Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дос көрүнгөн кас

Дос көрүнгөн кас

Дос көрүнгөн кас

Сенин бала кезде жолуктурган «досуң» бар. Ал сага өзүңдү чоң кишидей сезүүгө жана курбуларың менен жуурулушуп кетүүгө көмөк кылгандай болгон. Башыңа кыйынчылык түшкөндө, ал сенден «жардамын» аячу эмес. Ошентип, ал таянар тооң болуп калган.

Бирок убакыттын өтүшү менен анын дос эмей эле, кара санаган кас экенине көзүң жете баштады. Ал, башкаларга жагар-жакпасына карабай, дайыма аны жаныңа алып жүрүшүңдү талап кыла турган болду. Балким, ал сага өзүңдү чоңоюп-жетилген кишидей сезүүгө жардам бергендир, бирок анын айынан ден соолугуңан айрылдың. Анысы аз келгенсип, ал сенин акчаңды да уурдап келет.

Жакын арадан бери аны менен болгон мамилеңди үзүүгө аракет кылып келесиң, бирок анын буга көнгүсү жок. Кайсы бир деңгээлде ал сени кулга айландырып алды. Ошондуктан ага жолукканыңа аябай өкүнөсүң.

ЧЫЛЫМ чеккен кишилердин көбү тамеки менен дал ушундай мамиледе десек жаңылышпайбыз. 50 жыл тамеки чеккен Эрлин деген аял: «Тамеки мага айланамдагы адамдардын кимисинен болбосун көбүрөөк жардам бере алчу. Ал менин ишенимдүү, кээде атүгүл жалгыз досум болчу»,— деп эскерет. Бирок Эрлин кийинчерээк тамекинин чынында дос эмес, душман, болгондо да, кара мүртөз душман экенин түшүнгөн. Макаланын башында келтирилген сөздөр Эрлин жөнүндө да айтылган десек болот. Бирок ал тамеки чегүү денени булгагандыктан Кудайдын көз алдында күнөө экенин билгенде ошол жаман адатынан арылган (2 Корунттуктар 7:1).

Фрэнк аттуу бир киши да Кудайга жагуу үчүн тамекини таштоону чечкен. Бирок акыркы тамекисин чеккенден бир-эки күн өтүп-өтпөй, ал тамдын астына жөрмөлөп кирип, полдун тешиктеринен түшүп калган тамекинин калдыктарын издей баштайт. «Ошондо мен эсиме келдим... Эмне кылып жатканымды, каяктагы бир калдыктар үчүн кир жерде төрт аяктап жүргөнүмдү көрүп, өзүмөн өзүм жийиркендим. Ошондон кийин тамекиге жологон жокмун»,— деп эскерет ал.

Эмне үчүн тамеки адамды кишендеп алат? Изилдөөчүлөр мунун бир нече себебин аныкташкан: 1) тамеки баңгизаттай эле көз карандылыкты пайда кылат; 2) дем аркылуу кирген никотин мээге 7 секундада эле жетет; 3) чылым чегүү адамдын жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланып, жеп-ичүү, пикир алышуу, стрессти чыгаруу жана башка нерселер ансыз өтпөй калат.

Бирок, Эрлин менен Фрэнктин мисалынан көрүнүп тургандай, бул зыян адатты жеңүү толук мүмкүн. Эгер тамекини таштоону кааласаң, кийинки макалалардан ал адаттан арылууга жана жаңы жашоо баштоого жардам ала аласың.