Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайдын Падышалыгы

Кудайдын Падышалыгы

Кудайдын Падышалыгы жүрөктөбү?

«Сен Кудайдын Падышалыгынан алыс эмессиң» (Марк 12:34)

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Кудай жүрөгүбүздө башкаргандыктан, Анын Падышалыгы жүрөгүбүздө дешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайдын Падышалыгы адамдын Кудайга жүрөгүндө баш иерин көрсөткөн жөн эле салыштыруу эмес. Ал — бүт жер жүзүнөн бийлик жүргүзө турган чыныгы өкмөт (Забур 72:8; Даниел 7:14).

Анда Иса пайгамбардын: «Кудайдын Падышачылыгы силердин ичиңерде»,— деген сөздөрү тууралуу эмне деп айтууга болот (Жантайыңкы ариптер биздики, ред.; Лука 17:21, «Үмүт нуру»). Иса пайгамбар Кудайдын Падышалыгы аны угуп тургандардын ичинде деп айтмак эмес. Эмне үчүн? Анткени аны ошондо угуп тургандар жүйүттөрдүн диний жетекчилери болчу. Иса пайгамбар алардын Кудайдын Падышалыгына кирбей турганын айткан. Анткени алар такыбаа болуп көрүнүп, бирок Кудайга жакпагандай сыйынышкан жана жаман иштерди кылышкан (Матай 23:13). Чынында, Иса пайгамбар, Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» жазылгандай: «Кудайдын Падышалыгы силердин араңарда»,— деген. Ал эмне үчүн ошентип айткан? Себеби ал Кудайдын Падышалыгынын келечектеги Падышасы катары алардын арасында турган (Лука 17:21).

 Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

«Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын» (Матай 6:10).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайдын Падышалыгы — Кудай орноткон, Падышасы Иса Машаяк болгон өкмөт (Матай 28:18; 1 Тиметей 6:14, 15). Ал өкмөт аркылуу Кудайдын эрки асманда да, жерде да аткарылат (Матай 6:10). Ошондой эле Кудай ал аркылуу адам баласынын бардык көйгөйлөрүн чечет. Кудайдын Падышалыгы адамдардын өкмөтү ишке ашыра албаган нерселерди ишке ашырат.

Ал өкмөт жер жүзүнө бийлик жүргүзгөндө, тынчтык өкүм сүрүп, адамдар коопсуз жашашат, жер болсо бейишке айланат (Забур 46:9; Ышая 35:1; Микей 4:4). Эч ким оорубайт, өлбөйт, оору аттуунун баары жок болот (Ышая 33:24; Аян 21:4). Атүгүл карылар жашарышат. Ыйык Китепте: «Анын денеси жаш кезиндегисинен да жаш болсун, ал жаштыктын күчүнө толуп турган күндөрүнө кайрылып келсин»,— деп айтылган (Аюп 33:25).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Кайсы улуттан, кайсы жерден болбогула, Кудайдын осуяттарын аткарсаңар, Анын өкмөтү башкарган убакта жашай аласыңар. Ыйык Китепте Кудайдын бардык элдерди бирдей көрөрү жана «андан корккон, туура иш кылган адамдардын» ага жагары айтылат (Элчилер 10:34, 35).

Кудайдын өкмөтүнүн жерге бийлик жүргүзүшү адамдардан көз карандыбы?

«Асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот» (Даниел 2:44).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Башкаларды өз динине тартуунун же тынчтык орнотууга, адамдардын бир туугандай болуп жашашына аракет кылуунун аркасында адам баласы Кудайдын Падышалыгын жер бетине орнотот деп айтышат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте ал Падышалыкты адамдар эмес, Кудай орнотору айтылган (Даниел 2:44). Кудай: «Мен өз падышамды... койдум»,— деген (Забур 2:6). Кудайдын өкмөтүнүн жерге бийлик жүргүзүшү адамдардын иш-аракетинен көз каранды эмес. Ошондой эле адамдар ал өкмөттүн иштерине тоскоолдук кыла албайт, анткени ал жер жүзүн асмандан башкарат (Матай 4:17).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Ар бир эле адам тынчтык орношун, баарынын биримдикте жашашын каалайт. Балким, ушул нерселерди ишке ашырууга күч жумшап, бирок көздөгөнүңөргө жеткен эместирсиңер. Кудайдын өкмөтүнүн жер үстүнөн бийлик жүргүзүшү Кудайдын колунда экенин түшүнүү күчүңөрдү туура нукка багыттоого, тактап айтканда, ошол өкмөттүн жараны болууга жумшоого жардам берет.