Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Рим папасы Бенедикт XVIнын расмий катында мындай делет: «Бардык элдерден бирдиктүү үй-бүлө түзүү мүдөөсү ишке ашышы үчүн, Бириккен Улуттар Уюмун жана эл аралык экономикалык жана финансы институттарын реформалоо абдан зарыл болуп турат» («ОССЕРВАТОРЕ РОМАНО»; жантайыңкы арип алардыкы).

«Украиналык ар бир үчүнчү киши күнүнө болжол менен бир пачка тамеки чегет» («ЭКСПРЕСС», УКРАИНА).

Сурамжылоого ылайык, Кошмо Штаттарда өспүрүм балдардын 44 пайызы «Интернет же чөнтөк телефон аркылуу өзүнүн классташ кызынын жылаңач түшкөн, жок эле дегенде, бир сүрөтүн көргөнүн» айткан («ТАЙМ», АКШ).

Кайгылуу көрсөткүч

Ассошиэйтед пресс билдиргендей, согуштан, кургакчылыктан, саясий туруксуздуктан, азык-түлүктүн кымбатташынан жана жакырчылыктан улам дүйнөдө ачарчылыктан жапа чеккендердин саны бир миллиарддан ашты — бул кайгылуу көрсөткүчтөрдүн эң чоңу. БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башкы директору Жозетт Ширан мындай деген: «Ачка дүйнө — кооптуу дүйнө... Ачка адамдардын үч эле мүмкүнчүлүгү бар: алар көтөрүлүш чыгарууга, жер которууга же өлүмгө моюн сунууга аргасыз. Булардын бири да жөндүү эмес». Андан тышкары, ачарчылыктын азабын тарткандардын саны дүйнө калкынын санынан да тез өсүүдө. Атүгүл өнүккөн өлкөлөрдө жетиштүү тамактанбагандардын саны 15,4 пайызга өскөн.

Жатар алдында окуу пайдалуу

Ата-энелер балдарына жатар алдында окуп бергенде аларды алдейлеп уктаткандан да көптү кылган болушат. Окумуштуулардын айтымында, бул балдардын сүйлөө жөндөмүн жана эс тутумун өрчүтөт. Ошондой эле китеп кармап, барактоо алардын кыймылдоо жөндөмүн жакшыртат. «Бирок баарынан да маанилүүсү... үн чыгарып окуу учурунда ата-эне менен бала бирге ой жүгүртүп, бирге туюп-сезет,— делет «Гардиан» гезитинде.— Бул болсо окууну ого бетер жагымдуу кылат». Ошондой эле, изилдөөнү жетектеген профессор Барри Цукерман айткандай, «балдар китепти сүйүктүү адамдары менен окугандыктан, аны сүйүүгө үйрөнүшөт».

Эркелетсең — көп сүт берет

Англиядагы Ньюкасл университетинин окумуштуулары: «Ат коюлган уй ат коюлбаган уйга караганда көп сүт берет»,— деп билдиришет. Чынында эле, ар бир уйга жекече көңүл бөлүү, эркелетүү сүттү жылына дээрлик 280 литрге көбөйтөт. Эмне үчүн? «Жекече көңүл бөлүү адамдарга кандай жагымдуу болсо, уйларга да ошондой жагымдуу. Мунун аркасында алар өздөрүн аябай жакшы сезишет,— дейт айыл чарба, азык-түлүк жана элет турмушун өнүктүрүү факультетинин ветеринария илиминин доктору Кэтрин Дуглас.— Биздин изилдөөбүз боорукер, камкор фермерлерге эзелтен эле белгилүү болгон нерселерди ачып берди. Уйларды атынан атоо же карыган сайын көбүрөөк убакыт бөлүү алардын өздөрүн жакшы сезишине жана адамдарга „жакшы мамиле кылышына“ эле эмес, сүттүн көбөйүшүнө да өбөлгө түзөт».