Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

31-БӨЛҮМ

«Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»

«Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»

1—3. а) Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиледен адамдын табияты жөнүндө эмне билүүгө болот? б) Бизге сүйүү көрсөтүлгөндө кандай табигый процесс жүрөт жана буга байланыштуу кайсы суроонун үстүнөн ойлонуп көргөнүбүз дурус?

АТА-ЭНЕ ымыркайынын жылмайганын караганды аябай жакшы көрөт. Аны күлдүрүш үчүн, үстүнө улам үйрүлүп түшүп, аны менен сүйлөшүп, кайра-кайра жылмайышат. Бала көпкө күттүрбөйт, болтойгон бетинде чуңкурчалар пайда болуп, жүзү жадырая жылмаят. Муну менен ал кандайдыр бир деңгээлде ата-энесине болгон ынактыгын билдирип, алардын сүйүүсүнө жооп кайтарат.

2 Ымыркайдын жылмаюусу адам баласына мүнөздүү маанилүү бир нерсени көрсөтүп турат. Сүйүүгө сүйүү менен жооп берүү — биз үчүн табигый нерсе. Биз ушундай жаратылганбыз (Забур 21:10). Чоңойгон сайын башкалардын сүйүүсүнө көбүрөөк жооп кайтара баштайбыз. Ата-энең менен туугандарыңдын же досторуңдун сага кичинекейиңде кандайча сүйүү көрсөтүшкөнү эсиңдедир. Ыраазы болуу сезими жүрөгүңдө тамырлап, өсүп, акыр-аягы жемиш бере баштаган, башкача айтканда, сен да сүйүү көрсөтө баштагансың. Жахаба Кудайга болгон сүйүүң ушинтип өрчүп жатабы?

3 Ыйык Китепте: «Ал бизди биринчи сүйгөндүктөн, биз да Аны сүйөлү»,— деп айтылат (1 Жакан 4:19). Колуңдагы китептин 1—3-бөлүктөрүндө Жахабанын өзүнүн күчүн, адилеттүүлүгүн жана акылмандыгын сенин жыргалчылыгың үчүн кандайча чагылдырарына көңүл бурулган. Ал эми 4-бөлүктөн анын жалпы адамзатка жана жеке сага кандайча сүйүү көрсөтүп жатканын билдиң. Ошондуктан ар бирибиз төмөнкүдөй суроонун үстүнөн ойлонуп көргөнүбүз дурус: Жахабанын сүйүүсүнө кантип жооп кайтарсам болот?

Кудайды сүйүү деген эмнени билдирет?

4. Эмне үчүн адамдар Кудайды сүйүү деген эмне экенин туура эмес түшүнүшөт?

4 Сүйүүнүн Булагы болгон Жахаба бул сапаттын адамда эң жакшы сезимдерди ойгото алчу зор күчкө ээ экенин билет. Ошондуктан ал, жалпы адамзат андан баш тартып кетсе да, сүйүүсүн баалаган жана ошого жараша жооп кайтара турган адамдардын болоруна шектенбейт. Чынында эле, миллиондогон адамдар ага сүйүү менен кызмат кылууда. Бирок, тилекке каршы, азыркы бузулган дүйнөдөгү диндер Кудайга болгон сүйүү жөнүндөгү түшүнүктү бурмалап салышты. Көптөр Кудайды сүйөбүз дешкени менен, сүйүү алар үчүн көркөм сөз менен эле берилүүчү сезимге айланып калды. Балким, Кудайга болгон сүйүү, ымыркай ата-энесинин сүйүүсүнө жооп кылып жылмайгандай эле, ушундан башталаттыр. Бирок чоңдордун сүйүү көрсөтүүсү мындан көптү билдирет.

5. Кудайды сүйүү эмнени билдирери тууралуу Ыйык Китепте эмне айтылат жана эмне үчүн бул аныктама бизди кызыктырышы керек?

5 Жахаба өзү аны сүйүү эмнени билдирерин түшүндүрүп берет. Анын Сөзүндө: «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу»,— деп айтылат. Мындан Кудайга болгон сүйүү иштер менен көрсөтүлүшү зарыл экени айкын болуп турат. Көптөрдүн тил алчаак болуу керектиги тууралуу ойду анча жактырышпаары чын. Бирок ушул эле аятта: «Анын [Кудайдын] осуяттарын аткаруу кыйын эмес»,— деп кошумчаланат (1 Жакан 5:3). Жахаба мыйзамдары менен принциптерин бизди кубанычтан ажыратуу үчүн эмес, кайра бизге жардам берүү үчүн бекиткен (Ышайа 48:17, 18). Ыйык Китепте Кудайга жакындоого жардам берерлик көптөгөн принциптер камтылган. Кандайча? Кудай менен болгон мамилебиздин үч жагын: пикирлешүүнү, сыйынууну жана Кудайды тууроого умтулууну карап көрөлү.

