Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жер байлыгы болочок муундарга калабы?

Жер байлыгы болочок муундарга калабы?

Жер байлыгы болочок муундарга калабы?

КАНАДАДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

▪ «Миң жылдыктын босогосунда экосистемага баа берүү» (ЭББ) деген изилдөөгө катышкан окумуштуулардан жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кыймылдардын аттуу-баштууларынан турган илимий топ 4 жылдын ичинде дүйнөнүн негизги экосистемаларын ар тараптуу изилдеп чыккандан кийин өздөрүнүн алгачкы отчётун маалымдашкан. Алар чыгарган тыянактардын айрымдары төмөнкүлөр: акыркы 50 жылдын ичинде тамак-ашка, таза сууга, жыгачка, өсүмдүк жана синтетика булаларына, күйүүчү майга болгон муктаждыктын кескин өсүшү жердин экосистемаларын болуп көрбөгөндөй өзгөрткөн. Бул болсо жердин болочок муундарды тиричиликке зарыл нерселер менен камсыз кылуу кудуретине доо кетирүүдө. Андан тышкары, дан өсүмдүктөрүнүн чаңдашын, жапайы өсүмдүктөрдүн абаны тазартып, кычкылтек менен байытышын, ошондой эле океандардын органикалык заттарды кайра иштетишин шарттаган жердин табигый жөндөмдүүлүгүнө аябай күч келүүдө. Ал эле эмес, планетабызды биологиялык түрлөрдүн тукум курут болуп кетишинин дагы бир чоң толкуну басканы турат.

«Адам баласы Жер планетасын болуп көрбөгөндөй деңгээлде бүлдүрүп жаткандыктан, оорулардын жайылып кетишине, токойлордун кыйылып жок болушуна жана деңиздерде өлүк зоналардын пайда болушуна алып келе турган табигый кырсыктардын болуу коркунучу жогорулоодо»,— деп билдирет Канаданын «Глоб энд мейл» гезити. Анда мындай деп кошумчаланат: «Саздарга, токойлорго, саванналарга, суулардын куйган жерлерине, жээкке жакын балык кармоочу зоналарга жана абаны, сууну тазартуучу, жан бүткөндүн баарын азык-заттар менен камсыз кылуучу башка табият системаларына орду толгус зыян келтирилип жатат». ЭББнын жетекчилер кеңеши адамзат коомунун экосистемага келтирип жаткан залакасын азайтуу мүмкүн деген бүтүмгө келсе да, ал белгилегендей, андай максатка жетүү үчүн «бийликтин чечим чыгарууга катышкан бардык тепкичтеринде жаратылыш ресурстарын пайдаланууга болгон көз карашты түп-тамыры менен өзгөртүү талап».

Жер планетасын сактап калуу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн! Ан үчүн биз, Кудайдын жаратууларына кам көрө тургандар, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылышыбыз керек (Забур 113:24). Бирок экосистемалар Кудайдын кийлигишүүсү менен гана калыбына келет. Улуу Жаратканыбыз жерге көңүлүн буруп, аны «байытарын» убадалайт (Аюб 35:10; Забур 64:10—14). Бул деңиздерге жана андагы нерселерге да тиешелүү, анткени деңиздер да Жаратканыбыз Жахаба Кудайга таандык (Забур 94:5; 103:24—31). Ал эми анын убадалары сөзсүз орундалат, себеби ал — «жалган сүйлөй албаган Кудай» (Тит 1:2).

Жер байлыгын болочок муундар да колдоно аларын билүү үмүтүбүздүн шамын жандырат. Бул Кудайдан корккондордун баарына Аны теңдешсиз акылмандыгы, кудурети, жакшылыгын аябаганы жана жаратууларына болгон зор сүйүүсү үчүн даңктоого түрткү берет (Забур 150:1—6).

[28-беттеги булак]

Globe: NASA photo