Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мен ар дайым силер менен болом»

«Мен ар дайым силер менен болом»

«Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом» (МТ. 28:20).

1. а) Буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалды кыскача айтып бергиле. б) Иса пайгамбар мисалдын маанисин кантип түшүндүрүп берген?

ИСА ПАЙГАМБАР Падышалык тууралуу мисалдарынын биринде талаасына буудайдын жакшы үрөнүн сепкен киши жөнүндө жана жакшы үрөндүн арасына отоо чөптүн уругун сээп кеткен душман жөнүндө айткан. Себилген буудайды отоо чөп басып кеткен, бирок талаанын ээси кулдарына: «Орок маалына чейин экөө тең өсө берсин»,— деген. Орок маалында отоо чөп жулунуп, буудай жыйналышы керек болчу. Иса пайгамбар бул мисалынын маанисин түшүндүрүп берген. (Оку: Матай 13:24—30, 37—43.) Мисалдан эмнени билүүгө болот? («Буудай жана отоо чөп» деген таблицаны карагыла.)

2. а) Буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалда эмнелер жөнүндө айтылат? б) Бул макалада эмнеге басым жасалат?

2 Талаага себилген үрөн жөнүндөгү мисалдан Иса Машаяктын буудай тобуна киргендерди — Падышалыкта аны менен бирге башкара турган майлангандарды — адамдардын арасынан качан жана кантип чогултмактыгын билүүгө болот. Үрөн себүү б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында башталган. Буудайды чогултуу дүйнө түзүлүшүнүн аягында жердеги көзү тирүү болгон майлангандарга акыркы мөөр басылып, алар асманга алынганда бүтөт (Мт. 24:31; Аян 7:1—4). Тоодо турган кишиге баары алаканга салгандай көрүнөт. Анын сыңарындай, буудай жана отоо чөп жөнүндөгү мисал 2 000 жылдай убакыттын ичинде болуп өткөн жана боло турган окуяларды айкын түшүнгөнгө жардам берет. Мисалда үрөндүн себилген, өскөн убагы жана орок маалы жөнүндө айтылат. Бул макалада, негизинен, орок маалы жөнүндө сөз жүрөт *.

ИСА МАШАЯК КӨЗӨМӨЛДӨП ТУРГАН

3. а) 1-кылымдан кийин кандай окуялар болгон? б) Матай 13:28ге ылайык, кандай суроо туулган жана ал суроону кимдер берген? (Шилтемени да карагыла.)

3 Б.з. 2-кылымынын башында талаага отоо чөп чыга баштаган, башкача айтканда, дүйнөдө Машаяктын жолдоочусу атангандар пайда боло баштаган (Мт. 13:26). 4-кылымда Иса Машаяктын майланган  жолдоочуларына караганда отоо чөпкө салыштырылган жолдоочулар басымдуулук кылып кеткен. Мисалдагы кулдар кожоюнунан: «Отоо чөптүн баарын жулуп салалыбы?» — деп сурашкан * (Мт. 13:28). Кожоюну аларга эмне деген?

4. а) Кожоюндун, Иса Машаяктын, жообунан эмнени билүүгө болот? б) Иса Машаяктын буудайга салыштырылган жолдоочуларына кимдердин кирери качан айкын боло баштаган?

4 Иса пайгамбар буудай жана отоо чөп жөнүндө: «Орок маалына чейин экөө тең өсө берсин»,— деген. Бул сөздөрдөн Иса Машаяктын буудайга салыштырылган майланган жолдоочуларынын жерде 1-кылымдан тартып эле болуп келгенин билүүгө болот. Муну Иса пайгамбардын шакирттерине кийинчерээк айткан сөздөрү далилдеп турат. Ал: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деген (Мт. 28:20). Демек, ал өзүнүн майланган жолдоочуларын дүйнө түзүлүшүнүн акырына чейин коргомок. Бирок аларды отоо чөп басып кеткендиктен, ошол узак убакыт аралыгында буудай тобуна кимдер киргенин так айта албайбыз. Ошентсе да орок маалына чейин 30 жылдай мурун кимдердин буудай тобуна кирери айкын көрүнө баштаган. Бул кандайча болгон?

КАБАРЧЫ «ЖОЛ ДАЯРДАЙТ»

5. Малаки пайгамбардын алдын ала айткандары 1-кылымда кандайча аткарылган?

