Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жашыя китебиндеги урунттуу ойлор

БИЗДИН заманга чейинки 1473-жылы Маап түздүгүнө кошуун жайган ысрайыл эли: «Жолуңарга азык камдагыла, анткени үч күндөн кийин, ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири силерге мурас кылып берген жерди алыш үчүн, Иордандын ары жагына өтөсүңөр»,— деген буйрукту укканда кубанса керек (Жашыя 1:11). Алардын 40 жылдык чөл кезүүсү аяктаганы турган!

Андан жыйырма жылдай өткөн соң, ысрайылдыктар Канаан жеринин так борборунда турушканда, алардын жолбашчысы Жашыя эл аксакалдарына: «Мен Иордандан тартып батыштагы улуу деңизге чейинки элдердин бардыгын кырып, калган элди силердин укум-тукумдарга өкчөмө таш менен бөлүп бердим. Кудай-Теңириңер силерге айткандай, алардын жерлерин мурастап калышыңар үчүн, Кудай-Теңириңер Өзү аларды кууп чыгып, силердин көзүңөрчө жок кылды»,— деген (Жашыя 23:4, 5).

Б.з.ч. 1450-жылы жазылган Жашыя китебинде 22 жылдын ичинде болуп өткөн кызыктуу окуялар баяндалат. Ысрайылдыктар Убадаланган жерге кирүүгө даярданып, анын босогосунда турушкан. Аларга окшоп, биз да Кудай убадалаган жаңы дүйнөнүн босогосунда турабыз. Андыктан, келгиле, Нундун уулу Жашыянын китебин кунт коюп изилдеп чыгалы (Эврейлерге 4:12).

«ЖЕРИХО ТҮЗДҮГҮНДӨ»

(Жашыя 1:1—5:15)

Жахаба Нундун уулу Жашыяга: «Менин кулум Муса дүйнөдөн өттү, ошондуктан тур, мына бул эл менен бирге Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерге бул Иордан аркылуу өт»,— деген маанилүү тапшырма берет (Жашыя 1:2). Жашыя бир нече миллион адамды Убадаланган жерге жетектеп барышы керек. Бирок адегенде ал алгачкылардан кылып басып алуу керек болгон Жерихо шаарына эки тыңчы жиберет. Ал шаарда Жахабанын өз эли үчүн кандай зор иштерди кылганын уккан Рахап аттуу сойку аял жашачу. Ал тыңчыларга жашынууга жардам берип өзү жана жакындарынын аман каларына ынандырылат.

Тыңчылар кайтып келгенде, Жашыя менен бүт ысрайыл эли жолго чыгууга жана Иорданды кечип өтүүгө даяр турган. Ошо кезде Иордан аябай кирип жатса да, Жахаба дарыянын өйдө жагын токтотуп койгондуктан суунун кирип жатканы элге аны басып өтүүгө тоскоолдук кылган эмес. Дарыянын төмөн жагындагы суу болсо Жансыз деңизге агып кеткен болчу. Иорданды өткөн соң ысрайылдыктар чатырларын Жерихонун жанына, Гилгалга, тигишет. Төрт күндөн кийин, абыт айынын 14-күнү, алар Жерихо түздүгүндө Пасах майрамын белгилешет (Жашыя 5:10). Эртеси күнү ал жердин түшүмүнөн жей башташат жана ошондон тартып Жахаба аларга манна берүүнү токтотот. Ошондо Жашыя чөлдө жүргөндө төрөлгөн эркектердин бардыгын сүннөткө отургузат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2:4, 5 — Рахап тыңчыларды издеп келген падышанын кишилерин эмне үчүн алдаган? Рахап Жахаба Кудайга ишенип калгандыктан, өз өмүрүнө коркунуч туулганына карабастан, тыңчыларды жашырып койгон. Ал Кудайдын душмандарына тыңчылардын каякта экенин билдирүүгө милдеттүү эмес болчу (Матай 7:6; 21:23—27; Жакан 7:3—10). Мындан сырткары, Рахап «иштери менен акталган», ал иштерине тыңчыларды издеп келген адамдарды башка жолго салып жибергени да кирет (Жакып 2:24—26).

