Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, Жаратканыңар бактылуу болушуңарды каалайт!

Жаштар, Жаратканыңар бактылуу болушуңарды каалайт!

«[Жахаба] жашооңду жакшылыкка толтурат» (ЗАБ. 103:5).

ЫРЛАР: 135, 39

1, 2. Жашообузду эмнеге арнаарыбызды чечерде Жараткандын оюн эске алганыбыз эмне үчүн акылдуулукка жатат? (Макаланын башындагы сүрөттөрдү кара.)

ЭГЕР жаш болсоң, келечегиңе байланыштуу толгон-токой кеңештерди угуп жаткандырсың. Балким, мугалимдериң, кеңеш берүүчүлөр же дагы башкалар сени жогорку билим алууга, мансапты көздөөгө үндөп жатса керек. Бирок Жахаба таптакыр башка жолду тандоону сунуш кылат. Албетте, ал сенин, кийин өзүңдү багып кете алышың үчүн, мектепте колуңан келишинче жакшы окушуңду каалайт (Кол. 3:23). Анткен менен жашооңдо эмнени биринчи орунга коёруңду чечерде туура принциптерге жетектелишиңди күтөт. Ал принциптер азыркы акыркы күндөрдө Жахабанын бизге карата болгон ой-ниетин, эркин эске алып иш кылууга жардам берет (Мт. 24:14).

2 Ошондой эле Жахабанын жагдайды толук көрө аларын унутпа. Ал бул дүйнөнү кандай келечек күтүп турганын, анын акырына канчалык аз калганын эң сонун билет (Ыш. 46:10; Мт. 24:3, 36). Андан тышкары, бизди да, башкача айтканда, бизге эмне канааттануу, бакыт тартуулаарын, ал эми эмне көңүл кайттыкка учуратып, бактысыз кыларын жакшы билет. Андыктан адамдар берген кеңеш канчалык туурадай сезилбесин, эгер Кудайдын Сөзүндө жазылгандарга ылайык келбесе, аны туура деп айтууга болбойт (Накыл 19:21).

«ЖАХАБАГА КАРШЫ АКЫЛМАНДЫК... ЖОК»

3, 4. Адам ата менен Обо эненин туура эмес кеңешке кулак какканы аларга жана урпактарына кандай таасир эткен?

3 Туура эмес кеңештин тамыры тээ адамзат тарыхынын башталышына барып такалат. Ошол убакта текебер кеңешчи — Шайтан — өзүм билемдикке салып, Обо энеге, эгер күйөөсү экөө өздөрү каалагандай жашоону тандашса, бактылуураак болушарын айткан (Башт. 3:1—6). Чынында, Шайтан өз кызыкчылыгын көздөгөн. Ал Адам ата менен Обо эненин жана алардын келечектеги урпактарынын Жахабага эмес, ага баш ийип, ага сыйынышын көксөгөн. Бирок ал Адам ата менен Обо энеге эмне кылып берген? Эч нерсе. Ал эми Жахаба аларга баарын берген: экөөнү бирин-бирине белек кылган, ажайып кооз бакка жайгаштырган, түбөлүккө жашашы үчүн жеткилең дене берген.

4 Өкүнүчтүүсү, Адам ата менен Обо эне Жаратканга баш ийбей, аны менен болгон мамилесин үзүп коюшкан. Мунун арты каргашалуу болгон. Сабагынан үзүлүп калган гүл сыңары, алар улам «соолуп» отуруп, акыры өлүмгө дуушар болушкан. Ал экөө эле эмес, урпактары да күнөөнүн азабын тартып келүүдө (Рим. 5:12). Ушуга карабай адамзаттын басымдуу бөлүгү Кудайга баш ийбей, өздөрү каалагандай жашагысы келет (Эф. 2:1—3). Мунун кесепети «Жахабага каршы акылмандык... жок» экенин айкын көрсөтүп турат (Накыл 21:30).

5. Кудай адамдарга байланыштуу эмнеге ишенген жана анын ишеничи кандайча акталууда?