 5 Иса пайгамбар буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалды айтканга чейин бир нече кылым мурун Жахаба Кудай Малаки пайгамбарга Иса Машаяктын мисалында айтылгандарга байланышы бар пайгамбарлыкты жаздырган. (Оку: Малаки 3:1—4.) Чөмүлдүрүүчү Жакан «жол даярдаган» кабарчы болгон (Мт. 11:10, 11). Ал б.з. 29-жылы келгенде, ысрайыл элинин соттолор убактысы жакындап калган. Иса пайгамбар «келишим кабарчысы» болгон. Ал Иерусалимдеги ибадаткананы эки жолу — биринчи жолу кызматынын башында, экинчи жолу кызматынын аягында — тазалаган (Мт. 21:12, 13; Жкн.  2:14—17). Демек, Иса Машаяктын тазалоо иши кайсы бир убакыт аралыгын камтымак.

6. а) Малаки пайгамбардын айткандары дагы кандайча аткарылган? б) Иса Машаяктын каймана маанидеги ибадаткананы текшергени канча убакытка созулган? (Шилтемени да карагыла.)

 6 Малаки пайгамбардын айткандары дагы кандайча аткарылган? 1914-жылга чейин ондогон жылдар бою Ч. Т. Рассел жана анын таламдаштары Чөмүлдүрүүчү Жакан аткаргандай ишти аткарып келишкен. Алардын ишине Ыйык Китепте жазылган, бурмаланып кеткен окууларды туура түшүндүрүү кирген. Алсак, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Машаяктын куткаруу курмандыгынын маанисин түшүндүрүп беришкен, башка элдерге белгиленген убакыттын соңуна чыгып баратканын жарыялашкан жана тозок оту жөнүндөгү окуунун жалган экенин далилдешкен. Бирок ошол учурда өздөрүн Машаяктын жолдоочулары деп атаган диний топтор абдан көп болчу. Ошо себептен: «Кимдер Иса Машаяктын буудайга салыштырылган жолдоочуларына кирет?» — деген маанилүү суроого жооп алуу зарыл болгон. Бул суроонун жообун айкын кылыш үчүн Иса Машаяк 1914-жылы каймана маанидеги ибадаткананы текшерүүгө киришкен. Ошол текшерүү жана тазалоо иши кайсы бир убакыт аралыгына созулган. Тактап айтканда, 1914-жылдан 1919-жылдын башына чейин созулган *.

ТЕКШЕРҮҮ ЖАНА ТАЗАЛОО ЖЫЛДАРЫ

7. Иса Машаяк 1914-жылы текшерүү ишин баштаганда эмнени көргөн?

7 Иса Машаяк текшерүү ишин баштаганда эмнени көргөн? Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдөн турган чакан топ 30 жылдан ашуун убакыттан бери кабар айтуу ишин алга жылдырганга бүт күчүн, акча-каражатын жумшап жаткан *. Аз болгонуна карабастан, Шайтан сепкен отоо чөпкө басылып калбай, бекем турган ошол буудай тобун көргөндө Иса Машаяк  да, периштелер да абдан кубанган. Бирок «Леби уулдарын», майлангандарды, тазалоо зарыл болгон (Мал. 3:2, 3; 1 Пет. 4:17). Эмне үчүн?

8. 1914-жылдан кийин кандай окуялар болгон?

8 Асманга кетпей калышканы үчүн 1914-жылдын аягында Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн айрымдарынын көңүлү кайт болгон. Сырттан келген каршылыктардын айынан 1915—1916-жылдары кабар айтуу иши басаңдап калган. Баарынан да жаманы, 1916-жылдын октябрь айында Рассел бир тууган көз жумгандан кийин, каршылык көрсөткөндөр уюмдун ичинен чыккан. Ыйык Китеп, Күзөт мунарасы жана баракчалар коомунун жети деректиринин төртөө жетекчиликти Рутерфорд бир туугандын колго алышына каршы болушкан. Алар бир туугандардын ортосуна жик салганга аракет кылышкан, бирок 1917-жылдын август айында өздөрү Бейтелден кетишкен. Ошентип, Кудайдын үйү тазаланган. Ошондой эле Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн айрымдары адамдардан коркуу сезимине алдырып коюшкан. Бирок, жалпы жонунан, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр, Иса Машаяк тазалоо ишин жүргүзгөндө, даярдуулук менен баш ийишкен жана өзгөртүш керек болгон жактарын өзгөртүшкөн. Ошондуктан Иса Машаяк аларды өзүнүн буудайга салыштырылган чыныгы жолдоочулары деп тапкан. Ал эми Машаяктын жолдоочусу атангандарды, анын ичинде христиан дүйнөсүндөгү чиркөөлөргө баргандарды четке каккан (Мал. 3:5; 2 Тим. 2:19). Андан кийин эмне болгон? Бул суроого жооп алыш үчүн, келгиле, буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалга кайрылалы.

