Забур 40:1—17

Башчыга. Дөөтүнүн ыры. 40  Мен Жахабага ынтызарлык менен үмүт арткам+,Ошондуктан ал мага кулак салып, зар-муңумду укту+.  Мени суусу күркүрөгөн аңдан+,Сормо саздан чыгарды+,Бутумду аскага койду+,Кадамдарымды бекемдеди+.  Оозума жаңы ыр,Кудайыбызды даңктоо ырын салды+.Муну көптөр көрүп, Жахабадан коркушат+,Ага таянышат+.  Жахабага таянган+,Баш ийбестерге кошулбаган,Жалгандыкка оогондорго кошулбаган адам бактылуу+.  Оо, Жахаба Кудайым, сен көп иштерди жасадың+,Сенин кереметтериң, биз жөнүндөгү ойлоруң сан жеткис+.Сага эч ким тең келе албайт+.Ошонун баарын жар салып, айткым келет,Бирок аларга эсебим жетпейт+.  Сен курмандык менен тартууну каалаган жоксуң+;Менин кулагымды ачтың+.Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен күнөө курмандыгын сураган жоксуң+.  Ошондуктан мындай дедим: «Мына, мен келдим+,Түрмөк китепте мен жөнүндө жазылган+.  Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам+,Мыйзамың менин жүрөгүмдө+.  Чоң жыйналышта адилдик жөнүндө жакшы кабар айтам+,Оозумду тыйбайм+.Оо, Жахаба, муну өзүң билесиң+. 10  Адилдигиңди жүрөгүмө катып албайм+,Ишенимдүүлүгүңдү, куткарууңду жарыялайм+.Чоң жыйналышта мээримдүүлүгүң менен чындыгыңды жашырбайм»+. 11  Оо, Жахаба, мага боор ооруганыңды токтотпо+.Мээримдүүлүгүң менен чындыгың мени дайыма коргоп жүрсүн+. 12  Анткени мени сансыз кырсык курчап алды+.Кылмыштарым башыман ашты, аларга эсеп жетпейт+,Алар башымдагы чачымдан да көп+;Жүрөгүмдү кайгы басты+. 13  Оо, Жахаба, ырайым кылып, мени куткар+.Оо, Жахаба, мага жардам берүүгө шашыл+. 14  Жанымды алгысы келгендердин баары+ уят болуп,Алдастап калышсын+.Кырсыкка кабылганыма сүйүнгөндөр артын көздөй качып, басынтылышсын+. 15  Мага: «Сооп болуптур! Ошону көрмөк!» — дегендер+Уят болушканынан таң калып туруп калышсын+. 16  Сени издегендердин баары+Алдыңда шаттанып, кубансын+.Сенин куткарууңду жакшы көргөндөр+:«Жахаба даңазалансын!» — деп тынбай жар салышсын+. 17  Мен болсо бир байкушмун, жакырмын+.Бирок Жахаба мени ойлойт+.Сен менин жардамчымсың, куткаруучумсуң+.Оо, Кудайым, кечиге көрбө+.

Шилтемелер