Башталыш 9:1—29

9  Кудай Нух менен анын уулдарына мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула+.  Жер бетиндеги тирүү жандыктардын, асманда учкан канаттуулардын жана башка майда жан-жаныбарлар менен деңиздеги балыктардын баары силерден коркуп, титиреп турушсун. Аларды силерге бердим+.  Кыбыр эткен тирүү жандыктын баары силерге азык болсун+. Өсүмдүктөрдү бергенимдей эле, алардын баарын силерге берем+.  Болгону, денени жаны*+ менен — каны+ менен — кошо жебегиле+.  Андан сырткары, мен каныңарды төккөн ар бир тирүү жанды жоопко тартам. Эгер ал жаныбар болсо, ал өлөт. Эгер адам болсо, аны да жоопко тартам+, анткени ал сенин бир тууганың.  Кудай адамды өзүнө окшоштуруп жараткандыктан, ким бирөөнүн канын төксө, анын каны да адамдын колунан төгүлөт+.  Силер болсо укумдап-тукумдагыла, көбөйүп, жер жүзүн толтургула»+.  Анан Кудай Нух менен анын уулдарына мындай деди:  «Мен силер менен, силердин тукумдарыңар менен+ келишим түзөм+. 10  Жаныңардагы тирүү жандардын: канаттуулардын, жаныбарлардын, жер бетиндеги айбанаттардын бардыгы менен, силер менен кошо кемеден чыккан жандыктар менен, алардын жер үстүндөгү бардык тукумдары менен, келишим түзөм+. 11  Ооба, силер менен келишим түзөм: мындан ары эч качан адамдар менен жаныбарларды топон суу менен жок кылбайм, мындан ары жерди топон суу менен кыйратпайм»+. 12  Андан кийин Кудай дагы мындай деди: «Силер менен, силердин жаныңардагы тирүү жандардын баары менен түзгөн, муундан муунга кала турган келишимимдин белгиси мындай+: 13  мен булут бетине асан-үсөн+ пайда кылам. Ал менин жер менен түзгөн келишимимдин белгиси болот. 14  Жердин үстүнө булут каптатканымда, булут бетинде асан-үсөн пайда болот. 15  Ошондо силер менен жана тирүү жандын бардык түрү+ менен түзгөн келишимимди эстейм+. Мындан ары адамдар менен жаныбарлардын баарын кыра турган топон суу болбойт+. 16  Булут бетинде асан-үсөн пайда болгондо+, аны көрүп, жер бетиндеги тирүү жандын бардык түрү менен түбөлүккө түзгөн келишимимди эстейм»+. 17  Анан Кудай Нухка: «Бул — жер бетиндеги бардык адамдар, бүт жан-жаныбарлар менен түзгөн келишимимдин белгиси»+,— деп дагы бир жолу кайталады. 18  Нухтун кемеден чыккан уулдары+ Шем, Хам, Жапет эле. Кийинчерээк Хам Канаан+ деген уулдуу болду. 19  Бул үчөө Нухтун уулдары болгон, алардан жер бетиндеги адамдардын баары тараган+. 20  Нух жер иштетип+, жүзүмзар отургузду+. 21  Ал шарап ичип, мас болуп+, чатырында жылаңач жатканда, 22  Канаандын атасы Хам+ атасынын жылаңач экенин көрүп+, эшикке чыгып, берки эки бир тууганына айтты+. 23  Ошондо Шем менен Жапет кийим+ алып, ийиндерине салып, арты менен киришти да, атасынын жылаңач этин жаап коюшту. Алар жүзүн тескери буруп алышкандыктан атасынын жылаңач экенин көрүшкөн жок+. 24  Нух соолугуп, ойгонгондон кийин кичүү баласынын ага эмне кылганын билди. 25  Ошондо ал: «Канаан каргышка калсын+. Бир туугандарынын эң төмөнкү кулу болсун»+,— деди. 26  Анан дагы мындай деди: «Жахабага, Шемдин Кудайына, алкыш+, Канаан Шемге кул болсун+. 27  Кудай Жапетке көп жер берсин, Ал Шемдин чатырларында жашасын+. Канаан Жапетке да кул болсун». 28  Топон суудан кийин Нух 350 жыл жашады+. 29  Ал бардыгы болуп 950 жыл жашап, анан көз жумду+.

Шилтемелер

Же: «өмүрү». Кара: 7-тирк.