Забур 90:1—17

Чыныгы Кудайдын кишиси Мусанын тиленүүсү+. 90  Оо, Жахаба, муундан муунга+Сен биздин турак жайыбызсың+.  Тоолор туула электе эле+,Толгоо тартып төрөгөндөй, жер+ менен дүйнөнү жарата элегиңде+ эле сен Кудай болчусуң.Сен түбөлүктөн түбөлүккө Кудайсың+.  Сен ажалдуу адамды кайрадан топуракка кайтарасың+,«Адам баласы, топуракка кайт»,— дейсиң+.  Сенин көз алдыңда миң жыл кечээки өтүп кеткен күндөй+,Түнкү күзөт маалындай*+.  Сен аларды шыпырып таштайсың+; алар түш сыяктуу жок болушат+.Алар эртең менен өсүп чыккан көк чөптөй+.  Ал эртең менен көгөрүп, гүлдөйт+,Кечинде болсо соолуп, куурап калат+.  Биз да сенин ачууңдан кырылдык+,Каарыңдан дүрбөлөңгө түштүк+.  Сен биздин күнөөлөрүбүздү көз алдыңа койдуң+,Жашыруун иштерибизди жарык жүзүңдүн алдына койдуң+.  Күндөрүбүздүн баары сенин жаалыңдан улам аяктады+,Жылдарыбыз үшкүрүктөй түгөндү+. 10  Өмүрүбүздүн узактыгы жетимиш жыл+,Адаттагыдан күүлүү-күчтүү болсок, сексен жыл+,Бирок ал жылдар түйшүк менен кайгы-капага толгон+.Өмүрүбүз зуулдап өтүп, биз жок болобуз+. 11  Сенин ачууңдун күчүн ким билет?+Сенден тийиштүү түрдө коркуш үчүн каарыңдын күчүн ким билет?+ 12  Акылдуу жүрөккө ээ болушубуз үчүн+,Бизди күндөрүбүздү санай билүүгө үйрөт+. 13  Кайрылып кел, оо, Жахаба!+ Сени качанга чейин күтөбүз?+Кызматчыларыңды аяй көр+. 14  Өмүр бою кубанып, шаттанып жашашыбыз үчүн+,Бизди эртең менен мээримдүүлүгүңө кандыр+. 15  Бизди кыйынчылык тарттырган күндөрүңө жараша+,Азап тарткан жылдарыбызга жараша кубант+. 16  Сенин иштериң кызматчыларыңа+,Көркүң балдарына көрсөтүлсүн+. 17  Жахаба Кудайыбыздын ырайымы үстүбүздө болсун+.Колубуз менен кылган иштерибизге ийгилик бер+,Ооба, колубуз менен кылган иштерибизге ийгилик бер+.

Шилтемелер

Сыягы, күзөт маалы күн баткандан күн чыкканга чейинки убактын үчтөн бир бөлүгүн же, жыл мезгилине жараша, болж. м-н 4 саатты түзгөн.