Жахабага пикирлешүү аркылуу жакындайбыз

6—8. а) Жахабаны кантип уга алабыз? б) Ыйык Жазмадагы билдирүүлөрдү кантип жандандырууга болот?

6 Биринчи бөлүмдүн «Кудай менен сүйлөшүп жатканыңды элестетсең» деген алгачкы сүйлөмүн эстеп көрөлү. Өзүбүз көргөнүбүздөй, Кудай менен сүйлөшүү куру кыял эмес. Муса Кудай менен сүйлөшкөн. А биз сүйлөшө алабызбы? Жахаба азыр адамдар менен сүйлөшүү үчүн периштелерин жибербейт. Бирок ал биз менен пикирлешүүнүн эң сонун жолдорун караштырган. Жахабаны кантип уга алабыз?

7 «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылгандыктан», Жахабаны анын Сөзүн, Ыйык Китепти, окуу менен уга алабыз (2 Тиметейге 3:16). Дөөт падыша Жахабанын кызматчыларын Кудай Сөзүн «күнү-түнү» окууга чакырган (Забур 1:1, 2). Бул бир топ күч-аракетти талап кылат, бирок акыбети кайтпай койбойт. Ушул китептин 18-бөлүмүнөн көргөнүбүздөй, Ыйык Китеп асмандагы Атабыздан келген баалуу кат сыңары. Андыктан аны окуудан тажабашыбыз керек. Ыйык Китептеги билдирүүлөрдү жандандырып окушубуз зарыл. Муну кантип кылсак болот?

8 Ыйык Китепти окуганда жөн эле сөздөрдү окуп койбостон, окуяларды көз алдыңа элестетип, андагы каармандарды реалдуу адамдардай көрүүгө аракеттен. Алардын тек-тамырын, жашаган шарттарын, тигил же бул ишти эмнеден улам кылышканын билүүгө умтул. Анан окугандарыңды анализдөө үчүн төмөнкүдөй суроолордун үстүнөн ойлонуп көр: Бул үзүндүдөн Жахаба тууралуу эмне билдим? Ушул жагдайда ал кайсы сапаттарын чагылдырган? Бул маалымат аркылуу Жахаба мени эмнеге үйрөткүсү келген жана мындагы принциптерди жашоомдо кантип колдонсом болот? Кудай Сөзүн оку, ой жүгүрт жана билгендериңди колдон, ошондо ал сен үчүн тирүү китепке айланат (Забур 76:13; Жакып 1:23—25).

9. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» деген ким жана аны кунт коюп угуу эмне үчүн маанилүү?

9 Жахаба биз менен «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу да сүйлөшөт. Ыйса алдын ала айткандай, анын ыйык рух менен майланган жолдоочуларынан турган чакан топ рухий «тамакты өз убагында» берип турууга дайындалган (Матай 24:45—47). Ыйык Китептен так билим алууга жардам берген адабияттарды окуганыбызда жана жыйналыштар менен жыйындарга барганыбызда ошол кул берип жаткан рухий тамак менен тамактанабыз. Ал кул Машайактын кулу болгондуктан, биз Ыйсанын: «Кандай угуп жатканыңарга көңүл бөлгүлө!» — деген сөзүнө олуттуу карайбыз (Лука 8:18). Ошондой эле ишенимдүү кулду Жахаба биз менен пикирлешүү үчүн караштырганына ишенгендиктен аны кунт коюп угабыз.

10—12. а) Эмне үчүн тиленүү Жахабанын бизге берген баалуу белеги болуп эсептелет? б) Жахабага кандай тиленүүлөр жагат жана ал биздин тиленүүлөрүбүздү баалайт деп эмне үчүн ишене алабыз?

10 Кудай менен пикир алышуу тууралуу эмне айтууга болот? Биз аны менен сүйлөшө алабызбы? Бул тууралуу ойдун өзү эле кандай сестентерлик. Маселен, өлкөңдүн башкаруучусуна жеке сурооң менен кайрыла алат белең? Айрым учурларда буга аракет жасоонун өзү эле коркунуч туудурушу мүмкүн. Эстер менен Мордохайдын учурунда падышага чакыруусуз киргендиги үчүн адам өлүм жазасына тартылышы мүмкүн эле (Эстер 4:10, 11). Эми болсо эң күчтүү башкаруучулар да ага салыштырмалуу «чегиртке сыяктуу» болгон Ааламдын Эгедеринин алдында турганыңды элестет (Ышайа 40:22). Ага кайрылгандан коркуп, өзүңдү жоготуп коюшуң керекпи? Түк да!

