Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши деген эмне?

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши деген эмне?

Жетектөөчү Кеңеш Жахабанын Күбөлөрүнө дүйнө жүзү боюнча жетекчилик кылган, Иса Машаяктын жолдоочуларынан турган чакан топту билдирет. Алар кандай милдет аткарат?

  • Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттары, жыйналыштары жана мектептери аркылуу берилген, Ыйык Китепке негизделген окутуу программасынын даярдалышын көзөмөлдөйт (Лука 12:42).

  • Кабар айтуу ишине, тартуу кылынган материалдык каражаттардын бөлүштүрүлүшүнө, жөндөмдүү ага-инилердин жооптуу кызматтарга дайындалышына көзөмөл кылып, Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп жаткан ишин жетектейт.

Жетектөөчү Кеңеш жыйналыштардын жыргалчылыгы үчүн маанилүү чечимдерди чыгарган 1-кылымдагы «Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдардын» үлгүсүнө карманат (Элчилер 15:2). Ошол ишенимдүү кишилер сыяктуу эле, Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү да биздин уюмдун чоңдору болуп эсептелбейт. Алар Жахаба Кудайдын жыйналыштын башчысы кылып Иса Машаякты дайындаганын түшүнгөндүктөн Ыйык Китептен жетекчилик издешет (1 Корунттуктар 11:3; Эфестиктер 5:23).

Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү кимдер?

2015-жылдын март айындагы билдирүүгө ылайык, учурда Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү — Сэмюэл Хёрд, Жеффри Жэксон, Стивен Летт, Геррит Лёш, Энтони Моррис, Марк Сандерсон жана Дэйвид Сплэйн. Алар Бруклиндеги (Нью-Йорк, АКШ) бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгыбызда кызмат кылышат.

Жетектөөчү Кеңеш кандайча уюшулган?

Жетектөөчү Кеңеш жүргүзүп жаткан ишибиздин ар кайсы тармактарын жетектеш үчүн алты комитетти уюштурган. Анын ар бир мүчөсү ошол комитеттердин биринде же бир нечесинде кызмат кылат.

  • Координаторлор комитети. Юридикалык маселелерди жана табигый кырсыкка, куугунтукка же өзгөчө кырдаалдарга кабылган Жахабанын Күбөлөрүнө тиешелүү маселелерди чечет.

  • Кадрлар комитети. Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө байланыштуу иштерди көзөмөлдөйт.

  • Басма комитети. Ыйык Китепке негизделген адабияттарды басып чыгарууга, жөнөтүүгө жана жолугушуулар өтө турган жайларды, котормо офистерин, филиалдарды куруу ишин жетектейт.

  • Кызмат комитети. «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» таратуу ишин көзөмөлдөйт (Матай 24:14).

  • Окутуу комитети. Жыйналыштар, мектептер аркылуу берилген, Ыйык Китепке негизделген программанын, аудио, видео материалдардын даярдалышын көзөмөлдөйт.

  • Жазуу комитети. Басма түрүндө жана сайтыбызга чыга турган, Ыйык Китепке негизделген маалыматтардын даярдалышына кам көрөт жана которуу ишине көзөмөл кылат.

Ушул комитеттерде кызмат кылгандан тышкары, Жетектөөчү Кеңеш уюмдун муктаждыктарына байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн жума сайын кеңешме өткөрөт. Андай жолугушууларда алар Ыйык Китепте жазылгандарды талкуулашат жана ыйык рухтун жетекчилигине баш ийип, бир добуштан чечим чыгарууга аракет кылышат (Элчилер 15:25).

Жетектөөчү Кеңештин жардамчылары кимдер?

Алар — Иса Машаяктын Жетектөөчү Кеңешке көмөк көрсөткөн ишенимдүү жолдоочулары (1 Корунттуктар 4:2). Ал кишилер өздөрү дайындалган комитеттин иштерин көзөмөлдөөгө жөндөмдүү жана ошол тармак боюнча тажрыйбага ээ. Ошондой эле алар кайсы комитетте кызмат кылса, ошол комитеттин жума сайынкы кеңешмесине катышышат. Чечим чыгарууга жооптуу болбосо да, алар баалуу кеп-кеңештерин беришет, зарыл маалыматтар менен камсыз кылышат. Андан тышкары, комитеттин кандайдыр бир чечим чыгарышына зор салым кошушат жана ошол чечимдердин жыйынтыгы кандай болуп жатканына, анын аркасында кандай жетишкендиктер болуп жатканына көз салышат. Жетектөөчү Кеңеш алардын айрымдарын башка өлкөлөрдөгү ишенимдештерибизди бекемдөө үчүн ошол жерлерге жөнөтүшү же жылдык жолугушуу, Гилат мектебинин бүтүрүү аземи сыяктуу чоң жолугушууларда баяндама айтууга да дайындашы мүмкүн.

ЖЕТЕКТӨӨЧҮ КЕҢЕШТИН ЖАРДАМЧЫЛАРЫ

Комитет

Аты-жөнү

Координаторлор комитети

  • Экрен Жон

  • Уоллен Роберт

 

Кадрлар комитети

  • Гризел Жеральд

  • Лафранка Патрик

  • Молчан Дэниел

  • Уоллс Ральф

 

Басма комитети

  • Адамс Дон

  • Батлер Роберт

  • Коркерн Харолд

  • Гордон Дональд

  • Лусиони Роберт

  • Райнмюллер Алекс

  • Синклер Дейвид

 

Кызмат комитети

  • Бро Гэри

  • Делиңгер Жоел

  • Хайатт Сет

  • Мейвар Кристофер

  • Перла Балтасар

  • Тёрнер Уильям

  • Уоллен Роберт

  • Уивер Леон

 

Окутуу комитети

  • Карсэн Роналд

  • Флодин Кеннет

  • Маленфант Уильям

  • Нумар Марк

  • Шейфер Дейвид

 

Жазуу комитети

  • Сиранко Роберт

  • Манц Жеймс

  • Марей Исак

  • Смолли Жин

  • Уисчук Жон

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудайдын эли кандай максатта уюшулган?

Ыйык Китепте Иса Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын уюму эмне үчүн уюшулганы айтылат.

Жетектөөчү Кеңеш бүгүнкү күндө кандай иш алпарат?

1-кылымда элчилер менен аксакалдардан турган кичине топ Кудайдын элин үчүн жетектөөчү кеңеш катары кызмат кылган. Бүгүнкү күн тууралуу эмне айтууга болот?

Жахабанын Күбөлөрүндө кызматы үчүн акча алган диний жетекчилер барбы?

Жахабанын Күбөлөрүндө башкалардан өзгөчөлөнгөн диний жетекчилердин тобу барбы? Кимдер окутат?