Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай негиздеген нике түзүлүшүн жогору баала

Кудай негиздеген нике түзүлүшүн жогору баала

«Кудай кошконду адам ажыратпасын» (МР. 10:9).

ЫРЛАР: 131, 132

1, 2. Еврейлер 13:4төгү сөздөр бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

СЕН Жахабаны урматтап, ошондон кубаныч алып жатасыңбы? Буга шек жок. Жахаба урматтап-сыйлашыбызга татыктуу жана аны урматтагандарды ал да урматтай турганын убада кылган (1 Шем. 2:30; Накыл 3:9; Аян 4:11). Ал биздин башка адамдарды да, мисалы, бийликтегилерди урматташыбызды каалайт (Рим. 12:10; 13:7). Бирок урмат көрсөтүшүбүз, башкача айтканда, жогору баалашыбыз керек болгон дагы бир нерсе бар: ал — нике түзүлүшү.

2 Элчи Пабыл: «Баары никени баалашсын, нике төшөгү булганбасын»,— деп жазган (Евр. 13:4). Ал нике жөнүндө жалпы жонунан эле кеп кылган эмес. Пабыл Кудайдын ар бир кызматчысын никени баалоого, аны баа жеткис белек катары көрүүгө үндөгөн. Сен да дегеле нике түзүлүшүн, ошондой эле үй-бүлөлүү болсоң, өзүңдүн никеңди жогору баалайсыңбы?

3. Иса Машаяк никеге байланыштуу кандай маанилүү кеңеш берген? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

3 Никени жогору бааласаң, эң туура үлгү боюнча иш кылган болосуң. Иса Машаяк да никени өзгөчө түзүлүш катары көргөн. Фарисейлер ажырашууга байланыштуу суроо бергенде, аларга жооп берип жатып Иса Кудайдын эң алгачкы никени негиздегенде айткан сөздөрүн кайталаган. Тактап айтканда: «„Эркек ата-энесин калтырып, аялы экөө бир дене болот“. Ошентип, эми алар — эки эмес, бир дене»,— деген. Анан: «Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деп кошумчалаган. (Оку: Марк 10:2—12; Башт. 2:24.)

4. Жахаба никеге байланыштуу кандай норма бекиткен?

4 Иса никени Кудай өзү негиздегенин жана анын түбөлүктүү болушу керектигин айкын көрсөткөн. Жахаба Адам ата менен Обо энеге ажырашып кетишсе болорун айткан эмес. Тескерисинче, анын Эйден багында бекиткен нормасына ылайык, бир эркектин бир эле аялы болмок жана экөө биригип, ажырагыс шериктештикти түзүшмөк.

НИКЕГЕ БАЙЛАНЫШТУУ УБАКТЫЛУУ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР

5. Өлүм никеге кандай таасир этет?

5 Бирок, биз билгендей, Адам атанын күнөөсүнөн улам айрым нерселер өзгөргөн. Мисалы, күнөөнүн кесепетинин бири болгон өлүм никеге өз таасирин тийгизген. Бул элчи Пабылдын жазгандарынан көрүнүп турат. Машаяктын жолдоочуларынын Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамдын бийлиги астында эмес экенин түшүндүрүп жатып Пабыл жубайлардын бири каза болгондо, анын түгөйүнүн башы бошоорун жана башка бирөө менен турмуш курса болорун айткан (Рим. 7:1—3).

6. Ысрайыл элине берилген Мыйзамда Кудайдын никеге карата болгон көз карашы кандайча чагылдырылган?