11 Жахаба ар бир адам ага кайрыла алышы үчүн жөнөкөй жолду караштырган: ал — тиленүү. Кичинекей бала да Жахабага ишеним көрсөтүп, ага Ыйсанын атынан кайрылып тилене алат (Жакан 14:6; Эврейлерге 11:6). Тиленүү жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ой-сезимдерибизди, атүгүл сөз менен жеткирүү кыйын болгон тычсызданууларыбызды айтууга мүмкүндүк берет (Римдиктерге 8:26). Жахаба менен сүйлөшүү үчүн чечен же сөзмөр болуунун зарылдыгы жок, ага көп сүйлөө менен таасир калтырууга аракет кылуу да бекер (Матай 6:7, 8). Ошол эле учурда Жахаба өзүнө канчалык бат-бат кайрылып, канчалык узакка тиленишибизге карата чек койбойт. Анын Сөзү бизди атүгүл: «Үзгүлтүксүз сыйынгыла»,— деп чакырат (1 Тесалоникалыктарга 5:17).

12 «Сыйынууну [тиленүүнү] угасың» деп Жахаба тууралуу гана айтыларын жана угуп жатканда анын укмуштуудай боорукердик көрсөтөрүн эстен чыгарбайлы (Забур 64:3). Бирок ал ишенимдүү кызматчыларынын тиленүүлөрүн кошкөңүл угабы? Жок, Кудай алардын тиленүүлөрүн угууну жакшы көрөт. Тиленүү анын Сөзүндө күйгөндө жыпар жыты аңкып, адамды тынчтандыруучу касиетке ээ фимиамга салыштырылат (Забур 140:2; Аян 5:8; 8:4). Тиленүүлөрүбүздүн фимиамдай болуп Эгедер Теңирге жетерин жана ага кубаныч тартуулаарын билүү соороторлук эмеспи? Жахабага жакындагың келсе, күн сайын момундук менен тилен. Жүрөгүңдөгүнүн эч нерсесин калтырбай ага айт (Забур 61:9). Аны менен кыйынчылыктарыңды да, кубанычыңды да бөлүш. Тиленүүлөрүңдө Асмандагы Атабызга ыраазычылыгыңды айтып, аны даңкта. Ушулардын бардыгы аны менен болгон мамилеңди бекемдейт!

Жахабага сыйынуу аркылуу жакындайбыз

13, 14. Жахабага сыйынуу деген эмнени билдирет жана ал эмне үчүн сыйынуубузга татыктуу?

13 Жахаба Кудай менен пикирлешкенде, досубуз же тууганыбыз менен маектешкендей, аны угуп же ага сүйлөп эле койбойбуз. Биз ага ал татыктуу болгон урматтоо менен сыйынабыз. Жашообуз толугу менен таза сыйынууга байланыштуу. Бул бизге Жахабага болгон терең сүйүүбүздү жана ишенимдүүлүгүбүздү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андан сырткары, таза сыйынуу Кудайдын асмандагы жана жердеги бардык ишенимдүү кызматчыларын бириктирип турат. Элчи Жакан аянда периштенин: «Асман менен жерди, деңиз менен булактарды Жаратканга табынгыла»,— деп чакырып жатканын уккан (Аян 14:7).

14 Эмне үчүн биз Жахабага сыйынышыбыз керек? Мындан мурунку бөлүмдөрдө талкууланган ыйыктык, күч, өзүн өзү токтото билүү, адилеттүүлүк, эржүрөктүк, ырайымдуулук, акылмандык, момундук, сүйүү, боорукердик, берилгендик жана жакшылыкчылдык сыяктуу касиет-сапаттар жөнүндө ойлонуп көрсөң. Жахаба ушул асыл сапаттардын баарын эң сонун, жеткилең түрдө чагылдырарын көрдүк. Анын кандай касиет-сапаттарга ээ Кудай экенин түшүнүүгө аракеттенүүнүн аркасында анын адамдын акылы жеткис деңгээлде улук экенин аңдайбыз. Ал теңдешсиз даңкка ээ, ошондой эле бизден бардык жагынан чексиз жогору турат (Ышайа 55:9). Жахабанын мыйзамдуу түрдө Эгедер жана сыйынуубузга татыктуу экени эч талашсыз. Бирок ага кантип сыйынышыбыз керек?

