Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бири-бириңерди бекемдегиле

Бири-бириңерди бекемдегиле

Бири-бириңерди бекемдегиле

«Алар менин сооронучум [«мага жөлөк», «ЖД»] болуп калышты» (КОЛОСТУКТАРГА 4:11).

1, 2. Коркунучтарга карабай эмне үчүн Пабылдын достору ага түрмөгө барып турушкан?

ДОСУҢ түрмөдө отурса — адилетсиз түрдө камалган болсо да — бул сенин жашооңо да коркунуч туудурушу мүмкүн. Түрмөнүн кызматкерлери сага шектенип, эч кандай кылмыш кылбаганыңа ынануу үчүн ар бир кадамыңды аңдышы ыктымал. Ошондуктан досуң менен тыгыз байланышта болуп, түрмөгө барып туруу үчүн сенден эржүрөктүк талап кылынат.

2 Дал ушундай тайманбастыкты 1 900 жылдай мурун элчи Пабылдын кээ бир достору көрсөтүшкөн. Алар коркпостон, камакта отурган Пабылга барып, күч-кубат берип, аны жубатып, рухий жактан бекемдеп турушкан. Бул ишенимдүү достор кимдер эле? Алардын кайраттуулугунан, берилгендигинен жана достугунан эмнеге үйрөнө алабыз? (Накыл сөздөр 17:17).

«Жөлөк»

3, 4. а) Пабылга кайсы беш досу колдоо көрсөткөн жана ага эмне болуп беришкен? б) «Жөлөк» деген сөздүн мааниси кандай?

3 Келгиле, азыр б.з. 60-жылдарында болгон окуяларга кайрылып көрөлү. Элчи Пабыл козголоң чыгаруучу деген жалган айып менен Римде камакта отурган (Элчилер 24:5; 25:11, 12). Ал өзүнө колдоо көрсөткөн төмөнкү беш ишенимдешинин атын атап өткөн: Азия аймагынан чыккан жеке өкүлү жана «Теңир жолундагы эмгектеши» Тихик; Колостон чыккан «ишенимдүү жана сүйүктүү бир тууганы» Онисим; Тесалоникадан чыккан жана бир жолу Пабыл менен «камакта отурган» македониялык Аристарх; миссионердик кызматындагы шериги Барнабанын жээни жана өзүнүн аты менен аталган Инжилдин жазуучусу Марк; ошондой эле «Кудайдын Падышачылыгы үчүн» кызмат кылган эмгектештеринин бири Жуст. Бул беш досу жөнүндө Пабыл: «Алар менин сооронучум [«мага жөлөк», «ЖД»] болуп калышты»,— деп айткан (Колостуктарга 4:7—11).

4 Пабыл ишенимдүү досторунун кандай жардам көрсөтүшкөнүн күчтүү сөз менен билдирген. Ал «жөлөк» деп которулган грек сөзүн (паригори́а) колдонгон. Ыйык Китепте ушул аятта гана кездешкен бул сөздүн бир канча мааниси бар жана ал, айрыкча, дарылоо жөнүндө сөз жүргөндө көп колдонулчу *. Аны «жеңилдик, сооронуч же жардам» деп да которууга болот. Пабыл ушундай колдоого муктаж болгон жана аталып өткөн беш биртууган ага дал ушундай жөлөк-таяк болуп беришкен.

Эмне үчүн Пабыл жардамга муктаж болгон?

5. Элчи болсо да Пабыл эмнеге муктаж болгон жана баарыбыз тең мезгил-мезгили менен эмнеге муктаж болобуз?

5 Пабылдын, элчинин, колдоого муктаж болгону кээ бирөөлөрдү таң калтырышы мүмкүн. Бирок чынында эле ошондой болгон. Албетте, анын ишеними күчтүү болгон, ал «көп жолу жарадар болуп», «көп жолу өлүмдөн калган» жана башка далай кордуктарды көргөн (2 Корунттуктарга 11:23—27). Ошентсе да Пабыл биз сыяктуу эле адам болгон, ал эми адамдардын баары кээде башкалардын жубатуусуна жана бекемдөөсүнө муктаж болушат. Андай жардамга атүгүл Ыйса да муктаж болгон. Жердеги жашоосунун акыркы түнүндө периште Гетсемани багына келип, «Ага күч берген» (Лука 22:43).