ОРОК МААЛЫ БАШТАЛГАНДАН КИЙИН ЭМНЕЛЕР БОЛМОК?

9, 10. а) Орок маалына байланыштуу эмнелерди карап чыгабыз? б) Орок маалы башталганда алгач эмне болгон?

9 «Орок маалы — бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк чени»,— деген Иса пайгамбар (Мт. 13:39). Ал 1914-жылы башталган. Келгиле, орок маалында болушу керек болгон, Иса Машаяк алдын ала айткан беш нерсени карап чыгалы.

10 Биринчиси — отоо чөптү жулуу. Иса Машаяк: «Орок маалы келгенде, орокчуларга: „Адегенде отоо чөптөрдү жулгула...“ — деп айтам»,— деген. 1914-жылдан кийин периштелер отоо чөптү «жула» башташкан, башкача айтканда, майлангандардан, «Падышалыктын уулдарынан», Машаяктын жолдоочусу атангандарды бөлө башташкан (Мт. 13:30, 38, 41).

11. Иса пайгамбардын чыныгы жолдоочулары бүгүнкү күнгө чейин эмнеси менен айырмаланып келет?

11 Отоо чөп жулуна баштагандан кийин, эки топтун ортосундагы айырма айкын көрүнө баштаган (Аян 18:1, 4). 1919-жылы Улуу Бабылдын кулаганы анык болгон, башкача айтканда, Иса пайгамбардын чыныгы жолдоочулары жалган диндин туткунунан бошонушкан. Алар башкалардан эмнеси менен айырмаланышкан? Кабар айтуу иши менен. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн арасында жетекчиликти колго алгандар Падышалык тууралуу кабарды ар бири жарыялашы керектигине басым коюшкан. Мисалы, 1919-жылы басылып чыккан «Иш кимге тапшырылган?» деген китепчеде Иса Машаяктын майланган жолдоочуларынын баары үймө-үй кыдырып кабар айтууга үндөлгөн. Ал китепчеде: «Бул — абдан чоң иш, бирок бул Мырзабыздыкы болгондуктан, муну анын колдоосу менен аткара алабыз. Силерге сыймыктуу милдет артылган»,— деп жазылган. Ал чакырыкка кандай жооп кайтарылган? 1922-жылы чыккан «Күзөт мунарасында» Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн ошондон тартып кабар айтуу ишине жалындап катыша баштаганы айтылган. Ошондон көп өтпөй Иса пайгамбардын ал ишенимдүү жолдоочулары башкалардан үймө-үй кабар айтканы менен айырмалана баштаган жана бүгүнкү күнгө чейин ошондой болуп келет.

12. Буудай тобу качантан тартып жыйналып келет?

12 Экинчиси — буудайды жыйноо. Иса пайгамбар периштелерге: «Барып, буудайды кампама жыйнагыла»,— деп буйрук берген (Мт. 13:30). 1919-жылдан тартып майлангандар тазаланган, Иса Машаяктын майланган жолдоочуларынан  турган жыйналышка чогултула баштаган. Иса пайгамбардын дүйнө түзүлүшүнүн аягында жашап жаткан майланган жолдоочулары асмандагы сыйлыгын алганда, буудай толугу менен жыйналып бүтөт (Дан. 7:18, 22, 27).

13. Аян 18:7ге ылайык, учурда сойку, тагыраак айтканда, Улуу Бабыл, анын ичинде христиан дүйнөсү өзүнө карата кандай ойдо?