5:14, 15 — «Теңирдин кошуундарынын жол башчысы» деген ким? Ал Жашыя Убадаланган жерди басып ала баштаганда, ага жардамга келген «Сөз», тактап айтканда, адам болуп жерге келгенге чейинки Ыйса Машайак болсо керек (Жакан 1:1; Даниел 10:13). Даңкка бөлөнгөн Ыйса Машайактын азыркы рухий согушка катышып жаткан Кудайдын элине жардам берип жатканын билүү бизди кандай гана бекемдейт!

Биз алчу сабактар:

1:7—9. Рухийликке байланыштуу иш-аракеттерибиздин акыбети кайтышы үчүн, Ыйык Китепти күнүгө окуп, окугандарыбыздын үстүнөн дайым ой жүгүртүшүбүз жана окуп билген принциптерди турмушта колдонушубуз керек.

1:11. Жашыя элге Кудайдын кам көрөрүн күтүп отура бербей жолго тамак-аш камдоону буйруган. Ыйсанын жашоого зарыл нерселер үчүн тынчсызданбоо керектигин эскерткени жана «мунун баары силерге кошулуп берилет» деген убадасы өзүбүздү материалдык жактан камсыз кылуу үчүн эч нерсе кылбашыбыз керек дегенди билдирбейт (Матай 6:25, 33).

2:4—13. Жахабанын зор иштери тууралуу уккан жана токтоосуз түрдө иш-аракет кылуу керек экенин түшүнгөн Рахап Жахабанын кызматчылары тарабына өтүүнү чечкен. Эгерде силер бир топ убактан бери Ыйык Китепти изилдеп келатсаңар жана «акыркы убакта» жашап жатканыбызды түшүнсөңөр, Кудайга кызмат кылууну чечкениңер туура эмеспи? (2 Тиметейге 3:1).

3:15. Жерихого барган тыңчылар ал жердин жакшы экенин айтып келишкенде, Жашыя Иордандын суусунун тартылышын күтүп отурбастан токтоосуз түрдө ишке киришкен. Сөз Кудайга сыйынуу тууралуу болгондо, биз да ыңгайлуу шартты күтүп отурбай, тайманбастык менен иш-аракет кылганыбыз абзел.

4:4—8, 20—24. Иордандын түбүнөн алынган он эки таш ысрайылдыктарга эстелик болуп калган. Азыркы күндө да Жахабанын өз элин душмандардан кандайча куткарып жатканы анын алар менен экенин көрсөтүп турган «эстелик» же күбөлөндүрүү болуп эсептелет.

ШААРЛАРДЫ БАСЫП АЛУУ УЛАНТЫЛАТ

(Жашыя 5:16—12:24)

Жерихо шаарынын «эшиги жабылды... Андан эч ким чыккан да жок, ага эч ким кирген да жок» (Жашыя 5:16). Анда ал шаарды кантип басып алууга мүмкүн эле? Жахаба Жашыяга эмне кылышты айтат. Арадан көп өтпөй дубалдары урап, шаар талкаланат. Рахап жана анын үйүндөгүлөрү гана аман калышат.

Андан соң падышанын шаарларынын бири болгон Ай шаарын каратып алуу керек болот. Тыңчылар анын тургундары аз экенин жана аны басып алуу үчүн көп адамдын кереги деле жок экенин айтып келишет. Айды басып алууга 3000 аскер жиберилет, бирок алар шаардын элинен качып жөнөйт. Эмне себептен? Анткени Жахаба ысрайылдыктар менен болгон эмес. Жүйүт уруусунан чыккан Ахан Жерихо шаарын каратып алууда күнөө кылган эле. Жашыя ишти жөнгө салып, кийинчерээк Ай шаарына кайра чабуул коёт. Биринчи чабуулда ысрайылдыктардын жеңилип калганын көргөн Ай падышасы согушууга бел байлайт. Бирок Жашыя өзгөчө ыкма колдонот: Айдын эли өздөрүнүн күчүнө ишенгенинен пайдаланып шаарды басып алат.