6, 7. а) Римде Пабылдын көңүлүн кимдер кайт кылышкан жана кимдер аны бекемдеген? б) Римдеги ишенимдештери Пабылга кандайча «жөлөк» болушкан?

6 Пабыл да бекемдөөгө муктаж болгон. Римге туткун катары алынып келингенде, өз улутундагы адамдар аны жылуу тосуп алышкан эмес. Ал жүйүттөр, жалпысынан, Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл албай коюшкан. Камакта отурган Пабылга атактуу жүйүттөр келгенде эмне болгону тууралуу Элчилер китебинде: «Кээ бирөөлөрү айтылган сөздөргө ынанышты, ал эми кээ бирөөлөрү ишенишкен жок. Өз ара келише албай, алар тарай башташты»,— деп баяндалат (Элчилер 28:17, 24, 25). Алардын Жахабанын ырайымын баалабаганы Пабылдын жүрөгүн сыздатпай койбогондур! Буга катуу кейигени бир нече жыл мурда Римдеги жыйналышка жазган катынан көрүнүп турат. Ал: «Менин кайгым чоң, жүрөгүм дайыма сыздап турат. Анткени бир туугандарым [жүйүттөр], кандаштарым үчүн жалгыз мен каргышка калып, Машайактан ажыратылууну каалаар элем»,— деп жазган (Римдиктерге 9:2, 3). Ошентсе да ал Римден өздөрүнүн кайраттуулугу жана ынактыгы менен анын жүрөгүн жубаткан ишенимдүү, чыныгы досторду тапкан. Алар накта рухий биртуугандардан болушкан.

7 Кандайча ошол беш биртууган Пабылга жөлөк болушкан? Алар анын камакта отурганынан улам андан алыстап кетишкен эмес, тескерисинче, даярдуулук менен сүйүү көрсөтүшүп, ага ар кандай жолдор менен жардам беришкен жана камакта болгонуна байланыштуу өзү аткара албаган иштерди аткарышкан. Мисалы, алар Пабылдын каттарын жана оозеки көрсөтмөлөрүн ар кайсы жыйналыштарга жеткирип, аны Римдеги жана башка жерлердеги биртуугандардын ал-абалы тууралуу билдирүүлөр менен кубаттандырып турушкан. Ошондой эле ал достору, болжолу, кышкы кийим, түрмөк, жазуу шаймандары сыяктуу керектүү буюмдарды алып келип берип турушкан (Эфестиктерге 6:21, 22; 2 Тиметейге 4:11—13). Ушундай жолдор менен көрсөтүлгөн жардам камакта отурган элчини бекемдеп, кайраттандырып, анын да башкаларга, атүгүл бардык жыйналыштарга «жөлөк» болушун шарттаган (Римдиктерге 1:11, 12).

Канткенде «жөлөк» боло алабыз?

8. Пабылдын жардамга муктаж экенин башкаларга момундук менен билдиргенинен кандай сабак алсак болот?

8 Пабыл жана анын беш кызматташы жөнүндөгү ушул билдирүүдөн эмне үйрөнсөк болот? Көңүлүбүздү, айрыкча, бир сабакка буралы: кыйынчылыкка учураган адамга жардамга келүү үчүн кайраттуулук жана жанаябастык руху талап кылынат. Ошону менен бирге, кыйналып жатканда жардамга муктаж экенибизди башкаларга билдирүү үчүн момундук талап кылынат. Пабыл жардамга муктаж экенин айтып эле койбостон, башкалардын жардамын ыраазычылык менен кабыл алып, аларды мактаган. Ал башкалардан жардам алууну алсыздыктын белгиси же кемсингендик катары көргөн эмес; биз да ошондой көзкарашта болушубуз керек. Башкалардын бекемдөөсүнө эч качан муктаж болбойбуз деген табияттан тышкаркы шык-жөндөмдөргө ээбиз дегенге тете болмок. Ыйса тууралуу билдирүүлөрдөн көрүнүп тургандай, атүгүл жеткилең адам да кээде башкалардын жардамына муктаж болушу мүмкүн экенин унутпайлы (Эврейлерге 5:7).