13 Үчүнчүсү — ыйлоо жана тиш кычыратуу. Периштелер отоо чөптү боо-боо кылып байлагандан кийин эмне болот? Отоо чөпкө киргендер жөнүндө Иса пайгамбар: «Алар ыйлап, тишин кычыратышат»,— деген (Мт. 13:42). Бул сөздөр азыр аткарылып жатабы? Жок. Сойку аялга салыштырылган жалган диндин бир бөлүгү болгон христиан дүйнөсү учурда: «Мен канышадай болуп тактыда отурам, жесир эмесмин. Эч качан кайгы тартпайм»,— деген ойдо (Аян 18:7). Чынында эле, христиан дүйнөсү өзүн жогорку абалды ээлеген, атүгүл саясий жетекчилердин үстүнөн бийлик жүргүзгөн канышадай сезип жатат. Отоо чөпкө салыштырылгандар азыр ыйлабай эле, көкүрөгүн кере мактанып жаткан кези. Бирок жакында баары өзгөрөт.

Жакында христиан дүйнөсүнүн саясий жетекчилер менен болгон тыгыз мамилеси үзүлөт (13-абзацты карагыла)

14. а) Машаяктын жолдоочусу атангандар качан жана эмне үчүн «тишин кычыратышат»? б) Матай 13:42ге байланыштуу жаңы түшүнүк Забур 112:10до жазылгандарга кандайча шайкеш келет? (Шилтемени карагыла.)

14 Улуу алаамат учурунда, жалган диндердин баары жок кылынганда, жалган динди тутуп жүргөндөр баш маана издеп чуркашат, бирок жашына турган коопсуз жай таба алышпайт (Лк. 23:30; Аян 6:15—17). Алар өлүмдөн качып кутула албасын түшүнгөндө кайгырып ыйлашат жана ачууланып «тишин кычыратышат». Ошол каар төгүлгөн күнү алар, Иса пайгамбар алдын ала айткандай, «кайгырып, төштөрүн ургулашат» * (Мт. 24:30; Аян 1:7).

15. Отоо чөп эмне болот жана ал качан болот?

15 Төртүнчүсү — мешке ыргытуу. Боо-боо болуп байланган отоо чөп эмне болот? Периштелер аларды «күйүп турган мешке ыргытышат» (Мт. 13:42). Бул алардын толугу менен жок болорун билдирет. Демек, жалган динди тутуп жүргөндөр улуу алааматтын акыркы баскычында, Армагедондо, жок кылынат (Мал. 4:1).

16, 17. а) Иса пайгамбар сөзүнүн акырында эмне жөнүндө айткан? б) Бул келечекте аткарылат деп эмне үчүн айта алабыз?

16 Бешинчиси — жаркыроо. Иса пайгамбар сөзүнүн акырында: «Ошол убакта адил адамдар асмандагы Атасынын Падышалыгында күн сыяктуу жаркырашат»,— деген (Мт. 13:43). Алар качан жана каякта жаркырашат? Иса пайгамбардын бул сөздөрү келечекте аткарылат. Ал азыркы учурда жерде жүрүп жаткан кабар айтуу иши жөнүндө эмес, келечекте асманда боло турган нерсе жөнүндө айткан *. Эмне үчүн мындай жыйынтык чыгарсак болот? Мунун эки себеби бар.

17 Биринчиден, алардын качан жаркырай турганына токтолсок. Иса пайгамбар: «Ошол убакта адил адамдар...  жаркырашат»,— деген. «Ошол убакта» деген сөздөр, кыязы, Иса пайгамбар айтып өткөн убакка, тактап айтканда, отоо чөп күйүп турган мешке ыргытыла турган убакка карата айтылган. Бул улуу алааматтын акыркы баскычында болот. Демек, майлангандар «күн сыяктуу жаркырай» турган убак келечекте болот деп айта алабыз. Экинчиден, алардын каякта жаркырай турганына көңүл бурсаңар. Иса пайгамбар адил адамдардын Падышалыкта жаркырай турганын айткан. Бул эмнени билдирет? Улуу алааматтын алгачкы баскычынан кийин жерде ишенимдүү кызмат кылып жаткан майлангандардын баарына акыркы мөөр басылган болот. Андан кийин, Иса пайгамбардын улуу алаамат жөнүндө айткандарынан көрүнүп тургандай, алар асманга жыйналат (Мт. 24:31). Ал жерде «Атасынын Падышалыгында... жаркырашат». Армагедон согушунан көп өтпөй, «Козунун үйлөнүү тою» болот. Ошондо колукту, башкача айтканда, майлангандар Козу менен баш кошот (Аян 19:6—9).