6 Кудайдын ысрайыл элине берилген ал Мыйзамында никеге байланыштуу жол-жоболор камтылган. Маселен, анда көп аял алууга жол берилген. Негизи, бир нече аял алуу Мыйзам берилгенге чейин эле бар болчу. Бирок Мыйзам аркылуу ал жөнгө салынган. Бул аялдарга, балдарга катаал мамиле кылынышына бөгөт койгон. Алсак, эгер ысрайылдык киши күңүнө үйлөнсө жана кийин анын үстүнө аял ала турган болсо, биринчи түгөйүн тамак-аштан, кийим-кечеден өксүтпөшү, жубайлык милдетин аткарышы керек болгон. Кудай андан биринчи аялын коргоону, ага кам көрүүнү талап кылган (Чыг. 21:9, 10). Биз азыр ал Мыйзамга баш ийбейбиз. Бирок андан Жахабанын никени баалаарын биле алабыз. Бул сага да никени баалоого түрткү бербейби?

7, 8. а) Мыйзам 24:1ге ылайык, ысрайыл элине берилген Мыйзамда ажырашууга байланыштуу кандай көрсөтмө камтылган? б) Жахаба ажырашууга кандай карайт?

7 Мыйзамда ажырашуу тууралуу эмне делген? Кудай никеге байланыштуу бийик нормасын өзгөрткөн эмес, бирок айрым жагдайларда ажырашууга жол берген. (Оку: Мыйзам 24:1.) Эгер ысрайылдык киши аялынын «кандайдыр бир жосунсуз жоругун көрсө», аны менен ажыраша алмак. Бул жерде айтылган «жосунсуз жорук» эмнени билдирери Мыйзамда ачык берилген эмес. Бирок анын майда-чүйдө эле нерсе эмес, олуттуу бир нерсе же таза эмес, уятсыз жүрүм-турум болгону шексиз (Мыйз. 23:14). Өкүнүчтүүсү, Иса пайгамбардын күндөрүндө көптөгөн жүйүттөр «ар кандай себеп боюнча ажыраша» беришкен (Мт. 19:3). Биз никеге карата алардыкындай көз карашта болгубуз келбейт.

8 Жахабанын ажырашууга кандай караарын Малаки пайгамбар айкын көрсөткөн. Ал жашаган убакта көп эркектердин жаш чагында алган аялын кетирип, башка элден болгон жашыраак кыз-келиндерге үйлөнгөнү көнүмүш адат болгон. Бирок Кудай Малаки пайгамбар аркылуу: «Мен ажырашууну жек көрөм»,— деп ачык айткан (Мал. 2:14—16). Бул Ыйык Китептеги эң алгачкы нике жөнүндөгү: «Эркек... аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— деген сөздөргө шайкеш келет (Башт. 2:24). Иса да: «Кудай кошконду адам ажыратпасын» — деп, никеге карата Атасыныкындай көз карашта экенин көрсөткөн (Мт. 19:6).

АЖЫРАШУУГА НЕГИЗ БЕРГЕН ЖАЛГЫЗ СЕБЕП

9. Исанын Марк 10:11, 12де жазылган сөздөрүн кандай түшүнсөк болот?

9 Айрымдарда: «Кудайдын кызматчысына ажырашып, кайра башка бирөө менен үй-бүлө курууга жол берген кандайдыр бир негиз барбы?» — деген суроо туулушу мүмкүн. Иса ажырашууга кандай караарын билдирип, мындай деген: «Аялы менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши биринчи аялына каршы ойноштук кылган болот. Күйөөсү менен ажырашып, башкага турмушка чыккан аял да ойноштук кылган болот» (Мр. 10:11, 12; Лк. 16:18). Муну менен ал никени жогору баалаарын көрсөткөн жана башкалардын да ошентишин каалаган. Эгер күйөө эч качан ала жипти аттабаган аялы (же аял ишенимдүү күйөөсү) менен эптеп эле бир шылтоо таап ажырашып, башка бирөө менен баш кошсо, ойноштук кылган болот. Анткени жары менен ажырашып кетсе эле, бул алардын никеси бузулду дегенди билдирбейт. Кудайдын көз алдында алар дагы деле «бир дене» болуп эсептелет. Андан сырткары, Иса айткандай, кимдир бирөө бейкүнөө аялын кетирип жиберсе, анын ойноштук кылышына себепкер болуп калышы мүмкүн. Кандайча? Күйөөсү менен ажырашкандан кийин аял тыйын-тыпыр жагынан кыйналып, турмушка чыгууга мажбур болушу ыктымал. Эгер ал турмушка чыкса, ойноштук кылган болуп калат.

