Накыл сөздөр 17:1—28
17 Курмандыкка чалынган этке толгон, бирок уруш-талаш кетпеген үйгө караганда+ тынчтык бар жердеги бир сындырым каткан нан артык+.
2 Эстүү кул уятка калтырган уулду башкарат+, анын бир туугандары менен бирге мурас алат+.
3 Эритүүчү казан — күмүшкө, очок — алтынга+. Ал эми жүрөктөрдү Жахаба изилдейт+.
4 Карасанатай адам арам ойлуулардын сөзүнө көңүл бурат+. Калпычы кыянаттык кылгандардын айткандарына кулак төшөйт+.
5 Жакырды шылдыңдаган анын Жаратканына акарат кылат+. Бирөөнүн кырсыкка кабылганына сүйүнгөн жазасыз калбайт+.
6 Карыялардын таажысы — неберелери+, уулдардын көркү — атасы+.
7 Акылсызга чынчыл ооз жарашпайт+. Аттуу-баштууга калпычы тил андан бетер жарашпайт!+
8 Белек — ээси үчүн башкалардын көңүлүн ала турган асыл таш+. Ал каякка барбасын, ийгиликке жетет+.
9 Айыпты кечире билген сүйүү издейт+, ал эми аны эскерте берген жакын досторду бөлөт+.
10 Акылсызга урулган жүз балактан көрө+, түшүнүгү бар кишиге уккан жемеси күчтүүрөөк таасир этет+.
11 Бузукунун издегени — козголоң+, ага каршы ырайымсыз кабарчы жиберилет+.
12 Акылсыздыгы ашынган акылсызга жолуккандан көрө+, мамалактарынан ажыраган аюуга жолуккан жакшы+.
13 Жакшылыкка жамандык менен жооп берген+ кишинин үйүнөн жамандык кетпейт+.
14 Чыр-чатактын башталышы шар сууну коё бергендей+. Ошондуктан, уруш күчөп кете электе, кетип кал+.
15 Ыймансызды адил деп жарыялаган да+, адил адамды ыймансыз деп каралаган да+ Жахаба үчүн жийиркеничтүү+.
16 Акылсызга*, ниети бузук болгон соң+, акылмандыкка ээ кыла турган баалуулуктун кереги эмне?+
17 Чыныгы дос ар убак сүйөт+, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай+.
18 Акылсыз* киши колун берип+, бирөөнүн көзүнчө кепилдикке өтөт+.
19 Күнөөнү жакшы көргөн уруш-талашты жакшы көрөт+. Дарбазасын бийик көтөргөн кыйроону издейт+.
20 Жүрөгү анткор жакшылык көрбөйт+, тили амалкөй кырсыкка кабылат+.
21 Акылсыз уул — атасынын кайгысы+, акылы жоктун атасы кубанбайт+.
22 Шайыр жүрөк — дарыдай даба+, ал эми жараланган рух сөөктү кургатат+.
23 Ыймансыз акыйкаттыктын жолдорун бурмалаш үчүн+ жең ичинен пара алат+.
24 Даанышмандык түшүнө билген адамдын бет алдында+, ал эми акылсыздын көзү жердин түбүндө+.
25 Акылсыз уул — атасынын шору+, энесинин кайгысы+.
26 Адил адамдан жаза пул алуу жакшы эмес+. Аттуу-баштуу кишиге кол көтөрүү адилетсиздикке жатат+.
27 Токтоолук менен сүйлөгөн билимге ээ+, кыраакы киши оор басырыктуу+.
28 Акылсыз унчукпай турганда акылдуудай+, сүйлөбөй турган киши түшүнүгү бардай көрүнөт.