Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кекечтик менен кантип күрөшүүгө болот?

Кекечтик менен кантип күрөшүүгө болот?

Кекечтик менен кантип күрөшүүгө болот?

«Мен кекечтенгенде тынчсыздана баштайм, ошон үчүн ого бетер кекечтенип кирем. Андайда өзүмдү туңгуюкка түшүп, такыр чыга албай жаткандай сезем. Бир жолу жардам издеп психологго кайрылсам, ал мага: „Бир кыз менен жүрүп ал, жыныстык катнаш өзүңдү сыйлоо сезимиңди жогорулатат“,— деп айтты. Айтып болобу, экинчи ага баргыс болдум. Мен тек гана башкалардын мени кандай болсом, ошондой кабыл алышын каалайм» (Рафаэль, 32 жашта).

АВТОБУСКА билет алып жатканыңарды элестетсеңер. Бирок билет сурайын десеңер эле, тилиңер буулуп, бүткөн боюңарды муздак тер басат, улам бир сөзгө такалып, биринчи тыбышты эле кайра-кайра кайталай бересиңер. Дүйнө жүзү боюнча 60 миллиондой киши — жүз кишинин бири — кекечтиктен кыйналып келет *. Көбүнчө алар шылдыңга алынып, басынтылышат. Алар оюн билдириш үчүн татаал эмес, жөнөкөй сөздөрдү колдонгондуктан, кээде аларды атүгүл акылы тайкы киши катары көрүшөт.

Кекечтиктин себеби эмнеде? Аны айыктырууга болобу? Кекечтенгендер такалбай, жай-салмактуу сүйлөөгө үйрөнө алышабы? Башкалар аларга кантип жардам бере алышат?

Себеби эмнеде болушу мүмкүн?

Байыркы убакта кекечтикти каардуу жин-перилер пайда кылат деп ишенишкен, ошондуктан аларды кууп чыгаруу керек деп ойлошкон. Орто кылымдарда болсо кекечтикке адамдын тили күнөөлүү деп эсептешкен. Алар аны кантип «дарылашкан»? Ысык темир басып, ачуу чөп-чар колдонушкан. Ал эми кийинки кылымдарда хирургдар тилдин нервдерин жана булчуңдарын кесип таштап, ал тургай, алкымдагы бадам сымал безди алып салышчу. Бирок мыкаачылыкка жаткан мындай ыкмалар ийгиликке жеткен эмес.

Акыркы изилдөөлөргө ылайык, кекечтик бир эмес, бир нече себептен улам пайда болушу мүмкүн. Бир себеби — стресс. Башка себеби — тукум куучулук. Кекечтенгендердин болжол менен 60 пайызынын кекечтиктен кыйналган туугандары бар. Андан тышкары, томографиялык изилдөөлөр кекеч кишилердин мээси сүйлөп жатканда башкача иштээрин көрсөткөн. Доктор Нейтан Лавид «Кекечтикти түшүнүү» деген китебинде белгилегендей, айрымдар, «кыязы, мээ сөздөрдү кандайча туура айтуу керектигине байланыштуу буйрук бере электе эле сүйлөй башташат» («Understanding Stuttering») *.

Демек, бир учурда ойлошкондой, кекечтикке сөзсүз эле психологиялык факторлор себеп боло бербейт. «Башкача айтканда, кекечтик ишенимге байланыштуу эмес, ошондуктан адамды шар сүйлөөгө психологиялык жол менен ынандыруу мүмкүн эмес»,— делет бир китепте («No Miracle Cures»). Бирок кекеч киши психологиялык кыйынчылыктарды кекечтигинен улам өрчүтүп алышы мүмкүн. Мисалы, ал көпчүлүктүн алдында сүйлөөдөн же телефон менен сүйлөшкөндөн коркушу ыктымал.

Кантип жардам берүүгө болот?