5 Ошентсе да Жахаба көптөрдүн, анын ичинде жаштардын аны издээрин, ага кызмат кылгысы келерин билген (Заб. 103:17, 18; 110:3). Жахаба андай адамдарды абдан жогору баалайт! Алардын арасында сен да барсыңбы? Ошондой болсо, Кудайдын «жашооңду жакшылыкка толтуруп» жатканы, тактап айтканда, бактылуу болушуңа өбөлгө түзгөн көптөгөн жакшы нерселерди берип жатканы шексиз. (Оку: Забур 103:5; Накыл 10:22.) Бул макаладан биле турганыбыздай, ал жакшы нерселерге сапаттуу жана мол рухий тамак, мыкты достор, арзырлык максаттар, чыныгы эркиндик кирет.

ЖАХАБА РУХИЙ МУКТАЖДЫГЫҢДЫ КАНААТТАНДЫРАТ

6. Рухий муктаждыгыңды эмне үчүн канааттандырып турушуң керек жана Жахаба бул жагынан кантип жардам берет?

6 Жаныбарлардан айырмаланып, адам баласынын рухий муктаждыгы бар. Аны Жараткан гана канааттандыра алат (Мт. 4:4). Эгер анын айткандарына кулак каксаң, түшүнүккө, акылмандыкка ээ болуп, бактылуу болосуң. Иса Машаяк: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деген (Мт. 5:3). Кудай рухий муктаждыгыңды өзүнүн Сөзү, «ишенимдүү жана акылдуу кулду» колдонуп берип жаткан рухий тамак аркылуу канааттандырат (Мт. 24:45). Ал рухий тамак ары түрлүү, ары мол! (Ыш. 65:13, 14).

7. Кудай берген рухий тамак менен азыктануунун кандай пайдалары бар?

7 Кудай берип жаткан рухий тамак акылмандыкка ээ болууга, ой жүгүртүү жөндөмүн өрчүтүүгө жардам берет. Бул болсо сени ар кандай зыяндан коргойт. (Оку: Накыл сөздөр 2:10—14.) Айталы, алар Жараткан жок деген сыяктуу окуулардын жалган экенин түшүнүүгө көмөк кылат. Акча менен дүнүйө-мүлк бакытка жол ачат деген калпка ишенүүдөн сактайт. Ошондой эле туура эмес каалоолорду, зыян гана алып келе турган иштерди аңдай билип, аларга каршы турууга жардам берет. Андыктан Кудайдан келген акылмандыкты, ой жүгүртүү жөндөмүн жогору баалап, өрчүтүүгө умтула бер! Ошентсең, Жахабанын сени жакшы көрөрүнө, сага жакшылык гана каалаарына өз тажрыйбаңдан ынана бересиң (Заб. 34:8; Ыш. 48:17, 18).

8. Эмне үчүн азыртадан Кудайга жакындай беришиң керек жана мунун келечекте кандай пайдасы тиет?

8 Жакында Шайтандын дүйнөсүн түзгөн ар бир нерсенин таш-талканы чыгат. Ал убакта Жахаба гана коопсуз жайыбыз болот. Ошондо жашоого зарыл нерселерди, атүгүл тамак-аш табыш үчүн Жахабанын колун гана карап кала турган күндөр болушу мүмкүн (Хаб. 3:2, 12—19). Андыктан азыр асмандагы Атаңа жакындап, ага көбүрөөк таянууга үйрөнө турган убак (2 Пет. 2:9). Эгер ошентсең, айланаңда кандай жагдай өкүм сүрбөсүн, забурчу Дөөтүгө окшоп, Жахабанын коргой турганына эч шектенбейсиң. Ал: «Жахаба дайыма көз алдымда. Ал оң жагымда болгондуктан, мен олку-солку болбойм»,— деп жазган (Заб. 16:8).

МЫКТЫ ДОСТОРДУ ТАПКАНГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

9. а) Жакан 6:44тө айтылгандай, Жахаба эмне кылууда? б) Ишенимдешибиз менен таанышканыбыздын кандай өзгөчө жагы бар?