15. Жахабага «рухта жана чындыкта» сыйынуу деген эмнени билдирет жана жолугушууларда кандай мүмкүнчүлүгүбүз бар?

15 Ыйса: «Кудай — Рух, ага сыйынуучулар рухта жана чындыкта сыйынышы керек»,— деген (Жакан 4:24, «ЖД»). Бул Жахабага чын жүрөктөн, ишеним менен сүйүү көрсөтүп жана ыйык рухка жетектелип сыйынуу керектигин билдирет. Андан сырткары, Жахабага чындыкта — Анын Сөзүндөгү так билимге ылайык — сыйынуу талап. Ишенимдештерибиз менен чогулганда «рухта жана чындыкта» сыйынууга эң сонун мүмкүнчүлүгүбүз бар (Эврейлерге 10:24, 25). Таза сыйынууга катышуу менен, башкача айтканда, Жахабаны даңктап ырдап, чогуу тиленип, анын Сөзү талкууланып жатканда кунт коюп угуп жана жолугушууларда жооп берип ага болгон сүйүүбүздү билдире алабыз.

Жолугушууларыбызда Жахабага сыйынууга сонун мүмкүнчүлүгүбүз бар.

16. Кудайдын кызматчыларына кандай маанилүү тапшырма берилген жана эмне үчүн биз аны кубаныч менен аткарабыз?

16 Жахабага ал тууралуу башкаларга айтуу менен да сыйынабыз (Эврейлерге 13:15). Анын Падышалыгы тууралуу кабар айтуу — Кудайдын кызматчыларына берилген эң маанилүү тапшырмалардын бири (Матай 24:14). Жахабаны сүйгөндүктөн ал тапшырманы кубаныч менен аткарабыз. «Бул дүйнөнүн кудайы» Шайтан Ибилистин Жахаба тууралуу ушак таратуу менен «ишенбегендердин акылын көр кылып» жатканын ойлогондо анын калпы чыгаруу үчүн Кудайыбыздын Күбөлөрү болуп кызмат кылгыбыз келбейби? (2 Корунттуктарга 4:4, «Мукаддас»; Ышайа 43:10—12). Жахабанын эң сонун сапаттары жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө ал тууралуу башкаларга айтууга түрткү албайбызбы? Чындыгында, башкалардын асмандагы Атабыз тууралуу билишине, аны сүйүшүнө жардам берүүдөн артык кубаныч жок!

17. Жахабага кызмат кылууга эмне кирет жана эмне үчүн актыгыбызды сактап кызмат кылышыбыз керек?

17 Жахабага болгон сыйынуу мындан да көптү камтыйт. Ал жашообуздун бардык жагына таасир этет (Колостуктарга 3:23). Жахабаны Эгедер Теңирибиз катары кабыл алып, анын эркин бардык жерде: үй-бүлөлүк жашообузда, жумушта, эс алууда жана башкаларга кылган мамилебизди да аткарууга аракет кылабыз. Жахабага «чын жүрөктөн», берилгендикте кызмат кылууга умтулабыз (1 Жылнаама 28:9). Мындай сыйынуу эки түрдүү жашоо өткөрүүгө же ача жүрөк менен кызмат кылууга, тактап айтканда, адамдын олуттуу күнөөлөрдү жасап, ошол эле учурда Жахабага кызмат кылып жаткандай түр көрсөтүшүнө жол бербейт. Актыкты сактоого болгон умтулуу экижүздүүлүктүн пайда болушуна бөгөт коёт, а сүйүү болсо анткорлукту жек көрүүгө түрткү берет. Буга Кудайдан коркуу сезими да жардам берет. Ыйык Китепте андай сезимдин Жахаба менен болгон жакшы мамиле менен тыгыз байланышта экени айтылат (Забур 24:14).

Жахабага аны тууроо менен жакындайбыз

18, 19. Жеткилеңсиз адамдар Жахабаны туурай алат деп күтүү эмне үчүн жөндүү?

18 Бул китептин ар бир бөлүгүнүн акыркы бөлүмүндө «сүйүктүү балдар катары Кудайды» кантип туурасак болору талкууланган (Эфестиктерге 5:1). Жеткилеңсиздигибизге карабастан күч, адилеттүүлүк, акылмандык жана сүйүү сапаттарын чагылдырууда Жахабаны туурай аларыбызды эстен чыгарбоо маанилүү. Бирок Кудурети Күчтүүнү туурай аларыбыз мүмкүн экенин кайдан билебиз? Эстесеңер, Жахабанын ысмынын мааниси анын ой-ниеттерин аткаруу үчүн ким болгусу келсе, ошол боло аларын билдирет. Биз анын мүмкүнчүлүк-жөндөмдөрүнө абдан суктанабыз, бирок бул биздин ага окшош боло албаарыбызды билдиреби? Жок.

