Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин жаңы мүчөсү

Жетектөөчү Кеңештин жаңы мүчөсү

2012-жылы 5-сентябрда, шаршемби күнү, эртең менен Кошмо Штаттар менен Канададагы Бейтелдерде Марк Сандерсон деген бир туугандын Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп дайындалганы кулактандырылды. Ал 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кыла баштаган.

Марк бир тууган Калифорния штатындагы Сан-Диего шаарында (АКШ) Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойгон. Ал 1975-жылы 9-февралда чөмүлгөн. 1983-жылы 1-сентябрда Канаданын Саскачеван провинциясында пионер болуп кызмат кыла баштаган. 1990-жылдын декабрында Кошмо Штаттарда өткөрүлгөн Кызматка окутуу мектебинин (азыр Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектеп деп аталат) 7-классын бүтүргөн. Марк бир тууган 1991-жылы апрель айында Канададагы Ньюфаундленд аралына атайын пионер болуп дайындалган. Райондук көзөмөлчүнүн орун басары болуп кызмат кылгандан кийин 1997-жылы февралда Канададагы Бейтелге чакырылган. 2000-жылы ноябрда Кошмо Штаттардагы филиалга дайындалып, Медициналык маалымат кызматында, кийинчерээк кызмат бөлүмүндө кызмат кылган.

2008-жылы сентябрда Марк бир тууган Филиалдын комитетинин мүчөлөрүн окутуу мектебине чакырылган. Андан соң Филиппиндеги Филиалдын комитетинин мүчөсү болгон. Ал эми 2010-жылы сентябрь айында кайрадан Кошмо Штаттарга которулуп, Жетектөөчү Кеңештин Кызмат комитетине жардам берүүгө дайындалган.