9 Жахаба ак ниет адамдарды сүйүүсү менен таза сыйынууга алып келип, өзүнүн рухий үй-бүлөсүнүн мүчөсү болууга мүмкүнчүлүк берүүдө. (Оку: Жакан 6:44.) Чындык жолунда жүрбөгөн киши менен биринчи жолу таанышканда, ал тууралуу канчалык көп биле аласың? Анын ысмынан, сырткы келбетинен башка эч нерсе деле биле албашың мүмкүн. Ал эми Жахабаны таанып-билген, аны сүйгөн ишенимдешиң менен алгач таанышканда таптакыр башкача болот. Анын тек-жайы, өлкөсү, уруусу же маданияты башка болсо да, экөөң тең бири-бириң жөнүндө көптү билесиңер.

Жахаба мыкты досторду табышыбызды, рухий максаттарды коюшубузду каалайт (9—12-абзацтарды кара)

10, 11. Жахабанын кызматчыларынын кандай жалпылыгы бар жана бул эмнеси менен пайдалуу?

10 Мисалы, бири-бириңердин чындыктын «таза тилинде» сүйлөп жатканыңарды дароо эле байкайсыңар (Сеп. 3:9). Демек, бири-бириңердин Кудайга болгон ишенимиңер, карманган адеп-ахлак нормаларыңар, келечекке болгон үмүтүңөр жана башка ушу сыяктуу нерселер тууралуу көптү билесиңер. Булар — эки адамды бириктирип турган, бири-бирине ишеним артууга өбөлгө түзгөн эң маанилүү нерселер. Ошондой эле алар түбөлүккө созула турган бекем достуктун пайдубалы болуп эсептелет.

11 Жахабага кызмат кылуунун аркасында дүйнө жүзү боюнча мыкты досторду таптың деп айтуу аша чапкандыкка жатпайт. Көбү менен эч качан көрүшө элек болсоң да, алардын чыныгы дос экенине эч шек жок. Жахабанын элинен башка дагы кимдер ушундай баа жеткис белекке ээ?

АРЗЫРЛЫК МАКСАТТАРДЫ КОЙГОНГО КӨМӨК КЫЛАТ

12. Алдыңа кандай жакшы рухий максаттарды койсоң болот?

12 Оку: Насаатчы 11:9—12:1. Алдыңа коюп, аларды ишке ашырууга умтулуп жаткан рухий максаттарың барбы? Балким, Ыйык Китепти күн сайын окууга аракет кылып жаткандырсың. Же сүйлөө жана окутуу жөндөмүңдү жакшыртууга күч жумшап жаткан чыгарсың. Кандай болбосун, аракетиңдин үзүрүн көргөнүңдө же башкалар көрүп мактаганда, кандай сезимде болосуң? Бул сага терең канааттануу, кубаныч тартуулаары күмөнсүз. Андай сезимде болгонуң туура. Анткени сен, Исадан үлгү алып, Кудайдын эркин өз кызыкчылыгыңдан жогору коюп жатасың (Заб. 40:8; Накыл 27:11).

13. Кудайга кызмат кылуу эмне үчүн дүйнө сунуш кылган максаттарга умтулуудан алда канча артык?

13 Рухий максаттарга умтулуу менен чыныгы канааттануу тартуулай турган иш кылуудасың. Себеби жумшаган аракетиң эч качан талаага кетпейт. Элчи Пабыл: «Бекем, туруктуу болгула жана Теңирдин алдында эмгегиңер текке кетпей турганын билип, Теңирдин ишин аткаруу үчүн дайыма көп эмгектенгиле»,— деп жазган (1 Кор. 15:58). Ал эми дүйнө сунуш кылган жана жеке кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган максаттарга умтулуу — курулай убаракерчилик. Атүгүл айрымдар бул жагынан ийгиликке жеткендей көрүнсө да, алар көкүрөгүндөгү боштук толбой кыйналышат (Лк. 9:25). Мунун калетсиз экенине Сулайман падыша өз жашоосунан ынанган. Мындан биз да сабак ала алабыз (Рим. 15:4).

