Забур 73:1—28
Асаптын ыры+.
73 Кудай Ысрайылга, жүрөгү тазаларга жакшылык кылат+.
2 Мен жолдон чыгып кете жаздадым+,Бутум тайып кете жаздады+.
3 Анткени ыймансыздардын тынч жашап жатканын көрдүм+,Мактанчаактарга көз арттым+.
4 Себеби алар өлүм алдындагыдай азап тартышпайт+,Курсактарын май баскан+.
5 Алар ажалдуу адамдай болуп кыйынчылык көрүшпөйт+,Башкалардай болуп жапа чегишпейт+.
6 Ошондуктан бой көтөрүүчүлүктү шурудай тагынышат+,Зордук-зомбулукту кийимдей кийишет+.
7 Май баскан көздөрү чанагынан чыгып турат+,Жүрөгүндөгү ой-кыялдары ашыгы менен орундалат+.
8 Алар башкаларды шылдыңдашат, жамандыкты кеп кылышат+,Митаамдыгын менменсине оозанышат+.
9 Алардын оозу асманда+,Тили жерде+.
10 Ошондуктан алар элди азгырып*,Чөйчөк толо суу ичирип жатышат.
11 «Кудай кайдан билмек эле?+Эң Жогорку Кудай ушуларды билмек беле?» — дешет+.
12 Мына, ыймансыздар ушинтип бейкапар жашайт+.Алар мүлкүн көбөйтүп жатышат+.
13 Анда мен жүрөгүмдү бекер эле тазалап+,Колумду айыпсыздык менен бекер эле жууп жүргөн экем да+.
14 Мен эртеден кечке кыйналам+,Күнүгө эртең менен ашкереленем+.
15 «Мен да ошентип сүйлөйм»,— деген болсом,Анда сенин бардык уулдарыңаЧыккынчылык кылган болор элем+.
16 Ушуларды түшүнүш үчүн көпкө ойлондум+,Бирок бул мен үчүн оңойго турган жок.
17 Мен Кудайдын улуу ыйык жайына киргенге чейин ошондой болду+.Алардын келечегин билгим келди+.
18 Чын эле, сен аларды тайгак жерге коёсуң+,Кулатып, жок кыласың+.
19 Алар бир заматта үрөй учурарлык абалга туш болушту!+Күтүлбөгөн жерден кырсыкка кабылып, кырылып жок болушту!
20 Оо, Жахаба, сен ордуңан турганда+,Алардын элесин уйкудан ойгонгондо унутулуп калуучу түштөй унутасың+.
21 Жүрөгүм ызага толуп+,Ичим* сыздады+.
22 Мен акылсыз, түркөй элем+,Көз алдыңда аң-сезими жок жаныбардай элем+.
23 Бирок мен ар дайым сени мененмин+,Сен мени оң колуман кармап турасың+.
24 Мени кеңешиң менен жетектейсиң+,Анан даңкка жеткиресиң+.
25 Асманда дагы кимим бар?+Жерде да сенден башка кубанычым жок+.
26 Денем да, жүрөгүм да алсырады+.Бирок жүрөгүмдүн аскасы, түбөлүк үлүшүм — Кудай+.
27 Ал эми сенден алыстагандар ойрон болушат+.Адеп-ахлаксыздык кылып, өзүңөн баш тарткандардын баарын жок кыласың+.
28 Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы+.Бардык иштерин жарыялаш үчүн+Эгедер Теңир Жахабаны баш маана кылам+.