Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акчаны кантип туура пайдаланууга болот?

Акчаны кантип туура пайдаланууга болот?

Ыйык Китептин көз карашы

Акчаны кантип туура пайдаланууга болот?

«Айлыгым азайгандан азайып, чыгымдар көбөйгөндөн көбөйүүдө. Үй-бүлөмдү кантип багам деп башымды катырып, көп учурда түнү бою кирпик какпай чыгам» (Жеймс).

«Өзүмдү учсуз, түпсүз жарга такалгандай сезем» (Шери).

ЭКОНОМИКАЛЫК туруксуздук учурунда мындай сөздөр көп эле айтылат. Эл аралык эмгек бюросунун башкы директору Хуан Сомавиа дүйнөдөгү экономикалык оор кырдаал жөнүндө сөз кылып: «Каатчылык Уолл-стритте эле эмес, бардык көчөлөрдө болуп жатат»,— деп айткан.

Күтүлбөгөн жерден жумуштан айрылуу же үй-бүлөнүн негизги муктаждыктарын канааттандырууга тыйындын жетишсиздиги сарсанаага батырып, үмүтсүздүккө учуратышы мүмкүн. Ыйык Китептин жазуучусу Дөөтү да бир учурда ошондой сезимде болгон. Ал Кудайга: «Жүрөгүмдөгү кайгы көбөйдү, мени кыйынчылыктан куткар»,— деп тиленген (Забур 24:17). Ыйык Китепте биздин күндөр тууралуу эмне айтылат жана андагы рухтун жетеги менен жазылган даанышман сөздөр эртеңки күнгө ишенимдүү кароого, жан дүйнө бейкуттугуна ээ болууга кандайча жардам берет?

Акылмандыктын маанилүүлүгү

Ыйык Китепте азыркы дүйнөнүн «акыркы күндөрү» «азап-кайгыга» толгон «өзгөчө оор мезгил» болору алдын ала айтылган (2 Тиметей 3:1; Матай 24:8). Биз бул сөздөрдүн аткарылып жатканын өз көзүбүз менен көрүүдөбүз. Бирок биз үмүтсүз эмеспиз, анткени Кудай Ыйык Жазма аркылуу экономикалык кыйынчылыктар менен күрөшүүгө зарыл болгон акылмандыкка ээ кылат.

Мисалы, Ыйык Китеп акчага карата туура көз караш сактоого жардам берет. Насаатчы 7:12де мындай делет: «[Акылмандыктын] далдаасында болуу — күмүштүн далдаасында болууга барабар. Бирок билимдин артыкчылыгы бул: акылмандык акылмандыкка ээ болгон адамга өмүр берет». Ооба, акча кандайдыр бир деңгээлде коргойт, анткен менен Ыйык Китепте камтылган Кудайдын акылмандыгы гана бардык учурда чындап коопсуз болууга жардам берет. Айрым мисалдарды карап чыгалы.

Экономикалык оор учурда эмне кылуу керек?

Аракетчил болгула. «Жалкоо эңсейт, бирок эңсегени бекер, ал эми аракетчил адамдар тоюшат» (Накыл сөздөр 13:4). Бул аятта кандай сабак камтылган? Чынчыл, эмгекти сүйгөн адам катары белгилүү болууга умтулгула. Жакшы жумушчулар жумуш берүүчүлөрдүн көз алдында абдан баалуу болушат жана көп учурда жумушка биринчилерден болуп алынып, акыркылардан болуп чыгарылышат (Эфестиктер 4:28).

Бир нерсе сатып алардан мурун чыгымын эсептеп чыккыла. Иса: «Араңардан ким мунара кургусу келсе, аны куруп бүтүүгө каражаты жетер-жетпесин билүү үчүн, адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт?» — деген (Лука 14:28). Ал анын жолдоочусу болордун алдында баарын таразалап чыгууга чакырса да, анын сөздөрү түзмө-түз мааниде да колдонорлук. Андыктан чынында муктаж болгон нерселериңерди жана чыгымдарыңарды тизмеге түшүрүп, бюджет түзгүлө.

Жаман адаттарга акча коротпогула. Кумар оюндарын ойноо, тамеки чегүү, баңгизат колдонуу жана ичимдикти кыянат пайдалануу сыяктуу жаман адаттардын баары Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү (Накыл сөздөр 23:20, 21; Ышайа 65:11; 2 Корунттуктар 7:1).