14. Баарын татып көргөн Сулайман падышанын жашоосунан кандай сабак алсак болот?

14 Байлык десең байлыгы, бийлик десең бийлиги болгон Сулайман падыша «көңүл ачып, жыргалга батыш» үчүн ар нерсени кылып көргөн (Нас. 2:1—10). Ал үйлөрдү курган, бак отургузуп, сейил бактарын жасаган, айтор, каалаганын кылган. Ошондо кандай сезимде болгон? Көңүлү тойгонбу? Канааттануу, кубаныч алганбы? Мунун жообу айкын. Ал өзү: «Колум менен жасаган бардык иштериме... кылчая карап, бардыгынын убаракерчилик... экенин түшүндүм. Алардан күн астында эч пайда жок экен»,— деп жазган (Нас. 2:11). Кандай гана ойлондурарлык сөздөр! Мындан өзүңө сабак аласыңбы?

15. Ишеним өрчүтүү эмне үчүн маанилүү жана Забур 32:8ге ылайык, мунун кандай жакшы жактары бар?

15 Жахаба сенин бир нерсеге ачуу тажрыйбаңдан үйрөнүшүңдү каалабайт. Кудайга баш ийип, анын эркин жашооңдо биринчи орунга коюш үчүн ишеним өрчүткөнүң маанилүү. Андай ишеним абдан баалуу жана эч качан көңүл кайттыкка учуратпайт. Ырас, Жахаба «анын ысмына көрсөткөн сүйүүңдү» эч качан унутпайт (Евр. 6:10). Андыктан күчтүү ишеним өрчүтүүгө бүт күчүңдү жумша. Ошондо асмандагы Атаңдын дайыма сенин жыргалчылыгыңды көздөөрүн түшүнөсүң. (Оку: Забур 32:8.)

ЧЫНЫГЫ ЭРКИНДИККЕ ЭЭ КЫЛАТ

16. Эмне үчүн эркиндикти баалашыбыз жана акылдуулук менен колдонушубуз керек?

16 Пабыл: «Жахабанын руху бар жерде эркиндик бар»,— деп жазган (2 Кор. 3:17). Ооба, Жахаба эркиндикти жакшы көрөт жана сенин жүрөгүңө да ошондой сезимди салган. Ошол эле учурда ал эркиндигиңди колдонууда жоопкерчиликтүү болушуңду каалайт. Ошенткениң өзүңдү көп жактан коргойт. Балким, сен порнография көргөн, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жаткан иштерди кылган, өмүрдү тобокелге салган спорт оюндарына катышкан же баңгизат менен ичимдикке берилген жаштарды билеттирсиң. Алардын кыска убакытка рахат алары чын. Бирок тарткан азабы алган рахатынан ашып түшөт. Алсак, көптөрү ооруга чалдыгат, зыяндуу нерсеге башы байланып калат, жадагалса өлүмгө дуушар болот (Гал. 6:7, 8). Мындан көрүнүп тургандай, алар өздөрүн эркинбиз деп эсептегени менен, чынында, кулчулукта жүрүшөт (Тит 3:3).

17, 18. а) Кудайга баш ийүү кандайча эркин кылат? б) Азыркы адамдардан айырмаланып, Адам ата менен Обо эне башында кандай эркиндикке ээ болгон?

17 Ал эми Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерге ылайык жашаганы үчүн ооруга чалдыккан канча адамды билесиң? Чынында, Жахабага баш ийүү ден соолугубузга жакшы таасир этет жана чыныгы эркиндикке ээ кылат (Заб. 19:7—11). Андан сырткары, эркиндигиңди акылдуулук менен колдонсоң, тактап айтканда, Кудайдын жеткилең мыйзам-принциптеринин чегинен чыкпасаң, Кудайдын жана ата-энеңдин алдында жоопкерчиликтүү экениңди айгинелейсиң. Анын аркасында ата-энең сага ишенип, көбүрөөк эркиндик берет. Жахаба келечекте ишенимдүү кызматчыларынын баарын жеткилең эркиндикке жеткирүүнү ниет кылган. Ыйык Китепте ал эркиндик «Кудайдын балдары» ээ боло турган «даңктуу эркиндик» деп аталат (Рим. 8:21).

