Забур 25:1—22

Дөөтүнүн забуру. א [Алеф] 25  Оо, Жахаба, жанымды сага сунам+. ב [Бет]  Оо, Кудайым, мен өзүңө таянам+,Мени уятка калтыра көрбө.Душмандарымдын мага үстөмдүк кылышына жол бербе+. ג [Гимел]  Ооба, сага үмүт арткандардын бири да уятка калбайт+.Митаамдык кылгандар ийгиликке жетпей шылдың болот+. ד [Далет]  Мага өз жолдоруңду көрсөт, оо, Жахаба+,Өз жолдоруңда жүрүүгө үйрөт+. ה [Хе]  Мага чындыгыңда жүрүүгө жардам бер, мени үйрөт+;Анткени сен куткаруучу Кудайымсың+. ו [Вав] Мен сага күнү бою үмүт артам+. ז [Зайин]  Оо, Жахаба, кайрымдуулугуңду+, мээримдүүлүгүңдү эстей көр+,Анткени сен аларды байыртадан эле көрсөтүп келатасың+. ח [Хет]  Жаш кезимдеги күнөөлөрүм менен кылмыштарымды эстебе+,Оо, Жахаба, жакшылыгың үчүн+Мени боорукердигиң менен эсте+. ט [Тет]  Жахаба жакшы жана чынчыл+.Андыктан күнөөкөрлөрдү түз жолдо жүрүүгө үйрөтөт+. י [Йод]  Ал мүнөзү жумшактарга өзүнүн өкүмдөрүнө ылайык жүрүүгө жардам берет+,Аларды өзүнүн жолунда жүрүүгө үйрөтөт+. כ [Каф] 10  Жахабанын келишимин+ сактап, насааттарына+ карманышкандар үчүнАнын жолдорунун баары — мээримдүүлүк менен чындык. ל [Ламед] 11  Оо, Жахаба, өз ысмың үчүн мени кечир+,Анткени күнөөм чоң+. מ [Мем] 12  Ким Жахабадан коркот?+Ал аны өзү тандаган жолдо жүрүүгө үйрөтөт+. נ [Нун] 13  Анын жаны жакшылыкка бөлөнөт+,Тукуму жерди мураска алат+. ס [Самех] 14  Жахаба Өзүнөн корккондор менен ынак мамиледе+,Аларга келишимин ачып берет+. ע [Айин] 15  Мен Жахабадан көзүмдү албайм+,Анткени ал бутумду тордон чыгарат+. פ [Пе] 16  Мага жүзүңдү бур, ырайым кыл+,Анткени мен жалгызсырап, кыйналып жатам+. צ [Цаде] 17  Жүрөгүмдүн кайгысы көбөйдү+.Мени кыйынчылыктарыман арылт+. ר [Реш] 18  Кыйналганыма, азап тартканыма көңүл бур+,Күнөөлөрүмдүн баарын кечир+. 19  Душмандарымдын көбөйгөнүн карачы+,Алар мени ушунчалык жек көрүшөт+. ש [Шин] 20  Жанымды корго, мени куткар+,Уятка калбайын, анткени сени баш маана кылып келем+. ת [Тав] 21  Мени кынтыксыздыгым менен чынчылдыгым коргосун+,Себеби мен өзүңө үмүт артам+. 22  Оо, Кудай, Ысрайылды бардык азаптарынан кун төлөп куткарып ал+.

Шилтемелер