«Акчаны сүйбөгүлө». (Эврейлер 13:5). Акчаны сүйгөндөр бактысыздыкка жана көңүл кайттыкка учурап, «көптөгөн азаптарга дуушар болуу менен өздөрүн өздөрү жаралашат» (1 Тиметей 6:9, 10). Мындан тышкары, алар ооздукталбаган каалоолорунун кулуна айланып, канча байлыкка ээ болбосун, баары бир деле тоюшпайт (Насаатчы 5:10).

Ыраазы болууга үйрөнгүлө. «Биз дүйнөгө эч нерсе алып келген эмеспиз, андан эч нерсе да алып кете албайбыз. Андыктан ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу» (1 Тиметей 6:7, 8). Аз нерсеге ыраазы болгондор экономикалык оор учурда ашыкча тынчсызданышпайт. Ошондуктан колуңарда болгон нерсеге ыраазы болуп жашоого үйрөнгүлө. (Оң жактагы кутучаны карагыла.)

Эртеңки күнү эмне болорун эч кимибиз билбейбиз. Ыйык Китепте: «Каргашалуу убакыт менен кокустукка баары кабылат»,— делет (Насаатчы 9:11, «ЖД»). Ошондуктан «өзгөрүлмө байлыкка эмес,.. баарын мол берген Кудайга таянуу» акылдуулукка жатат. Ал ишенимдүү кызматчыларына: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деген убада берет (1 Тиметей 6:17; Эврейлер 13:5).

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

● Ыйык Китепте биздин күндөр жөнүндө эмне делет? (2 Тиметей 3:1—5).

● Бүгүнкү күндө ишенүүгө татыктуу жетекчиликти кайдан алууга болот? (Забур 18:8).

● Үй-бүлөмдүн келечеги коопсуз болушуна кантип кам көрө алам? (Насаатчы 7:12).

ҮНӨМДӨӨ ҮЧҮН...

Соода кылуу. Тизме түзүп алгыла. Пландаштырылбаган нерселерди сатып алуудан качкыла. Арзаныраак жерлерди издегиле. Купондорду жана арзандатууларды колдонгула. Өзүңөргө керектүү нерселерди сатып түгөтүлүп жаткан жерлерден же жыл мезгилинин башка учурунун буюмдары сатылып жаткан жерлерден алгыла. Мүмкүн болсо, дүң соода кылгыла.

Үй чыгымдары. Үстөк пул өсүп кетпеши үчүн, тиричилик чыгымдарын убагында төлөгүлө. Тамакты, суусундуктарды үйдөн даярдагыла жана тамактанууда, ичимдик ичүүдө тең салмактуу болгула. Зарыл болбосо, жарыкты жана электр шаймандарын өчүрүп тургула. Колдон келсе, электр тогун аз жеген шаймандарды колдонгула. Үйүңөрдү жылуулагыла. Чаканыраак үйгө көчүү жөнүндө ойлонуп көргүлө.

Унаа. Жеке унаа керек болсо, ишеничтүү жана майды аз ичкен унаа сатып алгыла. Ал сөзсүз эле жаңы болушу керек эмес. Унаа менен жүргөндө көп ишти бир бүтүргөнгө жана бир жакка башкалар менен бир унаада барганга аракет кылгыла. Же болбосо коомдук унааны, велосипедди колдонгула же жөө жүргүлө. Өргүүгө мезгили кызып турбаган учурда чыккыла жана үйгө жакыныраак жерде эс алгыла.

Телефон жана көңүл ачуу. Силерге үй телефону да, уюлдук телефон да керекпи? Балдарыңардын уюлдук телефону бар болсо, аны азыраак колдоно алышабы? Же, балким, такыр эле колдонбой коё алышаттыр. Эгер акы төлөнүүчү телеканалдарды пайдалансаңар, алардын санын азайта аласыңарбы? Китептерди жана фильмдерди сатып алгандан көрө, китепканадан же прокатка берилүүчү жерлерден алгыла *.

[Шилтемелер]

^ 25-абз. Кошумча кеңештерди алуу үчүн «Ойгонгула!» журналынын 2009-жылдын апрель—июнундагы санына чыккан «Акчаңарды акылдуулук менен колдонгула» жана 2008-жылдын апрель—июнундагы санына чыккан «Жаштардын суроолору. Акчаны канткенде туура колдоно алам?» деген макалаларды карагыла.