9, 10. Адамдын жардамга муктаж экенин мойнуна алганы эмне үчүн дурус жана бул үй-бүлөдөгүлөргө же жыйналыштагыларга кандай таасир этиши мүмкүн?

9 Жоопкерчиликке ээ адамдардын күчтөрү чектелүү экенин жана башкалардын колдоосуна муктаж экенин моюнга алганы дурус (Жакып 3:2). Бул бийлиги барлар менен аларга баш ийгендердин ортосундагы байланышты бекемдеп, өз ара жылуу жана ээн-эркин пикирлешүүгө шарт түзөт. Жардамды кабыл ала билгендер өздөрүнүн момундугу менен ушундай абалдагы башка адамдарга үлгү көрсөтүшөт. Ошентип, алар жетекчиликти колго алгандар да пенде экенин жана аларга дайыма кайрылууга болорун белгилешет (Насаатчы 7:20).

10 Мисалы, балдар ата-энелеринин да балачакта көйгөйлөргө жана азгырыктарга дуушар болгонун билишсе, ошондой кыйынчылыктарга кездешкенде алардын жардамын оңоюраак кабыл алышы мүмкүн (Колостуктарга 3:21). Ошентип, ата-эне менен баланын досторчо пикирлешүүсүнө жол ачылат. Ошондо Ыйык Жазмадан берилген насааттар ынанымдуураак угулуп, көбүрөөк даярдуулук менен кабыл алынат (Эфестиктерге 6:4). Ошо сыяктуу эле, жыйналыш мүчөлөрү аксакалдардын да кыйынчылыктары бар экенин, алардын да башы маң болорун жана кандайдыр бир нерселерден коркорун билишсе, алардын жардамын кабыл алууга көбүрөөк даяр болушат (Римдиктерге 12:3; 1 Петир 5:3). Бул жакшы пикирлешүүгө өбөлгө түзүп, аларга ыйык китептик кеңештерди кабыл алууга түрткү берип, ишенимдерин бекемдей алат. Биртуугандарыбыз бекемделүүгө азыр мурдагыдан да көбүрөөк муктаж экенин эстен чыгарбоо зарыл (2 Тиметейге 3:1).

11. Эмне үчүн ушунчалык көп адамдар башкалардын «жөлөгүнө» муктаж?

11 Каерде жашабайлы, ким болбойлу же канча жашка чыкпайлы, мезгил-мезгили менен ар бирибиз кыйынчылыкка учурайбыз. Анткени дүйнөдөгү абал ушундай (Аян 12:12). Жашоодогу азап-тозоктордон ишенимибиздин сапаты сыналат. Жумуштан, мектептен, үй-бүлөбүздөн же жыйналыштан сыноолорго дуушар болушубуз мүмкүн. Катуу оору же башыбыздан өткөн кандайдыр бир нерсе да жапа чектириши ыктымал. Өмүрлүк жарыбыздын, аксакалдын же досубуздун жылуу-жумшак сөздөрү менен колдоосу кандай гана бекемдеп сооротот! Бул дененин дүүлүккөн жерине сыйпалган бальзам сыяктуу! Ошондуктан биртуугандарыңардын кимдир бирөөсү колдоого муктаж экенин байкасаңар, ага жөлөк болгула. А эгерде кандайдыр бир көйгөйдөн улам өзүңөр кыйналып жүрсөңөр, рухий жактан жетилген биртуугандардан жардам сурагыла (Жакып 5:14, 15).

Жыйналыш кантип жардам бере алат?

12. Жыйналыштын ар бир мүчөсү биртуугандарын кантип бекемдей алат?