19 Биз Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганбыз (Башталыш 1:26). Ушунусу менен адам жердеги калган тирүү жандардын баарынан айырмаланат. Жашообуз генетикалык же сырткы факторлор менен эле чектелбейт, биз сокур сезимге жетектелбейбиз. Жахаба бизге сонун белек — эрк боштондугун — берген. Жеткилеңсиздигибизге жана мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенине карабай, кандай адам болууну өзүбүз тандайбыз. Мээримдүү, акылдуу, күчүн туура колдонгон жана адилеттүү адам болгуң келеби? Жахабанын рухунун жардамы менен боло аласың! Канчалаган жакшы иштерди кыла аларыңды ойлоп көрсөң!

20. Жахабаны тууроо менен кандай жакшы иштерди кыла алабыз?

20 Сен асмандагы Атабыздын жүрөгүн сүйүнтөсүң (Накыл сөздөр 27:11). Атүгүл ага «бардык жагынан жага» аласың, анткени ал мүмкүнчүлүктөрүңдүн чектелүү экенин билет (Колостуктарга 1:9, 10). Мээримдүү Атабызды туурап, ага жаккан сапаттарды өстүрүү менен эң сонун мүмкүнчүлүккө ээ болосуң. Азыркы караңгы, Кудайдан алыстаган дүйнөдө жарык алып жүрүүчү болосуң (Матай 5:1, 2, 14). Жер үстүнө жарык таратууга — Жахабанын сонун сапаттары тууралуу чындыктын жарыгын таратууга — катышасың. Бул кандай зор сыймык!

«Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»

Жахабага дайыма жакындай бер.

21, 22. Жахабаны сүйгөндөргө аягы жок кандай жол ачылат?

21 Жакып 4:8де жазылган бул жөнөкөй чакырык тек гана максат эмес. Бул — жол. Эгер Кудайга ишенимдүү кызмат кыла берсек, ал жолдун аягы болбойт. Жахабага барган сайын жакындап, аны кылымдар бою таанып-биле беребиз. Албетте, бул китепте анын кандай Кудай экенин толугу менен талкуулоо мүмкүн эмес. Биз Ыйык Китептеги Кудай тууралуу билимдин четин эле ойдук! Бирок Ыйык Китеп да Жахаба тууралуу бардык нерсени ачып бербейт. Элчи Жакан Ыйсанын жерде жүргөндө кылгандарынын баары жазыла турган болсо, «жазылган китептер бул дүйнөгө батмак эместигин» айткан (Жакан 21:25). Эгер Кудайдын Уулу жөнүндө ушинтип айтылса, анда Атасы тууралуу эмне айтууга болот?!

22 Түбөлүк өмүр сүргөндө да Жахабаны толук таанып-биле албайбыз (Насаатчы 3:11). Келечекте бизди эмнелер күтүп турганын ойлоп көрсөң. Жүз, миң, миллион, ал эмес, миллиард жыл өмүр сүрүп, Жахаба Кудай тууралуу азыркыга салыштырмалуу абдан көптү билебиз. Ошондо да дагы үйрөнүп-билерлик укмуштуудай көп нерселер калат. «Кудайга жакындоо — мен үчүн жыргал!» — деген забурчунукундай сезимде боло турганыбыздан Жахаба тууралуу көбүрөөк билүү каалообуз артат (Забур 73:28, «ЖД», [72:28]). Телегейи тегиз жана ар түрдүүлүккө толгон бейиште түбөлүк өмүр сүрөбүз, а Жахаба менен болгон мамилебиз барган сайын бекемделип, дайым бакыт жана канааттануу алып келет.

23. Эмне кылууга түрткү алдың?

23 Келгиле, Жахабанын сүйүүсүнө жооп кайтарып, аны бүт жүрөгүбүз, жан-дилибиз, бүт акылыбыз жана бүт күч-кубатыбыз менен сүйөлү (Марк 12:29, 30). Сүйүүң туруктуу жана күчтүү болсун. Ошондой эле жашоодо чыгарган ар бир чечимиңден асмандагы Атаң менен болгон мамилеңди бекемдөөгө аракет кылып жатканың көрүнүп турсун. Жахабага жакында, ошондо ал сага жакындайт да, сени түбөлүккө сүйөт!