Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ишенимдүү жана акылдуу кул ким?»

«Ишенимдүү жана акылдуу кул ким?»

«Кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» (МТ. 24:45).

1, 2. Иса Машаяк бүгүнкү күндө бизди азыктандыруу үчүн кимди колдонууда жана муну так билгенибиз эмне үчүн абдан маанилүү?

«БИР ТУУГАНДАР, силер дайыма абдан керек болуп турганда мен үчүн жазылгандай макалаларды чыгарасыңар. Аларды санап отурсам, сан жетпейт». Бул сөздөрдү бир ишенимдешибиз башкы башкармалыкта кызмат кылган бир туугандарга ыраазычылыгын билдирген катында жазган. Көбүбүз эле ал эженикиндей сезимде болгонубуз шексиз. Бул таң калыштуу деле эмес.

2 Рухий тамактын бизге өз маалында берилип жатканы жыйналыштын Башчысы Иса Машаяктын өз убадасын аткарып жатканын көрсөтүп турат. Машаяк рухий тамакты ким аркылуу берип жатат? Ал өзүнүн катышуусунун убагын көрсөтө турган белги жөнүндө айтып жатканда «үйүндөгүлөрүнө өз убагында тамак берип турушу үчүн» «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындай турганын айткан *. (Оку: Матай 24:45—47.) Акыркы күндөрдө өзүнүн чыныгы жолдоочуларын азыктандыруу үчүн Иса Машаяк ошол ишенимдүү кулду колдонмок. Ал кулдун ким экенин так билгенибиз абдан маанилүү. Анткени ал кул рухийлигибиздин жана Кудай менен болгон мамилебиздин бекем болушунда чоң роль ойнойт (Мт. 4:4; Жкн. 17:3).

3. Буга чейин ишенимдүү кул жөнүндөгү мисал биздин адабияттарда кандайча түшүндүрүлүп келген?

3 Анда Иса Машаяктын ишенимдүү кул жөнүндө айткан мисалын кандай түшүнсөк болот? Буга чейин ал биздин адабияттарда мындайча түшүндүрүлүп келген: Иса Машаяк б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында үйүндөгүлөрүнүн үстүнөн ишенимдүү кулду дайындаган. Ал кул ошондон баштап белгилүү бир мезгил аралыгында жер бетинде жашаган бардык майлангандарды билдирет. Үйүндөгүлөр да майлангандар болуп эсептелет, бирок алар майлангандардын тобун эмес, өз-өзүнчө адамдарды билдирет. 1919-жылы Машаяк ишенимдүү кулду «өзүнүн бүт мүлкүнө» — Падышалыктын жердеги нерселеринин баарына — «кам көрүүгө дайындаган». Бирок  кылдат изилдөө жүргүзүп, тиленүү менен ой жүгүрткөндөн кийин Иса пайгамбардын ишенимдүү кул жөнүндө айткандарына байланыштуу оюбузду өзгөртүшүбүз керектигин түшүндүк (Накыл 4:18). Келгиле, ал мисалды тереңирээк изилдеп, анын майлангандар менен жерде жашоого үмүттөнгөндөрдүн ар бирине кандай тиешеси бар экенин карап чыгалы.

МАШАЯКТЫН МИСАЛЫНДАГЫ ПАЙГАМБАРЛЫК КАЧАН АТКАРЫЛМАК?

4—6. Ишенимдүү кул жөнүндөгү пайгамбарлык 1914-жылдан кийин гана аткарыла баштамак деп эмне үчүн айта алабыз?

4 Ишенимдүү жана акылдуу кул жөнүндө жазылган аяттардын контекстинен көрүнүп тургандай, ал кулга байланыштуу пайгамбарлык б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында эмес, азыркы акыркы күндөрдө аткарыла баштамак. Муну Ыйык Жазма кандайча бышыктаарын карап көрөлү.

