Мт 18:34.
Грек. адис. Кара: 8-тирк.