Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сонун сүрөт экен!»

«Сонун сүрөт экен!»

«Күзөт мунарасындагы» сүрөттөрдү көргөндө ушинтип суктанган учурларың болду беле? Терең ойлонуштурулуп, кылдат тандалган андай кооз сүрөттөрдүн белгилүү бир максаты болот. Алар ой жүгүртүүгө түрткү берип, сезимдерибизди козгойт. «Күзөт мунарасын» изилдөөгө даярданганыбызда жана аны жыйналыштан талкуулаганыбызда, сүрөттөр өзгөчө жардам берет.

Мисалы, ар бир изилдөө макаласынын биринчи сүрөтү эмне себептен так ошол макалага тандалганы жөнүндө ойлонуп көр. Сүрөттө кандай ой камтылган? Анын макаланын темасы же негизги аяты менен кандай байланышы бар? Башка сүрөттөрдүн да талкууланып жаткан темага жана жеке жашооңо кандай тиешеси бар экени тууралуу ой жүгүртүп көр.

«Күзөт мунарасын» изилдөөнү алып барган бир тууган жыйналыштагыларды ар бир сүрөткө байланыштуу оюн айтууга чакырып, анын темага кандай байланышы бар экенин жана жеке алардын жашоосуна кандай тиешеси бар экенин сураганы жакшы. Айрым учурларда сүрөттүн жанына анын белгилүү бир абзацка байланышы бар экени жазылат. Башка учурларда алып баруучу сүрөттү өзү туура көргөн абзац менен чогуу талкууласа болот. Ошондо Кудайдын Сөзүндөгү ойлорду айкын элестетүүгө жардам берген сүрөттөрдөн баары толук пайда алат.

Бир ишенимдешибиз: «Сүрөттөр сонун жазылган макаланы ого бетер көркүнө чыгарат»,— деген.