18 Адам ата менен Обо эне бир кезде ошондой эркиндикке ээ болчу. Эйден багында Кудай аларга канча чектөө койгон? Бир эле. Кудай аларга бир гана дарактын жемишинен жебеши керектигин айткан (Башт. 2:9, 17). Анын ошондой жалгыз чектөө койгону катаалдыкка же адилетсиздикке жатканбы? Таптакыр андай эмес. Ал эми адамдар чыгарган жана окуп-үйрөнүүгө, баш ийүүгө мажбурлаган сансыз мыйзамдар жөнүндө ойлонуп көрсөң.

19. Жахаба менен Иса бизди эркин болууга кантип үйрөтүп жатат?

19 Жахаба кызматчыларына абдан даанышмандык менен мамиле кылат. Ал бизди аягы түгөнбөгөн мыйзамдар менен кыйнабай, сүйүүгө үндөгөн мыйзам боюнча иш кылууга чыдамкайлык менен үйрөтүүдө. Кудай биздин анын принциптерине ылайык жашап, жамандыкты жек көрүшүбүздү каалайт (Рим. 12:9). Иса Машаяктын тоодо айткан насааты — ошондой окутуп-үйрөтүүнүн мыкты үлгүсү. Анткени ал ошол насаатында адамдардын жаман иштеринин тамыры эмнеде экенин айкын түшүндүргөн (Мт. 5:27, 28). Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары Машаяк бизди жаңы заманда да окутуп-үйрөтө берет. Натыйжада биз анын адилдикке жана ыймансыздыкка карата болгон көз карашын жеткилең түрдө чагылдырып калабыз (Евр. 1:9). Ал бизди денелик жана акыл-эс жактан да жеткилеңдикке жеткирет. Элестетсең, туура эмес ишке түртүп турган күнөөдөн жана анын каргашалуу кесепеттеринен арыласың. Акыр-аягы, Жахаба убада кылган «даңктуу эркиндикке» ээ болосуң.

20. а) Жахаба эркиндигин кантип колдонот? б) Кудайдан үлгү алуу кандай пайда алып келет?

20 Албетте, биз эч качан чексиз эркиндикке ээ болбойбуз. Эркиндигибиз Кудайга жана адамдарга болгон сүйүүбүздүн негизинде жөнгө салынып турат. Чынын айтканда, Жахаба тек гана андан үлгү алышыбызды каалайт. Ал чексиз эркиндикке ээ болсо да, аң-сезимдүү жаратууларына мамиле кылууда сүйүүгө жетектелүүнү туура көрөт (1 Жкн. 4:7, 8). Ошондуктан Кудайдыкындай сүйүүгө жетектелгенде гана толук мааниде эркин боло алабыз деп айтуу негиздүү.

21. а) Дөөтү Жахабага карата кандай сезимдерди туйган? б) Кийинки макалада эмнелерге токтолобуз?

21 Жахабага көптөгөн жакшылыктары, маселен, мол рухий тамак, мыкты достор, арзырлык максаттар жана келечектеги жеткилең эркиндик үчүн ыраазысыңбы? (Заб. 103:5). Эгер ошондой болсо, сенин да Дөөтүнүкүндөй сезимде болоруң шексиз. Забур 16:11де анын: «Мага өмүр жолун үйрөтөсүң. Көз алдыңда мени кубанычка бөлөйсүң; оң жагыңда болуу түбөлүккө жагымдуу»,— деп тиленгени жазылган. Кийинки макалада Забур 16-бөлүмдөгү айрым рухий берметтерге токтолобуз. Алар бизге канткенде жашоодон чындап канааттануу ала аларыбызды түшүнүүгө жардам берет.