Кызыктуусу, кекеч кишилер, адатта, дээрлик же такыр кекечтенбей ырдашат, шыбырашат, хор менен сүйлөшөт, өзү менен өзү жана үй жаныбарлары менен сүйлөшүшөт, башкаларды туурашат. Андан сырткары, кекечтенген балдардын 80 пайызынын андай көйгөйү өзүнөн өзү эле өтүп кетет. Ал эми калган 20 пайызы жөнүндө эмне айтууга болот?

Бүгүнкү күндө кекечтиктен арылууга жардам берген атайын дарылоо ыкмалары бар. Алардын айрымдарына эриндерди, тилди, жаак булчуңдарын бош кармоого жана диафрагма менен дем алууга үйрөтүү кирет. Бейтаптарды «жай баштоо» ыкмасы менен да дарылашат, анда кекеч киши диафрагма менен анча терең эмес дем алып, демин бир аздан чыгарып сүйлөйт. Андан тышкары, аларга үндүү жана кээ бир үнсүз тыбыштарды созуу кеңеш кылынышы ыктымал. Ошонун аркасында адам бара-бара жай-салмактуу жана тезирээк сүйлөөгө үйрөнөт.

Мындай ыкмаларды бир нече сааттын ичинде эле өздөштүрүүгө болот. Бирок аларды стресс менен коштолгон жагдайларда да ийгиликтүү колдонуу үчүн миңдеген саат бою машыгуу талап кылынышы мүмкүн.

Дарылоону канчалык эрте баштоо керек? Баланын кекечтиги өзү эле өтүп кетет деп күтө берүү акылмандыкка жатабы? Статистикага ылайык, 5 жыл кекечтенген балдардын 20 пайызынан азыраагы гана өзүнөн өзү кекечтенбей калат. Жогоруда айтылган китепте: «Алтыга чыккан баланын кекечтенүүсү логопеддин жардамысыз өтүп кетиши күмөн»,— делет («No Miracle Cures»). Ошондуктан «кекеч балдарды логопедге мүмкүн болушунча эртерээк көрсөтүү керек». Чоңойгондо деле кекечтене берген балдардын 20 пайызынын ичинен болжол менен 60—80 пайызы дарылоо ыкмаларынын жардамы менен бул көйгөйүн жеңип кетишет *.

Туура көз карашта болгула

Өзү да кекечтик менен күрөшкөн дефектолог Роберт Кесалдын ою боюнча, кекечтердин көбү үчүн бардык жагдайда эч такалбай эркин сүйлөө мүмкүн эмес. Макаланын башында айтылып өткөн Рафаэль мурдагыдан жакшыраак сүйлөп калса да, кекечтигин толугу менен жеңе алган эмес. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Эл алдында окуганда, сүйлөгөндө же сулуу кыздын жанында көбүрөөк кекечтене баштайм. Мурда мени шылдыңдашканда уялып, оңтойсуздана берчүмүн. Бирок азыр өзүмдү кандай болсом, ошондой кабыл алууга жана өзүмө өтө көп көңүл бурбоого аракет кылам. Ошондуктан азыр кекечтене баштасам, өзүмө күлөм да, көп чыңалбай, андан ары сүйлөй берем».

Рафаэлдин сөздөрү Американын кекечтерге жардам берүү боюнча уюмунун: «Кекечтикти жеңүү үчүн көп күч-аракет жумшоодон да, кекечтенүүдөн коркуу сезиминен арылуу көбүрөөк маанилүү»,— деген билдирүүсүнө шайкеш келет.

Кекечтиги менен күрөшүп келген көп кишилер ал кыйынчылыктын маңыздуу жашоо өткөрүүгө тоскоол кылышына жол беришкен эмес. Айрымдар атүгүл атагы алыска кеткен чыгаан инсандардан болушкан. Буга физик Исаак Ньютон, британиялык мамлекеттик ишмер Уинстон Черчилл жана америкалык актёр Жеймс Стюарт мисал боло алат. Башкалар музыкалык аспапта ойноо, сүрөт тартуу, жаңдоо тилин үйрөнүү сыяктуу сүйлөөнү талап кылбаган жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүшкөн. Кекечтенбей сүйлөгөндөр мындай көйгөй менен күрөшүп жаткандардын күч-аракетин жогору баалашы керек. Андыктан аларды колдоп-кайраттандыруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасайлы!