10. Кудайдын кызматчысынын жары менен ажырашып, кайра башка бирөө менен турмуш курушуна жол берген кандай негиз бар?

10 Иса ажырашууга негиз бере турган жалгыз себеп жөнүндө мындай деген: «Силерге айтып коёюн, аялы менен бузуктуктан [грекче порнейа] башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши ойноштук кылган болот» (Мт. 19:9). Ал ушул эле ойду тоодо айткан насаатында да баса белгилеген (Мт. 5:31, 32). Эки учурда тең ал «бузуктук» жөнүндө сөз кылган. Бул өз ичине ойноштук, сойкулук, никеде турбагандардын жыныстык мамилеси, гомосексуализм, жаныбар менен жанашуу сыяктуу никеден тышкары жасалган жыныстык адеп-ахлаксыз иштерди камтыйт. Күйөөсү жыныстык адеп-ахлаксыздык кылса, аялы аны менен ажырашар-ажырашпасын өзү чечет. Эгер ажырашса, экөө андан ары Кудайдын көз алдында аялы-күйөөсү болуп эсептелбей калат.

11. Ажырашууга ыйык китептик негиз бар болсо да, ишенимдешибиз эмне себептен никесин сактап калууну туура көрүшү мүмкүн?

11 Эске алчу нерсе, Иса жубайлардын бири жыныстык адеп-ахлаксыз иш (порнейа) кылса, сөзсүз ажырашышы керек деп айткан эмес. Алсак, күйөөсү көзүнө чөп салса да, аялы никесин сактап калууну каалашы мүмкүн. Ал жолдошун дагы деле жакшы көрүшү, аны кечирип, ортодогу мамилесин бекемдеш үчүн күч-аракет жумшоого даяр болушу мүмкүн. Эгер ал ажырашып кетсе, бирок кайра турмуш курбаса, кыйынчылыктарга кабылышы ыктымал. Мисалы, акча каражат жагынан, жыныстык каалоолорунан же жалгыздыктан улам кыйналып калбайбы? Балдары бар болсочу? Аларды чындык жолунда тарбиялоо бир топ оор болуп калбайбы? (1 Кор. 7:14). Ооба, ажырашкандан кийин бейкүнөө тараптын олуттуу көйгөйлөргө кабылары турган иш.

12, 13. а) Ошуянын үй-бүлөлүк жашоосунда кандай кыйынчылык болгон? б) Ошуя Гомерди эмне үчүн кайра кабыл алган жана мындан никеге байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз?

12 Ошуя пайгамбардын жашоосунан Кудайдын никеге карата болгон көз карашы жөнүндө дагы көбүрөөк биле алабыз. Кудай ага Гомерге үйлөнүүнү буйрук кылган. Гомер «бузуктук кылып», ошондой жол менен балдарды төрөмөк. Ошуя Гомерге үйлөнгөндөн кийин, анын «боюна бүтүп, уул төрөп берген» (Ош. 1:2, 3). Кийинчерээк дагы бир кыз, бир уулдуу болгон. Сыягы, аларды ойношторунан төрөгөн. Аялы кайра-кайра ыпылас иш кылса да, Ошуя пайгамбар аны менен ажырашкан эмес. Акыр-аягы, Гомер аны таштап кеткен. Натыйжада кул болуп калган. Ушунун баарына карабай Ошуя аны таап, кулчулуктан сатып алган да, үйүнө алып келген (Ош. 3:1, 2). Жахаба андан баш тартып, жалган кудайларга сыйынып кеткен ысрайыл элин кайра-кайра кечиргенин көрсөтүш үчүн Ошуя пайгамбардын окуясын мисал катары колдонгон. Мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

