Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Түн жамынган макулук

Түн жамынган макулук

Кум мадылынын ургаачысы баласын эки ай көтөрөт. Бир тууганда орто эсеп менен үчтү тууйт

КАКЫРАГАН чөлдү байырлаган кум мадылы түн бир оокумда уясынан чыгып, токтоп калат да, ары жак, бери жакты карап, айланага кулак түрөт. Анан эңкейип алып акырын жортуп жөнөйт.

Ошентип жүрүп отуруп, бир маалда капысынан чыга калган «олжосун», кум чычканды, баса калат. Жолун андан ары улай, кез-кезде секирип, дагы көп олжо кармайт. Жей алгандан көп кармаса, артып калгандарын кумга көөмп коёт. Ал уясына күн кыр аркадан кылтыйып чыкканга чейин эле кайтып келип, күндүз дээрлик чыкпайт. Келгиле, түн жамынган бул макулуктун бүйүрдү кызыткан айрым өзгөчөлүктөрүн карап көрөлү.

  • Угуу органы жакшы өрчүгөндүктөн, олжосун, атүгүл жер астында жүргөн олжосун да, оңой таап алат

  • Кум мадылынын эркеги түгөй табыш үчүн катуу мыёолойт. Ургаачы кум мадылынын кулагы жакшы уккандыктан эркек кум мадылынын үнүн алыстан эле угуп коёт

  • Кум мадылынын таманы түктүү болгондуктан кумга матырылып кетпейт, катуу ысыган кумга да күйбөйт

  •  Кулагынын ичи ак жүндүү болгондуктан, шамал учурган кум кулагына кирип кетпейт

  • Кум мадылынын изин кубалоо оңой эмес, себеби таманы түктүү болгондуктан, изи оңой менен билинбейт

  • Суусунун олжосунун эсебинен кандырат

  • Кара-Кум чөлүндө кумдун ысыгы 80 градуска жетет. Айрым учурларда абанын температурасы минус 25 градуска түшүп кетет