5 Ишенимдүү кул жөнүндөгү мисал — Машаяктын катышуусунун убагын жана «бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» көрсөткөн белги жөнүндөгү пайгамбарлыктын бир бөлүгү (Мт. 24:3). Ал пайгамбарлыктын Матай 24:4—22-аяттарда жазылган бөлүгү эки жолу аткарылмак. Биринчи жолу б.з. 33-жылынан баштап б.з. 70-жылына чейин, ал эми экинчи жолу биздин күндөрдө аткарылмак. Бул ишенимдүү кул жөнүндө айтылгандар да эки жолу аткарылмактыгын билдиреби? Жок.

6 Матай 24:29дан баштап Иса пайгамбар, негизинен, биздин күндөрдө аткарыла турган окуялар тууралуу айткан. (Оку: Матай 24:30, 42, 44.) Улуу алаамат учурунда эмнелер болору жөнүндө сөз кылып жатып ал элдердин «адам Уулунун асмандагы булуттардын үстүндө... келатканын көрүшөрүн» айткан. Анан акыркы күндөрдө жашай тургандарды сергек болууга чакырып: «Мырзаңардын кайсы күнү келерин билбейсиңер... Адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет»,— деген *. Так ошондо, тактап айтканда, акыркы күндөрдө боло турган окуялар жөнүндө айтып жатканда ал ишенимдүү кул жөнүндө сөз кылган. Демек, ишенимдүү кул жөнүндөгү пайгамбарлык 1914-жылы акыркы күндөр башталгандан кийин аткарыла баштамак. Ушундай жыйынтык чыгаруу акылга сыярлык. Эмне үчүн?

7. Орок маалы башталганда, кандай маанилүү суроо туулган жана эмне үчүн?

7 «Ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» — деген суроонун үстүнөн ойлонуп көрсөңөр. 1-кылымда эч кимде деле мындай суроо туулмак эмес. Анткени, өткөн макалада талкуулаганыбыздай, элчилер керемет-жышаандарды көрсөтүшкөн жана алар аркылуу башкаларга табияттан тыш жөндөмдүүлүктөр берилген. Бул аларды Кудай колдоп жатканын көрсөтүп турган (Элч. 5:12). Анда эмне үчүн Машаяк өзүнүн жолдоочуларын жетектөөгө кимди дайындаган деген суроо туулушу керек эле? Анткени 1914-жылы жагдай кыйла өзгөргөн. Ошол жылы орок маалы башталып, отоо чөптү буудайдан бөлө турган убак келген (Мт. 13:36—43). Ошондуктан: «Буудайды — Машаяктын майланган жолдоочуларын — анын жолдоочусу атангандардан кантип айырмалоого болот?» — деген маанилүү суроо туулган. Ишенимдүү кул жөнүндөгү мисал бул суроого жооп алууга жардам берет. Ал мисалдан көрүнүп тургандай, рухий жактан жакшы азыктандырылып жаткандар Машаяктын майланган жолдоочулары болмок.

ИШЕНИМДҮҮ ЖАНА АКЫЛДУУ КУЛ КИМ?

8. Эмне үчүн ишенимдүү кулдун Иса Машаяктын майланган жолдоочуларынан турганы орундуу?

8 Ишенимдүү кул Иса Машаяктын жердеги майланган жолдоочуларынан турмак. Майлангандар «падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар» деп аталышкан жана аларга «караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына чакыргандын „укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялоо“» иши тапшырылган (1 Пет. 2:9). Демек, «падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчылар»  гана ишенимдештерине Кудай жөнүндө билим бере алышмак (Мал. 2:7; Аян 12:17).

9. Ишенимдүү кулга жердеги бардык майлангандар киреби? Түшүндүргүлө.

9 Анда ишенимдүү кулга жердеги бардык майлангандар киреби? Жок. Чынында, майлангандардын баары эле дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерин рухий тамак менен камсыз кылууга катыша бербейт. Майлангандардын арасында жергиликтүү жыйналыштарда аксакал же кызмат жардамчысы болуп кызмат кылгандар да бар. Алар үймө-үй кабар айтып, жыйналыштарда окутушат жана башкы башкармалыктын жетекчилигин берилгендик менен колдошот. Бирок алар дүйнө жүзүндөгү бир туугандарга рухий тамак берүүгө катышышпайт. Ошондой эле майлангандардын арасында момун эже-карындаштар да бар. Алар рухий тамак берүүгө эле эмес, атүгүл жыйналышта окутуу ишине катышпайт (1 Кор. 11:3; 14:34).