12 Башкаларды бекемдөө жыйналыштагылардын баарынын, анын ичинде жаштардын да колунан келет. Алсак, жолугушууларга жана кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катышканыңар башкалардын ишениминин бекемделишине чоң өбөлгө түзөт (Эврейлерге 10:24, 25). Ыйык кызматта туруктуу болгонуңар Жахабага ишенимдүү экениңерди жана жашоодогу кыйынчылыктарга карабай рухий жактан сергек жүргөнүңөрдү далилдейт (Эфестиктерге 6:18). Мындай туруктуулук ишенимдештериңерди бекемдейт (Жакып 2:18).

13. Эмне үчүн кээ бирөөлөр активдүү болбой калышы мүмкүн жана аларга кантип жардам көрсөтүүгө болот?

13 Кээде турмуш түйшүктөрүнөн же башка кыйынчылыктардан улам айрымдар кабар айтуусун басаңдатышы же активдүү болбой калышы мүмкүн (Марк 4:18, 19). Активдүү болбой калгандар жыйналыш жолугушууларына да келбей калышы ыктымал. Ошентсе да алардын жүрөгүндө Кудайга болгон сүйүү дагы деле өчө элек болушу мүмкүн. Алардын ишенимин бекемдөө үчүн эмне кылууга болот? Аксакалдар аларга жолугуп, жумшактык менен жардам сунуш кыла алышат (Элчилер 20:35). Алар жыйналыштын башка мүчөлөрүнөн да андай биртуугандарга жардам көрсөтүүнү суранышы мүмкүн. Мындай камкордук ишеними алсырагандарга кайрадан бутуна турууга жардам бере турган даба боло алат.

14, 15. Башкаларды бекемдөөгө карата Пабыл кандай кеңеш берет? Анын кеңешин иш жүзүндө колдонгон жыйналыш жөнүндө айтып бергиле.

14 Ыйык Китеп бизди «кайгырган жандарды сооротууга, алсыздарды колдоого» үндөйт (1 Тесалоникалыктарга 5:14, «ЖД»). «Кайгырган жандар» өздөрүнүн кайратынын түгөнүп баратканын жана алдындагы тоскоолдуктардан бирөөнүн жардамысыз өтө албай турганын байкашы мүмкүн. Силер аларга жардам көрсөтө аласыңарбы? «Алсыздарды колдоо» деген сөз айкашы аларды «кармап туруу» же аларга «жакын болуу» деген маанилерди да камтыйт. Жахаба «койлорунун» баарын жогору баалайт, сүйөт. Ал эч бирине төмөн баа бербейт жана кимдир бирөөсүнүн ишенимден тайышын каалабайт. Силер жыйналыштын рухий жактан алсыздар бекемделгенге чейин аларды «кармап турушуна» жардам бере аласыңарбы? (Эврейлерге 2:1).

15 Бир аксакал алты жылдан бери активдүү эмес жарчы болуп жүргөн жубайларга барган. Ал мындай деп жазат: «Бүт жыйналыштын көрсөткөн боорукердиги менен камкордугу аларга ушунчалык зор таасир этип, кайрадан оторго кайтып келүүгө түрткү берди». Жыйналыштагы биртуугандардын келип турганы зайыбына кандай таасир эткен? Ал мындай дейт: «Бизге кайрадан активдүү болууга үйгө келген агалардын да, аларды коштоп келген эжекелердин да бизди айыптабай, сындабай мамиле жасаганы жардам берди. Алар сезимталдык көрсөтүп, бизди Ыйык Китептеги ойлор менен бекемдешчү».

16. Бекемдөөгө муктаж болгондорго жардам берүүгө ким дайыма даяр?

16 Ооба, Ыйсанын чыныгы жолдоочулары башкаларга жөлөк болууну каалашат. Жашообуздагы шарттардын өзгөрүп турганына байланыштуу биз өзүбүз да биртуугандарыбыздын жардамына муктаж болуп калышыбыз мүмкүн. Бирок андай учурда жаныбызда колдоо көрсөтө турган эч ким жок болуп калышы да ыктымал. Анткен менен күч-кубаттын башкы Булагы дайыма жаныбызда жана ар убак жардам берүүгө даяр: ал — Жахаба Кудай (Забур 26:10).

