Мазмунун көрсөтүү

Канткенде Кудайды таанып-биле аласыңар?

Канткенде Кудайды таанып-биле аласыңар?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудайды таанып-билиш үчүн ал жөнүндө билим алып, ага жаккан иштерди кылышыңар керек. Ошондо Кудай «силерге жакындайт» (Жакып 4:8). Ыйык Китепте анын «ар бирибизге жакын» экени айтылат (Элчилер 17:27).

 Кудайды таанып-билүүнүн жолдору

 Ыйык Китепти окугула

  •  Ыйык Китепте мындай делет: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган» (2 Тиметей 3:16).

  •  Мааниси: Ыйык Китептин Автору — Кудай. Ыйык Китепти жаздырыш үчүн ал өзүнүн ойлорун пайгамбарлардын акылына салган. Бул өзгөчө китеп аркылуу Кудай Таала бизге өзүнүн эркин ачып берген. Ошондой эле Ыйык Китепке өзүнүн касиет-сапаттарын, анын ичинде сүйүүсү, адилеттүүлүгү, ырайымдуулугу тууралуу жаздырып койгон (Чыгуу 34:6; Мыйзам 32:4).

  •  Эмне кылсаңар болот? Ыйык Китепти күнүгө окугула (Жашыя 1:8). Андан соң окугандарыңар тууралуу ой жүгүртүп, өзүңөрдөн мындай деп сурап көргүлө: «Бул жерден Кудай жөнүндө эмнелерди билдим?» (Забур 77:12).

     Мисалы, Жеремия 29:11ди окуп, мындай деп ойлонуп көргүлө: «Кудай мага алаамат жиберүүнү каалайбы же тынчтык берүүнүбү? Ал мени жазалаш үчүн аңдып турабы же менин келечегимдин кең болушун каалайбы?»

 Жаратылышка байкоо салгыла

  •  Ыйык Китепте мындай делет: «[Кудайдын] көзгө көрүнбөгөн сапаттары... дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот» (Римдиктер 1:20).

  •  Мааниси: Кайсы бир сүрөттү көргөндө аны тарткан сүрөтчү жөнүндө көп нерсени билүүгө болот. Же татаал техниканы көргөндө аны ойлоп тапкан киши жөнүндө көптү биле алабыз. Ошо сыңары, жаратылышка көз чаптырганда Кудайдын көптөгөн сапаттарын байкайбыз. Алсак, адамдын мээсинин татаал түзүлүшү жана анын укмуштуудай жөндөмдүүлүгү Кудай Тааланын акылмандыгынан кабар берет. Ал эми Күндүн, жылдыздардын кубаттуулугун көргөндө анын кудуреттүүлүгүн байкайбыз (Забур 104:24; Ышая 40:26).

  •  Эмне кылсаңар болот? Табиятка байкоо салганга, аны изилдегенге убакыт бөлгүлө. Ошондой учурларда мындай деп ойлонуп көргүлө: «Кереметтүү табият Кудай жөнүндө эмнелерди ачып берүүдө?» a Бирок, албетте, жаратылыштан Жараткан тууралуу баарын биле албайбыз. Ошон үчүн ал бизге Ыйык Китепти берген.

 Кудайга ысымынан кайрылгыла

  •  Ыйык Китепте мындай делет: «Ысмымды таанып-билгени үчүн коргойм. Мени чакырганда, ага жооп берем» (Забур 91:14, 15).

  •  Мааниси: Кудайдын аты — Жахаба. Ал анын ысмын билгендерге жана анын ысымын ыйык туткандарга өзгөчө көңүл бурат b (Забур 83:18; Малаки 3:16). Кудай ысымын ачып берип бизге өзүн тааныштырган. Ал: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым»,— деп айткан (Ышая 42:8).

  •  Эмне кылсаңар болот? Кудайга ысымын айтып кайрылгыла.

 Жахабадан тиленгиле

  •  Ыйык Китепте мындай делет: «Жахаба өзүн чакыргандардын баарына... жакын» (Забур 145:18).

  •  Мааниси: Жахаба ага ишеним артып тиленгендерге жакындайт. Тиленүү — сыйынуунун бир бөлүгү. Ал аркылуу Кудайды терең урматтаарыбызды көрсөтөбүз.

  •  Эмне кылсаңар болот? Кудайдан бат-бат тиленип тургула (1 Тесалоникалыктар 5:17). Ага силерди бушайман кылган нерселердин баарын айтып бергиле (Забур 62:8) c.

 Кудайга болгон ишенимиңерди өрчүткүлө

  •  Ыйык Китепте мындай делет: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес» (Еврейлер 11:6).

