Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

131-ЫР

«Кудай кошконду адам ажыратпасын»

«Кудай кошконду адам ажыратпасын»

(Матай 19:5, 6)

  1. 1. Үч кат жип байланды,

    Бөлөп кубанычка.

    Убадалар айтылды

    Күбөлөр алдында.

    1-КАЙЫРМА

    Күйөө убада берди:

    «Сүйөм»,— деп жубайын.

    Кудай кошконду адам

    Эч ажыратпасын.

  2. 2. Таанып-билди алар

    Жахабанын эркин.

    Сөзүнө туруш үчүн

    Издешет жетегин.

    2-КАЙЫРМА

    Сөзүн берди колукту:

    «Сүйөм»,— деп жубайын.

    Кудай кошконду адам

    Эч ажыратпасын.