Гибон «чоң шаар болгон... Айдан да чоң эле жана анда жашагандардын баары эр жүрөк эл болгон» (Жашыя 10:2). Ысрайылдыктардын Жерихо менен Айды басып алганын уккан гибондуктар Жашыяга барып, куулук менен тынчтык келишимин түзүп алышат. Гибондуктардын душман тарапка өтүп кеткенин көргөн кошуна элдер муну өздөрүнө карата коркунуч катары кабыл алышат. Беш падыша Гибонго кол салууга биригет. Ысрайылдыктар гибондуктарга жардам берип, душмандардын бардыгын талкалашат. Жашыянын жетеги астында ысрайылдыктар түштүктөгү жана батыштагы шаарларды басып алышат, ошондой эле түндүк падышалардын биримдигин да кыйратат. Ысрайылдыктар баш-аягы Иордандын батышындагы шаарларга бийлик кылган 31 падышаны жеңип алышат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

10:13 — Мындай керемет кандайча болушу мүмкүн эле? Асман менен жердин Жаратканы болгон «Теңир үчүн кыйын нерсе барбы?» (Башталыш 18:14). Эгер кааласа Жахаба Жердин айлануусун токтото алат, натыйжада адамдарга күн менен ай бир орунда тургандай көрүнүп калат. Ошондой эле Кудай Жер менен Айдын айлануусу өзгөртпөстөн эле Күн менен Айдын жарыгынын чагылышын колдонуп оптикалык эффект жарата алат, ушундан улам жердегилерге бул эки асман телосу көктө жылбай тура бергендей көрүнөт. Кандай болбосун, Ыйык Китепте: «Мындай күн мурда да, кийин да болгон эмес»,— деп айтылат (Жашыя 10:14).

10:13 — «Адил адамдын китеби» деген эмне болгон китеп эле? «Адил адамдын китеби» тууралуу 2 Шемуел 1:18де (МАК) «жаа жөнүндө ыр», башкача айтканда, Ысрайыл падышасы Шабул менен анын уулу Жонатанды жоктоп ыйлоодогу кошок тууралуу кеп кылынганда да айтылат. Ал китеп тарыхый окуяларды, эпикалык мазмундагы ырларды камтыган жана эврейлерге жакшы маалым болгон жыйнак болгон окшойт.

Биз алчу сабактар:

6:25; 9:22, 23. Жашыянын Жерихо талкаланганда айткан каргышы 500 жылдай өткөн соң аткарылган (1 Падышалар 16:34). Гибондуктар ысрайылдыктарга кул болгондо, Нухтун өз небереси Канаанга айткан каргышы орундалган (Башталыш 9:25, 26). Жахабанын айткандары ар дайым аткарылат.

7:20—25. Ахандын уурулугунан эч ким деле зыян тартпагандай көрүнгөндүктөн, айрымдар анын күнөөсү анча деле олуттуу болгон эмес деп айтышат. Кээ бирөөлөр анча-мынча уурдоо жана ыйык китептик мыйзамдарды бир аз бузуу анча деле чоң күнөө эмес деп эсептешет. Биз болсо, Жашыяга окшоп, адеп-ахлаксыздыктын жана мыйзамга каршы нерселердин бардыгына каршы турушубуз керек.

9:15, 26, 27. Биз сөзүбүзгө бек туруп, убада менен келишимдерге олуттуу карашыбыз керек.

ЖАШЫЯНЫН АКЫРКЫ ЧОҢ ТАПШЫРМАСЫ

(Жашыя 13:1—24:33)

Жашы 90дорго таяп калган Жашыя жер бөлүштүрүүгө киришет. Бул, чынында эле, оор тапшырма болгон! Рубейин, Гат уруулары жана Менашенин жарым уруусу буга чейин эле Иордандын чыгыш жагынан өз үлүштөрүн алышкан. Калган уруулар болсо өкчөмө таш ыргытып энчисин батыш тараптан алышат.

Жыйын чатыры Эпрайымдын карамагындагы Шиломго жайгаштырылат. Калепке Хеброн шаары тиет, Жашыя болсо Тимнат-Серах шаарын алат. Лебилерге 48 шаар, анын ичинде 6 баш калкалай турган шаар берилет. Рубейин, Гат жана Менашенин жарым уруусу Иордандын чыгышындагы өздөрүнүн жерине кайтып барышып, «чоң курмандык жай курушат» (Жашыя 22:10). Иордандын батыш тарабында жашаган уруулар муну ишенимден чегингендик катары эсептешкендиктен, уруулардын ортосунда согуш чыгып кете жаздайт, бирок ачык сүйлөшүүнүн аркасында бөөдө кан төгүү токтотулат.