Жахаба — күч-кубаттын башкы Булагы

17, 18. Жахаба Уулу Ыйса Машайакты кандай жолдор менен бекемдеген?

17 Мамыда кадалып турганда Ыйса үнүн катуу чыгарып: «Ата, жанымды Сенин колуңа тапшырамын!» — деген (Лука 23:46). Ошондон кийин көз жумган. Бир нече эле саат мурун ал камакка алынганда, эң жакын достору коркконунан аны таштап качып кетишкен (Матай 26:56). Ыйса күч-кубаттын бир гана Булагы — асмандагы Атасы — менен калган. Анын Жахабага таянганы куру бекер болгон эмес. Ыйсанын берилгендиги үчүн Жахаба ага берилгендик менен колдоо көрсөткөн (Забур 17:26, ПК; Эврейлерге 7:26).

18 Жерде кызмат кылып жүргөндө актыгын акырына чейин сактай алышы үчүн, Ыйсаны Жахаба бардык жактан колдоп турган. Мисалы, ал чөмүлтүлгөндө, Атасы аны жактырарын жана сүйөрүн угуза билдирген. Уулу колдоого муктаж болгондо, Жахаба бекемдөө үчүн ага периштелерин жиберген. Ыйса жердеги жашоосунун аягында эң чоң сыноого дуушар болгондо, Жахаба анын жалыныч-өтүнүчтөрүн уккан. Албетте, мунун баары Ыйсага жөлөк болгон (Марк 1:11, 13; Лука 22:43).

19, 20. Оор учурда Жахабанын бизге күч-кубат береринен эмне үчүн шек санабасак болот?

19 Жахаба биз үчүн да күч-кубаттын башкы Булагы болууну каалайт (2 Жылнаама 16:9). Бүт кудуреттин жана зор күч-кубаттын чыныгы Булагы бизге оор учурда жөлөк боло алат (Ышайа 40:26). Согуш, жакырчылык, оору, өлүм жана өзүбүздүн жеткилеңсиздигибиз бизге аябай оордук келтириши мүмкүн. Сыноолор «күчтүү душман» сыяктуу жеңилгис болуп көрүнгөндө, Жахаба биздин күчүбүз жана кубатыбыз боло алат (Забур 17:18; Чыгуу 15:2). Ал бизге эбегейсиз күчтүү ыйык руху менен жардам берет. Өзүнүн руху аркылуу Жахаба «чарчаганга күч берип», анын «бүркүттөй болуп канаттарын көтөрүшүнө» өбөлгө түзөт (Ышайа 40:29, 31).

20 Кудайдын руху — ааламдагы эң кубаттуу күч. Пабыл: «Мага күч-кубат бергендин аркасы менен колуман баары келет»,— деп айткан. Ооба, асмандагы мээримдүү Атабыз абдан жакын калган убадаланган Бейишинде «бардыгын жаңы жаратканга» чейин, көйгөйлөрдүн баарына туруштук беришибиз үчүн, бизди «кудуреттүү күч» менен бекемдей алат (Филипиликтерге 4:13, «ЖД»; 2 Корунттуктарга 4:7; Аян 21:4, 5).

[Шилтеме]

^ 4-абз. Вайндын түшүндүрмө сөздүгүндө: «[Паригори́а] деген сөздүн этиштен жасалган формасы дүүлүгүүнү басаңдаткан дары-дармекти билдирет»,— деп айтылат («Vine’s Complete Expository Dictionary of Old and New Testament Words»).

Эсиңердеби?

• Римдеги биртуугандар Пабылга кандайча «жөлөк» болушкан?

• Жыйналыштагыларга канткенде «жөлөк» боло алабыз?

• Кандайча Жахаба биз үчүн күч-кубаттын башкы Булагы болуп саналат?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Аксакалдар ишенимдештерин бекемдөөдө жетекчиликти колго алышат.

[30-беттеги сүрөт]

Биртуугандар Пабылды берилгендик менен колдоп, бекемдеп жана ага ар кандай жардам көрсөтүп, «жөлөк» болушкан.