1 Корунттуктар 14:1—40
14 Сүйүү көрсөтүүгө умтулгула. Ошол эле учурда рух аркылуу берилүүчү жөндөмдүүлүктөргө+, өзгөчө, пайгамбарлык кылуу жөндөмдүүлүгүнө+ ээ болууга тырышкыла.
2 Бөтөн тилде сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон киши адамдарга эмес, Кудайга сүйлөйт. Ал рух аркылуу ыйык сырларды айтканы менен+, аны эч ким түшүнбөйт+.
3 Ал эми пайгамбарлык кылган киши сөзү менен башкаларды кайраттандырат, бекемдейт+, жубатат.
4 Пайгамбарлык кылган киши жыйналышты бекемдесе, бөтөн тилде сүйлөгөн киши өзүн бекемдейт.
5 Мен баарыңардын бөтөн тилдерде сүйлөшүңөрдү каалайм+, бирок пайгамбарлык кылышыңарды андан да көбүрөөк каалайм+. Ооба, пайгамбарлык кылуу бөтөн тилдерде сүйлөгөндөн жакшы+. Анткени бөтөн тилде сүйлөгөн киши айткандарын которуп бербесе, жыйналыш бекемделбейт.
6 Бир туугандарым, мен силерге барганда бөтөн тилдерде сүйлөсөм, бирок аяндын+, билимдин+, пайгамбарлыктын же окуунун негизинде сүйлөбөсөм, анда эмне пайда?
7 Чоор же арфа* сыяктуу жансыз нерселер да үн чыгарат+. Бирок үнү өзгөрүп турбаса, ал чоордо же арфада эмне ойнолуп жатканын кантип билишет?
8 Эгерде сурнайдын үнү даана чыкпаса, согушка ким даярданат?+
9 Анын сыңарындай, силер да түшүнүксүз сүйлөсөңөр+, эмне деп жатканыңарды башкалар кантип билет? Сөзүңөр жөн эле ооздун жели болуп калбайбы+.
10 Дүйнөдө көп тилдер бар, бирок маңызсыз бир да тил жок.
11 Эгерде айтылып жаткандардын маанисин түшүнбөсөм, аларды айтып жаткан кишиге мен бөтөн жерликмин+, ал да мага бөтөн жерлик.
12 Ошол сыяктуу эле, силер рух аркылуу берилүүчү жөндөмдүүлүктөргө+ ээ болууга тырышып жаткан соң, жыйналышты бекемдей турган жөндөмдүүлүктөргө көбүрөөк ээ болууга умтулгула+.
13 Ошондуктан бөтөн тилде сүйлөгөн киши өзүнүн сөздөрүн которо алгыдай болушу үчүн тиленсин+.
14 Эгер бөтөн тилде тиленсем, рух аркылуу берилген жөндөмдүүлүк менен тиленем+, бирок акылым менен эч нерсе түшүнбөйм.
15 Анда эмне кылыш керек? Рух аркылуу берилген жөндөмдүүлүк менен тиленгенимдей эле, акылым менен да тиленем. Рух аркылуу берилген жөндөмдүүлүк менен даңктоо ырын ырдаганымдай эле, акылым менен+ да даңктоо ырын ырдайм+.
16 Рух аркылуу берилген жөндөмдүүлүк менен Кудайды даңктаганыңда эмне деп жатканыңды түшүнбөсө, ыраазычылык билдирип айткан сөздөрүңдөн кийин араңардагы карапайым киши кантип «оомийн» демек эле?+
17 Ооба, сен Кудайга жакшы сөздөр менен ыраазычылык билдиресиң, бирок айткандарың жаныңдагы кишини бекемдебейт+.
18 Мен баарыңарга караганда көбүрөөк тилде сүйлөй алганым үчүн Кудайга ыраазымын+.
19 Ошентсе да жыйналышта бөтөн тилде он миң сөз айтканга караганда+, башкаларга насаат айтыш үчүн түшүнүктүү беш сөз айтканым артык.
