Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ

Кудайды ким жараткан?

Кудайды ким жараткан?

Жети жашар баласы менен сүйлөшүп жаткан атаны элестетсеңер. Ал уулуна: «Мындан көп убакыт мурун Кудай жерди жана андагы бардык нерселерди, күндү, айды, жылдыздарды жараткан»,— деп айтат. Бала бир саамга ойлонуп калат да: «Ата, а Кудайды ким жараткан?» — деп сурайт.

Атасы: «Кудайды эч ким жараткан эмес. Ал дайыма бар болчу»,— деп жооп берет. Атасынын ушундай жөнөкөй жообуна баласы канааттанып калат. Бирок чоңойгондо кайрадан ойлонуп: «Кантип эле аны эч ким жаратпасын? Ал тургай ааламдын деле башталышы болгон да! Кудайды эч ким жаратпаса, анда ал кантип пайда болгон?» — деп башы катат.

Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делет? Ыйык Китепте жазылгандар жогорудагы мисалдагы атанын баласына берген жообуна эле окшош. Мисалы, Муса пайгамбар: «Оо, Жахаба,.. тоолор туула электе эле,.. жер менен дүйнөнү жарата элегиңде эле сен Кудай болчусуң. Сен түбөлүктөн түбөлүккө Кудайсың»,— деп жазган (Забур 90:1, 2). Ышая пайгамбар да: «Сен билбейсиңби? Уккан жок белең? Жердин учу-кыйырын жараткан Жахаба — түбөлүктөн түбөлүккө Кудай»,— деп жазган (Ышая 40:28). Ошол өңдүү, Иса Машаяктын жолдоочусу Жүйүт да Кудайды «мурунку кылымдардагыдай эле азыр жана түбөлүктөн түбөлүккө» бар болуучу деп сүрөттөгөн (Жүйүт 25).

Ушул айтылгандарды элчи Пабылдын да сөздөрү тастыктап турат. Ал Кудайды «түбөлүктүктүн Падышасы» деп сүрөттөгөн (1 Тиметей 1:17). Бул Кудайдын дайыма бар болгонун билдирет. Оюбуз менен канча кылым артка кетсек да, Кудай бар болмок, келечекте да дайыма бар болот (Аян 1:8). Ооба, Кудурети Күчтүүнүн негизги өзгөчөлүгү — түбөлүктүүлүгү.

Эмне үчүн бизге муну түшүнүү кыйын? Анткени өмүрүбүз чектелүү болгондуктан, убакыт жөнүндөгү түшүнүгүбүз Жахабаныкынан кыйла айырмаланат. Кудай түбөлүктүү, ошондуктан анын көз алдында миң жыл бир күнгө тете (2 Петир 3:8). Мисалы, 50 күндөй эле жашаган чегиртке биз жашаган 70 же 80 жыл канча экенин элестете алабы? Албетте, жок! Ыйык Китепте адамдар Улуу Жаратканга салыштырмалуу чегирткелердей эле экени жазылган. Биздин ой жүгүртүү жөндөмүбүздү аныкы менен салыштырып болбойт (Ышая 40:22; 55:8, 9). Ошондуктан Жахаба Кудайдын табиятын толук түшүнө албаганыбыз таң калыштуу эмес.

Кудайдын түбөлүктүүлүгүн түшүнүүгө акылыбыз толук жетпесе да, аны кандайдыр бир деңгээлде түшүнө алабыз. Эгер Кудайды кимдир бирөө жараткан болсо, анда Жараткан ошол болуп калмак. Ал эми Ыйык Китепте баарын Жахаба Кудай жаратканы жазылган (Аян 4:11). Мындан сырткары, аалам жөнүндө ойлонуп көрөлү. Бир кездерде ал жок болчу (Башталыш 1:1, 2). Ал кантип пайда болгон? Ааламды ал пайда болгонго чейин эле бар болгон бирөө жараткан. Ошондой эле ааламдын жаратуучусу жалгыз Уулу жана башка периштелер жаралганга чейин эле бар болгон (Аюп 38:4, 7; Колосалыктар 1:15). Демек, эч ким жана эч нерсе жок кезде ал гана болгон. Аны эч ким жаратышы мүмкүн эмес болчу; аны жарата турган эч ким, эч нерсе жок болчу.

Биздин жашап жатканыбыз жана ааламдагы нерселердин баары түбөлүктүү Кудайдын бар экенин тастыктап турат. Кең ааламды жаратып, аны жөнгө салып турган мыйзамдарды бекиткен Кудайдын дайыма бар болушу керектиги анык. Ал гана баарына өмүр бере алмак (Аюп 33:4).