Жүйүт 1:1—25

 Иса Машаяктын кулу жана Жакыптын+ бир тууганы Жүйүттөн чакырылгандарга+, Атабыз Кудай+ менен жакын мамиледе болуп, анын сүйүүсүнө ээ болгондорго жана Иса Машаяк үчүн сакталгандарга+:  Мындан ары да Кудайдын кайрымдуулугуна+, тынчтыгына+, сүйүүсүнө+ ээ боло бергиле+.  Сүйүктүүлөрүм+, мен бүт күч-аракетимди жумшап, баарыбыз күтүп жаткан куткарылуу+ тууралуу жазайын дегем, бирок кайра силерди ыйыктарга түбөлүккө берилген+ ишеним үчүн тырышып күрөшүүгө+ үндөөнү зарыл деп таптым.  Себеби араңарга айрымдар билинбей кирип алган+. Соттолору+ Ыйык Жазмада алдын ала айтылган+ ал ыймансыз адамдар+ Кудайыбыздын ырайымын өздөрүнүн уятсыз жүрүм-турумун+ акташ үчүн колдонуп+, жалгыз Кожоюнубуз+ жана Мырзабыз+ Иса Машаяктан баш тартып кетишкен.  Силер билсеңер да+, буларды эсиңерге салгым келет: Жахаба өзүнүн элин Мисир жеринен алып чыгып+, куткарса да, кийин ишенбегендерди жок кылып салган+.  Ошондой эле баштапкы абалын сактабай, өздөрү жашашы керек болгон жайды калтырып кеткен периштелерди+ түбөлүктүү чынжырлар менен байлап+, улуу күндө соттош үчүн коюу караңгылыкта кармап турат+.  Ошол периштелерге окшоп, Содом менен Амордо жана алардын тегерегиндеги шаарларда+ жашагандар адеп-ахлаксыздыкка* ашкере берилип, табигый эмес дене кумарларынын артынан сая түшүшкөн+. Ал шаарлар түбөлүк от менен жазаланып+, биз үчүн сабак болуп калган+.  Ошого карабай ал адамдар да куру кыялга жетеленип+, өздөрүнүн жана башкалардын денесин булгап, бийлиги барларды урматтабай+, даңкка бөлөнгөндөрдү жамандап жатышат+.  Бирок башкы периште+ Микеил+ Ибилистин оюна каршы болуп+, Мусанын сөөгү+ тууралуу талашканда, ага өкүм чыгарганга, кемсинтерлик сөздөрдү айтканга батынган эмес+, тескерисинче: «Сени Жахаба соттосун»,— деген+. 10  Ал адамдар болсо өздөрү жакшы түшүнбөгөн нерселердин+ баары жөнүндө жаман сөздөрдү айтышат. Ал эми аң-сезимсиз жаныбарларга окшоп сокур сезим менен+ түшүнгөн нерселери менен өздөрүн бузуп жатышат+. 11  Аларга кайгы, анткени Кабылдын жолуна түшүштү+, сыйлык үчүн Биламдын туура эмес жолу менен кетишти+ жана Коракка окшоп+, бийлиги барларга каршы сүйлөгөндүктөн+ кыйрашты! 12  Силер менен достук кечелериңерде+ көңүл ачканда алар суу астындагы аска таштардай коркунуч туудурушат. Алар — уятсыздык менен өз курсагын тойгузган койчулар+; шамалга айдалган+ суусуз булуттар+; кеч күздөгү жемишсиз, тамыры менен жулунган+, куурап калган* дарактар; 13  өздөрүнүн уятсыз иштери менен көбүктөнгөн долу толкундар+; түбөлүккө коюу караңгылыкта кала турган+ адашкан жылдыздар. 14  Алар жөнүндө, Адамдан тартып эсептегенде, жетинчи киши болгон Энох+ да пайгамбарлык кылып: «Мына, Жахаба түмөндөгөн* ыйык периштелери+ менен келди. 15  Ал баарын соттоп+, ыймансыз күнөөкөрлөрдү ыймансыздык менен жасаган бардык иштери жана Ага каршы айткан үрөй учурарлык бардык сөздөрү үчүн ашкерелейт»,— деген+. 16  Өздөрүнүн жашоосуна нааразы болуп наалыган+ ал адамдар туура эмес каалоолоруна жетеленип иш кылышат+ жана пайда көрүш үчүн башкаларга кошомат кылып+, ооз көптүрө сүйлөшөт+. 17  Силер болсо, сүйүктүүлөрүм, Мырзабыз Иса Машаяктын элчилери айтып кеткен сөздөрдү эстегиле+. 18  Алар силерге: «Акыркы убакта туура эмес каалоолоруна жетеленип, ыймансыз иштерди кыла турган шылдыңчылдар пайда болот»,— деп айтышчу+. 19  Ортоңорго жик салгандар+ — мына ошол шылдыңчылдар. Аларда Кудайдын руху жок+, алар айбандарга окшоп иш кылышат+. 20  Бирок силер, сүйүктүүлөрүм, өзүңөрдү абдан ыйык ишенимиңердин+ негизинде бекемдеп+, ыйык рух менен тиленип+, 21  Мырзабыз Иса Машаяктын түбөлүк өмүргө алып бара турган+ кайрымдуулугун+ күтүп жатып Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылгыла+. 22  Ошондой эле шектенип жаткандарга+ кайрымдуулук көрсөтө бергиле+; 23  аларды оттон сууруп чыгып+, куткаргыла+. Башкаларына болсо кайрымдуулук көрсөтүп жатканда сак болгула, анткени алар кийимин дененин иштери менен булгап алышкан. Ошон үчүн кайрымдуулук көрсөтүп жатканда алардын булганган кийиминен+ алыс болгула. 24  Ал эми силерди мүдүрүлүүдөн сактап+, өзүнүн даңкынын алдында кемчиликсиз кылып+, зор кубанычка бөлөй ала турган 25  жалгыз Кудайга, Куткаруучубузга+, Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу+ мурунку кылымдардагыдай эле+ азыр жана түбөлүктөн түбөлүккө+ улуулук, даңк+, кудурет+, бийлик+ таандык болсун. Оомийн+.

Шилтемелер

Же: «бузуктукка».
Сөзмө-сөз: «эки жолу өлгөн».
Же: «он миңдеген».