10. Ишенимдүү жана акылдуу кул ким?

10 Анда ишенимдүү жана акылдуу кул ким? Иса Машаяктын көптөрдү аз эле кишини колдонуп тойгузганын эске алганда, ал кул Машаяктын катышуусунун убагында Кудайдын элине рухий тамак берүүгө түзмө-түз катышкан майланган эркек бир туугандардын чакан тобун билдирет. Ишенимдүү кулду түзгөн майланган бир туугандар акыркы күндөр башталгандан бери башкы башкармалыкта чогуу кызмат кылууда. Акыркы он жылдыктарда Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши ишенимдүү кул катары кызмат кылып келет. «Кул» деген сөздүн жекелик санда берилгенин байкасаңар. Демек, ал өз-өзүнчө кишилерди эмес, белгилүү бир топту билдирет. Андыктан Жетектөөчү Кеңеш топ катары чечимдерди дайыма чогуу чыгарат.

«ҮЙҮНДӨГҮЛӨРҮ» ДЕГЕН КИМДЕР?

11, 12. а) Ишенимдүү жана акылдуу кулга кандай эки милдет артылмак? б) Машаяк ишенимдүү кул катары кимди тандаган жана аны үйүндөгүлөрүнүн үстүнөн качан дайындаган?

11 Иса пайгамбар ишенимдүү жана акылдуу кулга эки милдет тапшырыларын айткан. Биринчиден, ал кул кожоюнунун үйүндөгүлөрүнө, экинчиден, анын бүт мүлкүнө кам көрмөк. Ишенимдүү кул жөнүндөгү пайгамбарлык акыркы күндөр башталгандан кийин гана аткарыла баштагандыктан, ага эки милдет тең Иса Машаяк 1914-жылы такка отургандан кийин берилмек.

12 Машаяк ишенимдүү кулду өзүнүн үйүндөгүлөрүнүн үстүнөн качан дайындаган? Буга жооп алыш үчүн 1914-жылды, орок маалы башталган убакты, эсибизге салалы. Мурунураак талкуулаганыбыздай, ал кезде өзүлөрүн Машаяктын  жолдоочуларыбыз деп атаган топтор көп болгон. Машаяк ишенимдүү кулду ошол топтордун кайсынысынан тандамак? Бул Машаяк Атасы менен бирге 1914-жылдан 1919-жылдын башына чейин рухий ибадаткананы текшергенде айкын болгон * (Мал. 3:1). Алар Жахабага жана анын Сөзүнө чын жүрөктөн берилген Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн чакан тобун көрүп, абдан сүйүнүшкөн. Албетте, ал топ деле кайсы бир жактардан тазаланышы керек болгон, ошондуктан кыска мөөнөткө текшерүү жана тазалоо иши жүргүзүлгөн. Ал топтогулар Машаяктын оңдоп-түзөө чараларын момундук менен кабыл алышкан (Мал. 3:2—4). Ошентип, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн Машаяктын чыныгы жолдоочулары экени айкын болгон. 1919-жылы кабар айтуу иши кайрадан жандана баштаганда, Иса Машаяк майлангандардын арасынан жөндөмдүү бир туугандарды ишенимдүү жана акылдуу кул катары тандап, үйүндөгүлөрүнүн үстүнөн дайындаган.

13. Үйүндөгүлөргө кимдер кирет жана эмне үчүн ушинтип айтууга болот?