Тимнат-Серахта бир канча убак жашагандан кийин Жашыя ысрайыл элинин аксакалдарын, башчыларын, башкаруучуларын, көзөмөлчүлөрүн чакырып алып, аларды эржүрөк болууга жана Жахабанын алдында ишенимдүүлүктү сактоого чакырат. Кийинчерээк ал ысрайыл элинин бардык урууларын Шекемге чогултат. Аларга Жахабанын Ыбрайымдын убагынан тартып кандай иштерди кылганын эскертип, баарын «Кудай-Теңирден коркуп, Ага чын жүрөктөн, ак дилден кызмат кылууга» чакырат. Эл: «Кудай-Теңирибизге кызмат кылабыз, Анын үнүнө кулак салабыз»,— деп бир добуштан жооп берет (Жашыя 24:14, 15, 24). Кийинчерээк 110 жашында Жашыя көз жумат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

13:1 — Бул аятта айтылгандар Жашыя 11:23тө айтылгандарга карама-каршы келбейби? Жок. Убадаланган жерди басып алууну эки баскычка бөлүүгө болот: Канаан жеринин 31 падышасын багындырып, канаандыктардын бийлигин жоюу, андан кийин жеке адамдардын жана уруулардын иш-аракети аркылуу жерге толук ээлик кылуу (Жашыя 17:14—18; 18:3). Ысрайыл уулдары канаандыктарды өздөрүнүн арасынан толугу менен кууп чыгышпаса да, аман калган канаандыктар Ысрайылдын коопсуздугуна эч кандай коркунуч туудурган эмес (Жашыя 16:10; 17:12). Жашыя 21:44тө: «Теңир... бардык тараптан тынч жашоо берди»,— деп айтылат.

24:2 — Ыбрайымдын атасы Терах буркандарга сыйынгандардан болгонбу? Башында Терах Жахаба Кудайдын кызматчысы болгон эмес. Балким, ал Ур жеринде кеңири маалым болгон Син деген ай кудайына сыйынып жүргөн. Жүйүттөрдүн айтуусунда, Терах буркандарды өзү жасаса керек. Бирок Ыбрайым Кудайдын буйругуна баш ийип Ур шаарынан Харанга жөнөгөндө, Терах дагы аны менен кеткен (Башталыш 11:31).

Биз алчу сабактар:

14:10—13. Калеп 85 жашка чыкса да, Хеброн аймагындагы душмандарды кууп чыгуу ишине өзү киришет. Бул оор тапшырма эле. Ал жерде Анактын алп уулдары жашачу. Жахабанын жардамы менен ал эржүрөк жоокер Хебронду басып алат жана ал шаар баш калкалай турган шаарлардын бири болуп калат (Жашыя 15:13—19; 21:11—13). Калептин үлгүсү бизди теократиялык оор тапшырмалардан коркпоого үйрөтөт.

22:9—12, 21—33. Башкаларга туура эмес мотивдерди ыйгаруудан сак болушубуз керек.

«Бир да сөз аткарылбай калган жок»

Карып калган Жашыя Ысрайыл аксакалдарына: «Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да бекер калбаганын... билесиңер, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты»,— деп айтат (Жашыя 23:14). Жашыя китебинде жазылган тарыхый билдирүүлөр бул сөздөрдүн калетсиздигин далилдеп турат!

Элчи Пабыл: «Буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу... үмүтүбүздү үзбөйбүз»,— деп жазган (Римдиктерге 15:4). Кудайга болгон үмүтүбүз акталарына толук ишенсек болот. Анын айткан сөздөрүнүн бири да аткарылбай калбайт, бардыгы орундалат.

[5-беттеги сүрөт]

Рахап аттуу сойку эмне үчүн «акталганын» билесиңерби?

[6-беттеги сүрөт]

Ахандын уурулугу көңүл бурууга арзыбаган нерсе болгон эмес, ал олуттуу натыйжаларга алып барган.

«Ишенимдери аркылуу Жерихо дубалдары кулаган» (Эврейлерге 11:30).

[7-беттеги сүрөт]

Жашыя ысрайылдыктарды Кудайдан коркуп, ага кызмат кылууга чакырган.

Жашыянын жетекчилиги астында каратылган жерлер.

Араба

Башан

Гилат

Негеп

Туздуу деңиз

Дор

Хейпер

Апейик

Мегидо

Кедеш

Таанах

Жокнеям

Гезер

Эглон

Хатсор

Мадон

Шарон

Тирса

Тапуах

Макет

Жармут

Либна

Лакиш

Бейтел

Ай

Адулам

Гилгал

Жерихо

Иерусалим

Хеброн

Дебир

Арат

Шимрон

Иордан дарыясы

Жабок суусунун өрөөнү

Арнон суусунун өрөөнү

Түн.