  •  Мааниси: Кудайга жакындаш үчүн ага ишенишибиз керек. Ыйык Китепке ылайык, Кудайга ишенүү деген анын бар экенине ишенип коюудан да көптү билдирет. Бул өз ичине ага толук таянууну камтыйт. Ошондой эле анын убадаларынын аткарыларына, нормаларынын туура экенине ишеним артууну билдирет. Кудайга ишеним артпасак, аны менен ынак мамиледе боло албайбыз.

  •  Эмне кылсаңар болот? Чыныгы ишеним билимге негизделет (Римдиктер 10:17). Андыктан Ыйык Китепти изилдегиле. Ошентсеңер, Кудайга таянса болоруна жана анын кеңештеринин туура экенине ынана аласыңар. Ыйык Китепти изилдегиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылгыла. Алар силерге кубаныч менен жардам беришет d.

 Кудайга жаккан иштерди кылгыла

  •  Ыйык Китепте мындай делет: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу» (1 Жакан 5:3).

  •  Мааниси: Жахаба аны сүйгөндүктөн анын осуяттарын аткарууга умтулгандарды жакшы көрөт.

  •  Эмне кылсаңар болот? Ыйык Китепти окуп жатканда Кудайга эмне жагарын, эмне жакпасын байкаганга аракет кылгыла. Анан: «Жаратканыма жагыш үчүн эмнелерди өзгөртүшүм керек?» — деп ойлонуп көргүлө (1 Тесалоникалыктар 4:1).

 Кудайдын айткандарын аткарып, анын канчалык камкор экенин сезип көргүлө

  •  Ыйык Китепте мындай делет: «Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер» (Забур 34:8).

  •  Мааниси: Кудай анын канчалык жакшы экенине өз тажрыйбаңардан ынанышыңарды каалайт. Анын сүйүүсүн, колдоосун «татып көргөнүңөрдө», башкача айтканда, сезгениңерде ага жакындагыңар келе баштайт.

  •  Эмне кылсаңар болот? Ыйык Китепти окуп, анда жазылган кеңештерди колдонсоңор, алардын пайдасын көрөсүңөр (Ышая 48:17, 18). Ошондой эле Кудайдын жардамы менен кыйынчылыктарын жеңген, өздөрүнүн да, үй-бүлөсүнүн жашоосу оңолгон, чыныгы бакытты тапкан адамдардын үлгүсүнө байкоо салгыла e.

 Кудайды таанып-билүүгө жолтоо кылган жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк: Кудай кудуреттүү күчтүү болгондуктан, эң жогорку абалды ээлегендиктен, биз ага жакындай албайбыз.

 Чындык: Ааламда күч жагынан, улуулугу жагынан Кудайга тең келген эч ким жок болсо да, адамдарды аны менен дос болууга чакырат. Ыйык Китепте көптөгөн эркектердин, аялдардын Кудай менен ынак мамиледе болгону айтылат (Элчилер 13:22; Жакып 2:23).

 Жаңылыш түшүнүк: Биз Кудайды таанып-биле албайбыз, анткени ал — сырдуу күч.

 Чындык: Кудай жөнүндө айрым нерселерди, алсак, анын көзгө көрүнбөгөн Рух экенин акылыбызга сыйдыра албайбыз. Ошентсе да аны таанып-биле алабыз. Эгер бул мүмкүн эмес болсо, Ыйык Китепте түбөлүк өмүр алыш үчүн аны таанып-билишибиз керектиги айтылмак эмес (Жакан 17:3). Анда Жаратканыбыз, анын сапаттары, адамзатка жана жерге байланыштуу ой-ниети, ошондой эле осуяттары тууралуу биз түшүнгөн тилде жазылган (Ышая 45:18, 19; 1 Тиметей 2:4). Жогоруда айтылгандай, Кудай Ыйык Китепке өзүнүн ысымын да жаздырып койгон (Забур 83:18). Ошондуктан Кудайды таанып-билгенден тышкары, аны менен ынак мамиле өрчүтө алабыз (Жакып 4:8).

a Кудайдын акылмандыгы табияттан кандайча көрүнүп турарын билиш үчүн «Өзү жаралганбы?» деген рубриканы карагыла.

b «Жахаба» деген ысым, көптөр түшүндүргөндөй, «болтурат» деген маанини туюнтат. Кудай бизге өз ысмын ачып берүү менен: «Мен эркимди, ой-ниетимди аткарам. Дайыма сөзүмө турам!» — деп айткандай эле болгон.

d Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?» деген видеону көргүлө.

e «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубриканы карагыла.