20 Бир туугандар, ой жүгүртүүңөр жаш балдардыкындай болбосун+. Жаман иштерге келгенде наристелердей+, ал эми ой жүгүртүү жагынан жетилген кишилердей болгула+.
21 Мыйзамда: «„Бул элге бөтөн жерликтердин тили менен, чоочундардын+ оозу менен сүйлөйм+, бирок ошондо да алар мени угушпайт“,— дейт Жахаба»,— деп жазылган+.
22 Ошентип, пайгамбарлык ишенбегендер үчүн эмес, ишенгендер үчүн+ жышаан болсо, бөтөн тилдерде сүйлөө жөндөмдүүлүгү+ — ишенгендер үчүн эмес, ишенбегендер үчүн+ жышаан.
23 Андыктан бүт жыйналыш чогулуп, бардыгы ар кандай тилдерде сүйлөп жатканда+, карапайым же ишенбеген кишилер кирип калса: «Булар акылынан адашып калган го»,— дешпейби.
24 Ал эми баарыңар пайгамбарлык кылып жатканда, ишенбеген же карапайым бирөө кирип калса, ал баарыңардын сөзүңөр аркылуу ашкереленип+, өзүн текшерип көрүүгө түрткү алат.
25 Анан анын жүрөгүндөгү сырлары ачыкка чыгып+, ал жүзтөмөндөп жыгылат да: «Кудай, чын эле, силер менен экен!» — деп+, Кудайга таазим кылат.
26 Бир туугандар, анда эмне кылыш керек? Баарыңар чогулганда, бириңер Кудайды даңктап ырдасаңар, бириңер окутасыңар, бириңер алган аяныңарды айтып бересиңер, бириңер бөтөн тилде сүйлөйсүңөр, бириңер айтылгандарды түшүндүрөсүңөр+. Булардын баарын бири-бириңерди бекемдеш үчүн кылгыла+.
27 Эгер бөтөн тилде сүйлөгөндөр бар болсо, экөө же ашып кетсе, үчөө сүйлөсүн. Алар кезектешип сүйлөсүн, ал эми башка бирөө которуп берсин+.
28 Которуп бере турган эч ким жок болсо, алар жыйналышта унчукпай, ичинен Кудай менен сүйлөшсүн+.
29 Пайгамбарлар бар болсо, экөө же үчөө сүйлөсүн+, ал эми башкалар айтылгандардын мааниси жөнүндө ойлонушсун+.
30 Бирок ал жерде отургандардын бирине аян берилип калса+, сүйлөп жаткан киши ага сөз берсин.
31 Баары үйрөнүп, бекемделиши үчүн+, баарыңар кезектешип пайгамбарлык кылсаңар болот+.
32 Пайгамбарлар рух аркылуу берилген жөндөмдүүлүктөрдү колдоно билиши керек.
33 Анткени Кудай — баш аламандыктын эмес+, тынчтыктын Кудайы+.
Ыйыктардын бардык жыйналыштарындагыдай эле,
34 аялдар жыйналыштарда унчукпасын+, себеби аларга сүйлөөгө уруксат берилбейт. Мыйзамда айтылгандай+, алар эркектерге баш ийишсин+.
35 Эгерде кайсы бир нерсени түшүнбөй жатышса, үйдөн күйөөлөрүнөн сурашсын, анткени аял кишинин жыйналышта сүйлөгөнү орунсуз+.
36 Кудайдын сөзү силерден чыкты беле+ же ал силерге эле жетти беле?
37 Ким өзүн пайгамбармын деп эсептесе же өзүндө рух аркылуу берилген жөндөмдүүлүк бар деп ойлосо, ал силерге жазып жаткан сөздөрүмдү Мырзабыздын* осуяттары катары кабыл алсын+.
38 Ал эми кимде-ким аларды түшүнгүсү келбесе, ал түшүнбөйт.
39 Ошентип, бир туугандарым, пайгамбарлык кылууга умтулгула+, ошол эле учурда бөтөн тилдерде сүйлөөгө тыюу салбагыла+.
40 Бирок бардыгы өз орду, өз тартиби менен болсун+.