Мазмунун көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Кудайдын Падышалыгы адамдык өкмөттөрдүн баарын жок кылып, жалгыз өкмөт катары бүт жер жүзүн башкарат (Даниел 2:44; Аян 16:14). Ошондо Кудайдын Падышалыгы төмөнкүлөрдү ишке ашырат:

  •   Керт башынын кызыкчылыгы үчүн башкаларга зыян келтирип жаткан ыймансыз адамдарды жок кылат. «Ыймансыздар болсо жер бетинен жок кылынат» (Накыл сөздөр 2:22).

  •   Согуш отун биротоло өчүрөт. «[Кудай] жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот» (Забур 46:9).

  •   Жер бетине коопсуздук өкүм сүргөн, гүлдөгөн заман алып келет. «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат. Аларды эч ким коркутпайт» (Микей 4:4).

  •   Жер бетин бейишке айлантат. «Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт» (Ышая 35:1).

  •   Ар бир адамды ага ырахат тартуулаган жумуш менен камсыз кылат. «Менин тандап алгандарым өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт. Алар куру бекер эмгектенишпейт» (Ышая 65:21—23).

  •   Ооруну жок кылат. «Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (Ышая 33:24).

  •   Карылыкты жок кылат. «Анын денеси жаш кезиндегисинен да жаш болсун, ал жаштыктын күчүнө толуп турган күндөрүнө кайрылып келсин» (Аюп 33:25).

  •   Өлгөндөрдү тирилтет. «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын [Иса Машаяктын] үнүн уга турган убак келет» (Жакан 5:28, 29).