13 Кудайдын жолундагы жубайлардын бири жыныстык адеп-ахлаксыз иш кылса, бейкүнөө тарапка чечим чыгарууга туура келет. Иса айткандай, андай учурда күнөөсүз тарап ажырашып, башка бирөө менен баш кошо алат. Бирок ал ишенимсиздик кылган жарын кечирүүнү да туура көрүшү мүмкүн. Мунун деле эч жаман жери жок. Ошуя пайгамбар да аялы Гомерди кайра кабыл алган. Гомер кайтып келгенден кийин, күйөөсү ага башка бир да эркек менен жыныстык мамиледе болбошу керектигин айткан. Ошуя убактылуу аялы менен жыныстык мамиледе болгон эмес (Ош. 3:3). Бирок убакыттын өтүшү менен ал аялы менен жашап, кайрадан жубайлык милдетин аткара баштаган. Бул Кудайдын өз элин кайрадан кабыл алууга, аны менен болгон мамилесин калыбына келтирүүгө даяр экенин чагылдырып турган (Ош. 1:11; 3:3—5). Мунун азыркы күндө никеге кандай тиешеси бар? Эгер жары ишенимсиздик кылгандан кийин, күнөөсүз тарап аны менен кайрадан жыныстык мамиледе болсо, аны кечиргенин, никесин сактап калгысы келерин көрсөтөт (1 Кор. 7:3, 5). Андайда ажырашканга жол берген негиз жокко чыгарылат. Ошондон ары экөө тең никеге карата Кудайдыкындай көз карашта болуп, мамилесин чыңдоого аракет кылышы керек.

КЫЙЫН УЧУРДА ДА НИКЕҢДИ ЖОГОРУ БААЛА

14. 1 Корунттуктар 7:10, 11де жазылгандай, кээде үй-бүлөдө кандай көйгөй болушу мүмкүн?

14 Чындык жолунда жүргөндөрдүн баары, Жахаба менен Исага окшоп, никени жогору баалоого умтулушу керек. Бирок жеткилеңсиздиктен улам айрымдар аны баалабай калышат (Рим. 7:18—23). Ошондуктан 1-кылымдагы кээ бир ишенимдештерибиздин үй-бүлөлүк жашоосунда көйгөйлөрдүн болгону таң калыштуу эмес. Элчи Пабыл: «Аял күйөөсүнөн кетпесин»,— деп жазган. Тилекке каршы, кээде ошондой жагдайлар болгон. (Оку: 1 Корунттуктар 7:10, 11.)

Кыйынчылыктарга карабай жубайлар никесин кантип сактап кала алышат?

15, 16. а) Үй-бүлөдө көйгөйлөр болгондо, жубайлар эмне кылууга умтулушу керек? б) Түгөйлөрдүн бири ишенимдеш болбосо, Пабылдын сөздөрүн кантип колдонсо болот?

15 Пабыл түгөйлөрдүн эки бөлөк жашашына эмне себеп болгонун түшүндүргөн эмес. Кандай болбосун, буга жыныстык адеп-ахлаксыздык негиз болгон эмес деп айтууга болот. Эгер ошол нерсе себеп болгон болсо, аялы аны менен ажырашып, башкага турмушка чыга алмак. Бирок Пабыл күйөөсү менен жашабай калган аялдын «башкага турмушка чыкпашы» же «кайрадан күйөөсү менен жарашышы» керектигин айткан. Анткени ал экөө дагы деле Кудайдын көз алдында бир дене болуп эсептелген. Пабыл жубайларды, алардын эки бөлөк жашап жатканына кандай көйгөй себеп болбосун, эгер жыныстык адеп-ахлаксыз иш кылынбаса, кайра жарашканга аракет кылууга чакырган. Алар жыйналыштагы аксакалдардан жардам сурай алышмак. Аксакалдар эч бир тарапты ээлебей, ал экөөнө Ыйык Жазманын негизинде кеңеш беришмек.