13 Анда «үйүндөгүлөрү» деген кимдер? Жөнөкөй сөз менен айтканда, аларга рухий жактан азыктанып жаткандардын баары кирет. Акыркы күндөрдүн башталышында үйүндөгүлөрдүн баары майлангандар болчу. Кийинчерээк үйүндөгүлөргө башка койлорго кирген эбегейсиз көп адамдар да кошулган. Азыркы учурда Машаяк жетектеген «отордун» басымдуу бөлүгүн башка койлор түзөт (Жкн. 10:16). Майлангандар да, башка койлор да ишенимдүү кул өз убагында берип жаткан рухий тамак менен азыктанышат. Ал эми ишенимдүү жана акылдуу кулду түзгөн Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү тууралуу эмне айтууга болот? Ал бир туугандар да рухий жактан азыктанып турушу керек. Андыктан өз-өзүнчө алганда алар да, Машаяктын башка ишенимдүү жолдоочуларындай эле, үйүндөгүлөргө кирет.

Асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеби, баарыбыз тең «үйүндөгүлөрүбүз» жана рухий тамакка муктажбыз

14. а) Ишенимдүү кулга кандай милдет артылган? б) Иса Машаяк ишенимдүү жана акылдуу кулга эмне жөнүндө эскерткен? («Ал кул жаман чыкса...» деген кутучаны карагыла.)

14 Иса Машаяк ишенимдүү жана акылдуу кулга олуттуу тапшырма берген. Байыркы убактарда кожоюну ишенген кул, башкача айтканда, башкаруучу үй иштерин көзөмөлдөчү (Лк. 12:42). Ошо сыяктуу эле, ишенимдүү жана акылдуу кулга Машаяктын жердеги нерселеринин баарына кам көрүү милдети артылган. Анын милдетине акча-каражатка, мүлккө кам көрүү, кабар айтуу ишин жетектөө, жыйындардын программаларын даярдоо, ошондой эле кабар айтуу кызматында, өздүк изилдөөдө жана жыйналыш менен изилдөөдө колдонула турган адабияттарды басып чыгарууну көзөмөлдөө  кирет. Үйүндөгүлөрү ишенимдүү кул камсыз кылып жаткан бардык рухий иш-чараларга абдан муктаж.

КУЛ КОЖОЮНУНУН БҮТ МҮЛКҮНӨ КАМ КӨРҮҮГӨ КАЧАН ДАЙЫНДАЛМАК?

15, 16. Машаяк ишенимдүү кулду бүт мүлкүнө кам көрүүгө качан дайындамак?

15 Кулга экинчи милдет — кожоюнунун «бүт мүлкүнө кам көрүү» — качан тапшырылмак? Иса Машаяк: «Кожоюну кайтып келип, анын тапшырылган ишти аткарып жатканын көрсө, ал кул бактылуу! Ишенип койгула, кожоюну аны өзүнүн бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындайт»,— деген (Мт. 24:46, 47). Мындан көрүнүп тургандай, Машаяк кайтып келип, ал кулдун «тапшырылган ишти аткарып жатканын», тактап айтканда, рухий тамакты өз убагында берип жатканын көргөндөн кийин гана аны бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындамак. Демек, Иса Машаяк кулга эки милдетти бир учурда бермек эмес. Машаяктын качан жана кантип ишенимдүү кулду бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындамактыгын түшүнүш үчүн адегенде эки нерсени: анын качан келмектигин жана мүлкүнө эмнелер кирерин билип алышыбыз керек.

16 Иса Машаяк качан келмек? Бул суроонун жообун жогоруда келтирилген аяттардын контекстинен табууга болот. Мурун талкуулаганыбыздай, Машаяктын келери тууралуу айтылган аяттардагы «келүү» деген сөз анын бул дүйнө түзүлүшүнүн акырында сот өкүмүн чыгарып, аны ишке ашырыш үчүн келген убагына тиешелүү * (Мт. 24:30, 42, 44). Андыктан ишенимдүү кул жөнүндөгү мисалдагы Иса Машаяктын «келиши» тууралуу айтылган пайгамбарлык улуу алаамат учурунда аткарылмак.

17. Иса Машаяктын «мүлкүнө» эмнелер кирет?

17 Иса Машаяктын «бүт мүлкүнө» эмнелер кирет? Анын «бүт» деген сөздү колдонгонунан мүлкү жердеги эле нерселер менен чектелбей турганын көрүүгө болот. Чынында, Иса Машаяк асманда  да зор бийликке ээ. Ал: «Асмандагы жана жердеги бийликтин баары мага берилди»,— деп айткан (Мт. 28:18; Эф. 1:20—23). Демек, азыр Машаяктын мүлкүнө ага 1914-жылы берилген жана майланган жолдоочулары да мурастай турган Падышалык да кирет (Аян 11:15).

