Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Адилетсиздик, зордук-зомбулук менен өз алдымча күрөшчүмүн

Адилетсиздик, зордук-зомбулук менен өз алдымча күрөшчүмүн
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1960

  • ӨЛКӨСҮ: ЛИВАН

  • МУРУН: КУНГ-ФУ МЕНЕН МАШЫКЧУ

МУРУН.

Мен Израиль менен Ливандын чек арасына жакын жердеги Рамиш деген шаарда чоңоюп-өскөм. Ал жактагы мина жарылгандан кийин аңтарылып калган жерлер, буту-колунан ажыраган бейкүнөө кишилер эсимден кетпейт. Жашообуз аябай оор болчу, кылмыштуулук, зордук-зомбулук да кеңири жайылган эле.

Үй-бүлөм Чыгыш католик чиркөөлөрүнүн бири болгон марониттердин чиркөөсүнө барчу. Үйдө 12 киши болгондуктан, атам бизди багыш үчүн кара жанын карч уруп иштеп, бошочу эмес, бирок апам бизди чиркөөгө дайыма алып барып турчу. Кийинчерээк чиркөө деле алсыз адамдарга, жалпы коомчулук сыяктуу эле, жардам көрсөтө албай турганын түшүндүм.

Өспүрүм кезимде кунг-фуга кызыга баштадым. Көп машыгып кунг-фуну, кармашууда колдонулган ар кандай куралдарды колдонгонду мыкты өздөштүрдүм. Мен: «Согушту токтото албасам да, зомбулукка бөгөт коё алаттырмын»,— деп ойлочумун. Эки кишинин мушташып жатканын көрсөм, дароо кийлигишип кетер элем. Ачуум чукул болгондуктан бат эле кыжырым келип кетчү. Адилетсиздик, зордук-зомбулук менен өз алдымча күрөшөрүмдү билгендиктен Ливандын түштүгүндө жашагандардын баары менден коркуп турушчу.

1980-жылы Бейрут шаарындагы кунг-фу клубуна бара баштадым. Бомба, гильза, ракеталар күнүгө жаандай жаап турганына карабай машыгууга барып жүрдүм. Мен үчүн эң негизги нерсе тамак, уйку жана америкалык актёрду, кунг-фунун чемпиону Брюс Лини, тууроо болчу. Чачымды аныкына окшоштуруп кырктырып, анын баскан-турганын туурачумун, машыкканда ага окшоп кыйкырчумун жана эч качан күлчү эмесмин.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Кытайга барып, кунг-фуну жакшыраак өздөштүрсөм деген максатым бар болчу. Ошого даярданып, машыгып жүргөнүмдө бир күнү кечке жуук эшик тыкылдап калды. Тердегенимден машыкканда кийчү кара кийимим сыгып алма болуп калган. Эшикти ачсам досум эки Жахабанын Күбөсү менен туруптур. Алар менен сүйлөшкөндө Ыйык Китепти такыр билбей турганымды айттым. Бирок ошондон тартып жашоом өзгөрөрүн ошондо билген эмесмин.

Алар эмне үчүн адамдар дүйнөдөгү адилетсиздикти, зордук-зомбулукту жок кыла албай турганын Ыйык Китептен көрсөтүп берип, баарына Шайтан Ибилис күнөөлүү экенин түшүндүрүштү (Аян 12:12). Алардын токтоолугу, ишенимдүү сүйлөгөнү аябай таасир этти. Кудайдын ысымы бар экенин айтышканда да, жүрөгүм козголду (Забур 83:18). Андан сырткары, алар 1 Тиметей 4:8деги: «Денени машыктыруунун пайдасы аз, ал эми Кудайга берилгендик бардык жагынан пайдалуу, себеби ага азыркы да, келечектеги да жашоого тиешелүү убадалар байланышкан»,— деген сөздөрдү окуп беришти. Ал сөздөр жашоомо зор таасир тийгизди.

Бирок үйүмдөгүлөр келбегиле деп койгондуктан, алар менен байланышым үзүлүп калды. Ошондой болсо да кунг-фуну токтотуп, Ыйык Китепти изилдейин деп ойлодум. Мунум бир туугандарыма жакпаса да, Жахабанын Күбөлөрүн таап, Ыйык Китепти изилдөөнү чечтим.

Бирок канча издесем да жолуктура албай койдум. Ал ортодо атам күтүүсүздөн каза болуп калгандыктан жана үйдө көп жамандык болуп кеткендиктен, катуу чөгүп жүрдүм. Ошол учурда курулуш ишканасында иштей баштагам. Бир күнү чогуу иштеген Адел деген киши эмне үчүн кайгырып жүргөнүмдү сурап калды. Анан Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө жазылганын айтып берди. Көрсө, ал Жахабанын Күбөсү экен. Ал чыдамкай, боорукер киши болчу. Ошентип, экөөбүз Ыйык Китепти 9 ай изилдедик.

Көбүрөөк изилдеген сайын, кулк-мүнөзүмдү түп-тамыры менен өзгөртүшүм керектигин түшүнө баштадым. Бул оңой болгон жок. Анткени бир нерсе болгондо тез эле кыжырым кайнап чыкчу. Бирок Ыйык Китептен сабырдуулукка үйрөндүм. Мага өзгөрүүгө Иса Машаяктын: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула»,— деген сөзү түрткү берди (Матай 5:44). Ошондой эле: «Эч кимден өч албагыла... Анткени: „Өч меники, тиешесин мен берем“,— дейт Жахаба»,— деген эскертүү да таасир этти (Римдиктер 12:19). Ушул жана башка аяттар жөнүндө ой жүгүртүп, акырындык менен оңоло баштадым.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Ыйык Китепти изилдегениме башында үй-бүлөм каршы болгону менен, кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрүн сыйлап калды. Бир иним азыр Жахабанын Күбөсү, апам болсо көзү тирүүсүндө дайыма экөөбүздү жактап-коргоп турчу.

Андан сырткары, Жахабанын батасы менен жубайлуу болдум. Учурда жубайым Анита экөөбүз көп убактыбызды Кудайга кызмат кылууга жумшайбыз. 2000-жылдан бери Швециянын Эскильстуна шаарында жашап, араб тилинде сүйлөгөндөргө Кудайдын мыйзам-осуяттарын билгенге жардам берип келебиз.

Зордук-зомбулуктан жапа чеккендерге азыр деле жүрөгүм ооруйт. Бирок зордук-зомбулуктун эмне үчүн болуп жатканын жана жакында Кудай аны жок кыларын билгендиктен көп кайгырбайм (Забур 37:29).

Жахаба Кудайга кызмат кылып, ал жөнүндө башкаларга айтуу бизге кубаныч тартуулайт