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Кекечтенгендердин 80 пайызы — эркектер.

^ 7-абз. Кекечтиктин себебине жана дарылоо ыкмаларына байланыштуу заманбап теориялардын жалпылыгы болсо да, алар бири бирине дайыма эле шайкеш келе бербейт. «Ойгонгула!» журналы буга байланыштуу белгилүү бир теорияны же дарылоо ыкмасын жактабайт.

^ 13-абз. Кээде логопеддер адамга өзүнүн үнүн бир аз кечирээк угууга мүмкүнчүлүк берген электрондук шайманды колдонууну же речтин бузулушунан улам пайда болгон тынчсызданууну басаңдатуучу дарыларды сунушташы ыктымал.

КЕКЕЧТЕНГЕН КИШИГЕ КАНТИП ЖАРДАМ БЕРСЕ БОЛОТ?

● Тынч, жайбаракат жагдай өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзгүлө. Бүгүнкү күндөгү кысымга толгон жашоонун тез агымы көйгөйдү күчөтөт.

● Кекечтенген кишиге жайыраак сүйлөөнү кеңеш кылгандын ордуна, өзүңөр жайыраак сүйлөгүлө. Чыдамдуулук менен уккула. Сөзүн бөлбөгүлө. Сүйлөмүн бүтүрүп койбогула. Жооп берерден мурун тыным жасагыла.

● Сындап, сөзүн тууралагандан качкыла. Көзүңөр, жүзүңөр, жаңсоолоруңар жана сөзүңөр менен анын кантип эмес, эмнени айтып жатканына кызыгарыңарды көрсөткүлө.

● Кекечтенүү жөнүндө сүйлөшүүдөн коркпогула. Жылмайып, достук маанайда ал көйгөй тууралуу кез-кезде сөз кылсаңар, адам өзүн эркинирээк сезиши мүмкүн. Мисалы: «Оюбуздагыны айтуу дайыма эле оңой боло бербейт»,— десеңер болот.

● Эң негизгиси, адамды кандай болсо, ошондой кабыл аларыңарды көрсөткүлө.

«Бара-бара Көп Кекечтенбей Калдым»

Үй-бүлөсүндө чоң көйгөйлөр пайда болгондо, Виктор кекечтене баштаган, бирок бир нече жылдан кийин дарыланбай эле көйгөйүнөн арылган. Жахабанын Күбөсү болгондуктан ал ар бир жыйналышта жума сайын өткөрүлгөн Теократиялык кызмат мектебине жазылган. Мектепте логопеддин жардамы караштырылбаса да, ал окуучуларга сүйлөө жөндөмүн өрчүтүүгө жана өзүн ишенимдүү сезүүгө жардам берет.

«Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы» деген окуу куралынын «Кекечтикти кантип жеңсе болот?» деген кутучасында мындай делет: «Эч багынба... Тапшырмаларыңдын баарына жакшылап даярдан. Сүйлөгөндө берилип, сезим менен сүйлө. Эгер кекечтене баштасаң, үнүңдү мүмкүн болушунча бир калыпта чыгарганга жана кыймыл-аракетиңди эркинирээк кылганга умтул. Бет булчуңдарыңды бош карма. Кыска сүйлөмдөр менен сүйлө. „Гм-м“, „э-э“ деген сыяктуу сырдык сөздөрдөн кач».

Мектеп Викторго жардам бергенби? Ал мындай дейт: «Мен кантип эмес, эмнени айтарыма көңүл топтогондуктан көйгөйүмдү унутуп калчумун. Ошондой эле көп көнүкчүмүн. Бара-бара көп кекечтенбей калдым».