18. Иса Машаяк эмне үчүн ишенимдүү кулду өзүнүн бүт мүлкүнө кам көрүүгө кубаныч менен дайындайт?

18 Жогоруда айтылгандардын негизинде кандай жыйынтык чыгарсак болот? Иса Машаяк улуу алаамат учурунда соттоо үчүн келгенде ишенимдүү кулдун анын үйүндөгүлөрүнө рухий тамакты өз убагында берип жатканын көрөт. Ошондуктан ал ага экинчи милдетти кубаныч менен тапшырат, тактап айтканда, «аны өзүнүн бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындайт». Ишенимдүү кулду түзгөндөргө ал милдет, алар асмандагы сыйлыгын алып, Машаяк менен бирге башкаруучулар болгондо тапшырылат.

19. Ишенимдүү кул асманда башка майлангандарга караганда чоңураак сыйлык алабы? Түшүндүргүлө.

19 Бул ишенимдүү кулдун асманда башка майлангандарга караганда чоңураак сыйлык аларын билдиреби? Жок. Чакан топко убада кылынган сыйлык акыр-аягы майлангандардын баарына берилет. Мисалга Иса Машаяктын өлөр алдындагы түнү 11 ишенимдүү элчисине эмне дегенин карап көрөлү. (Оку: Лука 22:28—30.) Машаяк ал чакан топко ишенимдүүлүгү үчүн чоң сыйлык аларын, аны менен бирге падышалык кыларын, убада кылган. Бирок кийинчерээк ал 144000дин баары тактыга отуруп, аны менен бийлик жүргүзөрүн айткан (Аян 1:1; 3:21). Ошо сыяктуу эле, Матай 24:47де айтылгандай, ал ишенимдүү кулду — майланган бир туугандардан турган чакан топту — өзүнүн мүлкүнө кам көрүүгө дайындай турганын убада кылган. Бирок анын убадасы 144 000дин баарына тиешелүү болгон (Аян 20:4, 6).

144000дин баары асманда Машаяк менен бирге падышалык кылат (19-абзацты карагыла)

20. Иса Машаяк ишенимдүү кулду эмне үчүн дайындаган жана сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

20 1-кылымда аз эле киши аркылуу көптөрдү тойгузгандай эле, Машаяк бүгүнкү күндө ишенимдүү жана акылдуу кулду колдонуп, көптөрдү азыктандырууда. Ал ишенимдүү кулду майлангандар менен башка койлордун баарына акыркы күндөрдө рухий тамакты өз убагында берип турууга дайындаган. Келгиле, ишенимдүү жана акылдуу кулду түзгөн майланган бир туугандарды чын жүрөктөн колдоп, Машаяктын бизди рухий жактан азыктандыруу үчүн көргөн чарасына ыраазы экенибизди көрсөтө берели (Евр. 13:7, 17).

 

^ абз. 2 2-абзац: Мурунураак ушуга окшош мисал келтиргенде Иса пайгамбар «кул» деген сөздүн ордуна «башкаруучу», ал эми «үйүндөгүлөрү» деген сөздүн ордуна «кызматчылары» деген сөздү колдонгон (Лк. 12:42—44).

^ абз. 6 6-абзац: Машаяктын «келиши» (грекче эркомаи) менен анын «катышуусу» (грекче парусиа) — эки башка нерсе. Анын көзгө көрүнбөгөн катышуусу ал сот өкүмүн ишке ашырыш үчүн келгенге чейин эле башталмак.

^ абз. 12 12-абзац: Ушул журналдагы «Мен ар дайым силер менен болом» деген макаланын 5—8-абзацтарын карагыла.

^ абз. 16 16-абзац: Ушул журналдагы «Айтчы бизге, бул качан болот?» деген макаланын 14—18-абзацтарын карагыла.