16 Эгер жубайлардын бири чындык жолунда болбосо жана Кудайдын нормаларын баркка албаса, анда жагдай андан да оор болору турган иш. Андайда үй-бүлөдө көйгөйлөр болсо, эки бөлөк жашоого жол берилеби? Жогоруда сөз кылынгандай, Ыйык Китепте ажырашууга жыныстык адеп-ахлаксыздык негиз болушу мүмкүн экени айтылган, бирок эмнеден улам эки бөлөк жашаса болору так айтылган эмес. Пабыл: «Күйөөсү ишенимдеш болбогон аял да, күйөөсү чогуу жашаганга макул болсо, аны таштабасын»,— деген (1 Кор. 7:12, 13). Бул кеңеш бүгүнкү күндө да колдонорлук.

17, 18. Эмне үчүн айрым ишенимдештерибиз чоң кыйынчылыктарга карабай жары менен чогуу жашай берүүнү чечишет?

17 Албетте, «ишенимдеш болбогон» күйөөсү аялы менен «чогуу жашаганга макул» эмес экенин иштери менен көрсөткөн учурлар болуп калат. Ал жубайына аябай ырайымсыз мамиле кылышы, атүгүл анын ден соолугуна же өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Үй-бүлөсүн багуудан баш тартышы же аялынын рухийлигине чоң коркунуч туудурушу ыктымал. Андай учурларда айрым ишенимдештерибиз, күйөөсү эмне деп айтпасын, анын «чогуу жашаганга макул» эмес экени көрүнүп тургандыктан, бөлөк жашоону чечиши мүмкүн. Ал эми башка бир туугандарыбыз салыштырмалуу оорураак жагдайларда да жары менен чогуу жашай берүүнү чечишет. Алар баарына чыдап, жагдайды жакшыртууга аракет кылышат. Эмне үчүн?

18 Себеби андай учурларда бөлөк жашаса деле, жубайлар «бир дене» бойдон кала берет. Эгер өз-өзүнчө жашаса, жогоруда айтылгандай, ар бири өзүнчө кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн. Пабыл жубайлардын чогуу калышына дагы бир себеп келтирген. Ал: «Ишенимдеш эмес күйөө аялы аркылуу ыйыкталат, ишенимдеш эмес аял да бир тууганыбыз аркылуу ыйыкталат. Болбосо балдарыңар таза болмок эмес, азыр болсо алар ыйык»,— деп жазган (1 Кор. 7:14). Кудайдын көптөгөн берилген кызматчылары аябагандай оор жагдайларда да ишенимдеш эмес жары менен чогуу жашай берүүнү чечишкен. Өмүрлүк жары чындык жолуна түшкөндө, алар туруктуу болгонунун акыбети кайтканын көрүп, өзгөчө кубанычка бөлөнүшкөн. (Оку: 1 Корунттуктар 7:16; 1 Пет. 3:1, 2.)

19. Дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарда бактылуу үй-бүлөлөрдүн арбын болгонунун себеби эмнеде?

19 Иса ажырашууга, ал эми Пабыл бөлөк жашоого байланыштуу кеңеш берген. Экөө тең Кудайдын кызматчыларынын никени жогору баалашын каалаган. Бүт дүйнө жүзү боюнча жыйналыштарда бактылуу өмүр сүрүп келаткан жубайлар арбын. Сенин жыйналышыңда да жубайын сүйгөн ишенимдүү күйөөлөрдүн жана жолдошун бардык жактан кадырлап-сыйлаган зайыптардын бар экени шексиз. Алар муну менен никени жогору баалаарын көрсөтүп келишет. Биз миллиондогон күйөөлөр менен аялдардын Кудайдын: «Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенин ырастап келатканын көрүп, абдан кубанабыз (Эф. 5:31, 33).