КАНДАЙ ПАЙДА АЛАБЫЗ?

18, 19. Иса пайгамбардын буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалын түшүнүүдөн ар бирибиз кандай пайда алабыз?

18 Бул мисалдын маанисин түшүнгөнүбүздүн ар бирибиз үчүн кандай пайдасы бар? Келгиле, үч нерсеге токтололу. Биринчиден, бул түшүнүгүбүздү тереңдетет: Жахаба Кудайдын жамандыкка жол берип жатканына олуттуу себеп бар экенин биле алабыз. Ал «кайрымдуулук көрсөтүлө турган идиштерди» — буудай тобун — чогултуш үчүн «каар төгүлө турган идиштерге зор чыдамкайлык көрсөтүп» келет * (Рим. 9:22—24). Экинчиден, мисалды түшүнгөнүбүз ишенимибизди бекемдейт. Дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, душмандарыбыз каршылыгын күчөтөт, бирок бизди «жеңе албайт». (Оку: Жеремия 1:19.) Жахаба Кудай көп жылдардан бери буудай тобуна киргендерди коргоп келгендей эле, Иса Машаяк жана периштелер аркылуу бизди коргоп, «ар дайым» биз менен болот (Мт. 28:20).

19 Үчүнчүдөн, мисал буудай тобуна киргендерди ажырата билгенге өбөлгө түзөт. Бул эмне үчүн маанилүү? Иса Машаяктын буудайга салыштырылган жолдоочулары кимдер экенин билүү анын акыркы күндөр жөнүндө айтканда берген суроосуна жооп алганга жардам берет. Ал: «Ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» — деп сураган (Мт. 24:45). Кийинки эки макаладан бул суроого жооп алабыз.

 

^ абз. 2 2-абзац: Мисалдын башка бөлүктөрүнүн мааниси жөнүндө жазылгандарды эске салыш үчүн «Күзөт мунарасы» журналынын 2010-жылдын 15-мартындагы санына чыккан «Адил адамдар... күн сыяктуу жаркырашат» деген макаланы окуп чыксаңар болот.

^ абз. 3 3-абзац: Отоо чөп чыга баштаганда, элчилердин көзү өтүп кеткен. Майлангандардын жердеги калдыгы болсо кулдарга эмес, буудайга салыштырылган. Ошондон улам мисалдагы кулдар периштелерди билдирет деп айта алабыз. Мисалдын мааниси түшүндүрүлгөндө отоо чөптү жулган орокчулардын периштелер экени айтылган (Мт. 13:39).

^ абз. 6 6-абзац: Бул — жаңы түшүнүк. Мурун Иса Машаяк текшерүү ишин 1918-жылы эле жүргүзгөн деп түшүнүп келгенбиз.

^ абз. 7 7-абзац: 1910—1914-жылдары Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр 4 000 000го жакын китеп, 200 000 000дон ашуун китепче жана баракча таратышкан.

^ абз. 14 14-абзац: Бул — Матай 13:42ге тиешелүү жаңы түшүнүк. Мурда биздин адабияттарда «Падышалыктын уулдары» Машаяктын жолдоочусу атангандардын бетин ачып, алардын «кара өзгөйдүн уулдары» экенин айтып жаткандыктан, алар ондогон жылдардан бери «ыйлап, тишин кычыратып» жатышат деп түшүндүрүлүп келген (Мт. 13:38). Бирок, көңүлгө аларлык нерсе, тиш кычыратуу жок болуу менен байланыштуу (Заб. 112:10).

^ абз. 16 16-абзац: Даниел 12:3тө: «Түшүнүккө ээ болгондор [Иса Машаяктын майланган жолдоочулары] асман мейкиндигиндей жаркырашат»,— деп жазылган. Алар жерде кабар айтуу кызматына катышып жаркырап жатышат. Бирок Матай 13:43тө алардын асмандагы Падышалыкта жаркырай турган убагы жөнүндө айтылган. Буга чейин бул эки аятта бир эле нерсе жөнүндө — кабар айтуу иши жөнүндө — сөз болуп жатат деп ойлоп келгенбиз.

^ абз. 18 18-абзац: «Жахабага жакында» китебинин 288, 289-беттерин карагыла.